Көпчүлүк учурда суицидди мигранттын балдары кылышат, деди Акыйкатчы Кубат Оторбаев 26 февралдагы Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин жыйынында.

20-23-февралда Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) Кубат Оторбаев БУУӨПнын Стамбул кызматынын жетекчиси Шелли Инглис жана Борбордук Азия үчүн БУУнун АУЖКБ аймактык өкүлү Ришард Коменданын жеке чакыруусу боюнча Женева шаарында (Швейцария) иш сапарында болду жана улуттук укук коргоо мекемелеринин Глобалдык альянсынын ар жыл сайын өтүүчү жолугушуусуна катышты (УУКМГА).

2018 жылдын 19 февралында интернет сайттарда Атажанова Гүлжакан аттуу аял беш баласы менен мүрзөнүн аймагында жашап жаткандыгы боюнча маалымат чыгар замат КРнын Акыйкатчысынын Ош областы жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнө караштуу «Кылыч-Буркан» мүрзөсүнүн аймагында жашаган Атажанова Гулжакан менен жолугушкан.

9 февраль күнү саат 11:00 чамасында “Тунгуч” кичирайонунда жайгашкан №73 мектепте чоң киши кичинекей кызга асылып артынан түшкөн окуя катталган.

2018 жылдын 21 февралында Акыйкатчы институтунун Чүй облусундагы өкүлү Э. Теңизбаева Чүй облустук төрөт үйүндө жаткан, жаңы төрөлгөн ымыркайынын өлүмүнө шектелип жаткан эне Д.С. барып жолукту.

Урматтуу Ата Мекен коргоочулары!
23 февраль негизинен аскердик кызматты жашоосунун бир бөлүгү катары караган аскер адамдарынын кесиптик майрамы болуп эсептелинет. Ошентсе да бардык учурда Ата Мекенди коргоо ар бир жарандын өлкө алдындагы жогорку моралдык парзы болуп саналат.

Кечээ Акыйкатчынын орун басары Эрлан Алимбаев Укук органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге Бишкек шаарынын №1 тергөө изоляторуна жана КР Өкмөтүнүн алдындагы жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын № 47 түзөтүү мекемесина барып келди.
Ысык-Көл облусунда Координациялык Кеңештин отуруму Акыйкатчы өкүлчүлүгүнүн катышуусунда болуп өттү.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Элебесов көчөсүндө жол кырсыгынын жыйынтыгында 34-жаштагы келин кайтыш болуп, колундагы бир жарым жаштагы чүрпөсү бир буту жок калганына карабастан, ал жерге эмдигиче жол чырагы жана жөө жүрүүчүлөр жүрүүчү сызыкчага өзүнчө өтмөк коюлбаганын айтып тынчсызданды. Жолдогу «зебрага» жетиш үчүн адамдар жогорку ылдамдыктагы машинелер өтчү жолдун жээгин бойлоп өтүүгө туура келет.

“Кыргыз Республикасынын адвокатурасы жана адвокаттык ишмердүүлүк жөнүндөгү” КР Мыйзамын (мындан ары-Мыйзам) талдоонун жүрүшүндө КР Акыйкатчысынын Аппараты тарабынан КР Конституциясынын талаптарына карама-каршы келген айрым нормалар аныкталган.

Акыйкатчы Кубат Оторбаев Ошто каза болгон үч жаштагы баланын ишин өзгөчө көзөмөлгө алды.

Каракол шаарындагы №14 бала бакчада эки жаштагы баланын чарчап калгандыгы боюнча Акыйкатчы Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлгө окуяны көзөмөлгө алууну табыштаган.

Акыйкатчынын басма-сөз кызматы мурда билдиргендей, 5 февралда Акыйкатчы Кубат Оторбаев Өзбекстан чек арачылары тарабынан атылып, жарадар болгон Көк-Серек айылынын жашоочусуна барып жолугуп келген.

КР Акыйкатчысы Кубат Оторбаев укук коргоо органдарында жана соттук системада реформаларды аягына чыгармайынча кыйноолорго байланыштуу көйгөйлөрдү жок кылуу мүмкүн эместигин билдирди. Ал бул тууралуу «Кыйноолорго жол бербөө – мамлекеттин жана коомдун күч-аракеттеринин биригишинде» аттуу маалымат жыйынында айтты.