Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Казакстандын Акыйкатчысы Артур Ластаевге Алматы шаарында Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Маркабаевдин укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.

Джамиля Джаманбаева эки өлкөнүн Акыйкатчы институттарынын ортосунда кол коюлган кызматташтык жөнүндө меморандумга ылайык, Кыргызстандын жаранынын укугун коргоого көмөк көрсөтүүгө кесиптешин чакырды.

Буга чейин Акыйкатчы институтуна Эрмек Маркабаевдин Жылдыз аттуу жакыны кайрылып, ал бир тууганынын укугун коргоону жана аны мекенине кайтарып келүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган

Белгилүү болгондой, Алматы шаарындагы ири базарлардын бири болгон «Алтын Ордо» базарынын аткаруучу директору Эрмек Маркабаев 2023-жылы 2-июнда Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган.

Жактоочу берген маалыматка таянсак, Эрмек Маркабаевди Казакстандын мыйзамдарын  бузуу менен кармашкан.

Социалдык тармактарда аны кармоо маалындагы видео жарыяланган. Жактоочунун айтымында, видеодо Маркабаевдин чөнтөгүнө майдаланган нерсе оролгон зат салып жатышкан учур көрсөтүлөт.

Акыйкатчы институту Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) Алматы шаарында кармалган Кыргызстандын жаранынын укугун коргоону камсыз кылууга чакырган билдирме жөнөттү. ТИМ өз кезегинде алар тараптан укуктук жана консулдук жардам көрсөтүш үчүн чаралар кабыл алынып жатканын, ошондой эле дипломатиялык жактан тиешелүү ноталар жиберилгенин билдирди.

Мындан тышкары КРнын Башкы консулдугунун кызматкерлери кармалган жаран менен сүйлөшүшкөн.   

Маркабаев Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөн маалда базардын 20 пайызын коркутуу, кысым көрсөтүү менен тартып алыш үчүн ага чындап эле баңгизатын чөнтөгүнө сала коюшканын айткан.

Акыйкатчы казакстандык кесиптешине 5-сентябрда расмий кат жөнөткөн, 8-сентябрда кат Казакстандын Акыйкатчы институтунун тиешелүү кызматкерлерине тапшырылган.

13-сентября Казакстандын Акыйкатчы институтунан өз ыйгарым укуктарынын чегинде алар Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына Кыргызстандын жараны  Эрмек Маркабаевдин укуктарын сактоо талабы менен кат жөнөтүшкөнүн маалымдашты.

 

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жабык мекемелерде, анын ичинде КРнын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) абагына кармалгандардын кармоо шарттарына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп келет.

8-сентябрда Институттун кызматкерлери УКМКнын абагында кармалгандардын кармоо шарттарына мониторинг жүргүзүштү.

Камералар текшерилип, кармалып тургандар менен сүйлөшкөн кезде төмөнкүдөй кемчиликтер аныкталды.

60 орунга деп чектелген тергөө изоляторунда 76 адам кармалып турат. КРнын Министрлер кабинетинин 2022-жылдын 28-ноябрындагы (№ 655-р) буйругунда каралган маалымат такталары менен жашыруун кутулар жок.

Мониторинг маалында фельдшер эмгек өргүүсүндө жүргөндүктөн жок экени аныкталды.

Тергөө изоляторунун жетекчилигине анын ордуна башка бирөөнү алмаштырып туруу маселесин карап чыгуу сунушталды.

 А. Тиленбаев, Н. Камчибеков жана А. Мадумаровдор кармалган тергөө камерасындагылардан кармоо шарттары боюнча арыз түшкөн жок.

А. Тиленбаев ден соолугунун абалына байланыштуу арызданды. Анын кан басым жогору экен.

А. Мадумаров Акыйкатчынын кызматкерлерине ден соолугу боюнча даттанды. Анын экинчи типтеги кант диабети оорусу бар экени, электрокардиостимулятор коюлганы белгилүү болду.

Ошондой эле текшерүү маалында камакта кармалган аялдар менен пикир алышуу болду, алар кармоо шарттарына эч кандай даттануу айтышкан жок.

