Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Акыйкатчы институнун жана КРнын Тышкы иштер министрлигинин биргелешкен иш-аракети менен  И. А. аттуу Кыргызстандын жаранын Россиядан Тажикстанга экстрадициялоодон баш тартууга жетишилди.

КРнын жараны И. А. Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара кызматы тарабынан Россиянын чегинен өтүп бара жатканда кармалган. Андан соң аны Россиянын Алтай крайынын Рубцовск транспорттук прокуратурасына өткөрүп беришкен.

Россиянын укук коргоо органдарынын расмий маалыматтары  боюнча, Кыргызстандын жаранын Тажикстандын укук коргоо органдарынын эл аралык издөө жарыялаганынан улам кармашкан.

Кыргызстандын жараны кармалгандан кийин Россиянын Рубцовск райондук сотунун чечими менен Алтай крайындагы тергөө изоляторуна 40 күнгө камакка алынган.

Аталган факты боюнча Кыргызстандын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаевага этникалык кыргыздардын коомчулугунун өкүлдөрү И. А.нын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылышкан.

Кыргызстандын Акыйкатчысы ишти өзүнүн өзгөчө көзөмөлүнө алган.

КРнын Акыйкатчысы Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына КРнын жаранынын укуктарын сактоону камсыз кылуу — Кыргызстандын жаранынын Россиядан Тажикстанга экстрадициялоого жол бербөөгө көмөк көрсөтүүгө чакырыгы менен кайрылды.

Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын берген маалыматына ылайык, И. А.-этникалык кыргыз, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук округуна караштуу Мургаб айылында туулган.

2013-жылы Тажикстандан Кыргызстанга келүүгө аргасыз болгон.  Андан соң этникалык кыргыз катары КРнын жарандыгын алган. Ошондон бери ал Кыргызстанда жашап жүрүп быйыл өлкөнүн чегинен тышкары иштеп келүүнү максат кылып чет жакка чыккан. Бирок Россиянын чек арасынан өтүп жаткан учурда кармалган.

Иштин материалдарын таянсак, 2013-жылы Тажикстанда И. А.га карата “Аскер бөлүгүн жана кызмат ордун өз алдынча таштап кетүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. И. А. 2010-жылдан 2013-жылга чейин Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүндө келишим менен кызмат өтөгөн.

Акыйкатчы  институту менен КР ТИМдин биргелешкен ыкчам аракетинин жыйынтыгында, ошондой эле Новосибирск шаарындагы КРнын башкы консулдугунун активдүү катышуусу менен Кыргызстандын жаранынын укуктарын коргоого мүмкүн болду.

Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан КРнын жаранын Тажикстанга  экстрадиция кылуудан баш тартуу жана бошотуу үчүн баардык далилдер берилди.

Россиянын Рубцовск транспорттук прокуратурасы И. А.ны коргоо боюнча баардык жүйөөлөрдү кабыл алды жана РФнын мыйзамдарына ылайык, И. А.ны кылмыш жоокерчилигине тартуу үчүн кармоо мөөнөтү 2019-жылдын 6-августунда аяктаганы тууралуу токтом чыгарды.

Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы аны бошотуу чечимин кабыл алды.

 

 

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясына (ИКУ АА) кирүүгө ниеттенип жатат.

Мындай чечим Стамбулдагы ассоциациянын Башкы ассамблеясынын жыйынына КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева катышкандан кийин КРнын Акыйкатчы институту тарабынан кабыл алынды.

Буга чейин Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясынын Башкы ассамблеясынын жыйынында Джамиля Джаманбаева ИКУ ААнын ишмердүүлүгүнүн алкагында адам укуктары жана эркиндиктери жаатында маанилүү демилгелер ишке ашырылганын белгилеген.

Эскерте кетсек, Кыргызстан жыйынга байкоочу катары катышты.

“Кыргызстандын Акыйкатчы институту Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясынын ишмердүүлүгүнө кызыгуу менен байкоо салып турат, анткени Кыргызстандын көпчүлүк жарандары ислам динин тутунат. Жарандардын диний эркиндиктеринин укуктарын коргоо Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат”, - деп айтты жыйында Джамиля Джаманбаева.

Жыйынга Ассоциацияга мүчө мамлекеттердин Акыйкатчылары катышты.

Жыйындын алкагында ИКУ ААга мүчө мамлекеттердин  улуттук укук коргоо уюмдарынын адам укуктары жаатындагы кызматташтыгынын маанилүү экендигин талкуулашты, ошондой эле Акыйкатчынын ишинин натыйжасын жогорулатыш үчүн диалогду улантуу зарылдыгын белгилешти.

Акыйкатчынын Түркияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында  КРнын Акыйкатчы институту аталган альянска кирүү чечимин кабыл алды, анткени ИКУ ААнын аянтчасында диний эркиндиктерге карата адамдын укуктарын коргоо боюнча маанилүү демилгелер талкууланат жана ишке ашырылат.

“Кыргызстандын Акыйкатчы институту жыйынга байкоочу катары катышты. Альянска кирүү менен Кыргызстандын Акыйкатчы институту ИКУ ААнын аянтчасында жарандардын дин тутунуу эркиндигин коргоо боюнча өзүнүн позициясын билдире алат”, - деп эсептейт Джаманбаева.

Азыркы учурда институт Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясына кириш үчүн расмий кайрылууну даярдап жатат.

