- Подробности
- 18 январь 2021 13:03
2020-жылдын декабрь айынын башында Чүй облусунун Октябрь айылынын тургуну Н.К. аттуу пенсионер өз үйүнө мыйзамсыз отурукташкан бейтааныш адамдарды батиринен чыгара албай жатканын айтып, тиешелүү тараптарга анын ичинде КР Акыйкатчы аппаратына да кайрылган.
Пенсионердин айтымында, окуя мындай болгон: Н. К. дарыгер. Бишкекте Кардиоинститутунда иштеп жүрүп, андан кийин ал Октябрь айылына көчүп келген. 1994-жылы Октябрьское айылынан үч бөлмөлүү батир сатып алат, бирок ал жакта жашаган эмес. Жолдошунун үйүндө жашачу. 2003 2005—жылга чейин ал үйүн ижарага берген. Андан кийин батир ар дайым жабык болгон. “Мен ал жакка эч кимди киргизген жокмун. Күйөөм 2012-жылы каза болгондон кийин депрессияга батып, батирге сейрек барчумун. 2016-жылы күтүлбөгөн жерден батирим кулпуланып, кире албай калдым. Такылдатсам бир аял чыгып, бул батирди 2005-жылы каза болгон менин ижарачымдан сатып алганын айтты. Үйгө келип батиримдин документтерин таппай калдым”- дейт Н.К. Ал дарыгер болгондуктан, үйүнө көп адамдар келишчү, дал ошол учурларда батирдин документтерин уурдап кетишсе керек деп боолгологон. Учурда жоголгон документтери кайрадан калыбына келтирилип, жыйынтыгында, бардык инстанциялардын соттору турак жай Н.К таандык болгонун тастыкташты. Бул процесске Акыйкатчы аппараты тыгыз жардам көрсөттү. Н.К. бул ишке активдүү катышкандыгы үчүн Акыйкатчы аппаратынын Чүй өкүлчүлүгүндө иштеген кызматкер Улан Абдымомуновго ыраазычылык билдирген.