Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Кыргыз Республикасынын Омбудсмен аппаратынын Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери Беловодск айылында жайгашкан № 16 түзөтүү колониясындагы оозун зым менен тиккен соттолгондорго барып жолугуп келишти.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Кыргыз Республикасынын Президенти С.Жээнбековго, Жогорку соттун төрайымы А.Токбаевага жана Башкы прокурор Ө.Жамшитовго экс-депутат Карганбек Самаковдун иши боюнча кайрылды.

Төмөндө ал тексттин толук варианты жарыяланды.

Кенен маалымат...

КР Акыйкатчы институтунун Укук коргоо органдары тарабынан жана эркиндикти чектеген жайлардагы адамдардын укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн иш планынын алкагында 2018-жылы Ош шаарындагы ТИЗО-25 жана Жалал-Абад шаарындагы ТИЗО-53кө экинчи ирет барышты.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 28-майда Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн алдындагы Ювеналдык юстиция боюнча мекемелер аралык координациялык кеңештин  мүчөлөрүнүн отуруму өттү. Отурумда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев “Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктары” боюнча баяндама жасады.  

Кенен маалымат...

 Ички иштер органдарынын бөлунүштөрүнун телефондору

Бишкек ш. ШИИБи (0312)-43-71-75

Чүй облусунун ИИБи (0312)-43-88-85

Ош облусунун ИИБи (03222)-5-59-10

Кенен маалымат...

Кыргызстанга жасаган иш-сапарынын алкагында Бириккен улуттар уюмунун Башкы катчысынын адам укуктары боюнча жардамчысы Эндрю Гилмор менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Кубат Оторбаев менен, жана ошондой эле, Акыйкатчы институтунун кызматкерлери менен жолугушту.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын борбордук аппаратынын кызматкерлери жана  аймактагы өкүлчүлүктөр Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Билимди баалоо жана окутуу усулдарынын борбору (ЦООМО) менен бирдикте жалпы тестирлөөнүн жүрүшүнө мониторинг кылышты.

Кенен маалымат...

2016-жылы Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин атына И.Г. аттуу жарандан арыз келип түшкөн. Арызда И.Г. небереси “Жи-Тревел” фирмасы аркылуу Дубайга иштегени кеткен. Жыйынтыгында небереси оор, адекватсыз абалда психиатриялык ооруканага жатып калган. Дубайге кеткичекти небереси психикалык да физикалык да жактан саламаттыгы сак болчу.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын ишмердүүлүгү студенттер үчүн кызык. Бүгүн Токмок шаарындагы Борбор Азиядагы эл аралык университетинин юридикалык бөлүмүнүн 1-курсунун студенттери педогог Н. Салпиеванын жетекчилиги менен борборго келишип, Акыйкатчы аппаратынын ишмердүүлүгү менен ичинен таанышты.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад областы боюнча өкүлчүлүгү 2018-жылдын 4-майында Жалал-Абад шаарындагы психоневрологиялык балдар үйүндө болушуп, балдар үйүндөгү тарбияланган (бейтап) балдардга түзүлгөн шарттарга маниторинг жүргүзүлдү. Ошону менен бирге өкүлчүлүк мекеменин директору Д.Алимжанова башында турган кызматкерлер тарабынан укуктук маселелер боюнча берилген суроолоруна кеңештерди берди.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына Ош областынын Кара-Суу районунун тургундары Р.А жана анын келини Э.М арыз менен кайрылышкан. Арызда Р.Анын уулу У.З Россия федерациясынын Санкт-Петербург шаарында “Нева-Мастер” курулуш ишканасында иштеп жатып 2015-жылы каза тапкандыгы тууралуу болгон. Бул кырсыкка 3 кыргыз жигит учурап үчөө тең жеринде каза тапкан, алардын бири орус жараны болгон.

Кенен маалымат...

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Конституциянын кабыл алынганынын 25 жылдыгына жана Адам укуктары боюнча жалпы декларациянын кабыл алынганынын 70 жылдыгына карата Омурбек Текебаевге ырайым кылууну суранып, кайрылды.

Кенен маалымат...

26чы жана 27чи апрелде, Астанада, кыйноолор менен күрөшүүгө арналган (УАМ) «Улуттук укук коргоо мекемелеринин бирдиктүү аракеттенүүсү менен кыйноолорду алдын алуу жана УАМ» деген аталыштагы форум болуп өтүүдө. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Казакстан Республикасынын адам укуктары боюнча Ыйгарым өкүлү А.Шакировдун чакыруусу менен аталган Форумдун ишине катышат.

Кенен маалымат...

Бүгүн,  24-апрелде Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү Кубат Оторбаевге 2018-жылдын 1-кварталындагы аткарылган иштери тууралуу отчетун беришти. 

Кенен маалымат...