Аны менен катар, камакта кармалган Д. Кутманова жүрөктүн кемтиги оорусу бар экенин айтып, жүрөктүн клапанын тез арада алмаштыруу зарылдыгын белгилеп, анын маселесин кароону тездетүүнү өтүндү.

Баардык кармалгандар өз маалында жана белгиленген убакытта күн сайын сыртка эс алууга чыгарылат.

Акыйкатчы институту абактын жетекчилигин кармалгандардын укуктарын сактоону камсыз кылууга чакырды.

 

 

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жабык мекемелердеги, анын ичинде №1 тергөө абагындагы камалгандардын кармоо шарттарына туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп келет.

8-сентябрда Институттун кызматкерлери  № 1 тергөө абагында болушуп, камакта кармалгандардын шарттары менен таанышты. 

№ 1 тергөө абагынын кызматкерлери камераларды, анын ичинде Равшан Жеенбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов жана Кубанычбек Кадыровдор кармалып жаткан камераларды көрсөтүштү. Акыйкатчы институтунун кызматкерлери барган учурда аларды сотко алып кетишкендиктен камерада болушкан эмес.

Жеенбеков кармалган камерада  муздаткыч, тамак жылытуу үчүн электр плиткасы, нан бышыргыч болгон.

Камера биринчи кабатта жайгашкан, алгачкы кароодо ным жыттанган жок, косметикалык оңдоодон өткөн. Имараттын тышындагы дубалда суу агып саргарып калган изи байкалат, бирок ички дубалдар кургак.

Аталган камерда 5 адам кармалууда, бул улуттук мыйзамдарда каралган нормалардын талаптарына жооп берет. Кармалып тургандарды сурамжылоо жүргүзгөндө баардык кармалгандар мурда соттолбогон жарандар экени белгилүү болду.

№ 1 тергөө абагынын кызматкерлери берген маалыматка таянсак, Равшан Жеенбековду биринчи кабаттагы камерага бир аз мурда которушкан, анткени экинчи кабатта оңдоо иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери башка камераларды дагы карап чыгышты.

Жеңиш Молдокматова жана Кубанычбек Кадыровдун камераларын кароодо кармоо шарттарынын одоно бузулган учурлары аныкталган жок.

Азимбек Бекназаров кармалган камера авариялык абалда.

Мониторингдин жыйынтыгы менен Акыйкатчы институту биринчи кабаттагы авариялык абалдагы камераларда  камакта жаткандарды көчүрүүнү талап кылууда.

Буга чейин, 25-26-августта Акыйкатчы институтунун кызматкерлери, ошондой эле Акыйкатчынын орун басары Айчурок Назаралиева № 1 тергөө абагына Жогорку Кеңештин депутаттары Г. Кожокулова жана Ш. Атазов төрагалык кылышкан депутаттык комиссия менен биргеликте өткөн мониторингге катышкан.

1-тергөө абагында Ж. Молдокматов, А. Бекназаров, Р. Жеенбеков, Э. Бекчоро, Б. Асанов, К.Кадыров, М.Баязов, К.Дуйшебаев, А.Акматовдор кармалган камераларды карап чыгышкан.

Бекназаров сот жыйындарынын учурунда күзөтчүлөр ага суу бербей жатышканын айтып даттанган.

Мындан тышкары сот отурумдарын өткөрүү шарттарына, тагыраагы, бул иш боюнча өтүп жаткан фигуранттардын 27 адам экенин, мындан тышкары күзөтчүлөр жана жыйындын катышуучулары болоорун эске алганда, отурум өтүп жаткан зал чакан болуп, эл батпай калып жатканына арызданышкан. Ошондой эле айыпталуучулар соттор эмне деп айтып жатышканын укпай калышаарын белгилешкен.  

Равшан Жеенбеков анын камерасында суткасына эки ирет, үч сааттан кем эмес узак тинтүүлөр жүрүп жатканын айтып даттанган.

Алар ошондой эле камераларда тиешелүү вентиляциянын жок экенин билдиришкен. 

