Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2018-жылдын 18-ноябрындагы №757 токтомуна ылайык бардык мамлекеттик  жана муниципалдык кызматкерлер сөзсүз түрдө  массалык тестирлөө сынагынан өтүшү зарыл.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы “Берекет” соода борборунда өрттөн жабыркаган сатуучуларды кабыл алды.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 23-апрелде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун тургундары менен жолукту. Тогуз-Торо тургундары Кубат Оторбаевден  Биринчи Май райондук сотунун чечими менен №1 тергөө абагына киргизилген 12 кишини (анын ичинде  2 мектеп окуучусу бар) камактан бошотууга көмөк көрсөтүүнү өтүнүштү. Мындан сырткары Тогуз-Торо тургундары окуянын чыныгы күнөөкөрлөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылышты. 

Кенен маалымат...

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери электрондук маалымат базасында иштөө боюнча атайын окуудан  жана адам укуктары боюнча окутуу курсунан өтүштү.

Кенен маалымат...

17-апрелде Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук сотунда Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районундагы башаламандыкты уюштурууга жана катышууга, кытайлык «Джи Эл Макмал Девелопинг» ишканасын өрттөөгө шектелип кармалган 15 жаранга байланыштуу сот болду.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 13-апрелде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын кызматкерлери Ош базарда жакта жайгашып, өрт чалган “Берекет” майда чекене соода борборунда болушту.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Бактыгүл Казакбаеванын үй-бүлөсүнө барып жолугушту. Ал Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылында жашайт жана 7 баланы тарбиялап келет. Аталган үй-бүлөнүн жашоосу кыйын абалда.

Кенен маалымат...

2018 жылдын 7 апрель күнү Өзбекстан Республикасынын чек ара кызматкери тарабынан аткан октон Кыргыз Республикксынын жараны Фархад Мырзакалыков окуя болгон жерде каза тапкан.

Кенен маалымат...

Бүгүн 2018-жылдын 6-апрелинде “Дамас” отелинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) тарабынан даярдалган «Эмгек мигранттарынын укуктары» аттуу атайын баяндаманын долбоорун талкуулоо үчүн тегерек стол өтүп жатат.

Кенен маалымат...

Бүгүн (2018 ж. 6-апрель) “Дамас” отелинде Кыргыз Республикасынын Акйыкатчысы тарабынан даярдалган «Республикалык балдар психиатриялык ооруканадагы балдардын укугу» аттуу атайын баяндаманын долбоорун талкуулаган тегерек стол өтүүдө. 

Кенен маалымат...

Адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышына болгон Акыйкатчынын көзөмөлүнүн бир максаты калктын укуктук жактан маалымдар болушуна көмөк көрсөтүү болуп саналат. Бул байланыштуу, Кыргызстандын Акыйкатчы институту адам укуктары боюнча Аралыктан окутуу жана тестирлөө системасын иштеп чыккан (мындан ары – системасы).

Кенен маалымат...

Акыйкатчы Кубат Оторбаевдин атына Юсупов Альварс Кубатович аттуу соттолуучу прокурорлор соттук териштирүүгө жабырлануучу менен күбөлөрдүн катышуусун камсыз кылбай жатканына даттанып кайрылган. Буга байланыштуу Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда кылмыш иши 3 жылдан ашык убакыттан бери каралып келет.

Кенен маалымат...

2 апрелде Ленин райондук соту «Биз дем ала албай жатабыз» тынч флешмоб-акциясын өткөрүүгө тыюу салган чечимин чыгарды. Бул чечимге акциянын уюштуруучулары даттангандан соң, шаардык сот дагы райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Учурда акциянын уюштуруучуларынын юристтери аталган чечим боюнча КР Жогорку сотуна даттанууга даярданып жатышат.

Кенен маалымат...

Акыйкатчыга башка мамлекеттик органдардын компетенциясына кирбеген бузулган укуктарды калыбына келтирүү жана коргоо боюнча суроолор менен кайрылышат. Эл аралык тажрыйбада омбудсмендердин ишмердиги адам укуктарын коргоонун улуттук механизмдеринин натыйжалуулугун жакшыртууга багытталган, ошондой эле, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иш-аракеттерине мониторинг жүргүзүп, ченемдик укуктук актылардагы функционалдык жетишпестиктерди аныктоону камтыйт. 

Кенен маалымат...