Маалым кат

Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясы  (OICOA) 2014-жылы 29-апрелде Пакистандын Исламабад шаарында Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Акыйкатчы институттарынын өз ара тыгыз кызматташтыгы үчүн  атайын макам менен түзүлгөн.

Ислам кызматташтык уюмунун өзү 1969-жылы 25-сентябрда Марокконун Рабат шаарында мусулман мамлекеттеринин башчыларынын жыйынында негизделген. 2011-жылга чейин Ислам конференциясынын уюму деп аталып, андан кийин Ислам кызматташтык уюму деп аталышы өзгөртүлгөн.

Ислам кызматташтык уюму — эң ири жана эң таасирдүү расмий мусулман өкмөттөрүнүн расмий уюму.

Азыркы учурда ал жалпы 2 млрд калкы бар 56 өлкөнүн башын бириктирип турат. Штаб-квартирасы Сауд Аравиясынын Джидда шаарында жайгашкан.

Кыргызстан 1992-жылы 1-декабрда Ислам кызматташтык уюмуна мүчө болгон. Бирок Кыргызстандын Акыйкатчы институту аталган уюмдун байкоочусу болуп эсептелет.

 

Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева сот жана прокуратура органдарын улуттук мыйзамдарга ылайык, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы институту мандатына ылайык, туруктуу негизде сот отурумдарына мониторинг жүргүзүп келет.

Буга чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 26-ноябрга чейин 14 жаштан 16 жашка чейинки төрт жашы жете элек өспүрүмдү камакта калтырган. Алар КРнын Кылмыш кодексинин 280-беренесинин 2-пунктуна (бейбаштыкка) ылайык, азыраак оор кылмышка шектелип жатышкан.

Ошол эле маалда Акыйкатчы институтунун Укук коргоо органдары тарабынан жана эркинен ажыратуу жайларында адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери белгилегендей, өспүрүмдөрдүн көрсөтмөлөрүн соттор уккан эмес. Бул жалпы кабыл алынган эл аралык укуктук ченемдердин бузулушу болуп саналат.

Мындан тышкары судья Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн шектелип жаткан өспүрүмдөрдү камактан бошотуп жана ата-энелеринин жоопкерчилигине берүү зарылдыгы жөнүндө жүйөөлөрүн көңүлгө алган эмес.

Ошондой эле сот КРнын Жогорку Сотунун пленумунун соттор тарабынан жашы жете электерди өзгөчө оор учурларда гана камакка алуу жана баш коргоо чарасын кабыл алуунун негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө кылмыш-процессуалдык мыйзамдарын соттордун колдонуу практикасы жөнүндө токтомун эске алган эмес. Жашы жете электер үчүн  өзгөчө учур болуп өтө оор кылмыш жасоого шектелүү, буга чейин кабыл алынган баш коргоо чарасынын шарттарын бузуу, ошондой эле шектүү тарап сотко чейинки өндүрүш органынан жана соттон качып жүргөн жагдайлар эсептелет.

Акыйкатчы КРнын укук коргоо жана сот органдарын жашы жете элек балдардын кылмыш иштерин иликтөөдө жана сотко жөнөтүүдө Ювеналдык юстициянын мыйзамдарынын,  КРнын Жогорку сотунун пленумдарын жана  КРнын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган нормаларын бекем сактоого чакырат.

Жашы жете балдарды камакка алуу маселесин кароодо укуктардын төмөнкү улуттук жана эл аралык ченемдери сот тарабынан көңүлгө алынган эмес:

КРнын Баш мыйзамында эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары, ошондой эле КРнын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелээри каралган.

Бириккен Улуттар Уюмунун жашы жете электерге карата сотко жөнөтүүгө байланыштуу (Пекин эрежелери) 1985-жылы 29-ноябрда кабыл алынган БУУнун Башкы ассамблеясынын Резолюциясында БУУнун стандарттык эрежелеринде негизги жетектөөчү принциптердин бири чагылдырылган: жашы жете элек өспүрүм башка тиешелүү чаралар болгон учурларды кошпогондо абакка камалбашы керек.

Ошол эле маалда Пекин эрежелеринде соттук териштирүү жашы жете элек өспүрүмдүн кызыкчылыгына жооп бериши керек жана өспүрүмдүн көз карашын эркин билдирүүгө мүмкүндүк берүүчү түшүнүү атмосферасында болушу керектиги каралган.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Баткен областынын тургундары менен жолугушту.

Акыйкатчынын жергиликтүү тургундар менен жолугушуусу Баткен шаарындагы областтык администрациянын имаратында болду. Жолугушууга Президенттин Баткен областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, ошондой эле укук коргоо органдарынын областтык жана шаардык бөлүмдөрүнүн, прокуратура органдарынын жана башка тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери катышты.

Жолугушууда тургундар социалдык тейлөө алуу укуктарынын бузулушуна мамлекеттик органдар тарабынан аракеттер көрүлбөй жатканына даттанышты.

Негизинен алар жер үлүштөрүн, балдарына жөлөк пул албай жатышканын жана башка көйгөйлөрү тууралуу арызданышты.

Улгайган аял көп жылдан бери жерине “кызыл китеп” ала албай жатканын, анткени мамлекеттик органдар кайра документтештирүү үчүн жолдошунун макулдугун сурап жатканын айтты. Ал эми жолдошу дайынсыз жоголуп кеткен.