Мониторингдин жыйынтыгы менен КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Жогорку Соттун жана Жаза аткаруу кызматынын жетекчилигине адам укуктары боюнча эл аралык нормалардын, жалпы таанылган принциптердин жана өлкөнүн улуттук мыйзамдарынын алкагында укуктарды сактоону камсыздаш үчүн зарыл болгон чараларды кабыл алуу талабы менен расмий кат жөнөттү.

 

Акыйкатчы институту укук коргоо органдарын аэропортто милиция кызматкерлери тарабынан кармалган К. А. аттуу аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Буга чейин кармалган аялдын апасы милиция кызматкерлери кызынын ымыркай баласы бар экенине карабай кармап кетип анын укугун бузганы тууралуу ЖМКга билдирген.

Милиция берген маалыматка таянсак, аял издөөдө жүргөн жана аны КРнын Кылмыш кодексинин 209-беренеси боюнча кармашкан.

Акыйкатчынын Ош областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери убактылуу кармоочу жайда кармалган К. А.га барышты.

Ал Бишкектеги ооруканалардын биринде кайра жандандыруу бөлүмүндө оор абалда жаткан баласы үчүн тынчсызданып жатканын айтты.

Институттун кызматкерлери Бишкектеги аялдын баласы жаткырылган оорукананын жетекчилиги менен байланышты.

Дарыгерлер берген маалыматка таянсак, баланын абалы оор, ал реанимация бөлүмүндө жатат.

Акыйкатчы институту бала менен аялдын укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.

Институттун кызматкерлери К. А.нын ишин мониторинг кылууну улантат.

Акыйкатчы институнун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова  баш коргоо чарасын кабыл алууда К. А.нын баласынын абалы оор экенин, учурда ага апасы абдан керек экенин эске алууну белгилеп сотко кайрылды.

“Кармалган аялдын жашы жете элек төрт баласы бар. Жолдошу менен ажырашып кеткен. Сотту ушул жагдайларды эске алууга жана камак менен байланышпаган баш коргоо чарасын тандап алууга чакырабыз”,-дейт Токтосунова.

Акыйкатчы институту сот органдарын аудио жана видео жаздыруу системаларынын тынымсыз иштөөсүн камсыз кылууга жана бузулган учурларды ыкчам оңдоо зарылдыгына көңүл бурууга чакырды.

Институттун сот органдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери сот процесстерине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп келет.

Сот жыйындарын мониторинг кылуу учурунда процессти аудио же болбосо видео фиксация  (АВФ) менен камсыздоодо маселелер бар экени аныкталды.

Акыйкатчы институтунун сот органдары менен иштөө жана соттук процесстерге мониторинг жүргүзүү иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев аудио жана видео фиксация системалары бузулгандыктан улам сот процесстери аргасыздан башка учурга жылып калып жатканын билдирди.

“Мындай жагдай процесстин катышуучуларын нааразы кылат. КРнын Кылмыш-процессуалдык-кодексинин 283-бөлүмүнө ылайык, анча оор эмес кылмыш, азыраак оор, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөттөрү так регламенттелген.

Мисалы, 2023-жылы 11-августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда боло турган процесс  АВФ системасы иштебей калгандыктан өткөн жок.

Техникалык бузулуу өз маалында оңдолгон эмес. Бул сотко катышып жаткандарды нааразы кылды”,-деп айтты ал.

Калчабаев АВФ системасы өз маалында техникалык тейлөө көрсөтө албаганы кылмыш иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого тоскоол болоорун кошумчалады.

“Сот кызматкерлери менен сүйлөшкөн учурда АВФ системасын оңдоого 10 күндөн ашык же андан көп убакыт талап кылынаарын белгилешти”,-деди Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы.

Акыйкатчы институту сот органдарына Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыда “актала албаган кармоосу жок соттолбошу керектиги” (Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт, 14-берене, 3-бөлүм, «с» пункту) тууралуу укуктук регламент бар экенин эскертет.

КРнын Акыйкатчы институту сот органдарын АВФ системасынын үзгүлтүксүз иштеп турушуна көңүл бурууга чакырды.

