Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Бүгүн, 29-мартта, «Парк отель» мейманканасында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) «Ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын укуктарын сактоо» жана «Мыйзам менен чатагы бар балдардын укуктарын сактоо» темалары боюнча атайын докладдарынын долбоорлорунун тегерегиндеги талкуу үчүн уюштурулган тегерек стол болуп өттү.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 2018 жылдын 23 мартында, Бишкек шаарында “Парк отель” отелинде КРнын Акыйкатчысынын “Кыргыз Республикасындагы улгайган адамдарга карата адаттар жана  басмырлоолор” темасындагы атайын даярдаган докладын талкуулоо  үчүн тегерек стол болуп өттү.

Кенен маалымат...

19-мартта Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Кубатбек Оторбаев Россия Федерациясынын адам укуктары боюнча Ыйгарым укуктуу өкүл Татьяна Москальковага Рязан облусундагы кыргыз жарандарынын укуктарынын бузулушуна байланыштуу кырдаалды көзөмөлгө алуу өтүнүчү менен кат жөнөттү.

Кенен маалымат...

Кыргыз Республикасынын Омбудсмени Кубат Оторбаев Россия Федерациясынын адам укуктары боюнча атайын өкүлү Т. Москальковага Рязань шаарында жайгашкан «Февраль» ОсООсунун (жоопкерчилиги чектелген коомунун) жетекчилери тарабынан эмгек мигранттарынын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын одоно бузулууларына байланышкан фактыларды көзөмөлгө алуусун өтүнүп кайрылуу жөнөттү.

Кенен маалымат...

Үстүбүздөгү жылдын март айынын башында Баткен областынын Кадамжай районунун Карадөбө айылындагы “Имам-Аьзам” медресинде окуп жаткан балдар мугалимдери тарабынан сабалышы боюнча маалыматтар ММК жарыяланган. Бул окуяны Акыйкатчы Кубат Оторбаев өз көзөмөлүнө алган.

Кенен маалымат...

Бишкекте 2 класста окуган кыз унаа токтотуучу жайда иштеп жатканы белгилүү болор замат, Акыйкатчы институту Свердлов райондук социалдык өнүгүү башкармалыгына тийиштүү сурам кат жөнөткөн.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 13 мартта 2018 ж., Акыйкатчы аппараты 3 балдар ооруканасына катуу сабалып түшкөн 9 жашар кызга барып жолугуп келди.

Кенен маалымат...

7 мартта Акыйкатчы Кубат Оторбаев жана Акыйкатчы аппаратынын мырзалары кесиптеш айымдарды 8 март Эл аралык аялдар майрамы менен куттукташты.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 6 мартта Казакстандагы адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Аскар Шакиров соттун чечими менен камакка алынган Кыргызстандын жарандары Д. Асылбек уулу, Ч Абакиров жана А. Мурадиловдун ал-абалын, шарттарын жана алардын укугун сактоо жөнүндөгү маалыматты билүү тууралуу кат жолдогон КРнын Акыйкатчысы Кубат Оторбаевге жооп берди.

Кенен маалымат...

Бүгүн, 5 мартта Акыйкатчы Кубат Оторбаев Кыргыз республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасын сот кызматкерлер күнү менен куттуктады.

Кенен маалымат...

Акыйкатчы институтуна Казакстандын Тараз шаарындагы 158,4 мекемесинде 3-топтогу майыптыгы бар Кыргызстандын жараны Э. Тентимишев ачкачылык жарыялап, оозун тигип алганы боюнча маалымат келип түштү.

Кенен маалымат...

Бүгүн Акыйкатчы институту менен бирдикте адам укуктары боюнча негизги маселелер жана андагы чечимдердин ишке ашуусун талкуулаган аймактык форум болуп өттү.

Кенен маалымат...

Бүгүн Акыйкатчы институтунда Акыйкатчынын 2017 жыл үчүн жылдык доклады талкууга алынды. Талкууга Акыйкатчы Кубат Оторбаев, Акыйкатчынын орун басары Ерлан Алымбаев, Акыйкатчынын орун басары Гүлнара Жамгырчиева, Акыйкатчынын аппарат жетекчиси Мухаббат Карабаева, ошондой эле КР Акыйкатчысынын Аппаратынын бөлүм башчылары катышышат.

Кенен маалымат...

Баткен облусунун Кадамжай районунун Көк-Талаа айылындагы 3 жашар кыз өгөй атасы тарабынан сабалганы тууралуу маалымат чыгар менен 22 февраль күнү Акыйкатчы институтунун Баткендеги өкүлү Кадамжай шаарына барып, Кадамжай райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башчысы Ш.К.Адамова, Кадамжай РИИБнун жаш балдар менен иштөө инспекциясынын башчысы Жалилов, Кадамжай аймактык ооруканасынын сыныктар бөлүмүнүн дарыгери М.Бакиров жана жабырлануучу жашы жете элек өспүрүм Саматова Аяна жана анын апасы Саматова Үмүт менен жолугушуп бул окуя боюнча жеринен маалымат алды.

Кенен маалымат...