“Күйөөм дайынсыз жоголуп кетти. Ал кантип макулдук берет?”,-айтты капаланган аял өзүнүн маселеси тууралуу Акыйкатчыга.

Акыйкатчы мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн аялдын укуктарын сактоону камсыз кылууга чакырды. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери ага юридикалык кеп-кеңеш беришти.

Мындан тышкары Акыйкатчыга эмгек мигранттарынын жубайлары жана энелери кайрылышты. Алар балдарына мамлекеттен жөлөк пул каралбаганына, жолдоштору эмгек мигранты болгондуктан ушундай болуп жатканына нааразылыктарын айтышты.

“Жолдошторубуздун баары эле чет өлкөдө дароо  эмгекке орношо алышпайт. Көбү жумуштарын алмаштырууга мажбур болушат. Туруктуу эмгек акы ала албаган учурлар болот, мезгилдүү жумуштарда иштешет, бирок буга карабай эмгек мигранттарынын балдарына жөлөк пул каралган эмес. Бул биздин балдардын укуктарынын бузулушу”,-деп айтышты мигранттардын жубайлары.

Мындан тышкары Тажикстандан Кыргызстанга качууга мажбур болушкан этникалык кыргыздар даттанышты. Алар көп убакыттан бери документтерин тапшырып, бирок КРнын жарандыгын ала албай жатышат, анткени Тажикстан расмий каналдары аркылуу алардын инсандыгын тастыктап бербей келет. Ошондой эле алар ээлик укуктары тууралуу баардык документтер болгонуна карабай Тажикстандагы өз үйлөрүн сата албай жатышканын айтышты.

“Биздин үйлөрдү сатып албагыла деп оозеки тапшырма беришкен, алар бекер эле алгылары келишет”,-дешти этникалык кыргыздар.

Акыйкатчы жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктарга, ошондой эле мандатына ылайык, Акыйкатчы институту этникалык кыргыздардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча баардык чараларды кабыл алаарын белгиледи.

Андан кийин Акыйкатчы Тажикстандын Ворух анклавынан анча алыс эмес жерде жайгашкан Баткен районундагы Ак-Сай жана Капчыгай айылдарына барды.

Аталган айылдар 2022-жылы Тажикстандын Кыргызстанга карата жасаган аскердик агрессиясынын учурунда абдан эле жабыркаган. Анын кесепетинен жергиликтүү тургундар каза таап, айылдын 80 пайызы өрттөн жабыркаган, жарандык инфраструктуранын объектилери талкаланган, мектептин имараты күйгөн.

Аталган айылдарга барган кезде жергиликтүү бийлик органдары жабырлануучуларга бериле турган үйлөр кандай курулуп жатканын көрсөтүп беришти, ошондой эле мамлекет тарабынан көрсөтүлүп жаткан көмөк тууралуу айтышты.

Ак-Сай айылында Акыйкатчы мектептин мугалимдери менен жолугушту. Аталган айылдагы мектеп азырынча курулуп жатат, балдар үч имаратта: бала бакчада, ФАПта жана Маданият үйүнүн имаратында окууга аргасыз болушууда.

Жолугушууда мугалимдер Акыйкатчыга укуктук кеп-кеңеш сурап кайрылышты. Алардын көбү мамлекеттик ипотека алуу укуктары тууралуу кызыгышты.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева укук коргоо жана сот органдарын, ошондой эле прокуратура органдарын 1985-жылы туулган Э. У. аттуу жарандык жолдошунун зомбулугуна кабылган аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырды.

Акыйкатчы институтуна 34 жаштагы аял арыз менен кайрылган.

2023-жылы 14-сентябрда аны жарандык күйөөсү катуу сабагандан кийин билектерин ысык үтүк менен басып күйгүзүп, андан кийин зордуктаган.

Аялдын айтымында, мунун баары анын кичинекей кызы башка бөлмөдө отурган кезде, алардын батиринде болгон.

Аял зордукчунун колунан араң кутулуп ич кийими менен, жылаңайлак көчөгө качып чыккан.

Ал күзөтчүнүн күркөсүнө жашынып, кошуналарынан көмөк сураган.

Коңшулары аны жумушка жеткиришип, ал жерден аялга зарыл болгон жардамды көрсөтүшкөн.

Ошол эле күнү аял милицияга кайрылган.

Аялдын жактоочусунун айтымында, 15-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь  райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан КРнын Кылмыш кодексинин 154-беренесинин 1-бөлүмүнүн белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Анын жарандык күйөөсүн 15-сентябрда кармашкан. 16-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту эркекти 1-тергөө абагына эки айга камоо тууралуу баш коргоо чарасын кабыл алган.

Бирок аялдын жарандык күйөөсүнүн жактоочусу соттун чечимин жогору турган инстанцияга даттанган. Бүгүн, 6-октябрда Бишкек шаардык соту апелляциялык арызды карайт.

Жабырлануучу сот анын жарандык жолдошун эркиндикке кое берет жана ал кайрадан ага кордук көрсөтөт деп коркуп жатат.

“Мен мурда өлүмдөн коркчу эмесмин, ал тургай бул тууралуу ойлочу да эмесмин. Мен азыр абдан коркуп калдым, кичине эле добуш болсо калтырап кетем. Башымдан өткөргөн азап-тозок кайра башталабы деп чочулайм. Күйөөм мурда эле уруп-сабап, зордуктап жүрчү. Бирок мен кимдир-бирөөгө айткандан кооптончумун, анткени ал “кызымды алып кетем, сен аны эч качан көрбөйсүң” деп коркутчу. Анан калса ал мен укук коргоо органдарына кайрылсам, баары бир жазадан кутулуп кетчүдөй сезилчү. Азыр дагы ошентип кооптонуп жатам. Мен өзүмдүн кызым үчүн корком”,-деп ыйлады аргасы кеткен аял.

