Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

 

АЯЛДАРГА ЖАНА БАЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУК” (2-3, 6-7, 26-беренелер) жанаУРУП ЖАЗАЛОО” (7 жана 24-беренелер) маселелери боюнча Кыргызстандын үчүнчү мезгилдүү баяндамасына байланыштуу маселелердин тизмегине карата

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

АКЫЙКАТЧЫСЫНЫН (ОМБУДСМЕНИНИН)

АЛЬТЕРНАТИВДҮҮ БАЯНДАМАСЫ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

сентябрь 2022.

МАЗМУНУ

 

Киришүү

2-3

1. Сунуштамалар

3

2. Аялдарга жана балдарга карата зомбулук – Кыргызстандагы кырдаалга сереп

3-15

 

3. Жалпы маалымат

15-16

 

 

 

 

 

КИРИШҮҮ

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 18-февралындагы № 46-б Буйругу менен 2014-2018-жылдар мезгилинде ЖСУЭП аткаруу тууралуу Кыргыз Республикасынын Үчүнчү мезгилдүү баяндамасы жактырылган (КР Үчүнчү баяндамасы).

 

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Комитетинин (мындан ары – АУК) КР Үчүнчү баяндамасына карата корутунду пикиринде (CCPR/C/C/KGZ/2), алып айтканда, катышкан-мамлекет тарабынан аялдарга жана балдарга карата зомбулук, уруп жазалоо маселелеринде өз милдеттенмелерин аткаруусуна көмөк көрсөтүүгө багытталган сунуштамалар туюнтулган.

 

Аялдарга жана балдарга карата кылмыштар боюнча Улутстатком, ИИМ жана Башкы прокуратуранын маалыматтары өз ара абдан айырмаланат, бул жагдай чечим кабыл алуучу жактардын зомбулуктун айкын абалын, укук коргоо органдарынын ишиндеги тутумдук кемчиликтерди көрүүлөрүнө, аялдардын жана балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо максатында өз убагында жана адекваттуу акыл-эстүү чечимдерди кабыл алууларына мүмкүнчүлүк бербейт.

 

Мында Башкы прокуратура тарабынан берилген токтотулган кылмыш-жаза иштеринин кыймылы жана соттук практиканын маалыматтары көрсөтүп тургандай, аялдарга жана балдарга карата жасалган кымыштар үчүн жазанын шексиздик принциби алар тарабынан толук өлчөмдө аткарылбай жатат.

 

Ушуга байланыштуу Улуттук укук коргоочу орган – Акыйкатчы институту

         коомду декриминализициялоо процессинде мамлекеттин жазанын шексиздик принцибин кыйшаюусуз камсыз кылуусу негизги фактор болуп саналарын таануу менен;

         мамлекеттин жетекчилигинин аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыштар үчүн жоопкерчиликти күчөтүүгө багытталган жигердүү иш-аракеттерин колдоо менен;[1]

         Кыргыз Республикасында эркектердин жана аялдардын укуктарынын жана эркиндиктеринин теңдигинин конституциялык кепилдиктерин жетекчиликке алуу менен;

         баланын эң мыкты кызыкчылыктарын талаптагындай жана натыйжалуу камсыз кылууга чакыруу менен;

Кыргыз Республикасынын чечимдерин кабыл алуучу жактардын жана эл аралык келишимдик уюмдардын көңүлүн аялдарга жана балдарга карата зомбулук жазагандык үчүн жазанын шексиздиги принцибин камсыз кылуунун зарылдыгына буруу максатында ушул альтернативдүү баяндаманы даярдады.

 

I. СУНУШТАМАЛАР

 

Жалпы сунуштама:

Аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу, мындай укук бузуулардын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасы ачык-айкындыкты жана аялдардын жана балдардын үстүнөн болгон зомбулуктардын бардык түрлөрү үчүн бардык деңгээлдерде, жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, туткан ишенимине, жаш курагына, билимине, тегине,

 

[1] КР ЖК (2017-ж.) 14 жашка чыга элек адамдардын жыныстык кол тийбестигине жана жыныстык эркиндигине каршы кылмыш жасалганда, жасалган кылмыштын мөөнөтү эскиргенине жана айыптоо өкүмүн аткаруу мөөнөтү эскиргенине байланыштуу кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу мүмкүнчүлүгү жокко чыгарылган.

