Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Эл аралык илимий-практикалык конференцияда адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо маселелеринде адам укуктары боюнча Улуттук Институттардын - Омбудсмендердин бийлик бутактары жана жарандык коом менен өз ара аракеттенүүсүнүн өзгөчөлүктөрү талкууланат.

Мындан тышкары, конференцияда Борбор Азиянын, Россиянын, Азербайжандын, Түркиянын жана Молдованын Акыйкатчыларынын адам укуктарынын төмөнкү тармактарда сакталышы боюнча баяндамалары күтүлүүдө:

- маалымат жана санариптик коопсуздук чөйрөсүндө;

- ишкердик иш-аракет жаатында жагымдуу айлана-чөйрө шарттары;

- мигрант балдардын укуктарын коргоодо Омбудсмендердин өз ара аракеттенүүсү;

- гендердик теңчиликке көмөк көрсөтүү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Россия Федерациясынын, Молдова Республикасынын Омбудсмендери менен кызматташуу боюнча меморандумдарына кол коюу мерчемделүүдө.

Өткөрүү орду: Бишкек ш., «Jannat Resort Кой-Таш” мейманканасы Убактысы: Каттоо саат 9.30да башталат Уюштуруучулар – Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту. Бардык суроолор боюнча байланыш: 0771-758 074 Исхак, 0701-113 345 Жоодар