Жактоочунун айтымында, ал ишин жактап жаткан аял көп жылдар бою жарандык жолдошунун зомбулугуна кабылып келген, бирок бул тууралуу жакындарына жана укук коргоо органдарына айткандан корккон, себеби жолдошу жакшы тааныштары аркылуу жазаланбай калат деп ойлогон.

Материалга таянсак, аялдын жарандык жолдошу - American school жоопкерчилиги чектелген коомунун директору болуп саналат.

Акыйкатчы  тиешелүү органдарды  жабырлануучунун укуктарын коргоону камсыз кылууга жана аял кайрадан зомбулукка кабылуусуна жол бербөөгө чакырат.

Акыйкатчы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчилигин, ошондой эле калаанын прокурорун аталган ишти жеке көзөмөлгө алууга чакырат.

Акыйкатчы институту ошондой эле жабырлануучунун психологиялык көмөк алуусуна колдоо көрсөттү.

  

 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Жалал-Абад шаарындагы аялдар жана жашы жете элек өспүрүмдөрдүн тергөө абагына барды.

Акыйкатчы кармалып тургандардын кармоо шарттары менен таанышты. Баардыгы болуп аталган абак 67 орунга эсептелген. Башкы укук коргоочу барган учурда аталган жабык мекемеде 37 адам бар экени белгилүү болду. Алардын 23ү-аялдар, 14ү-өспүрүмдөр (үчөө кыздар).

Акыйкатчы камерларга кирип абакта жаткан аялдар жана өспүрүмдөр менен алардын укуктары тууралуу сүйлөштү.

Камералардын бириндеги аял абактын кызматкерлери жок өзүнчө сүйлөшкүсү келгенин айтты. Ал соттун ага карата чыгарган баш коргоо чарасы боюнча чечимге-тергөө абагында кармалып турганына нааразы болду.

Дагы башка бир камерада кичинекей кызы менен камалган 32 жаштагы аял кызынын ооруп жатканын, тагыраагы анын баш мээсинде кан басымы жогору экенин айтып арызданды. Акыйкатчы барган учурда эки жашка толоюн деп калган кыз бешикте уктап жаткан. Абак кызматкерлеринин айтымында, балалуу аялга сейилдөөчү камерада баласы менен жүрүүгө мүмкүндүк берилет.

Тиешелүү мамлекеттик органдардын берген маалыматына таянсак, аялдын 5 жаштагы уулун анын бир тууган эжесинин кароосуна беришкен.

Ноокен райондук сотунун чечими менен аялды тергөө абагына эки айга камашкан. Ал анын жана баласынын укуктарын коргоону сурап кайрылды.  

Ошондой эле башка камерада 31 миң 500 сом карызы  үчүн камалган аял бар экен. Прокуратура берген маалыматка таянсак, ал аталган карызды 2023-жылдын 26-сентябрында төлөп берген. Бирок ошого карабай соттун чечими менен эки айга камалган.

Акыйкатчы тергөө абагындагылардын арыз-даттанууларын жеке көзөмөлүнө алды.

Акыйкатчы сот жана укук коргоо органдарына, ошондой эле прокуратура органдарына кармалган аялдардын жана баланын укуктарын сактоону камсыз кылуу чакырыгы менен кайрылды.

Пресс-релиз жарыялана турган маалда аялдын жактоочусу Акыйкатчы институтуна Ноокен райондук соту балалуу аялдын иши боюнча чечим чыгарганын кабарлады. Соттун чечимине ылайык, аялды эки жылга пробация колдонуу менен абактан бошотушкан.

Мындан тышкары абакта Акыйкатчы институту кейсин карап жаткан аял жок болуп чыкты. Сөз Бишкек аэропортунан кармалып жана Ошко жөнөтүлгөн К. А. тууралуу болуп жатат.

Тергөө абагынын кызматкерлеринин берген маалыматына караганда, аны Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайга тергөө иштери үчүн жиберишкен. Бирок ал Ош шаарындагы убактылуу кармоочу жайда Акыйкатчы аталган мекемеде барган учурда жок болчу. Тергөө абагынын кызматкерлери Акыйкатчы аталган абакка келе турган күндүн алдында эле аялды жөнөткөнүн айтышты.

Белгилей кетсек, буга чейин, тактап айтканда сентябрь айында кармалган аялдын апасы милиция кызматкерлери анын кызынын укуктарын бузуп, ымыркай баласы бар экенине карабай алып кетишкенин ЖМКга маалымдаган эле.

Милиция берген кабарга таянсак, аял издөөдө жүргөн, аны КРнын Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча кармашкан.

Тергөө абагына баргандан кийин Акыйкатчы шаардын чет жагына курулуп жаткан жаңы тергөө абагынын курулушу кандай жүрүп жатканы менен таанышты. Сузак районунун Таш-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Арал участогунда жаңы тергөө изолятору курулуп жатыптыр.

Аталган жайдын курулушуна 1 гектар жер бөлүнүп берилген. Бул участокко төрт кабаттуу, 200 орунга эсептелген имарат курулууда, объект тергөө абагына тиешелүү боло турган стандарттарга ылайык курулууда.