 

Бишкекте КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жана Түркиянын башкы Акыйкатчысы Шереф Малкоч адам укуктарын коргоо жаатында кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Документте Кыргызстан менен Түркиянын Акыйкатчы институттарынын ортосунда адам укуктары коргоо боюнча жалпы таанылган принциптер жана эл аралык нормаларга ылайык биргелешкен иш-аракеттер каралган.

“Түркия Республикасында учурда 35 миңге чукул кыргызстандыктар жашап эмгектенип жүрүшөт, анын ичинен 6 миңден ашууну иштөөгө уруксаат алып иштешет, 30га чукул адам жабык жайларында кармалып жатышат, башкача айтканда, Түркия мамлекетиндеги жарандарыбыздын укуктарынын корголушуна дагы көңүл буруу бүгүнкү күндүн талабы болууда”,-деди Джаманбаева.

Акыйкатчылар Түркиядагы Кыргызстандын жана Кыргызстандагы Түркиянын жарандарынын укуктары жана эркиндиктери бузулган белгилүү учурлар жөнүндө өз маалында бири-бирине эскертүү берүүнү макулдашышты.

Шереф Малкоч аталган документ Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын укуктарынын сактоону камсыздоо боюнча кызматташтыкты күчөтөт деп белгиледи.

“Эки өлкөнүн Акыйкатчы институттары алардын аймагында  жүргөн өздөрүнүн жарандарынын укуктары бузулган учурда колдоо көрсөтүүгө макулдашты. Биз абдан маанилүү документке кол койдук, ал адам укуктары  үчүн күрөшүүдө бизди күчтүү кылмакчы”,-деди Шереф Малкоч.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын эгемендик күнү менен куттуктады.

Куттуктоо тексти:

“Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди өзүмдүн жана Акыйкатчы институтунун атынан Кыргызстандын эгемендик күнү менен куттуктайм!

Мекенибиздин ар бир атуулу үчүн, мамлекетибиз үчүн бүгүнкү күн абдан маанилүү.

Кыргызстандын көз карандысыздыгы биздин эң кымбат баалуулугубуз жана биз аны ар дайым сакташыбыз керек.

Мамлекетибиздин эркиндигин баалоо, адам укуктарын бийик сактоо ар бирибиздин ыйык парзыбыз.

Биздин эркин өлкөбүздө адам укуктарынын сакталышы жана корголушу эң башкы жетишкендигибиз болушу керек.

Ар дайым эгемендигибиздин туусу желбиреп, элибизде тынчтык болсун!   Майрамыңыздар менен!”

 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жана Түркиянын башкы Акыйкатчысы Шереф Малкоч видео байланыш аркылуу сүйлөшүү жүргүзүштү.
Тараптар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормаларына ылайык Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү тууралуу пикир алышты.
Эки тарап Түркиядагы Кыргызстандын жана Кыргызстандагы Түркиянын жарандарынын эмгек миграциясы, экономикалык жана жарандык укуктары жаатында бир катар биргелешкен иш-чараларды аткаруу чечимине келишти.
Жолугушуу маалында эки өлкөнүн Акыйкатчылары ушул жылдын сентябрь айынын башында Бишкекке келе турган Шереф Малкочтун расмий иш сапары боюнча макулдашты. 
“Сиздин Кыргызстанга келгендеги иш сапарыңыз жемиштүү болот деп күтүп жатабыз жана сиз менен Түркиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын, ошондой эле Кыргызстанда жүргөн Түркиянын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди кеңири талкуулай алабыз”, - деди Акыйкатчы.
Джамиля Джаманбаева Шереф Малкочтун адам укуктарын сактоону камсыз кылуу жаатында ар түрдүү өлкөлөрдүн Акыйкатчыларын бириктирүүгө кошкон салымын, ошондой эле Адам укуктары боюнча Акыйкатчылар институттарынын ассоциациясын түзүүдөгү эмгегин белгилеп өттү.
Эскерте кетсек, 2022-жылы 12-майда Түркиянын Бурса шаарында Адам укуктары боюнча улуттук институттардын жана түрк мамлекеттеринин Акыйкатчыларынын ассоциациясы түзүлгөн.
“Түркиянын башкы Акыйкатчысы катары адам укуктарын коргоо жаатында көп иштерди жасоого жетиштиңиз. Бүгүнкү күндө Түркиянын Акыйкатчы институту эң таасирдүү улуттук укук коргоо уюмдарынын бири болуп эсептелет. Сиз күчтүү аянтчаны - Адам укуктары боюнча улуттук институттардын жана түрк мамлекеттеринин Акыйкатчыларынын ассоциациясы түздүңүз. Мен Кыргызстандын Акыйкатчысы катары биздин өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн Кыргызстандын жарандарын коргоону камсыз кылыш үчүн мындай демилгелерди колдоого даярмын”, - деп белгиледи КРнын Акыйкатчысы.
Шереф Малкоч Джамиля Джаманбаеваны башка ассоциациянын - Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчыларынын кезектеги жыйынына катышууга чакырды.
Түркиянын башкы Акыйкатчысы аталган аянтча омбудсмендердин күчүн гана бириктирбестен, улуттук укук коргоо уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын Акыйкатчылары адам укуктарын коргоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти.

Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Россиянын Москва областындагы Сахарово кыштагындагы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигине караштуу атайын мекемеге барды.

Дал ушул жерде чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары дагы убактылуу кармалат.

Мекемеде Акыйкатчы Россиянын тиешелүү органдары тарабынан убактылуу кармоого жөнөтүлгөн Кыргызстандын жарандары менен жолугушту.

Акыйкатчы Кыргызстандын жарандарын жеке кабыл алды жана алардын кармоо шарттары менен таанышты.

Акыйкатчы барган учурда атайын мекемеде баардыгы болуп Кыргызстандын 209 жараны бар экени белгилүү болду.

Акыйкатчы институтунун, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери, Кыргызстан менен Россиянын Элчилигинин өкүлдөрү аталган мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарына юридикалык кеп-кеңештерди беришти.

Ошондой эле кээ бири өзгөчө жагдайлар боюнча кайрылышып, аларды Акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алды. Джамиля Джаманбаев аталган арыздар Россиядагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институту жана Россиядагы Кыргызстандын консулдук кызматы тарабынан  биргелешип карала турганын белгиледи. 

Кыргызстандын жарандарынын иштери боюнча материалга ылайык, аталган мекемеде негизинен Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузган үчүн кармалышууда, кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылган жарандар дагы бар.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту мандатына, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине ылайык, тигил же бул жагдайлардан улам атайын мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча баардык чараларды кабыл аларын белгилеп өттү.

Андан кийин Джамиля Джаманбаева Сахароводогу көп функционалдуу миграциялык борборго барып чет элдик жарандардын документтерин кабыл алуу шарттары менен таанышты.

Москва шаарындагы Россиядагы Адам укуктары үйүндө Кыргызстандын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаева менен Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькованын расмий жолугушуусу болду.

Эки өлкөнүн Акыйкатчылары 2023-2024-жылдарга Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен КРнын Акыйкатчысынын ортосундагы биргелешип аракеттенүү жөнүндөгү протоколго кол коюшту.

Джаманбаева КРнын Акыйкатчы институту Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институту менен өз ара пайдалуу кызматташтыкта болооруна ишенээрин белгилеп өттү.

“Мен бүгүн кол коюп жаткан документ, Кыргызстан менен Россиянын укук коргоо институттарынын ортосундагы кызматташтыкты күчтөндүрүш үчүн чоң түрткү берет деп ишенем. Жакынкы келечекте биз алдыга койгон тапшырмаларды ишке ашырабыз, Кыргызстандын аймагында жүргөн Россиянын жарандарынын, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарынын бузулушу боюнча биргелешкен талдоо жүргүзөбүз. Анын жыйынтыгы менен эл аралык кызматташтыктын жана мигранттардын укуктарын коргоо боюнча маселелердин механизмдерин иштеп чыгабыз”.

Акыйкатчы Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнө Россияда жашап жана эмгектенип жаткан Кыргызстандын жарандарын колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

“Биз сиздин биздин жарандарга карата ар бир көңүл бурууңузду жогору баалайбыз. Бизде Россияда жашаган жарандардын өзгөчө көңүл бурууну жана аларды чечиш үчүн көмөк көрсөтүүнү талап кыла турган бир катар маселелер жана көйгөйлөр бар”,-деп айтты Акыйкатчы.

