Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

 

2021-жылдын 11-ноябрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты расмий кат менен Тажикстан Республикасынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Умед Бобозоданын наамына кайрылды. Кайрылууда ушул жылдын сентябрь айында Тажикcтан Республикасынын Мамлекеттик коопсуздук комитетинин кызматкерлери тарабынан кармалган  Кыргыз Республикасынын жарандары Лейлек районунун Жаштык айылынын тургундары Саидахмед Артиков жана Нооман Самадовдордун укуктарынын бузулушуна жол койбоо боюнча чараларды көрүүнү өтүнүп кайрылган.   

«Наргиза Артикованын (Саидахмед Артиковдун жубайы) айтымында, анын жолдошу жана күйөө баласы (Нооман Самадов) азыркыга чейин үйүнө кайтып келише элек жана алардан кабар жок. Бирок ага жеткен маалыматтарга ылайык, алар учурда Худжант шаарындагы тергөө изоляторунда абакта кармалып жатышат жана аларга карата кыйноо колдонулууда. Жогоруда баяндалгандардын негизинде, Кыргыз Республикасынын жогоруда аты аталган жарандарынын укуктарынын бузулушуна жол койбоо боюнча чараларды көрүүнү жана териштирүүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымдап коюуну суранабыз”-деп белгиленген КР Акыйкатчы Институтунун кайрылуусунда.  

КР Акыйкатчы аппараты КР Тышкы иштер министрлигине да  кат жолдоп, анда Кыргызстандын жогоруда аталган жарандарына ар тараптуу укуктук жардам көрсөтүү өтүнүчү билдирилген.