Ошондой эле аталган жерге административдик имараттын курулушу каралган. Жаза аткаруу кызматынын кызматкерлери  берген маалыматка караганда, жаңы тергөө абагынын курулушу 2023-жылдын соңунда аяктаары күтүлүүдө.

Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Ош шаарына жана Ош областына жасаган иш сапарынын маалында 5-тергөө абагына барды.

Акыйкатчы аталган абак жайдын жетекчилигинин коштоосунда жабык мекемеде кармалагандардын кармоо шарттары менен таанышты. 

Башкы укук коргоочу барган учурда бул мекемеде 367 адам кармалып турганы белгилүү болду, баардыгы 500 адамды кармоого эсептелген. 

Камераларды тандап карап чыккан учурда, алардын биринде 4 адамга эсептелсе да, 8 киши камалып жатканы белгилүү болду.

Акыйкатчыга мекеменин баардык блокторун көрсөтүштү. Өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган блокто эч ким жок экен - кармалып тургандардын бир аз мурда этап кылышыптыр.

Акыйкатчы 5-тергөө абагынын жетекчилиги менен биргеликте камераларга кирип жана кармалып жаткандар менен алардын укуктары тууралуу сүйлөштү.

Жалпысынан абакта кармалгандар кармоо шарттарына даттанышкан жок. Бирок сотто алардын укуктарын коргоону өтүнүштү.

Баардык камералар ным жыттанат, 5-тергөө абагынын имараты абдан эле эскилиги жетип калган. Камераларды карап чыгышкандан кийин Акыйкатчы жана аталган абактын жетекчилиги бул көйгөйдү талкуулашты.

“Белгилүү болгондой, 5-тергөө абагынын имараты эски, ал 1890-жылдарда курулган, бул жерде Алымбек датканын уулу Камчыбек камалган”,-деп айтышты Акыйкатчыга мекеменин кызматкерлери.

Джамиля Джаманбаева Министрлер кабинетин 5-тергөө абагын шаардын чет жагына көчүрүү маселесин чечүүнү ылдамдатууга чакырат.

“5-абакта кармалгандардын кармоо шарттары тиешелүү талаптарга жооп бербейт. Бул адам укуктарын бузуу болуп саналат. Мен 5-тергөө абагынын шаардын четине салына турган жаңы имаратынын курулушу боюнча ишти тездетүүнү абдан сунуштайм”,-деди Акыйкатчы.     

Расмий органдардын берген маалыматына таянсак, бул жабык мекеме шаардын четине көчүрүшү зарыл болгон объектилердин тизмесине кирген. Азыркы учурда жаңы тергөө изолятору курула турган жерди тандоо маселеси каралып жатат.    

Андан ары Акыйкатчы Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын (ИИБ) убактылуу кармоочу жайына барып, кармалып тургандардын абалы менен таанышты. Убактылуу кармоочу жай ИИБдин имаратынын эң алдыңкы кабатында жайгашкан.

Кармалган аялдардын бири өзүн адвокатмын деп тааныштырып, укуктары бузулуп жатканына даттанды.

Аны “бейбаштык” беренеси боюнча кармашкан. Акыйкатчы анын арызын угуп жана көпкө чейин пикирлешти.

Убактылуу кармоочу жайдын кызматкерлери аялды Акыйкатчы аталган жайга келээрден жарым саат мурда алып келишкенин билдиришти.

Башка камераларда кармалгандар кармоо шарттарына даттанышкан жок. Ош шаардык ИИБдин башчысы Акыйкатчыга адам укуктарынын сакталышын коргоо боюнча кабыл алынып жаткан чаралар тууралуу айтып берди.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева 27-сентябрда Ош областында жана Ош шаарында иш сапары менен болду.

Акыйкатчы Ош областындагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Джантаев, ошондой эле укук коргоо жана прокуратура органдарынын областтык жана шаардык бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту.

Жолугушууларда адам укуктарын сактоону камсыз кылуу боюнча кечиктирилгиз чараларды кабыл алуунун маанилүү экени тууралуу сөз болду.

Негизинен шаарда ала качуу көбөйгөнү маалымдалууда, бирок бул маалыматтарды текшерген учурда кыздар өз ыктыяры менен никеге турушканын билдиришүүдө.

Андан кийин областтык администрациянын залында Акыйкатчы областтын тургундары менен жолугушту. Жолугушууга 250дөн ашык адам келди, айрымдарына орундар жетишпей, жыйналышка тик туруп катышууга туура келди.

Акыйкатчы менен жолугушууга областтык укук коргоо, прокуратура органдарынын, жергиликтүү жана мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилери катышты. Акыйкатчы жарандардын арыз-даттанууларын угуп, жеринде мамлекеттик органдардан жарандардын укуктарын сактоону камсыз кылууну талап кылды.

Тургундар алардын жер үлүштөрү, медициналык, социалдык тейлөө алуу, паспорт алуудаукуктары бузулганын айтып даттанышты.  

69 жаштагы аял Акыйкатчыга анын укугун коргоп берүү өтүнүчү менен кайрылды, анткени анын көп кыйынчылыктар менен салган үйүн соттун чечими менен бузуп салышып, болгону бир бөлмөсүн гана калтырышкан.