Москалькова эки өлкөнүн Акыйкатчы институттарынын ортосундагы биргелешип кызматташуу жөнүндө протоколго кол коюу - Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча кызматташуудагы маанилүү тарыхый окуя экенин белгилеп өттү.

“Россия менен Кыргыз Республикасынын укук коргоо институттарын гумандуулук, айкөлдүк жана адилеттиктин жалпы принциптерине негизделген бекем достук мамилелер байланыштырып турат. Россиянын аймагында эмгектенип жаткан көп сандаган мигранттар жана студенттер биздин кийлигишүүбүздү талап кыла турган айрым учурларга кабылышат. Биз Россиянын да, Кыргызстандын да аймагында адам укуктарынын сакталышына кепилдик берип жана адамдардын жашоосун жеңилдете турган өз ара аракеттердин планын даана көрүп жатабыз”.

 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдардан өмүр бою абакка кесилген А. С.нын укуктарынын сакталышын камсыздоону жана ага дарыланууга жана текшерүүлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүнү талап кылды. Буга чейин анын бутун ампутация кылышкан жана жакындарынын айтымында, ага кайрадан дарылануу керек болуп жатат.
Соттолгон жарандын тууганы бир аз күн мурда Акыйкатчынын жеке кабыл алуусунда болгон. Ал №31 түзөтүүчү-дарылануучу мекемесинде жаткан жакынынын өмүрү үчүн кооптонуп жатканын билдирип, аны Улуттук хирургиялык борборго которууга көмөк сураган.
Белгилей кетсек, А. С. 2023-жылдын 13-июлунда “экинчи типтеги кант диабети” деген диагноз менен №31 түзөтүүчү-дарылануучу мекемесине ден соолугун текшерүүгө жана дарыланууга жаткырылган.
2023-жылдын 24-июлунда анын тууганы  Акыйкатчы институтуна кайрылып, абакта жаткан бейтаптын бутуна операция жасоого мүмкүндүк берилбей жатканын айткан. Ошол эле күну институттун кызматкерлери №31 мекемеге барышкан. Аталган жаран мекеме анын сол бутун ампутациялай турган операцияга тоскоолдук кылып жатканына даттанган.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери мекеменин жетекчилиги менен  Улуттук хирургия борборунда операция кылууга мүмкүндүк берүү зарылдыгы жөнүндө сүйлөшкөн.
25-июлда соттолуучуну текшерүүдөн өткөрүшүп жана ошол эле күнү Улуттук хирургиялык борбордон ага операция жасалган.
28-июлда аталган жарандын тууганы кайрадан Акыйкатчы институтуна кайрылып, №31 түзөтүүчү дарылоо мекемесинин кызматкерлерине даттанган, кайрылуусунда ал аталган кызматкерлердин айынан тууганынын буту кесилгенин, анткени өз маалында карап, текшербей коюшканын көрсөткөн.
9-августта ошол эле адам Акыйкатчы институтуна кайрадан өтүнүч менен кайрылып, бул ирет тууганын Улуттук хирургиялык борборго жаткырууга көмөк берүүнү сурап кайрылган.
Соттолгон жарандын тууганынын баардык арыздары боюнча Акыйкатчы институту-тиешелүү мамлекеттик органдарга - атайын прокуратурага, Саламаттык сактоо министрлигие, Жаза аткаруу кызматына кайрылды.
Жаза аткаруу кызматынан абакта жаткан жаранды кан-тамырлар боюнча хирург көрүп чыкканын жана экинчи бутуна операция жасоо керек деген бүтүм чыгарып бергенин маалымдашты.
Акыйкатчы институту Жаза аткаруу кызматы менен Саламаттык сактоо министрлигине абакта жаткан жарандын укуктарын сактоону камсыз кылуу талабы менен кайрылды. Бирок  соттолгон адамга учурда  Улуттук хирургия борборунан текшерүүдөн өтүүгө жана дарыланууга мүмкүндүк берише элек.