2022-жыдын 9-августунда КР КЖК түзөтүүлөр кабыл алынган, аларда жазадан, кылмыш-жаза жоопкерчилигинен жана күнөөлүү адамдын 18 жашка чыга элек балага карата кылмыш жасаганы үчүн жазадан бошотуу үчүн негиздер алып салынган, ошондой эле беренелердин санкцияларынын минималдуу өлчөмдөрүнүн чектери жогорулатылган жана 18 жашка чыгалек баланын жыныстык кол тийбестигине каршы кылмыш жасаганы үчүн соттолгон адамдарга карата мунапыс колдонуу алып салынган.

Президент мамлекеттик органдарга балдарга карата зомбулуктун алдын алуу боюнча ишти күчөтүүнү тапшырган. https://kabar.kg/news/ubiistvo-devochki-v-kadamzhae-sadyr-zhaparov-vzial-delo-na-kontrol/

 

мүлктүк же башка абалына, ээлеген кызмат ордуна, ошондой эле башка жагдайларга карабастан, жасалган укук бузууга тете юридикалык жоопкерчиликтин болбой койбосун камсыз кылышы керек.

 

1. Жабыркагандарды коргоо жана реабилитациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн алгоритмин кошуп алганда, санариптик технологияларды эске алуу менен, зомбулуктун бардык түрлөрүнөн жабыр тарткан аялдарды жана балдарды коргоо жана бузулган укуктарын калыбына келтирүү тутумун киргизүү.

2. Мигранттарды Мекенине кайтаруу боюнча чараларды кошуп алганда, эмгек мигранттарын жана алардын балдарын колдоого алуу боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу.

3. Аялдарга жана балдарга карата зомбулук учурлары боюнча маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу, анын классификациясы боюнча бирдиктүү стандарттарды киргизүү.

 

 

II. АЯЛДАРГА ЖАНА БАЛДАРГА КАРАТА ЗОМБУЛУК – КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КЫРДААЛГА СЕРЕП

 

Аялдарга жана балдарга карата зомбулук менен күрөшүү, жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мамлекеттин күч-аракеттерине карабастан, жалпыга маалымдоо каражаттарында күн сайын аялдарга жана балдарга карата зомбулук (дене бойлук, сексуалдык) көрсөтүү учурлары жаатында маалыматтар жарыяланууда.

 

Фактыларга негизденген мамиленин жоктугунан, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча чечимдерди кабыл алуучу жактардын көрүп жаткан иш-аракеттери жана чечимдери жокко чыгууда.

 

1-мисал. Башкы прокуратуранын расмий маалыматтары, КР КЖК “Зордуктоо” 161-беренеси боюнча төмөнкүдөй билдирүүлөр\арыздар катталганын көрсөтүп турат:

- 2021-жылы жашы жетелектерге карата 38 учур катталган, алардын ичинен 17си токтотулган,

- аялдарга карата (кылмыштардын бардык түрлөрү сексуалдык мүнөздө) 262 учур катталган, алардын ичинен 209у токтотулган.[1]

 

Ошол эле убакта ИИМ маалыматтары боюнча 2021-ж. “ички иштер органдары зордуктоо фактысы боюнча (жаш-курагы боюнча бөлүүсүз) 604 сотко чейинки өндүрүш катталган. Иштердин 325и же 53%ы кылмыш курамынын же окуясынын жоктугу үчүн токтотулган.”[2]

 

Акыйкатчы институтунун суроо-талабына, Улутстатком, аялдарга жана жашы жетелек балдарга карата жасалган кылмыштар жана укук бузуулар боюнча кылмыш-жаза иштери тууралуу жана административдик жоопкерчилик жөнүндө маалыматтар Улутстаткомдо жок экени жөнүндө расмий маалымат келип түшкөн.[3]

 

2-мисал. Зомбулук учурларында медициналык жардам сурап кайрылган адамдар боюнча Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин маалыматтары менен Улутстаткомдун 2019-жыл үчүн маалыматтары өз ара абдан айырмаланыт. Алып айтканда, Саламаттыкты сактоо министрлиги көрсөтүлгөн жылы зордуктоо боюнча соттук-медициналык экспертиза бюросунда күбөлөндүрүлгөн (соттук-медициналык эксперт тарабынан) адамдардын саны 2982 аялды түзгөнүн билдирген, ошол эле убакта Улутстаткомдун маалыматына ылайык ошол эле жылы 1764 аял кайрылган.[4]

Төмөн жакта жогоруда көрсөтүлгөн органдардын 2020-ж. үчүн берген маалыматтары келтирилген (№1 диаграмма).