“Мен 10 жыл мурда Ош шаарынан участок алып, ал жерге үй салгам. Менин бул участокко “кызыл китебим” бар болчу, андан кийин сотко чакырышып аталган участокко башка адам ээ экенин айтышты. Самарбек аттуу киши аларга ушул участокту сатып жиберген экен. Биз соттоштук, сот бизге каршы чечим чыгарды. Самарбектин аракетинен жабыркаган он киши бар экен, баарыбыз адилетикке жетпей жатабыз, анткени ал күч органдарында иштейт”,-деп арызданды аял.

Ошондой эле Акыйкатчыга КРнын жарандыгы берилбей жаткандыктан улам социалдык тейлөө албай жатышкан этникалык кыргыздар кайрылышты.

Майлуу-Суунун тургуну Акыйкатчыга төмөнкү жагдайды айтып көмөк сурады. Анын баласын улуураак балдар уруп салышкан, ал эми дарыгерлер зарыл болгон жардамды беришкен эмес. Баланы Ошко башка дарыгерлерге алып барышкан. Ошого карабай керектүү жардам ала алышкан эмес.

“Менин баламдын укугун коргоп берүүнү өтүнөм”,-деди аял.

Акыйкатчы баланын медициналык тейлөө алууга карата укуктарын сактоону камсыздоону талап кылды.

Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Рустам Орозбеков балага зарыл болгон жардам берилерин айтып жооп кылды.

Мындан тышкары дагы бир аял баласынын укуктарын коргоп берүүнү өтүнүп Акыйкатчыдан жардам сурады.

Анын айтымында, жарандык жолдошу баланын атасы экенин мойнуна албай жана алимент төлөөдөн баш тартып жатат.

“Ал балага көмөк бербейт жана “менин балам эмес” деп жатат. Ал эми ДНК текшертүүгө менин акчам жок”,-деп ыйлады аял.

Акыйкатчы баланын укуктарын сактоону мамлекеттик органдарга тапшырды.

Мындан тышкары Акыйкатчыга кургак учук ооруканасынын бухгалтери кайрылды. Ал соттун чечими менен  келсе да, жумушка киргизбей жатышканын айтты.

“2018-жылы декретке чыккам, декреттик өргүүдөн кийин жумушума кайтып келейин дедим. Бирок директор ар кандай шылтоолорду айтып жатат. Андан кийин ал мага карата арыз жазды. Мен сот аркылуу укугумду коргодум. Бирок директор соттун чечиминда аткарбай жатат”,-деп нааразы болду аял.

Акыйкатчы жарандардын укуктарын коргоону камсыздоо боюнча баардык чаралар кабыл алынаарын белгилеп өттү.

 

 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Министрлер кабинетинин башчысын, Жогорку сотту, Башкы прокурорду мурдагы күйөөсү мыкаачылык менен бетин кескилеген аялдын укуктарын сактоону камсыз кылууга жоопкер болгон кызмат адамдарына чара колдонууга чакырат.

Сокулук районунун  Селекция айылында болгон үрөй учурган кылмыш - аялдын укугунун өтө оор, болуп көрбөгөндөй бузулган жагдайы болуп саналат.

“Аял бир нече ирет укук коргоо органдарына кайрылып жана мурдагы жолдошу зордуктаганы жөнүндө маалымдаган, ал көмөк, коргоо сураган, бирок ошого карабай өтө оор кылмышка айыпталуучуну үч жылдык мөөнөткө пробация колдонуу менен эркиндикке чыгарып жиберишкен. Сот органдарынын, укук коргоо органдарынын жетекчилиги төбө чачты тик тургузган оор кылмышка жол берген кызмат адамдарына карата катаал чараларды токтоосуз кабыл алууга милдеттүү. Аталган органдардын өздөрүнүн аракетсиздиги, кайдигерлиги менен үрөй учурган кылмышка жол берген ар бир кызматкери жаза алышы керек”,-деп белгиледи Акыйкатчы.

24-сентябрда  Джамиля Джаманбаева ооруканага барып, жабырлануучунун абалы менен таанышты.

“Балдарынын энесине мындай мыкаачылык менен кылмыш жасаганы үчүн ал эң оор жаза алыш керек”,-деди Акыйкатчы.

Акыйкатчы палатада жабырлануучунун бир тууганы менен сүйлөштү.

Аял жашы жете элек балдарынын жан дүйнөсүнүн абалына кабатыр болуп жатат - кичүү уулу бул кылмыштын күбөсү болгон. Аларга тез арада психологиялык көмөк зарыл.

Аялдын бир тууганы Акыйкатчыга башка жагдайлар тууралуу дагы айтып берди. Мурдагы жолдошу аялдын кулагын жана мурдун кескенден кийин, бетин да бир нече ирет кескилеген.

Жабырлануучу ооруканада психологиялык көмөк алууда.

“Акыйкатчы институту жабырлануучуга жана анын балдарына зарыл болгон жардамды көрсөтөт”,- деп билдирди Акыйкатчы.

 

 

 

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту мамлекеттик жарандык кызматтын башкы жана улук административдик кызматтарынын кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Конкурсту өткөрүүнүн мезгили: 2023-жылдын 22-сентябрынан 2-октябрына чейин.

Конкурстка катышуу үчүн документтерди төмөнкү дарек боюнча алып келүү керек: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү, 120, каб. № 207, тел.: (0312) 66-32-97.

Конкурсттун шарттары

 

 

Ибраим Нуракун уулу КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Джамиля Джаманбаеванын кеңешчиси болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка 18-сентябрда кол коюлган.

