Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Саламатсыздарбы!

Урматтуу депутаттар,

Урматтуу өкмөт мүчөлөрү!

Сиздердин назарыңыздарга Кыргыз Республикасындагы адамдын жана жарандардын укуктары жана эркиндигинин абалы боюнча 2016-жылдагы баяндаманы сунуштоого уруксат этиңиздер.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 2018-жылдын 21-июнунда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев, Жогорку Кеңештин депутаттары К. Бокоев, Р. Казакбаев, Р. Чойбеков, У. Санаев, М. Жээнчороев жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулаймановдор УКМКнын абагында жана №1 тергөө изоляторунда жаткан жарандардын суроо-талаптарын угуп, абалын жакындан билишти.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 2018-жылдын 19-июнда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинде Акыйкатчы Кубат Оторбаев “2016-жылдын Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын  укуктары менен эркиндигинин сакталышы жөнүндө”  баяндама жасады.

Кенен маалымат...

Акыйкатчы аппаратына Ат-Башы районунун жашоочусу Н.Ж. арыз келип түшкөн. Арызда анын иши боюнча күбөлөр турса да Ат-Башы райондук ИИБ тргөөчүсү, милициянын старшинасы Н. Туратбеков бир беткей карап, айткан далилдерди укпай “жакында соттолосуң!”-деп коркутууга алып жатканы айтылып, чара көрүүнү суранган.

Кенен маалымат...

Акыйкатчы институту үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына Чүй облусунун тургуну Г.Ж. баласы Ж.Д.нын өлүмү тууралуу жана тергөөчүлөрдүн мыйзамсыз иш аракеттери боюнча арызын кароого жөнөткөн.

Кенен маалымат...

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин тапшырмасы менен Акыйкатчы аппаратынын Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Жалал-Абад облусунда жайгашкан №10 түзөтүү мекемесине мониторинг жүргүзүштү.

Кенен маалымат...

Чүй облусуна караштуу Молдовановка айылындагы №27 түзөтүү колониясында 5-июнь күнү 10 адам ачкачылык жарыялап, бүгүнкү күндө алардын саны 60га жетти.

Кенен маалымат...

2017-жылдын 16-январында Чүй облусунун Дача-Суу айылындагы жүк ташуучу учактын кулашынын кесепетинен ата-энесинен жана эки кичинекей карындашынан ажырап, үй-бүлөдө жалгыз Шералиев Жакшылык аман калган.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгү Жалал-Абад областында 2017-жылдагы энелердин төрөттөгү өлүмү боюнча иликтөө жүргүздү. Иликтөөнүн максаты- аялдардын ден-соолугун сактоого укуктарынын сактоо, энелердин өлүмүнүн себептерин жоюу боюнча иш-чараларга сунуштарды берүү, төрөттөн өлүмдөрдү алдын алууга салым кошуу.

Кенен маалымат...

Массалык маалымат каражаттарында Чүй облусунун Сокулук районунда аялын жана анын  балдарын сабаган өгөй ата боюнча маалымат чыгар замат  Акыйкатчынын тапшырмасы менен Чүй облусунун өкүлү Теңизбаева Э.Б. Сокулуктун аймактык ооруканасына барып бейтаптар менен жолугуп келди.

Кенен маалымат...

Акыйкатчы институту 2018-жылдын 30-майында Чүй облусунун Москва районунун Петровка жана Беловодск айылдарында Петровка гимназия комплексинин 11-классынын окуучусу А. Ахмедованын өз үйүндө суицидге баргандыгы боюнча сурамжылоо иштерин жүргүздү.

Кенен маалымат...

Тагдырдын сыноосуна кабылып, мээримге татыксыз деп эсептелген балдар тескерисинче адамдардын мээримине, сүйүүсүнө, жумшак мамилесине муктаж.

Кенен маалымат...

Акыйкатчы Институту үчүн балдардын укуктарын коргоо приоритеттүү багыттардын бири болуп саналат.

Кенен маалымат...

Акыйкатчы институту акыркы жылдарда жасалып жаткан аракеттерге карабастан, кыз ала качууга байланыштуу учурлар дагы деле бар экендигин өкүнүү менен белгилейт.

Кенен маалымат...