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

[1] Башкы прокуратуранын Акыйкатчы институтуна даректеген 07.03.2022-ж. каты, бирок ошол эле Башкы прокуратура өзүнүн “Зордуктоо” кылмышы боюнча 26.07.2022-ж. катында 233 учур катталганын, алардын ичинен 157си – аялдарга, 76сы – балдарга карата болгонун билдиген.

[2] https://mvd.gov.kg/news/1106

[3] Улуттук статкомдун 11.08.2022-ж. каты

[4] Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министрлигинин Акыйкатчы институтуна 11.05.21-ж. даректеген каты.

№1 Диаграмма

 

Аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселелери боюнча маалыматтарды жыйноонун бирдиктүү принциптеринин жана бирдиктүү классификациялоонун жоктугу, ар кыл мамлекеттик органдардын бири бирине дал келбеген расмий маалыматтарды берүүсүнө алып келүүдө.

Ушуга байланыштуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулук кылуу кылмыштарынын айкын санын аныктоо мүмкүн эмес, бул өз кезегинде:

- бардык кызыкдар тараптардын укук бузуулардын ушундай түрүнүн себептерин жана кесепеттерин талдоосун;

- зомбулуктун жайылуу деңгээлин жана масштабын баалоосун татаалдаштырат;

- кызыкдар тараптарга зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча так, максат көздөгөн жана натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт;

- жарандык коомдун ишенбөөчүлүгүн жана сынга алуусун пайда кылат;

- укук коргоо органдарына жана сотторго карата жарандардын ишенбөөчүлүгүн пайда кылат.

№1 кейс

Аялды, анын кызынын көзүнчө зордуктаган таксист

Ысык-Көл облустук сотунун берген маалыматына ылайык, Тоң райондук сотунун 2016-жылдын 30-ноябрындагы өкүмү менен Н. Т. К. КР КЖК 129-беренеси боюнча күнөөлүү деп таанылган жана 3 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка камоого кесилген.

Ысык-Көл облустук сотунун 2017-жылдын 27-февралындагы чечими менен Тоң райондук сотунун чечими жокко чыгарылган жана Ысык-Көл райондук сотуна кайра жаңыдан кароого жиберилген.

Ысык-Көл райондук сотунун 2017-жылдын 15-августундагы өкүмү менен Н. Т. К. КР КЖК 129-беренеси боюнча күнөөлүү деп таанылган жана 8 (сегиз) жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка камоого, 30 000 сом суммасындагы материалдык чыгымдын жана 100 000 сом өлчөмүндө моралдык зыяндын ордун толтурууга өкүм кылынган.

Ысык-Көл облустук сотунун 2017-жылдын 26-декабрындагы чечими менен Ысык-Көл райондук сотунун 2017-жылдын 15-августундагы өкүмү өзгөртүүсүз калтырылган.

Соттолуучунун кызыкчылыктарын коргогон адвокаттын апелляциялык даттануусу канааттандыруусуз калтырылган.

Ысык-Көл облустук сотунун чечимине тараптар кассациялык тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанышкан эмес.

 

 

Аялдарга жана балдарга карата зомбулук боюнча иштердин басымдуу бөлүгүн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында токтотуунун түзүлгөн практикасы укук бузуулардын ушундай түрүнүн латенттүүлүк деңгээлинин артуусуна өбөлгө болууда.

 

Башкы прокуратуранын маалыматтарына ылайык, кылмыштар жана жоруктар жөнүндө катталган билдирүүлөр\арыздар[1] (кара: № 1 таблица):

 

 

 

 

 

[1] Башкы прокуратуранын Акыйкатчы институтунун дарегине 07.03.2022-ж. каты.

 

№1 таблица

жашы жетелектерге карата:

Аталышы

2020-ж.

2021-ж.

Жоруктар жөнүндө кодекс (2017-ж. редак.)

65-берене. Уруп-сабоо

алардын ичинен токтотулган

13

12

58

57

66-берене. Ден соолукка жеңил зыян келдитрүү

алардын ичинен токтотулган

89

75

247

227

75-берене. Үй-бүлөдөгү зомбулук

алардын ичинен токтотулган

28

15

104

95

КР КЖК (2017-ж. редакциясында)

130 берене. Адам өлтүрүү

алардын ичинен токтотулган

-

2

2

131-берене. Аффект абалында адам өлтүрүү

алардын ичинен токтотулган

-

1

1

136-берене. Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү

алардын ичинен токтотулган

13

13

60

60

137-берене. Өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү

алардын ичинен токтотулган

3

3

11

11

138-берене. Ден соолукка оор залал келтирүү

алардын ичинен токтотулган

11

3

3

139-берене. Ден соолукка анча оор эмес залал келтирүү

алардын ичинен токтотулган

11

4

26

22

142-берене. Этиятсыздыктан ден соолукка оор залал келтирүү

алардын ичинен токтотулган

7

 