Белгилей кетсек, Ибраим Нуракун улуу  буга чейин Жогорку Соттун башчысынын кеңешчиси кызматында иштеген, көп жылдар бою Жогорку Кеңештин басма сөз кызматын жетектеп келген. Улуу Британиянын BBC телерадиоберүү корпорациясынын продюсери, атайын кабарчысы жана журналистти болуп иштеген. Ошондой эле Ибраим Нуракун уулу “Борбор Азиядагы Медиафонд” коомдук фондунун негиздөөчүсү болуп саналат, депутаттар жана мамлекеттик органдар үчүн ЖМК жана коомчулук менен байланышуу жана коммуникация боюнча тренингдерди өткөрүп келет.

“Ибраим Нуракун уулунун Жогорку Кеңеште иштеген зор тажрыйбасы, ошондой эле өлкөдөгү жагдайларга карата объективдүү көз карашы адам укуктарын коргоого багытталган Акыйкатчы институтунун өнүгүүсүнө көмөк берет”,-деп белгиледи Акыйкатчы.

 

Акыйкатчы институту Билим берүү жана илим министрлигин балдардын билим алууга карата укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Ош шаарынын тургуну Г. И. Акыйкатчы институтуна анын балдарынын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган.

Окуу жылы башталгандан кийин ал балдарын жалпы билим берүү мектептеринин биринен алып, жеке менчик мектепке киргизүүгө мажбур болгон, анткени мектепке өткөн жылы анын 1-класска кирген уулун кемсинткен мугалим кайтып келген.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын сентябрь айында Ош шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринин биринде У. И. аттуу мугалим биринчи класстын окуучусун- Г.И.нин уулун “мал” жана “акмак” деп тилдеп, баланы бетке чапкан. Ошондой эле ал  класстагы балдарды “жөндөмсүздөр, акылсыз бомждор” деп урушкан. Мунун баары Г. И.нин уулунун смарт-саатына жазылып калган. Үн жазууну уккан ата-энелер мектеп жетекчилигине чара колдонуу талабы менен кайрылышкан. Үн жазуу ошондой эле социалдык тармактарга жарыяланган. Инцидент резонанс жаратып-башка окуучулардын ата-энелери да нааразы болушкан. Бул окуядан кийин мугалим У. И. 2022-жылы 30-сентябрда жеке арызы менен жумуштан бошоого мажбур болгон.

Бирок 2023-жылдын 4-апрелинде ал кайрадан ушул эле мектепке мугалим болуп ишке кирген.

Аталган фактыга Г. И. нааразы болуп, адегенде мектеп жетекчилигине кайрылып, андан кийин алардан аракет болбогондо Акыйкатчы институтуна арыз жазган.

Акыйкатчы институту 2023-жылдын май айынан бери Билим берүү министрлигине бир нече ирет расмий билдирүү жөнөтүп, баланын укуктарын сактоону камсыздоого жана чара колдонууга чакырган.

Бирок август айынын соңуна чейин жооп болгон эмес. 21-августта министрликтен У. И.ни тажрыйбасын эске алып кайрадан мектепке ишке алышканы айтылган жооп келген. Ушул эле катта баланын укуктарын коргоо жана мектеп бул багытта иш алып бара турганы эскертилген эмес. Анан калса министрлик мугалимдин кайтып келүүсүн ата-энелер да колдогонун белгилейт.

Бирок институт Башкы прокуратурага У. И. аттуу мугалимдин аракетине баа берүү чакырыгы менен расмий билдирме жөнөткөн.

Акыйкатчы институтуна келген көзөмөл органы берген расмий катта У. И. мектеп окуучуларын кемсинтүү жана басымырлоо менен Билим берүү жөнүндө мыйзамдын 29-беренесин бузганы айтылат.

Ошондой эле 2023-жылдын 1-августунда аталган мектептин директору Б. Ж.га сөгүш жарыяланганы маалымдалган.

Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова Г. И. балдарын коргоо максатында аларды жеке менчик мектепке берүүгө мажбур болгонун белгиледи.

Бөлүм башчы берген маалыматка таянсак, 16-сентябрда Г. И.ге жеке менчик мектептен телефон чалышып, документтерди алып кетүүнү айтышкан.

Г. И.нин айтымында,  жеке менчик мектептин директору анын балдарын мектепке кабыл алуудан баш тарткан.

“Силерди Ош шаарындагы баардык мектептердин “кара тизмесине” киргизип салышты деп айтып жатышат дейт ал. Ага айтып түшүндүрүүгө аракет кылдык, бирок директор уккан да жок. Мындай учурда эмне кылышыбыз керек? Башталгыч класстардын балдарына билим берилбей калабы?,- деген аргасы кеткен аял ыйлап.

Акыйкатчы институту Министрлер кабинетин балдардын билим алууга карата укугун сактоону камсыздоого жана баланын укуктарын бузууга өтө эле одоно жол берген тараптарга чара колдонууга чакырат.

“Билим берүү министрлигин педагогдун, ошондой эле шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилигинин аракетине баа берүүгө чакырабыз. Кенже класстын балдарына жаман айтып жана тилдеген, аларды кыйкырып урушкан педагогдун мугалим болууга моралдык укугу барбы?,-деп белгиледи Наиля Токтосунова.

Белгилей кетсек, Акыйкатчы институтунун  Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкери Бубусара Анарбек кызы аталган кейсти туруктуу негизде карап жатат.

