Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатакка байланыштуу КР Акыйкатчысы Т.Мамытов Акыйкатчынын Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнө жерине барып мониторинг жүргүзүү тапшырмасын берген.

КР Акыйкатчысынын Баткен облусу боюнча өкүлчүлүгү 14-март күнү Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай айылдарында болуп, жергиликтүү эл менен жолугушкан.

Кенен маалымат...

КР Акыйкатчысынын наамына  жаран М.А. кайрылып,  2018-жылдын башында Аламүдүн базарында коопсуздук кызматында иштегенин, анан кезектеги нөөмөттө Таш-Рабат чакан базарындагы постто турган кезде мас абалындагы кесиптеши тарабынан сабалганына даттанган. Натыйжада, арыз ээси баш мээси катуу чайкалган (СМЭ корутундусу бар), бирок бул кылмыш үчүн эч ким жоопкерчиликке тартылган эмес, анткени Свердлов РИИБ тергөөчүсү А.Осмоналиев аракетсиздик кылган жана өз милдеттерине шалаакылык менен мамиле жасаган деп эсептейт, арыз ээси.

Кенен маалымат...

8-март-Эл аралык аялдар күнүнө карата уюштуруучулар тарабынан ар кайсы органдарга жана айрым активисттерге чакыруулар берилгени маалым. Чакыруунун текстинен үзүндү келтирсек: “Сизди анын максаты зомбулук жана гендердик белгиси боюнча кодулоо маселесине постерлер жана транспаранттар аркылуу  коомчулуктун көңүлүн  буруу болгон тынч маршка чакырабыз. Марштын урааны “8/365”. Биз аялдар укуктары үчүн тилектештигибизди жана  жылдын 365 күнүндө күн сайын, 8-марттагыдай  ар түрдүүлүк үчүн күрөш жарыялайбыз” деп жазылган.

Кенен маалымат...

                                                                 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын эркиндиги чектелген жайларда жана эркинен ажыратуучу жайларда укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарынын сакталышы боюнча бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан 2018-жылы Чүй облусунун түзөтүү колонияларында кармалгандардын медициналык кызматтарга жеткиликтүүлүгүнө мониторинг жүргүзүлдү.

           

Кенен маалымат...

Россия Федерациясынын Екатеринбург шаарында  "Монетка" логистикалык борборунда, Кыргызстандык 400 эмгек мигранттары эмгектенишет. Алардын  кайрылуусунун негизинде 7-8-март күндөрү Кыргыз Республикасынын Омбудсменинин (Акыйкатчысынын) Урал федералдык аймагы боюнча коомдук башталыштагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж. Белеков жана  "Кыргызстан Биримдиги" диаспарасынын жетекчисинин орун басары З. Арстанбеков  аталган логистикалык борбордун  жетекчиси К. Лопандин менен жолугушту.  Кайрылуунун себеби, биздин жердештердин  администрацияга, иш ордуна, иштеп жаткан иштери жана эмгек акылары боюнча түзүлгөн кырдаалга нааразычылыктарынын негизи болду. Эмгек мигранттарынын талаптары эмгек маянасынын өлчөмүн көтөрүү,   эмгек мамилелерин жөнгө салуу болду. 

Кенен маалымат...

Нарын шаарындагы Т.Усубалиев атындагы борбордук аянтта   2019-жылдын 11-мартында 4 адам ачкачылык акциясын башташкан. Алар Нарын шаарындагы борбордук базар көчөсүндөгү жайгашкан айрым соода күркөлөрүн алып салуу боюнча жергиликтүү бийликтин аракетинен кийин башталган. Акциянын катышуучулары күркөлөрдү коюуга жана соода кылууга тийиштүү уруксат кагаздары бар экенин маалымдашкан.

Кенен маалымат...

 

Rыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Германиянын федералдык тышкы иштер министринин Чыгыш Европа боюнча Кавказ жана Борбордук Азиядагы директору  Михаел Зиберт жана ФРГнын Кыргызстандагы Элчисинин орун басары Ирья Берг менен жолугушту. 

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кочкор районундагы «Ырыс шаар» балдар бакчасына мониторинг жүргүзүштү. Бул иш чара “КР Өкмөтү менен КР ИИМ тарабынан калкка жеринде укуктук консультацияларды бере турган көчмө пункттарды  уюштуруу жана өткөрүү” долбоорунун алкагында уюштурулду. Долбоор ЕККУнун каржылоосунда ишке ашып жатат. Мониторингдик биргелешкен иш чара Кочкор районунун дагы беш айылында жүргүзүлгөн.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Т.Мамытов Эфиопиядагы авиакырсыктан каза болгондордун жакындарына, анын ичинде БУУнун 19 кызматкеринин үй-бүлөсүнө жана жакындарына көңүл айтты. Ал көңүл айтуу катын БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелого жолдоду.

