2018-жылдын 18-сентябрь күнү Акыйкатчы аппаратынын аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак уулу Замирбек Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасынын прокурордун жардамчысы, кичи лейтенант Б.Мойдунов менен биргеликте Бишкек шаарында жайгашкан гауптвахтаны жана Кой-Таш айылында жайгашкан №73809 аскер бөлүгүнө барышып, аскерлердин абалы, жашоо-шарты менен таанышып, алардын укуктарынын, эркиндиктеринин сакталышына көзөмөл жүргүзүп, пландуу мониторинг жүргүзүп келишти.

КР Акыйкатчысынын орунбасары Е. Алимбаев 23-чү жолу болуп жаткан жыл сайын өтүүчү Азия-Тынч океандык форумунун жалпы чогулушунун Улуттук укук коргоочу мекемелердин жана тең укуктуулук суроолору боюнча Эл аралык конференцияга катышууда. Аталган иш- чара Гонконг шаарында өтүүдө.
Кыргыз Республикасынын көз карансыздыгынын күнүнө карата, КРнын Юстиция министрлигинин 2009-жылдын 4-сентябрындагы №187 буйругу менен бекитилген КРнын Юстиция министрлигинин сыйлыктары жөнүндө жобого ылайык, КРнын Юстиция министрлигинин ведомстволук сыйлыктары менен сыйлоо боюнча комиссиянын 2018-жылдын 29-августундагы отурумунун чечиминин негизинде Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин “Юстициянын мыкты кызматкери” медалы менен КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппаратынын укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Колопов Альберт Сексенбаевич сыйланды.

Үстүбүздөгү жылдын 5-сентябрынан 8-сентябрына чейин Акыйкатчы (Омбудсмен) аппаратынын Жарандык-саясий, укуктарды, мигранттардын, чет элдик жарандардын жана аскер кызматчыларынын укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен аппараттын Ош облусундагы өкүлчүлүгү Ош шаарында жайгашкан Куралдуу күчтөрдүн аскер бөлүгүндөгү аскерлердин укуктары менен эркиндиктеринин сакталышын көзөмөлдөө максатында иш-сапарга чыгып келишти.

Үстүбүздөгү жылдын 7-сентябрында Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери «Кыргыз Республикасынын жаңы жазык мыйзамдары соттук-укуктук реформалардын алкагында» темасы боюнча өткөрүлгөн тренингге катышышты. Аталган иш-чарага КР Юстиция министрлигинин кызматкерлери жана бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү да болушту.

2018-жылдын 27-август күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигине караштуу, милициянын генерал-майору Ж.Ш.Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунун курсанттарына Акыйкатчы Аппаратынын жарандык-саясий укуктарды, мигранттардын, чет элдик жарандардын жана аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Өмүрзак уулу Замирбек Кыргыз Республикасында адам жарандардын укуктарын, эркиндиктеринин сакталышынын абалы, адамдын эркиндиги жана укугун сыйлоо аны бузууга жол бербөө, кыйноолорду жана башка катаал, адамкерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин же жазанын түрлөрүн алдын-алуу боюнча лекция окуду. Ошондой эле КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) ишмердүүлүгү жөнүндө кеңири маалымат берилди.

«Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысын (Омбудсменин) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенеши шайлаганына жана Акыйкатчынын (Омбудсмендин) кызмат ордуна талапкерди сунуш кылуу укугуна Парламенттик фракциялар ээ болгонуна байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын эмгек жамаатынын атынан Парламенттик фракциялардын («Кыргыз Социал-демократиялык партиясы», «Республика - Ата Журт», «Ата Мекен», «Кыргызстан», «Бир Бол», «Өнүгүү-Прогресс») лидерлерине карата кайрылып Аралбаев Урмат Сагыналиевичке ишеним көргөзүп аны Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кызмат ордуна талапкер катары алар жетектеген Парламенттик фракциясынын атынан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешине сунуштоону суранды.

2018-жылдын 8-августунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Г.Жамгырчиева Акыйкатчы Аппаратынын балдардын укугун коргоо бөлүмү менен бирдикте Бириккен улуттар уюмунун балдарды коргоо ЮНИСЕФ уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү менен жолугушуу өткөрдү.

2018-жылдын 13-июлунда Молдовановка айылында жайгашкан Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №2 аскер бөлүмүндө аскердик милдет өтөп жаткан М.А. «өзүн өзү атып алды» делген факты боюнча Акыйкатчы аппаратынын «Жарандык саясий укуктарды, мигранттардын, чет-элдик жарандардын, жарандыгы жоктордун жана аскер кызматкерлеринин укуктарын коргоо» бөлүмүнүн кызматкерлери аскердин акыбалын билүү үчүн ал дарыланып жаткан Чүй облусттук ооруканага барышты.

Бүгүн 16-июлда Акыйкатчы институту Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) өнүгүү программасынын өкүлү менен жолугушту. Жолугушууда Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) өнүгүү программасынын алкагындагы “Зордук-зомбулук менен коштолгон экстремизмди алдын алуу үчүн инклюзивдик башкаруу жана сот адилеттигинин системасы” долбоорунун макулдашуусу талкууланды.
Үстүбүздөгү жылдын 6-июлунда Акыйкатчы Институту «Лигал просперити» эл аралык уюму менен биргеликте Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктарын сактоо иштери боюнча комиссиянын ишине жүргүзгөн мониторингдин жыйынтыктарын талкуулоо болуп өттү. Талкулоого тийиштүү мамлекеттик органдардын мүчөлөрү дагы катышышты.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) милдетин аткаруучу, Акыйкатчы аппаратынын жетекчиси жана тармактык бөлүмдөрдүн башчылары Адам укуктары боюнча Дания институтунун (ДИПЧ) өкүлдөрү менен болгон координациялык жолугушууга катышышты.

Акыйкатчы аппараты Нарын облустук ички иштер башкармалыгына жиберген кайрылуунун негизинде аталган башкармалык Ат-Башы РИИБнин Тергөө кызматынын тергөөчүсү Н. Туратбековго карата “Сөгүш” тартиптик жазасын жарыялады.

Урматтуу мекендештер!
2018-жылдын 27-июнунан тартып Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы катары ыйгарым укуктарымды токтотууну чечтим. Ар бир адамдын, анын ичинде, мамлекеттик кызматкердин турмушунда анын билими менен ишбилгилиги башка жаатта, башка жерлерге керек болгон учур келет, ал чөйрөлөрдө адам мамлекетке жана коомго көбүрөөк салымын кошушу ыктымал. Мындай учур мага да келди. Бул алдын ала жакшылап ойлонулган чечим, ал өз ыктыярым менен кабыл алынды.