6

14

 

14

145-берене. Өмүргө жана ден соолукка коркунучтуу зомбулукту колдонуу менен коркутуу

алардын ичинен токтотулган

-

3

 

 

 

3

161-берене. Зордуктоо

алардын ичинен токтотулган

33

10

38

17

164-берене. Он алты жашка толо элек бала менен сексуалдык мүнөздөгү аракеттер

алардын ичинен токтотулган

16

 

 

9

60

 

 

44

165-берене. Ыплас аракеттер

алардын ичинен токтотулган

17

9

36

26

 

КР КЖК (2017-ж. редакциясында)

Аялдарга карата жасалган сексуалдык мүнөздөгү кылмыштар катталган

 

алардын ичинен токтотулган

171

 

 

77

262

 

 

209

Аялдар арасында катталган суицид фактылары (криминалдык мүнөздөгү өлүмдүн ачык белгилери жок табылган өлүктөр, өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү жана өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү

алардын ичинен токтотулган

72

 

 

 

69

57

 

 

 

50

Сотко чейинки этапта укук коргоо органдарынын жана тергөө органдарынын айрым кызматкерлеринин жетишсиз чара көрүүлөрүнө жана укук ченемсиз иш-аракеттерине келип түшкөн даттануулар боюнча Өкмөттүк эмес аялдар уюмдарынын жана Акыйкатчы институтунун маалыматтарын талдоо КР кылмыш-жаза процесстик мыйзамдарынын ченемдерин төмөнкүдөй бузууларды ашкереледи[1]:

  • арыздарды кабыл алууда – негизсиз баш тартуу жана тергөө процессин создуктуруу учурларын;
  • жабыр тартканды анын укуктары жана процесстик ченемдер жөнүндө кабарландырбоо;
  • соттук экспертизаны өткөрүүгө токтом чыгарып бербөө;
  • жабыр тарткандын адвокаты болбогон кырдаалда тергөө жүргүзүү;
  • жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактабоо;
  • далилдерди жыйноонун бир жактуулугу, жабыр тартканга карата алдын ала туура эмес мамиле кылуу;
  • кылмыш-жаза ишин токтотууну кошуп алганда, кылмыш-жазалык жазалануучу жосундун квалификациясын негизсиз өзгөртүү.

 

Укук коргоо органдарындагы аялдарга жана балдарга карата зомбулук боюнча иштердин басымдуу бөлүгүн токтотуунун түзүлгөн практикасы:

- калктын бир кыйла корголбогон бөлүгүнүн: аялдардын жана балдардын, кош кабат тобокелдиктеги майыптыгы бар жана коомдун аярлуу катмарларынын өкүлдөрүнүн басмырлануусу жөнүндө күбөлөйт;

- коомчулукта укук коргоо түзүмдөрүнүн жогорку коррупциялуулугу жөнүндө ой-пикирди калыптандырат[2];

- териштирүүлөрдү жүргүзүүдө жарамсыздыкты жана кесипкөйлүктүн төмөнкү деңгээлин көрсөтөт;

- ички иштер органдарынын кызматкерлеринин жоопкерсиздигин күчөтүү менен, көзөмөлдөө органдарынын өз милдеттерине карата шалаакы, жүр-нары мамилесин көрсөтөт;

- калктын мамлекеттик түзүмдөргө карата болгон ишиниминин деңгээлин төмөндөтөт жана расмий статистикада чагылдырылбаган зомбулук учурларынын санын көбөйтөт;

- бузуучуда да, ошондой эле жаза коркунучу алдында укук бузуудан карманган адамдарда дагы жазасыз калуу мүмкүнчүлүгүн түшүнүү, укук ченемсиз жүрүм-турумга дем берүү менен, тыюу салуулардын алдын алуучу тарбиялык маанисин төмөндөтөт;

- адвокаттардын, биринчи кезекте мамлекет тарабынан кепилденген юридикалык жардамдар жагындагы ишинин сапатынын төмөндүгүн көрсөтөт.

 

Аялдарга жана балдарга карата зомбулук кылмыштарынын латенттүүлүгүнүн бийик деңгээли табигый (жабарлангандардын өздөрүнүн калабаганы) да, ошондой эле тутумдук (укук коргоо жана сот органдарынын ишинин натыйжасыздыгы, ушул органдардын коррупциялуулугу, жабарлангандар менен иштөө принциптерин сакталбаганы) себептер менен шартталган[3].

