2022- жылдын 1- октябрь күнү Акыйкатчы аппараты Баткен окуясынан улам аргасыз жер которуп келип, Ысык- Ата районунун Ивановка айылында жайгашкан жарандардын балдары үчүн акысыз Цирк көрүүнү уюштурду.
Акыйкатчы Институту Кадамжай, Баткен райондорунда, Баткен шаарында аргасыз жер которуп келишкен аялдар менен жолугушууларды өткөрдү
2022-жылдын 27-28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы А. Абдрахматова жана Омбудсмен Институтунун кызматкерлери менен биргеликте Баткен облусунан аргасыз качкан айымдардын арасында сурамжылоону Марказ а., Кадамжай ш., Баткен ш. убактылуу жайгашкан жерлеринен өткөрдү.
Акыйкатчы Институтунун универсалдык сурамжылоосунун алкагында, Тажик аскерлери таңкы саат 6-7 чамасында тынч жаткан элге ок атып, үйлөрүнүн, көчөлөрүн жардырып кыргыз элине кол салгандыгы, куралдуу аскерлердин аркасында жарандык кийимчен адамдар менен бирге тажик тез жардам кызматы жүргөндүгү маалым болду.
Акыйкатчынын сурамжылоосуна катышкан айымдар төмөнкү
көйгөйлөрдү чечүүгө көмөктөшүүнү суранды:
1) Чек ара маселесин чечип, коопсуздукту Өкмөт тарабынан камсыздоону.
2) Гуманитардык жардамдарды аткыланган айылдарда калган үй-бүлөлөргө да бөлүштүрүп берүүнү.
3) Кышкы кийимдер менен камсыз кылып берүүнү, балдарды окуу процессине тез арада тартуу менен, окуу куралдары, кийим менен камсыз кылууну.
4) Банктарда кредиттери бар жабыркаган үй бүлөлөргө жеңилдиктерди берүүнү.
5) Жаш балалуу үй бүлөлөргө жөлөк пул берүүнү камсыздоо.
Акыйкатчынын сурамжылоосуна алардын көпчүлүгү Көк-Таш, Мин-Булак, Достук, Ак-Сай, Көк-Терек, Мин-Өрүк, Ак-Татыр, Кара Бак айылдарынан келишкендигин билдирип, бир нече жолу аргасыз жер которуп качышкандыктарын, кооптуу шартта жашоодо мүмкүн эместигин баса белгилеп айтышты. Андан сырткары, Тажикстан менен чектешкен жерлерге коюлган тосмолордун алынып салуусуна нааразычылыгын билдиришти.
25.09.2022-ж. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы А. Абдрахматова жана Акыйкатчы Институтунда иштеген бир катар айым кызматкерлер менен бирге Ош Мамлекеттик университетинин № 1, 3 жатаканаларында Баткен облусунан аргасыз качкан айымдардын арасында сурамжылоо жүргүзүүдө.
Акыйкатчы Институту массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү, журналисттер, блогерлер жана активисттерге байланыштуу иштерди кароодо соттук практикада байкалган терс тенденцияны өкүнүү менен белгилейт. Аталган жарандарга карата дээрлик бардык кылмыш иштеринде процессуалдык бузуулар бар жана тергөө иштери жетишсиз жүргүзүлгөн: - тергөөнүн ар тараптуулугуна, толук жүргөндүгүнө жана объективдүүлүгүнө шек жаратат, - өзүнүн куноосуз экендигин далилдөөдө шектелип жана күнөөлөнүп жаткан жарандарга чектөө коюу; Адамдын жана жарандын конституциялык укуктары менен эркиндиктеринин сакталбашына алып келет.
Кыргызстандын Баткен облусунун чек ара райондоруна Тажикстандын аскерлери басып киргендигине, Ош обласынын Чоң Алай районунда аткылап баргандыгына байланыштуу аргасыз жер которууга дуушар болгон тынч жашоочулардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына мониторинг жүргүзүү менен ок атуудан жабыркагандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушуна парламенттик контролду үзгүлтүксүз жүргүзүүдө.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова Тажикстан Республикасынын Омбудсмени Умед Бобозода менен телефон аркылуу сүйлөштү
2022-жылдын 13-сентябрында Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети менен Социалдык саясат боюнча комитетинин биргелешкен жыйынындагы балдарга карата зордук-зомбулук маселесин талкуулоо өттү.
