Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

       2021-жылдын 23-ноябрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын тармактык бөлүмүнүн кызматкери Бишкек шаарындагы №1 ТИЗОго Алымкулова Гүлзатка (Гүлзат Мамытбек) барды. Ал буга чейин КР Президентине жана мамлекеттик ар кайсы органдарга жазган каттары кабыл алынбай жатканына нааразы болгон. Ал нааразылык иретинде 14-ноябрдан бери ачкачылык жарыялаган.

Сүйлөшүү учурунда ТИЗОнун башчысы бардык тиешелүү каттар өз убагында жөнөтүлгөнүн айтып жана чыгыш документтеринин көчүрмөлөрүн көргөздү.

Гүлзат Алымкулова Акыйкатчынын өкүлү менен болгон сүйлөшүүдө бүгүнкү күндө өзүн жакшы сезип жатканын, дарыгерлер ага күн сайын В, С витаминдери менен глюкоза тамчылатып жатканын, мамлекеттик органдарга жазган каттар  (арыздар) жөнөтүлүп жатканын жана бул боюнча. ТИЗОнун администрациясына эч кандай даттануулар жок экенин билдирди.

2021-жылдын 23-ноябрынан тарта Г.Алымкулова ачкачылык акциясын  расмий  токтотту.