18-19-сентябрда КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо өткөрүлдү.

Сунушталып жаткан Акыйкатчы жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары   Акыйкатчы институту менен биргеликте иштеп чыккан,  Жогорку Кеңештин алты фракциясынын башчылары тарабынан демилгеленген.

30-июнда долбоорду коомдук талкууга алып чыгышкан.

Акыйкатчы институту сунушталган конституциялык мыйзам долбоору боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа биримдигинин өкүлдөрү менен консультация өткөрүштү, өз кезегинде алар долбоор боюнча жакшы пикирлерин билдиришти.

Мыйзам долбоору боюнча жарандык коомдон жана эл аралык уюмдардан бир катар сунуштар түштү, алар эске алынды.

Аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу Акыйкатчы институтуна Борбор Азияда алгачкылардан болуп «В» макамынан «А» макамына аккредитациядан өтүш үчүн билдирме тапшырууга мүмкүндүк бермекчи. Бул болсо өз кезегинде өлкөнүн имиджине жана мамлекеттин өнүгүшүнө укуктук, экономикалык багытта да, ошондой эле укуктун үстөмдүгүн камсыздоодо да оң таасирин тийгизет.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Джамиля Джаманбаева аталган долбоордо Париж принциптерине толук бойдон шайкеш келүү каралганын белгилеп өттү.

“Сунуш кылынган долбоор Париж принциптерине толук шайкеш келүүнү толугу менен карайт. «А» статусуна жетишүү максатында долбоордо принциптүү механизмдер камтылган жана келечекте Омбудсмен институту Адам укуктары боюнча кеңеште кеңири укуктарга жана катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот. «А» статусу аккредитацияланганда Омбудсмен Кеңештин бардык жыйналыштарында болууга жана катышууга укуктуу, ошондой эле бардык жыйналыштарда оозеки билдирүүлөр менен жеке же видео байланыш боюнча катышууга укуктуу болот. Азыркы учурда «В» статусунда Омбудсмен GANHRI чогулуштарына гана катыша алат, бирок добуш бере албайт жана жетекчи кызматтарды ээлей албайт. Мындан тышкары, «А» статусунда өз өлкөсүндө адам укуктары жагындагы кырдаалга көз салуу жана ал жөнүндө кабарлоо жана мамлекет адам укуктары жагынан өзүнүн өзүнүн милдеттенмелерин аткарышына жардам берүү жана улуттук деңгээлде адам укуктары жагынан эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча консультация берүү мүмкүнчүлүгү болот”,-деп айтты ал.

Долбоор Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) (мындан ары – Омбудсмен), Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларынын (мындан ары – орун басарлар) ишин уюштуруу тартибин, компетенциясынын чөйрөсүн, аларды шайлоо жана кызматтан бошотуу тартибин, Омбудсмендин, орун басарлардын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын (мындан ары – Омбудсмендин Аппараты) ыйгарым укуктарын жана көз карандысыздыгынын кепилдиктерин, укуктук статусун, уюштуруу негиздерин, укуктук коргоо чараларын аныктайт.  

Негиз катары колдонуудагы «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы алынган. Долбоорду жаңы редакцияда иштеп чыгуу зарылчылыгы ошондой эле колдонуудагы «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) ченемдеринде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына болгон карама-каршылыктарга байланыштуу келип чыкты, алар колдонуудагы Мыйзамды 20 жыл аралыгында колдонуу практикасынын натыйжасында табылды.  

Ар жылдагы баяндама жактырылбаганы үчүн Омбудсмендин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу, эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар белгилеп жаткандай, Омбудсмендин саясий күчтөргө тикелей көз карандылыгын түзөт жана ал адамдын конституциялык укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктарын натыйжалуу аткарышына тоскоолдук кылат. Ошентип, Ар жылдагы баяндаманы жактырбоого байланыштуу Омбудсменди кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө жобону алып салуу эми Омбудсмен Институтунун көз карандысыздыгына тикелей таасир этпейт. Мындан тышкары, бул ченемдер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине карама-каршы келет, анткени Омбудсмен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын иши жөнүндө парламентке отчет берет.

Омбудсмендин кызмат ордун саясатташтырууну жана ага ар кандай саясий күчтөрдүн таасирин жокко чыгаруу максатында долбоордо жобо каралат, ага ылайык Омбудсмен жана анын орун басарлары саясий партияларда болууга, саясий максаттарды көздөгөн кандайдыр-бир саясий партияларды же башка коомдук бирикмени колдоп же каршы чыгууга укуксуз.  

Мындан тышкары, долбоордо Омбудсменге Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунуш кылынат.

16-сентябрда КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери толук курамда жалпы республикалык ишембиликке катышты.  

Борбордук аппараттын кызматкерлери, Чүй областындагы  өкүлчүлүк Чүй областынын Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы 4 чакырым аймакты таштандыдан тазалашты.

Тазалоо иштери  жол жээгин бойлото - «12 каминов» эс алуу комплексинен «Жаннат» мейманканасына чейинки аралыкта жүргүзүлдү.

Институттун аймактардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери да ишембиликке чыгышты.
Ысык-Көл областындагы Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Каракол шаарындагы «Жеңиш» паркын тазалашты.

Ош, Нарын, Жалал-Абад, Талас жана Баткен областындагы Акыйкатчынын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери областтык администрациялардын имараттарынын айлана-тегерегин тазалашты.