 

 

 

[1] 2019-ж. CEDAW комитетине, ӨЭУ Кеңешине КР бешинчи мезгилдүү баяндамасына карата альтернативдүү отчет.

[2] Улутстатком маалыматтары боюнча

[3] 2019-ж. CEDAW комитетине, ӨЭУ Кеңешине КР бешинчи мезгилдүү баяндамасына карата альтернативдүү отчет.

№2 кейс

Таласта ИИМ жол кыймылынын кенже инспектору өзүнүн аялын өлгөнчө сабаган.

Окуя 2021-жылдын 29-декабрында болгон.

Бул киши өлтүрүү тууралуу блогер Эртай Искаков өзүнүн Instagram баракчасына аялды уруп-сабоонун видеосун жарыялагандан кийин гана белгилүү болгон.

Иш создугуп кеткен. 2022-жылдын 18-майында бул иш Талас шаардык сотунун кароосуна келип түшкөн, ал эми буга чейин тергөө органдарында турган.

Жыйынтыгында Ж.А.К. КР КЖК 122-беренесинин 2-б., 7-п. боюнча күнөөлүү деп таанылган жана 12 жыл 6 айга, мүлкүн алып коюусуз, жалпы режимдеги абакта жазасын өтөөгө өкүм кылынган.

 

№3 кейс

Акыйкатчы институтунун дарегине 2022-ж., У. А. жубайынын үй-бүлөдөгү зомбулугуна даттануу арызы менен кайрылган. Акыйкатчы институтуна кайрылган учурда аялдын денесинде жана бети-башында көптөгөн шишиктер жана көкалалар болгон.

Каракол ш. ИИМ кызматкерлери бул үй-бүлөлүк зомбулук фактысы боюнча эч кандай аракет жасашкан эмес. Акыйкатчы институту тарабынан Ысык-Көл облусунун прокурорунун атына жана Ысык-Көл облусунун ИИБ кат жөнөтүлгөн. Ошондон кийин гана КР КЖК 138-бер. 1-б. негизинде кылмыш-жаза иши козголгон. Жабарлануучунун жубайы кылмышка шектүү катары кармалган жана Каракол ш. ИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Балдар иштери боюнча комиссиянын чечими менен жабырлануучу У. А. жана анын жашы жетелек балдары убактылуу Чолпон-Ата шаарына жайгаштырылган. Андан адвокат берилген, Каракол шаардык сотунун чечими боюнча У. А. күйөөсү 6 жылга эркиндигинен ажыратууга өкүм чыгарылган.

Каракол ш. ИИБ кызматкерлеринин аракетсиздиктери боюнча Акыйкатчы институту тарабынан жооптуу адамдарды жоопкерчиликке тартуу жөнүндө талап жөнөтүлгөн болчу. Интернет-булактарында зомбулуктун ушул учуру жөнүндө аныкталбаган маалыматтарды таратканы жана аракетсиздиги үчүн Каракол ш. ИИБ участкалык милициясынын майоруна сөгүш түрүндөгү тартипке чакыруу жаза-чарасы колдонулган.

 

 

 

№4 кейс

Акыйкатчы институту бир жылдан ашуун убакыттан бери жаран Р. Н. бузулган укуктарын калыбына келтирүү боюнча, 2017-жылы милиция кызматкерлеринин кыйноо жана Жалал-Абад облусу боюнча УКМК Башкармалыгынын Тергөө бөлүмү тарабынан сотко чейинки өндүрүштү негизсиз токтотуу фактысы боюнча ишти алып барууда.

Кыйноолор учурунда аял кош бойлуу болгон.

2018-жылы гана жогоруда көрсөтүлгөн факты боюнча кылмыш-жаза ишин козгоо жөнүндө токтом Башкы прокуратура тарабынан бекитилген жана териштирүү жүргүзүү Жалал-Абад облусу боюнча УКМК Башкармалыгынын Тергөө бөлүмүнө тапшырылган.

Комплекстүү соттук-медициналык жана психологиялык-психиатриялык экспертизалардын корутундуларына ылайык, Р. Н. ден соолугуна посттравматикалык стресстик бузулуу түрүндөгү анча оор эмес зыян келтирилген.

Жабырлануучу Р. Н. ден соолугунун посттравматикалык стресстик бузулуусу Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен форма боюнча Стамбул протоколунун стандарттарына ылайык өткөрүлгөн күбөлөндүрүү менен дагы ырасталган.

Бирок, экспертизанын корутундусуна карабастан, сотко чейинки өндүрүш кылмыш курамы болбогону үчүн бир нече жолу токтотулган.