 

Москвада КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жана Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова Россиядагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинин имаратында өттү. Анда эки өлкөнүн Акыйкатчылары жарандарды биргелешип кабыл алышты. Мындан тышкары Россияда жүргөн Кыргызстандын жарандарына КРнын элчилигинин өкүлдөрү, ошондой эле Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын кызматкерлери юридикалык кеп-кеңештерди беришти.

Джамиля Джаманбаева Россияда Кыргызстандын абдан көп жарандары жашап, эмгектенип жатышканын жана КРнын Акыйкатчы институту үчүн алардын укуктарын камсыздоого колдоо көрсөтүү - артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи.

“Белгилүү болгондой, диаспоралар адам укуктарынын бузулушуна байланышкан маселелерди билүүгө жана аларды чечүүгө жардам берүүдө абдан чоң роль ойнойт.  

Дал ушул сиздердин Россиядагы биздин мекендештерибиз менен активдүү иш алып барышыңыздардын жана бизге, Россиянын бийлик органдарына ыкчам эскертүүлөрүңүздүн натыйжасында айрым көйгөйлөрдү чечип, адам укуктарын коргоого мүмкүн болууда.

Россиянын аймагында Кыргызстандын жарандарды бет келишип жаткан бир катар жагдайлар, мисалы, жашаган жери боюнча миграциялык каттоого туруу, үй-бүлө мүчөлөрүнө Милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин алуу, “кара тизмеге” кирип калгандарга мунапыс алуу, Россиянын мектептерине эмгек мигранттарынын балдарды киргизүү, эмгек укуктары, айрым учурларда - орой мамилеге кабылуу жана башка ушуга окшогон жагдайлар бар. Биз албетте, жогоруда аталган маселелерди чечүү убакытты, ошондой эле Россиянын башка мамлекеттик органдарынын активдүү өз ара биргелешип иш алып баруусун талап кылаарын түшүнөбүз. Жана биз тараптан да адам укуктары маселелерин илгерилетүү боюнча болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”,-деп айтты Джаманбаева.

Джамиля Джаманбаева Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү менен биргеликте кыргызстандык мигранттардын маселелерин чечүүнүн алгоритмдерин иштеп чыгууну баштаганын белгилеп өттү.

“Мисалы, Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биздин институт менен биргелешкен иш-аракетинин натыйжасында протоколдун долбоору иштелип чыкты, анда 2024-жылдын соңуна чейинки пландарыбыз көрсөтүлгөн. Аталган документтин аткарылышы биздин өлкөлөрдөгү адам укуктарынын сакталышына оң таасирин берээрине мен бекем ишенем”,-деп айтты Акыйкатчы.

Москалькова кыргыз диаспораларды тарабынан айтылган мигранттардын көйгөйлөрү Россиянын мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү менен талкууланып жана чечиле турганын билдирди.  

“Ыйгарым укуктуу өкүлдүн башкы тапшырмаларынын бири - адамдар менен пикир алышуу. Эмгек мигранттарын укуктарына кепилдиктерди жогорулатуу биздин коомго башка мамлекеттердин интеграцияланышына мүмкүндүк түзүп жана алардын жумушчу жана ишкер катары потенциалдарын бекемдейт деп ишенем”,-деди Москалькова.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Саламаттык сактоо министрлигинен ВИЧ жана гепатит оорусу менен жашаган кыргызстандык жарандардын укуктарын жана кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылууну талап кылды.

3-августта КРнын Акыйкатчы институтуна “ВИЧ менен жашаган аялдардын өлкөдөгү тармагы” жана “Гепатит менен күрөшүү” коомдук уюмдарынын өкүлдөрү кайрылышкан. Алар Вирустук гепатит жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борбордун Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтуна бириктирилишине байланыштуу КРнын Саламаттык сактоо министрлигинин позициясына макул эместиктерин билдиришкен.

Коомдук уюмдардын өкүлдөрү Саламаттык сактоо министрлигине бир нече ирээт аталган мекемелерди бириктирбөө өтүнүчү менен кайрылышкан, анткени бул ВИЧ жана гепатит менен жашаган жарандардын укуктарынын бузулушуна алып келиши мүмкүн. Алар берген маалыматка таянсак, функционалга ылайык, жогоруда аталган эки мекеме биргелешип иш алып бара албайт.