Отурумда Акыйкатчы А. Абдрахматова балдардын укуктарын зордук-зомбулуктан коргоо жаатында төмөнкү системдүү көйгөйлөрдү көтөрдү:
- Укук коргоо органдары: - зордук-зомбулукка кабылгандардын арызын көп учурда кабыл алышпайт, - соттук-медициналык экспертизалар өз убагында дайындалбайт жана өткөрүлбөйт, экспертиза узак убакыт өткөндөн кийин жүргүзүлгөндүгүнөн кылмыштын моралдык жана физикалык зыянды объективдүү аныктоого мүмкүндүк бербейт, - тергөө аракеттерин, анын жыйынтыгы боюнча чечим чыгаруу создуктурулуп, кылынган зордук-зомбулукту башка кылмыш курамына өткөрүү (переквалификация) аракеттеринин көбү, - жабырлануучу балдарга, айымдарга басмырлоо, шылдыңдоо, алдын ала жабыркаган тараптын өзүн окуяга күнөөлүү катары мамиле жасоо менен, калыптанган стереотиптер менен жабыркагандын укугун коргоого, калыбына келтирүүгө кызыктар эмес кызматкерлердин бар болгону.
- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги: - мигранттардын балдарын аныктоо, аларга жана алардын үй- бүлөсүнө социалдык жана укуктук жардам көрсөтүү боюнча системдүү колдоо иштери жүргүзүлбөгөнү; - зордук-зомбулук коркунучу бар үй-бүлөлөрдө зомбулуктун алдын алуу иштеринин жетиштүү эместиги; - зордук-зомбулукка кабылган балдардын ата-энеси баланын кызыкчылыгында иш аракет көрбөгөндө, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмдөрдүн алсыздыгы (мыйзамдын кемчиликтери, адистердин төмөн дэңгээли); - үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо боюнча жергиликтүү 53 комитет түзүлгөнү менен, алар толук кандуу ишин жүргүзбөгөнү.
- Билим берүү министрлиги: - социалдык кызматкерлердин жетишсиздиги, бар болгон учурда адискөйлүк даярдыгынын төмөндүгү; - мектептерде психологдордун көп учурда жоктугу; - мектептерде окуучулар, ата-энелер менен бирге балдардын (ден-соолук, сексуалдык, психологиялык, маалыматтык) коопсуздук боюнча иштеринин жүргүзүлбөгөнү; - акыркы учурда мектеп бир гана билим берүүгө жоопту, баланын коопсуздугуна тиешеси жок деген түшүнүктүн жайылтылышы; - зордук-зомбулук коркунучу бар үй-бүлөлөрдү аныктап ички иштер органдарына, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу бөлүмдөргө маалымат берүү менен алдын алуу иштердин жетишсиздиги.
- Мамлекет кепилдеген юридикалык жардам (Юстиция министрлиги): - акысыз консультациялык-укуктук жардамдын көпчүлүк алыскы жерлерге жеткиликтүү болбошу; мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин о.э. адвокаттардын бул милдетти так, толук кандуу, сапаттуу алып барбагандары; - кылмыш-жаза сот өндүрүшү чөйрөсүндө жана бузуулар жөнүндө иштер боюнча квалификациялуу акысыз юридикалык жардамды берүүчү адвокаттардын ишинин чабалдыгы, толук кандуу мыйзам чегинде мүмкүн болгон бузулган укукту калыбына келтирүү аракеттерин көрбөгөндөрү; мыйзам бузган тарап менен сүйлөшүп алуунун негизинде жабыркаган тарапты коргонуудан баш тартууга түртүү менен ишти кыскартууга кызыкдар болгондору; жабыркаган тараптан акча талап кылуулары; зордук-зомбулукка кабылган балдардын, аялдардын укугун коргоонун өзгөчөлүктөрүн жакшы билбегендери, ж.б. кемчиликтер.
Омбудсмен азыркы учурда балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча чукул чараларды көрүү үчүн Жогорку Кеңештин Комитеттеринин биргелешкен жыйынынын чечимине киргизүү үчүн депутаттарга төмөнкү сунуштарды айтты: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:
- Балдардын укуктарынын бузулушун алдын алуу боюнча ыкчам коргоо аракеттерин көрүү үчүн Ички иштер министрлиги, Социалдык коргоо, саламаттык сактоо, Билим берүү органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өз ара аракеттенүүсүнүн алгоритимин иштеп чыгууну жана жоопкерчиликтерин арттырууну;
- Ички иштер министрлиги зарыл болгон учурда колдонуу үчүн коопсуздук сигналын (баскычын) киргизүүнү (тревожная кнопка) тапшырууну;
- Балдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, окуучуларды мектепке ташуу үчүн атайын автобустарды уюштурууну (шаарда, кооптуу аймактарда).