 

7-март күнү КР Акыйкатчысы Т.Мамытов эмгек ардагери, мурдагы орус тили жана адабияты мугалими Сабира Бейшеева менен жолукту. Сабира эже көп жылдар бою республиканын бир катар мектептеринде жана кесиптик-техникалык окуу жайларында жаш муундаргабилим к берип келген. Бир нече күн мурда ал Акыйкатчынын наамына кайрылуу жолдоп, мамлекеттик деңгээлде “Окуучу күнүн” белгилеп, жыл сайын мектепте өткөрүү керек деген сунушун жолдогон эле.

Кенен маалымат...

2019-жылдын 5-мартында, КР Акыйкатчы аппаратынын укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген адамдардын укуктарынын сакталышы боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери ЕККУнун Бишкектеги Программалык офисинин Адамдык чен-өлчөм маселелери боюнча консультативдик механизмдин 2019-ж.3-жолугушуусуна катышышты. 

Кенен маалымат...

№№

Бөлүмдүн аталышы

Сынак өтүп жаткан кызмат

Эссенин темасы – кыргыз тилинде

Эссенин темасы – орус тилинде

1

Персоналды башкаруу жана уюштуруу бөлүмү

 

Бөлүм башчы

  1. Укук коргоо институтунун кадрдык стратегиясы.
  2. Персоналды башкаруунун ролу жана мааниси.
  3. Персоналдарга дем берүү, кызыктыруу усулдары.

 

 

 

  1. Кадровая стратегия правозащитного института.
  2. Роль и значение управления персоналом.
  3. Методы мотивации и стимулирования персонала

    Кенен маалымат...

    Фамилия, аты жөнү

    Кызмат орду

    Дайындалды

    1

    Аралбаев   Урмат Сагыналиевич

    Эксперттик-укуктук иштер бөлүмүнүн башчысы 

    01.03.2019-ж.

    2

    Сабирова Барнахан Азатовна

    Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Басма сөз катчысы

    01.03.2019-ж.

    3

    Щудро Дмитрий Геннадьевич

    Басма сөз кызматынын башкы адиси

    01.03.2019-ж.

    Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратында өткөрүлгөн ички сынактын натыйжасында жогорудагы кызмат орундарына дайындоолор болду. Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлерикомпьютердик тестирлөөдөн жогорку баллга ээ болушуп, сынактын экинчи турунан жана аңгемелешүүдөн ийгиликтүү өтүшкөн. Конкурстук комиссиянын сунушу боюнча КР Акыйкатчысы Токон Мамытов тиешелүү буйрукка кол койду. Сынактан өткөн кесиптештерибиздин иштерине ийгиликтерди каалайбыз.

     

    Бүгүн, 25-декабрда Жогорку Кеңештин Аппаратынын бир катар кызматкерлерине өз ара кызматташуу иштерине жигердүү катышкандыгы үчүн Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын (КМШ ПАА) жана Жамааттык коопсуздук боюнча келишим уюмунун Парламенттик ассамблеясынын (ЖККУ ПА) Ыраазычылыгы жарыяланды. 

    КМШ ПААнын Ыраазычылыгы жарыяланган кызматкерлер: 

    – Акматова Айжан Асанбаевна – Жогорку Кеңештин Юридика бөлүмүнүн башчысы;

    – Нуракун уулу Ибрагим – Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын жетекчиси;

    – Кумаш уулу Кылычбек – Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчиси;

    – Сабырбеков Алмазбек Амангелдиевич – Жогорку Кеңештин Төрагасынын кеңешчиси;

    – Бердимуратов Чынгызбек Муртазакулович – Жогорку Кеңештин Юридика бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

    – Жусубалиев Эргеш Апазович – Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын Басма сөз кызматынын сектор башчысы;

    – Арыкбаева Аида Кенжалиевна – Жогорку Кеңештин Эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн эксперти;

    – Кутболдиева Анара Абдулхакимовна – Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысынын орун басары;

    – Расулжанов Жанат Расулжанович – Жогорку Кеңештин Эл аралык байланыш жана протокол бөлүмүнүн эксперти;

    – Бабаев Темирлан Кушбекович – Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын Басма сөз кызматынын улук консультанты;

    – Оморов Ашыркул Орозбаевич – Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынын Басма сөз кызматынын улук консультанты;

    ЖККУ ПАнын Ыраазычылыгы жарыяланган кызматкерлер:

    – Молдошев Эрнест Замирович – Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүмүнүн башчысы;

    – Исакова Элеонора Исмаиловна – Жогорку Кеңештин Мамлекеттик кызмат жана кадрдык иштер бөлүмүнүн башчысы;

    – Матазимов Маратбек Матазимович – Жогорку Кеңештин иш башкаруучусу;

    – Абдуразаков Болушбек Абдураимович – Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын Социалдык-протоколдук камсыздоо бөлүмүнүн башчысы;

    – Кускакбаев Бактияр Кабылович – Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти;

    – Мураталиев Кубанычбек Баймбетович – Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти;

    – Токторбаев Нургелди Кубанычбекович – Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти;

    – Тургунбаев Тимур Кабылжанович – Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүмүнүн эксперти.

    Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы