- Подробности
- 17 декабрь 2020 11:09
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айыл өкмөтүнүн тургуну Ш.Б. 2020-жылдын августунда арыз менен кайрылган.
Анда 2013-жылдын декабрь айында Ш.Б., Ш. Д. жана И.Т. биргеликте “Далир” насыя тобун түзүшүп, “ФинансКредит КАБ” Жалал-Абад филиалынан 140 000 (бир жүз кырк миӊ) сом насыя алышкандыгын билдирген. Насыя тобунун мүчөсү И.Т. каза болуп, насыя өз убагында төлөнбөй иш сотко өтүп, 52 000,00 (элүү эки миӊ) сом насыя карызды чогуу жоопкерчилик түрдө жоопкерлерден өндүрүү жөнүндө соттун чечими чыккан. 2017-жылы насыя карыздын эсебинен деп сот аткаруучу, банктын юристи жана эки өкүл келип, Ш.Б. үйүнөн үй эмеректерин (уктоочу гарнитур, телевизор, электрдуховка ж.б) алып кетишип, карызынан толук кутулгандыгын белгилешкен.
Бирок арадан 3 жыл өткөндөн кийин банк 2020-жылдын августунан тартып, кайрадан “Алган насыя карызыӊарды убагында төлөп коюуӊузду билдиребиз” - деген кагаздарды жиберип, “алынган буюмдарды алып кетиӊиз, ал карыздын ордун жаппайт, 52 000 (элүү эки миӊ) сом акча каражатын төлөшүӊөр керек”- деп тынчын алышкан. Натыйжада, ушул териштирүүнүн айынан моралдык, психологиялык жактан жабыркап, ден-соолугунан ажырап жаткандыгын билдирип, арызын акыйкат карап, укугун коргоп берүүнү суранган.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын Жалал-Абад областтык башкармалыгына арызда көрсөтүлгөн дооматтар боюнча толук, ар тараптуу жана объективдүү текшерүү жүргүзүү максатында кат жолдонуп көзөмөлгө алынган. Улуттук банктын берген маалыматы боюнча “ФинансКредитБанк КАБ” ААКнун Жалал-Абадтагы филиалынын мурунку кызматкерлери тарабынан тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлбөгөндүктөн, арыз ээсинен алынган буюм-тайымдар өз учурунда сатылып, карыз жоюлбагандыгы жана кошумча пайыз, үстөктөр эсептелгендиги аныкталган.
Аталган банктын Жалал-Абад филиалы тарабынан банктын башкы кеӊсесинин жетекчилигине Б.Ш. тарабынан кредити боюнча тийиштүү чечим кабыл алуу боюнча кат жолдонгон. Бирок, арадан бир айдан ашык убакыт өтсө да, “ФинансКредитБанк КАБ” ААКнун Жалал-Абад филиалынан эч кандай жооп берилген эмес. Тактап айтканда, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлдагы №144 "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзамынын 8-беренесинде көрсөтүлгөн талаптар аткарылган эмес. (Мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына же компетенцияларына ылайык кызмат адамына келип түшкөн жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу жазуу жүзүндөгү (электрондук) кайрылуу катталган күндөн тартып 14 жумушчу күндүн ичинде каралат.).
Жаран Б.Ш. биздин өкүлчүлүккө 2020-жылдын 5-октябрында кайрадан экинчи ирет дагы арыз менен кайрылган. Анда “ФинансКредитБанк КАБ” ААКнун Жалал-Абад филиалынын кызматкерлери өз жумушуна кайдыгер мамиле жасап, анын укугун банк кызматкерлери чектеп жатканын белгилеп, аталган банктын директоруна жана тиешелүү кызматкерлерине тиешелүү түрдө чара көрүүгө көмөктөшүүнү суранган.
Бул боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын башкармасынын төрагасы Т.Абдыгуловго тишелүү кат жолдонгон. Акыйкатчынын Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлеринин кийлигишүүсүнүн натыйжасында, “ФинансКредитБанк КАБ” ААКнун Башкармалыгынын 2020-жылдын 28-октябрындагы №102/5 сандуу чечими менен банк менен түзүлгөн кредиттик келишимдин негизинде келип чыккан кредиттик карыз толук бойдон Банктын баланстык эсебинен чыгарылган. Ал эми банктын кызматкерлери тарабынан алынган мүлктөрдүн эсебинен кредиттик карызды жабуу боюнча өз учурунда тийиштүү иш-аракеттердин жүргүзбөгөнү боюнча Улуттук банктын Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо бөлүмү тарабынан тиешелүү таасир этүү чаралары көрүлө тургандыгы маалымдалган.