Тергөө органдарынын чечими менен макул болбогон Р. Н. сотко чейинки өндүрүштү токтотуу жөнүндө токтомду жокко чыгаруу тууралуу сот органдарына кайрылган.

Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө тергөөнүн жүрүшүн көзөмөлдөөнү жүзөгө ашыруучу прокурор тергөөчүнүн чечими мыйзамдуу жана негиздүү чыгыралган деп эсептеген жана апелляциялык даттанууну канаатандыруусуз калтырууну суранган. Жыйынтыгында сот даттанууну канааттандыруусуз калтырган.

Бүгүнкү күнгө чейин ушул ишке талаптагыдай укуктук баа берилбей келүүдө.

 

Аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрү боюнча кылмыштардын жана укук бузуулардын бир кыйла аз саны соттук инстанцияларга чейин жетет

 

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун саны өсүүдө, алып айтканда, Улутстатком маалыматына ылайык, 2014-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун натыйжасында аялдарга карата зомбулук кылуунун 2521 учуру катталган, жети жылдын ичинде бул көрсөткүч 8587 учурга чейин өскөн (кара. №2 диаграмма).

Диаграмма №2

 

 

Мында, мисал үчүн 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулуктун катталган 5659 учурларынын ичинен, КР Жогорку сотунун маалыматтарына ылайык, сот өндүрүшүнө чейин 140 кылмыш-жаза иши жеткен, алардын ичинен 53 иш токтотулган, ошол эле убакта үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу республиканын сотторуна келип түшкөн жоруктар жөнүндө 653 иштин ичинен, кароонун натыйжалары боюнча 148 айыптоо жана 1 актоо өкүмү чыгарылган, мында 148 өкүмдүн ичинен 110у үй-бүлөдөгү замбулук фактылары (Жж-өК 75-бер.) (өкүмдөрдүн жалпы санынын 74.3%), 384 иш токтотулган, бул үй-бүлөлүк зомбулук менен байланышкан жоруктар жөнүндө бүткөн иштердин жалпы санынын 58,8% түзөт[1] (кара. №3 диаграмма).

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

№3 Диаграмма

 

2020-жылы келип түшкөн 5903 иштин ичинен 1028и Жж-өК 75-бер. боюнча ишти түзгөн, бул 20,5%ды түзөт. 1028 иштин ичинен 728 иш боюнча өндүрүш токтотулган (70,8%), айыптоо өкүмүн чыгаруу менен – 287 (27,9%) иш каралган.

 

Соттордо токтотулган иштердин бийик деңгээли, мыйзамдардын формалдуу ченемдери боюнча, кылмыш жасаган адамдын жоопкерчиликтен качып кете алары жөнүндө күбөлөп турат, бул коомдо аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыштуу жосун үчүн жазасыз калуу мүмкүндүгүн туюу сезимин жаратат.

Мында, тараптардын элдешүүлөрү жана жабыр тарткан тараптын дооматынын жоктугу жоопкерчиликтен бошотуу үчүн олутуу негиздердин бири болуп саналат.

 

Үй-бүлөлүк зомбулукка байланыштуу жоруктар жөнүндө иштер, орточо жоруктар жөнүндө иштердин жалпы санынын 19%ын түзөт, ал эми 2019-жылдан 2021-жылга чейинки мезгилде үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндө жоруктарды жасаганы үчүн соттолгондордун пайыздык саны орточо, ошол эле мезгилде ар түрдүү жоруктар үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган адамдардын жалпы санынын 13%ын түздү.

 

[1] http://admin-vshp.sot.kg/public/sites/3/2020/02/ug_analit_obzor_sudi-29052019.pdf

Жоруктар жөнүндө иштердин бир кыйла олуттуу саны соттук кароонун жүрүшүндө токтотуларын жана бул көрсөткүч барган сайын өсүп баратканын белгилеп коюу керек. Алып айтсак, эгерде 2019-жылы үй-бүлөлүк зомбулук чөйрөсүндө жоруктар жөнүндө 384 иш токтотулган болсо, бул жоруктар жөнүндө жалпы иштердин 21%ын түзөт, ал эми 2020-жылы мындай 728 иш (27%) токтотулган, ал эми 2021-жылы бул көрсөткүч 794 (25%) ишке жеткен. Ошону менен бирге, айрып иштерди соттордо кароо жылдарга созулат.

 

№5 кейс

Куйөөсү аялынын жыныстык органына кайнак сууну куюп, аны өлгөнчө сабаган. Алынган жаракаттардын кесепетинен ал каза тапкан.

