Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Бүгүн, 7 феврал 2018 ж., Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин имаратынын алдында укук коргоочу Шералы Назаркуловдун элесине арналган митинг-реквием болуп өттү.

Кенен маалымат...

1. “Чыгыш Түркстанга боштондук уюму” —  Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун токтому менен 2003 жылдын 20 август айынан тарта террорчул уюм деп таанылып, КРнын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

2. «Чыгыш Түркстан ислам кыймылы» — Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун токтому менен 2003 жылдын 20 август айынан тарта террорчул уюм деп таанылып, КРнын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

3. «Түркстандын ислам партиясы» («Өзбекстан ислам кыймылы») — Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун токтому менен 2003 жылдын 20 август айынан тарта террорчул уюм деп таанылып, КРнын аймагында ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө тыюу салынган.

Кенен маалымат...

КРнын Акыйкатчы институтунун Укук органдары тарабынан жана эркиндиги чектелген жайлардагы адамдардын укуктарын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнө У. Кадыров аттуу жарандан кайрылуу кат келип түшкөн. Кайрылуу ээси Россияда камакта жаткан уулу Д.У. Кадыровду мындан кийинки жаза мөөнөтүн мекенинде өтөө үчүн Кыргызстанга өткөрүп берүүгө көмөк сураган.

Кенен маалымат...

Бүгүн Акыйкатчы Кубат Оторбаевге Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун, Көк-Серек айылынын тургуну Турсунай Усенбаева кайрылды. Анын айтымында, буга чейин ММКга жарыялангандай, 1979-жылы туулган иниси Усенбаев Асанга Өзбекстандын чек-арасын өтүп кеткендиктен, кезметте турган аскерлер ок чыгарган деген маалымат чындыкка коошпойт.

Кенен маалымат...

2017-жылдын 30-август күнү Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын “115” шыр байланыш кызматына Бишкек шаарынын тургундарынан анонимдүү чалуу келип түшкөн. Алардын айтымында Бишкек шаарындагы №5 Улуттук компьютердик гимназиясына кирүү взносун төлөмөйүн балдар кабыл алынбайт.

Кенен маалымат...

Жакынкы күндөрү интернет сайттарда Нарын облусунун Ат-Башы районунда көчөдө жүрүп үшүп калган наристелер жөнүндө маалымат жайылып, коомчулуктун талкуусуна алынган. Айрым маалымат булактары апасы энелек укуктан ажыратылганын боолголоп жазышкан.

Кенен маалымат...

 

2018-жылдын 26 январында КРнын Акыйкатчысынын “Жарандардын ичүүчү таза сууга жана санитарияга жетүү укугу” темасындагы атайын даярдаган докладын талкуулоо үчүн тегерек столго КРнын Акыйкатчысы Кубат Оторбаев, КРнын Акыйкатчы институтунун кызматкерлери, КРнын Жогорку Кеңешинин комитет төрөгалары, аталган тармакка тиешелүү министрество жана ведеомство жетекчилери - КРнын Саламаттык сактоо министрлиги; КРнын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги; КРнын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги, КРнын Эсеп палатасы, Саламаттык сактоо министрлигинин Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти; КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-чарба мамлекеттик агенттиги алдындагы Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаменти; жарандык сектордун өкүлдөрү жана Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын жашоочулары катышышты.

Кенен маалымат...

 

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди Акыйкатчынын “Жарандардын ичүүчү таза сууга жана санитарияга жетүү укугу” темасындагы докладын талкуулоого катышууга чакырабыз.

Убактысы жана өткөрүүчү жайы: “Парк отель”, 2008 жыл 26 январь, саат 9.00 -13.00 чейин.

Кенен маалымат...

КРнын Акыйкатчысы жана Акыйкатчы институтунун кызматкерлери КРнын Ички иштер министрлигинин жашы электердин арасында укук бузууларды алдын алуу боюнча борборунда болушту. Мониторингдин жүрүшүндө Акыйкатчы борбордун жетекчиси Азамат Абдырахманов менен сүйлөштү. Сөз жашы жетек элек балдардын орчундуу көйгөйлөрү жөнүндө болуп, алардын борбордун аймагында болуу себептери, ал жакта туруу жана андан ары калыбына келтирүү шарттары тууралуу болду.

Кенен маалымат...

Жакынкы күндөрү Акыйкатчы институту Бишкек шаардык прокуратурасына кайрылуу жөнөтөт, анда көзөмөлдөөчү органга 2 жаштагы өз баласын ич талаштыра тепкен Бариер Адиевге карата Октябрь райондук сотунун чыгарган чечимине даттануу киргизүү сунушталат. 10-январда судья Чынгыз Адамкулов Б.Адиевге карата кылмыш ишин кыскартуу тууралуу токтом кабыл алып, ага өлкөдөн чыкпоо керектиги эскертилип, сот залынан бошотулган.

Кенен маалымат...

Акыйкатчы институту тарабынан даярдалган атайын докладда Кыргызстандагы ичүүчү таза суу жана анын санитардык абалы жөнүндөгү кенен маалыматтар камтылып ошондой эле ар кандай мамлекеттик органдарга сунуштамалар берилген. Докладдагы изилдөөлөр жана сунуштамалар жарандар ичүүчү таза суу менен камсыз болуу Конституциялык укугунун бузулушун коргоого багытталган. Доклад аталган курч маселеге мамлекеттик органдардын көнүлүн бурдуртуу үчүн гана эмес, аны системалуу жана ыраттуу чечилиши үчүн даярдалды. Атап айтканда, Кыргызстан Орто Азия аймагындагы суу ресурстарына бай өлкөлөрдүн ичине киргендигине карабастан, азыркы учурда болжол менен 1 млн. калк таза суу менен камсыз болбогондугу баса белгиленет. Кыргызстанда таза суу менен камсыз кылуу азыркы абалы жакшы деп айтууга болбойт.

Кенен маалымат...

Келе жаткан 2018 – Жаңы Жылыңыз менен ак дилимден куттуктайм! Келе жаткан Жаңы Жыл өзү менен кошо өлкөбүзгө тынчтыкты, үй-бүлөңүзгө бакубат жашоону, ийгиликтерди жана чоң-чоң жетишкендиктерди ала келсин!

Жаңырган жыл мамлекетибиз үчүн досчулуктун, молчулуктун жана да барчылыктын жылы болсун! Өлкөбүздө тынччылык өкүм сүрүп, ар бир үйдө жарык нур төгүлүп турсун!

 

Эң жакшы каалоолорум менен, 

                                                                                                                                                    К. Т. Оторбаев 

 

На сегодняшнем заседании Бишкекского городского суда коллегия судей изменила меру пресечения в отношении Зулпукара Сапанова. Мониторинг судебного процесса проводил лично Омбудсмен Кубат Оторбаев. По окончании процесса Зулпукара Сапанова освободили из-под стражи и дали ему 2 года условно.

Кенен маалымат...

Вчера, 27 сентября 2017 г., Институт Омбудсмена распространил информацию о 26 подследственных, не принимаемых ГСИН в учреждение №21 (СИЗО-1 г.Бишкек) по причине отсутствия у них оригиналов паспортов и биометрических данных. Данное сообщение ГСИН опровергло, выразив удивление тому, откуда взялась эта цифра – 26 человек.

Кенен маалымат...