Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Акыйкатчы политолог М. Казакпаевдин өлүмүн иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссия түздү.

Комиссия соңку бир жылдан ашык УКМКнын Тергөө абагында кармалып жатып 10-июнда каза болгон Марат Казакпаевдин камакта кармоо шарттары, камакта кармоонун негиздери жана медициналык жардам алуу мүмкүнчүлүгүн жеткиликтүүлүгү ж.б. жагдайларын иликтейт.

Аталган комиссиянын курамына Акыйкатчы аппараттын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жана Кыйноолорду алдын алуу улуттук борборунун кызматкерлери ошондой эле Кыргызстандагы “Кыйноолорго каршы коалиция” координациялык кеңешинин, “Кылым шамы” коомдук фондунун,  “Жарандык союз” коомдук бирикмесинин өкүлдөрү кирди. Ал эми Башкы Прокуратура байкоочу катары катышат.