Жубайлардын урушу ур-токмокко алууга өткөн. Бул факты боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча тергөө башталды.

Алардын 1 кыз жана 2 уулу калды.

Баткен райондук сотунун 2020-жылдын 1-июнундагы өкүмү менен С. Ш. КР КЖК 130-бер. 2-б. 3, 9-п. боюнча күнөөлүү деп таанылган жана 15 жылга эркиндигинен ажыратууга соттолгон.

 

№6 кейс

К. А. (31 жашта). 2013-жылы декабрда КР облустарынын биринде сот органдарынын кызматкерлери тарабынан зордукталган, “Сезим” Кризистик борборуна (мындан ары – КБ) укуктук жардам сурап кайрылган. Жабырлануучунун 31.12.2013-ж. арызынын негизинде, зордуктоо фактысы боюнча кылмыш-жаза иши козголгон. Зордукчулар – сот органдарынын өкүлдөрү болгонуна байланыштуу жабырлануучу К. А. аймактын соттук курамына ишенбөөчүлүк билдирген, соттун бүткүл курамын четке кагуу процесси 8 ай боюу созулган, анан 2014-жылдын октябрында гана КР Жогорку соту кылмыш-жаза ишин КР Чүй облусунун Сокулук райондук сотуна өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарган. К. А. «Сезим» КБ кайрылган жана ага шелтер – башпаанек кызматы көрсөтүлгөн. Ал абдан оор абалда болгон, тынымсыз катуу баш оорусуна жана кан кетүүнүн токтобогонун даттанган. Аял Бишкек ш. №4 төрөт үйүндө дарылануудан өткөн. К. А. эки баласы убактылуу балдар үйүнө жайгаштырылган. Көрсөтүлгөн жардамдардын (психологиялык, юридикалык, медициналык жана социалдык) натыйжасында К. А. абалы бир кыйла оңолуп, жакшырган. «Сезим» КБ адистери 8 ай боюу ага укук коргоо жана сот органдарына өтүнмөлөрдү, арыздарды, даттанууларды даярдоого юридикалык жардам көрсөтүшкөн. Бул иш боюнча «Сезим» КБ тарабынан басма сөз-конференциясын өткөрүү демилгеленген, макалалар даярдалган жана республикалык ЖМК жарыяланган. Борбордун адвокаты 5 соттук отурумга катышкан, ошондой эле «Сезим» КБ тарабынан жабырлануучу К. А. коомдук коргоочу берилген. Бүгүнкү күндө иш биринчи инстанциядагы соттун соттук териштирүүсүндө турат.

Мигранттардын балдарынын зобулукка кабылуу тобокелчилигинин деңгээли жогору, көйгөйдүн масштабы абдан кооптуу

 

КР Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинин маалыматтары боюнча 2021-жылы ата-энелери өлкөнүн чегинен тышкары иштеп жүрүшкөн 93 501 бала аныкталган. 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында мигранттардын балдарынын саны 87 426 баланы түзгөн (кара. № 2 таблица).

 

№2 таблица

 

2019-ж.

2020-ж.

2021-жыл

2022-жылдын 6 айы үчүн

 

Мигранттардын балдарынын саны

106 000

85 459

93 501

87 462

 

Сексуалдык зомбулукка дуушар болгон балдардын саны

62

71

118

55 (2022-жылдын башы)

 

 

2020-жылы Башкы прокуратуранын маалыматтары боюнча жашы жетелек балдарга карата 788 кылмыш жана жоруктар, ал эми 2021-жылы 2287 кылмыш жана жоруктар жасалган.

 

2020-жыл үчүн катаал мамилеге жана зомбулукка кабылган балдар жөнүндө маалыматтар категориялар боюнча берилген: ден бой зомбулугу – 171, сексуалдык зомбулук – 71, психологиялык зомбулук – 39. 2021-жыл үчүн: ден бой зомбулугу – 222, сексуалдык зомбулук – 118, психологиялык зомбулук – 77, ал эми ИИМ маалыматтары боюнча 2022-жылдын башынан бери Кыргызстанда балдарга карата зомбулуктун 400дөн ашуун фактысы катталган. Бул 400 фактынын 55 учуру – сексуалдык зомбулук. 55 сексуалдык зомбулуктун ичинде: 19 зордуктоо, 5 сексуалдык зомбулукка аракет кылуу, жашы жетелектерге карата 23 сексуалдык зомбулукка аракет кылуу, ошондой эле 8 бузукулук учурлары катталган.