Белгилей кетсек, 21-июлда аталган коомдук уюмдардын өкүлдөрү Вирустук гепатит жана ВИЧти көзөмөлдөө боюнча республикалык борборун Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтуна кошпоону талап кылып митингге чыгышкан.

Кийинчерээк, 27-июлда Саламаттык сактоо министрлиги бири-бирине кошулбай турганын маалымдаган.

Бирок ВИЧ жана гепатит менен ооруган адамдардын коомчулугунун өкүлдөрүнүн айткандарына таянсак, Саламаттык сактоо министрлиги эки мекемени бириктирүү жөнүндө буйрукту кайра артка кайтарган эмес.

Акыйкатчы институту КРнын Саламаттык сактоо министрлигине бул маселе боюнча расмий билдирме жөнөткөн.

11-августта Саламаттык сактоо министринин орун басары жообун берип, эки мекемени бириктирүү боюнча чечим өкмөттүн программасына ылайык кабыл алынганы айтылат.

Саламаттык сактоо министрлигинин жообу:

“Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтун түзүү КРнын өкмөтүнүн 2018-жылдын 20-декабрындагы № 600 “Саламаттыгы чың адам - гүлдөгөн өлкө” деп аталган 2019-2030-жылдар үчүн калктын саламаттыгын коргоо жана саламаттыкты сактоо системасын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик Программасын аткаруунун негизинде болгон. Ооруларды алдын алуу, эпидемиологиялык көзөмөл, саламаттыкты сактоо жана чыңдоо боюнча тейлөөлөрдү жакшыртууну камсыздоо жана анын негизги функцияларын кеңейтүү менен коомдук саламаттыкты сактоо кызматын жаңылоо керек.

КРнын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 7-июлундагы № 340 токтомун аткаруу менен Саламаттык сактоо министрлиги Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун жетекчилигин КРнын юстиция органдарында мыйзамдарда каралган мөөнөттүн аралыгында кайра каттоодон өткөрүүнү милдеттендирген. Саламаттык сактоо министринин тиешелүү буйругу 2023-жылдын 20-июлунда № 875 номери менен кабыл алынган”,-деп айтылат министрдин орун басарынын расмий жообунда.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева КРнын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилигине кайрылат жана ВИЧ, гепатит менен жашаган тараптардын укуктарын сактоону камсыз кылууну талап кылат.

Акыйкатчы институту Кыргыз Республикасында ВИЧ жана гепатит менен жашаган жарандардын кызыкчылыктары менен укуктарынын бузулушуна жол бербөө максатында мониторинг жүргүзүүнү улантат.

 

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту ачык конкурстун жыйынтыгы менен кадрлар резервине 28 адамды кабыл алды.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаеванын 2023-жылдын 1-июнундагы буйругу менен кадрлар резервине кабыл алыш үчүн ачык конкурс жарыяланган. Баардыгы болуп конкурска 49 талапкер катышты.

Талаптарга ылайык, документ тапшырган талапкерлер КРнын Мамлекеттик кадр кызматынан тесттирлөөдөн өтүштү. Тесттын жыйынтыгы менен Кыргызстандын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун аппаратынын конкрустук комиссиясына маектешүүдөн өтүш үчүн талапкерлер аныкталды.

Маектешүүнүн жыйынтыгы менен кадрлар резервине 28 адам кабыл алынды. Алардын ичинен 16 адам мамлекеттик жарандык кызматтын башкы (8 кызматкер) жана кенже (8 кызматкер) административдик кызмат орундарына ишке киришти. Бүгүнкү күндө 4 административдик кызмат бош орун болууда. Институт кадрлар резевине которууга кайрадан конкурс жарыялады.

Конкурсту өткөрүү мезгили: 2023-жылдын 15-августунан 25-августуна чейин.

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин төмөнкү дарекке алып келүү зарыл: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 120, № 207 кабинет, тел.: (0312) 66-32-97.

Конкурска катышуу шарттары