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына:
- Балдарга карата колдонулган зомбулуктар боюнча кыскартылган же кайра квалификацияланган кылмыш иштерин талдоону (анализ) жана толук кандуу чара көрүүнү, бул жаатта көзөмөлдү күчөтүүнү;
- Балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктар боюнча жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизалардын тактыгына баа берүүнү;
- Соттук-медициналык экспертизалардын өз убагында дайындалып, мөөнөттөрүнүн сакталышына укуктук баа берүүнү; Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигине:
Балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктар боюнча дайындалган соттук-медициналык экспертизалардын жүргүзүүсүндө сапатын жакшыртууну жана өзгөчө көзөмөлгө алууну
.
Акыйкатчы А. Абдрахматова: Кыргызстан Евробиримдиктин өкүлчүлүгү менен тыгыз кызматташып, адам укуктары жаатында көптөгөн жакшы өзгөрүүлөргө жетишет
2022-жылдын 8-9-сентябрында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова башпаанек издеген үй-бүлөлөрдүн 30дан ашык өкүлдөрүн кеңсесинде кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө башпаанек издеген адамдарга качкын статусун берүү, жашап турууга уруксат берүү, жарандык алуу маселелери талкууланды. Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө түзүлгөн кырдаалды толук талдоо үчүн аталган адамдардан сурамжылоо жүргүзүлдү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө алардын дээрлик бардыгы качкын статусуна тиешелүү документтерди алууда кыйынчылыктарга туш болушары аныкталды. Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн качкындарга документтерди тездетип берүү боюнча улуттук мыйзамдардын ченемдеринин жоктугу белгиленди. Өз кезегинде Акыйкатчы бул маселенин оң караларына ишенимин, республикада жарансыздыкты жоюу боюнча ар тараптуу көмөк көрсөтүүгө, ошондой эле негизги укуктарга жетүүнү камсыз кылуу жолу менен ар бир адамга коомдун жашоосуна толук кандуу катышууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн Кыргыз Республикасында жүргөн качкындардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоого даярдыгын билдирди. Эске салсак, буга чейин ушул жылдын май айында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы А.Абдрахматова БУУнун Качкындар иштери боюнча башкы комиссарынын Борбордук Азия боюнча өкүлдөрү менен жолугушкан.
Анда эл аралык милдеттенмелердин алкагында Кыргыз Республикасында жүргөн качкындардын жана жарандыгы жок адамдардын укуктарынын сакталышы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын БУУнун 1954-жылдагы «Жарандыгы жок адамдардын статусу жөнүндө» Конвенцияларына кошулуу маселеси жана 1961-жылдагы « Жарансыздыкты кыскартуу жөнүндө» Конвенциясы талкууланган.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн. Буга себеп-аскер бөлүгүндөгү аскерлердин өлүмү, алардын ур-токмокко алынышы жана белгисиз себептерден улам психо-неврологиялык борборлорго түшүп калышы болду.
Жумушчу топтун алдына:
- Акыркы 5 жылдын ичиндеги аскерлердин өлүмү, өзүн-өзү өлтүрүү, уруп-сабоо боюнча фактыларды топтоп, аскерлердин укуктарынын сакталышына талдоо жүргүзүү;
- Аскер бөлүктөргө барып, жеринен мониторинг жүргүзүп, аскер кызматкерлери алардын ата-энелери менен сүйлөшүү жана сурамжылоолорду өткөрүү;
- Аскерлердин суицидге алып келген көйгөй/себептер жана аскердик бөлүктө “дедовщинаны” алдын алуу, кыйноолорду болтурбоо боюнча сунуштарды даярдоо;
- Улуттук жана эл аралык мыйзамдарды жана практиканы изилдеп, биздин укуктук-ченемдик актыларды жакшыртуу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу ж.б. тапшырмалар жана максаттар коюлган.
