Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Урматтуу Сооронбай Шарипович!

Урматтуу бүгүнкү эл аралык конференциянын катышуучулары!

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсменинин) Аппараты 2018- жылдын 4 декабрында саат 10.00 И. Арабаев атындагы КМУнин (2-й корпус) жыйындар залында 10-декабрь «Эл аралык адам укугун коргоо» күнүнө карата жана Бириккен Улуттар Уюмунун башкы Ассамблеясы тарабынан Адам укутарынын жалпы декларациясынын кабыл алынгандыгынын 70 жылдыгына карата «Менин укугум бар!» аттуу аталышта студенттер арасында конкурс өткөрөт.  

Кенен маалымат...

Жабык мекемедеги ар бир адам өзүнүн үнүн жеткирүүгө мүмкүнчүлүгү жана укугу бар. Эгер ал болгону өспүрүм бала болсо, ал абактын бийик каардуу дубалдарынан кантип үнүн жеткире алат?

Кенен маалымат...

Буга чейин интернет сайттарга «Ошто 4 класста окуган кызын атасы зордуктагандыгы тууралуу» тараган маалыматка карата, Акыйкатчы Токон Мамытов Ош облусунун өкүлчүлүгүнө тийиштүү тапшырмаларды берген.

Кенен маалымат...

23-октябрда Кадамжай районунун Майдан айыл округуна караштуу Майдан айылындагы «Шамбесай» кенин иштетүүгө каршы нааразычылык акциясы болгон. Анда катышкан аялдарды милиция кызматкерлери сүйрөп бараткан сүрөт социалдык түйүндөрдө талкуу жараткан эле.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Токон Мамытов Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова, “Баланын укуктарынын коргоочулар лигасынын” жетекчиси Назгул Турдубекова, Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Чечейбаев Эркин менен бирге Вознсеновка айылында жайгашкан Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын №14 мекемесиндеги тергөө изоляторунда жаткан жана соттолгон жашы жете элек балдардын ошондой эле тергөө абагында жаткан аялдардын ал-абалы, жашоо-шарттары менен жакындан таанышып кайтышты.

Кенен маалымат...

9-октябрда Акыйкатчы Токон Мамытов “Таза Токмок” коомдук бирикмесинин жетекчиси Сулайманова Алтынбүбүнү кабыл алды.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына Нарын районунан ардагер чек-арачылары өз мүдөөсү менен келишти.

Кенен маалымат...

Бүгүн 3-октябрда Акыйкатчы Токон Мамытов Өзгөн районунун Куршаб айылынын келген жашоочуларын кабыл алды.

Кабыл алууга келген жарандар (жалпысынан 45 адам) “Аман Банктын” филиал бөлүмүнө 2011-жылдан 2018-жылдын сентябрь айына чейин аманаттыкка акча салып, бирок банктан өздөрүнө алуу убактысы келгенде ала албай калышкан.

Кенен маалымат...

Акыйкатчынын бүгүнкү, 2-октябрдагы жолугушуу ”Саясий туткундарды коргоо” комитетинин өкүлү Зульфия Марат менен уланды.

Кенен маалымат...

 Бүгүн, 2-октябрь күнү Кыргыз Республикасынан Акыйкатчысы Токон Мамытов Адам укуктары боюнча Дания институтунун (ДИПЧ) өкүлү Болот Исаков менен жолукту.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 1-октябрда Акыйкатчы алгачкы ирет жарандарды кабыл алды.

Акыйкатчынын жеке кабыл алуусунда 10дон ашык адам болуп, ар бири өз укуктарын коргоп берүүнү суранышты. Алыскы Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облусттарынан жана жакынкы Сокулук, Аламүдүн, Кемин райондорунан келген жарандардын көпчүлүгү соттук чечимдерге нааразычылыгын айтышып, ал чечимдерине каршы экендигин билдиришти. Турак-жай талаш, жер-талаш маселесинен тышкары социалдык көйгөйлөр менен келгендер да арбын болду.

Кенен маалымат...

Коомчулукка белгилүү болгондой, Баткен районунун Сайтраим Абдилатов аттуу тургуну уулу күнөөсүз жерден кылмышка шектелип жатканын айтып, акыйкат издеп 22-сентябрда Бишкекке жөө жөнөгөн. Бул окуяны Акыйкатчы Токон Мамытов көңүл сыртында калтырбай, ал кишинин ал-абалын, арыз-муңун угуу үчүн жолугушууну болжоп жатканда, Сайтраим аксакалды туугандары жолдон артка кайтарып алып кетишкени белгилүү болду.

Кенен маалымат...

Парламент тарабынан шайланган Кыргызстандын Акыйкатчысы  Токон Мамытов кечээ 27-сентябрда Жогорку Кеңештин депутаттарынын алдында ант берди. Ал Акыйкатчы катары адам укугунун корголушун камсыз кылууга, Конституцияны жана мыйзамдарды сактоого, адилеттүүлүктү жана абийирди туу тутууга сөз берди.

Кенен маалымат...