 

Мигранттардын балдарына карата зомбулук тобокелчилигинин бийиктигинин негизги себептери төмөнкүлөр болуп саналат:

- зомбулуктун жазасыздыгы;

- ата-энелердин жоопкерсиздиги;

- оор турмуштук кырдаал;

- алдын алуу механизмдеринин жетишсиздиги жана баланын айланасындагы адамдардын адамдардын зомбулук учурларын жаап-жашыруулары;

- билим деңгээлинин төмөндүгү, билим алууга жеткиликтүүлүк ресурстарынын чектелгендиги;

- балдардын эмгегин пайдалануу жана психологиялык зомбулук.

Ата-энелери миграцияга кеткенден кийин, балдар көп учурларда туугандары менен, жана көпчүлүгү чоң эне, чоң аталары менен калышат, алардын балдардын улам өсүп бараткан керектөөлөрүн канааттандырууга мүмкүнчүлүктөрү жетпейт.

 

№7 кейс

Баткен облусунда үч эркек 14 жаштагы өспүрүм кызды зордукташкан жана өлтүрүп салышкан.

04.09.2022-ж. саат 15:25 жакын Баткен облусунун Кадамжай районунун ИИБ ОШ – Раззаков автожолунун 146-чакырымында, Ноогардан айылынын ичиндеги суу кетүүчү арыктын тоннелинен белгисиз адамдан жансыз денеси табылган жөнүндө чакыруу келип түшкөн.

Жерине келген милиционерлер өлтүрүлгөн 14 жашар кыз экенин аныкташкан, анын колдору артына кайрылып байланган болгон, ал эми моюнунда муунткан жиптин изи калган. Кыз зордукталган болчу.

Бул факты боюнча КР КЖК “Адам өлтүрүү” беренеси боюнча кылмыш-жаза иши козголгон жана соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Териштирүүнүн жүрүшүндө кызды өлтүрүүгө шектенүү боюнча Кадамжай районунун 1995, 1997 жана 1998-жылы туулган төрт тургуну кармалган. Шектүүлөрдүн биринин машинасынан илинчектер табылган жана буюмдай далил катары автомтбиль алып коюлган.

Кармалгандар убактылуу кармалуучу жайга киргизилген. Иш боюнча тергөө уланууда.

Кыздын ата-энеси мигрант болушкан жана Россияда жүрүшкөн, кыз чоң энеси менен жашап турган.

Иш Президенттин жеке көзөмөлүнө алынган.

 

 

III. Жалпы маалымат

 

Ушул альтернативдүү баяндама Акыйкатчы институту тарабынан даярдалды.

Баяндаманы даярдоонун методологиясы өз ичине төмөнкүлөрдү камтыйт:

1. Материалдарды Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ар жылдык жана атайын баяндамаларынан жыйноону; Акыйкатчынын дарегине келип түшкөн жарандардын даттануулары боюнча маалыматтарды; мамлекеттик органдардын расмий маалыматтарын; өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматтарын; кылмыш-жаза ишин козгоодон баш тартылган ички иштер органдарына келип түшкөн арыздардын материалдарын[1].

2. Жыйналган маалыматтарды талдоо жана тутумдаштырууну.

3. Жарандык коомдун өкүлдөрү менен консультацияларды[2].

Альтернативдүү баяндаманы даярдоодо Акыйкатчы институтунун командасы иштеп чыгылган сунуштамалардын объективдүүлүк, негиздүүлүк жана теңделмеленгендик принциптерин карманды.

 

 

 

 

 

 

[1] Прокуратура органдарынын, ички иштер министрлигинин, улуттук статистикалык комитеттин жана башка мамлекеттик органдардын жана өкмөттүк эмес уюмдардын маалыматтары ушул баяндаманы даярдоо мезгилинде (2022-ж. июнь–сентябрь) алынды жана актуалдаштырылды.

[2] КР Акыйкатчысы 12-августта Кыргызстандын өкмөттүк эмес уюмдарынын аялдарды жана балдарды коргоону камсыз кылуу маселелери боюнча иштешкен өкүлдөрү менен консультацияларды өткөргөн.

Кыскартуулардын тизмеси:

 

КР – Кыргыз Республикасы

ЖСУЭП – Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт

БП – КР Башкы прокуратурасы

СМ – КР Саламаттыкты сактоо министрлиги

Улутстатком – КР Улуттук статистикалык комитети

ИИМ – КР Ички иштер министрлиги

ИИБ – Ички иштер башкармалыгы

ИИБ – Ички иштер бөлүмү

ЖК – Жазык кодекси

 

Подкатегории