2022-жылдын 5-сентярбынан тарта жумушчу топ республика боюнча аскер бөлүктөрүндө мониторинг жүргүзүүнү баштайт. Анда алар тарабынан аскер кызматкерлеринин укуктарынын сакталышын талдоо үчүн маалымат чогултулат жана жеринде аскер кызматкерлери, ошондой эле аскер бөлүктөрүнүн жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлөт.
Мониторингдин жыйынтыгы боюнча тиешелүү сунуштарды камтыган атайын баяндама даярдалып, ал Жогорку Кеңешке жөнөтүлөт. Эске салсак, жумушчу топтун курамында Акыйкатчы институтунун, Башкы Прокуратуранын, Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борбордун кызматкерлери, ошондой эле, “Аскер кызматчыларынын энелери республикалык комитети”, “Жарандык Союз” коомдук бирикмелеринин, “Кыйноолорго каршы коалиция” уюмунун, “Кылым шамы” коомдук фондунун кызматкерлери бар.
-
Урматтуу окуучулар, студенттер, мугалимдер сиздерди жаңы окуу жылдын башталышы менен куттуктайм!
Бул күн окуу жылынын башталышын гана элестетпестен, билим, тарбия алуунун маанилүүлүгүн белгилеген, мекенибиздин татыктуу атуулдарын тарбиялаган биринчи кадам.
-
Урматтуу мугалимдер!
Мугалим коомдун дарыгери. Ал бизге сүйлөгөн сөзү, баскан- турганы, ички маданияты, мээримдүүлүгү, мээнеткечтиги, көрөгөчтүгү менен үлгү болчу инсан. Окуучу гана эмес жалпы коом мугалимге карап түздөнөт. Кээ бир учурда мугалим керек болсо кароосуз калган балдарга ата-эне да болгон.
Бирок беш кол тең эмес, акыркы Сузактагы мектептин мугалими окуучуну сабаган жана Кара-Суудагы дене-тарбия мугалими окуучунун бутун сындырган сыяктуу окуялар мектеп жана мугалим өзүнүн үлгүлүү жолунан, милдеттеринен четтеп кетиши ыктымалдыгын көрсөттү. Мугалимдин милдети- балдарды уруп-сабоо, кодулоо, кемсинтүү менен эмес, сапаттуу билимге жана бийик адамдык касиетке ээ болгон, эркин жана өз оюн так жана ачык айта алган жаңы муунду даярдоо, адискөй, акылман, мээримдүү мамиле менен менен окуучуларга жөлөк- тирек болуу. Ар бир баланын таланты, шыгы жана өнөрү жакшы тарбия жана мыкты билим бергенде гана ачылат.
Ошондуктан, педагог-тарбиячылар, ата-энелер биргелешип, жаңы муунду тарбиялоо жоопкерчилигин татыктуу жүзөгө ашырууга тийиш. Ата-эне менен мугалим баланы бири-бирине түртө салгандан майнап чыкпайт. Эки жак эриш-аркак болуп, Конституциябызда кепилденген - балдар элибиздин, мамлекетибиздин жогорку баалуулукту так түшүнүү кабыл алуу менен гана биз күчтүү, билимдүү муунду өстүрө алабыз.
Окуучуларга сапаттуу билим берүү үчүн мугалимдер өздөрү билимин тереңдетип, замандан артта калбай өсүшү керек, мугалимдин ички дүйнөсү бай, акылман, көрөгөч болсо окуучулар мугалимди карап ээрчийт, тартылат, түздөнөт. Биз балдарыбызды азыркы замандын чакырыктарын эске алуу менен, коопсуз, ыңгайлуу, жеткиликтүү шартта билим берип, өз укугун сыйлаган, милдетин аткарган коомду даярдашыбыз керек.
-
Урматтуу ата-энелер!
Балдардын келечеги үчүн мектептин чыныгы күйөрмандары, колдоочулары болуп, мугалимдер жамааты менен бир үй-бүлөдөй болууга үндөйм. Балдарыбыздын кең келечегин түптөш үчүн мугалимдердин социалдык, финансылык абалына карабастан, сый урматтоо менен тең мамиле кылуу ар бирибиздин милдет. Балдарыбыздын тең укуктуу, коопсуз, камкор чөйрөдө өсүшүнө шарт түзүү ар бирибиздин милдетибиз.
-
Урматтуу окуучулар, студенттер!
Өлкөбүздүн келечеги-силерсиңер. Силер канчалык билимдүү, маданияттуу, акылдуу, адептүү жана мекенчил болсоңор коомубуз да ошончолук тазарып, өлкөбүз өнүгө баштайт. Андыктан билим дүйнөсүнө сапарыңар байсалдуу, ачык болсун! Умтулуу, шыктануу, Мекенибизге сыймыктануу, элибизге ишенүү ар бириңердин жүрөгүңөрдө болсун!
Атыр Абдрахматова:
Урматтуу мекендештер!
Биз эркин жана бакубат өлкөнүн жарандарыбыз. Ата-бабалар биз үчүн кан-жанын аябай, кыргыз жерин таберик кылып калтырып кеткен. Биз да аны урпактарга улантып, татыктуу өткөрүп бериш үчүн, кыргыз жеринин жаратылышын, тоосун, суусун, гүлүн, дарагын, кыргыз элинин духун, рухун, баалуулуктарын көздүн карегиндей сакташыбыз милдет.
Тарыхыбыз тастыктагандай, эгемендүүлүк бир жылдары кыргыздардын кыялы болгон. Андыктан азыркы эркиндигибиздин баркына жетип, калыстыкты, акыйкаттуулукту туу тутуп, мындан ары да мамлекетибизди чыңдап, эл аралык аренада абройубузду бекемдешибиз керек.
Биздин эл демократия принциптерин карманат, сөз, ой эркиндиги кыргыздын канында бар. Кыргызстан сөз эркиндиги жана демократия деңгээли боюнча эл аралык рейтингдерде Борбор Азиядагы башка өлкөлөргө салыштырмалуу алдыңкы орунда. Бул туура баамдоо. Дүйнөгө биз күчтүү жарандык коому бар, кыйынчылык убакта бириге калган артыкчылыгыбыз менен таанылган элбиз. Ошентсе да акыркы күндөрү маалымат каражаттарын көзөмөлдөө, сөз эркиндигин чектөөгө болгон далалаттар тынчсыздандырат. Атасак: жарандык коомдун өкүлдөрүнө каршы козголгон кылмыш иштеринин көбөйүшү, активисттер Ураимов Мирлан, Айжан Мырзан жана Мыктыбек Адилет Али, Ырыс Жекшеналив, К. Рузиевдин иштери, ошондой эле “Азаттык” медиасынын жетекчиси Айзада Касмалиеванын суракка чакырылышы, 24-кж сайтына бөгөт коюлушу, Next TV каналынын жетекчиси Таалай Дүйшембиевдин камалышы, журналист Болот Темировду, төкмө акын Болот Назаровду камоого болгон аракеттер, Семетей Талас уулуна кылмыш ишин козгоо аракети, жарандык активист Тилекмат Күрөңовду бийликти басып алууга чакырык кылды деп бир пост менен камалып кетиши, Жалал-Абад облусунун теле каналынын мурдагы директору Куттумидин Базаркуловдун камалышы.
Биз бир эл, бир мамлекетпиз. Ар бир кыргыз атуулунун максаты- мамлекеттин эркин өнүгүшү. Эл арасынан айтылган сын-пикир, ар түркүн көз-караш-ар бир мамлекеттик кызматкердин ишин жакшыртууга, сапатын жогорулатууга эң сонун мүмкүнчүлүк катары кабыл алынышы керек. Ошол эле учурда ар бир кыргыз жаранынын милдети тактык, калыстык, адилеттүүлүк. Ар бир жаран жоопкерчиликтүү иш-аракетти өзүнөн баштаганда гана биз таза, эркин, эгемендүү коомду түзөбүз жана күчтүү Мекенибизди урпактарга мурас кылып калтыра алабыз.
Урматтуу, замандаштар!
Өзүмдүн жана Акыйкатчы Институтунун жалпы жамаатынын атынан эгемендүүлүк майрамыбыз менен куттуктайм!
Арабыздан ынтымак кетпесин, асманыбыз дайыма ачык болсун. Баарыбыз бакубат турмушта жашайлы. Ар бирибиз мамлекетке кошкон салымыбыз менен сыймыктанышыбызды каалайм!
2022-жылдын 11-январь күнү "Улан" кичи районунун 9-кабаттуу үйдөн К. А. аттуу жаран лифттин кабинасына коляскадагы баласы менен кирип бараткан жерден, кабинка күтүүсүз өзүнөн-өзү жүрүп кетип, анын башы жанан көкүрөгү кыпчылып, алган жараттарынан улам көп өтпөй жеринде каза болгон.