Бүгүн, 24-августта Акыйкатчы аппаратынын кеңсесинде Акыйкатчынын орун басары Альберт Колопов АКШ Миссия башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Кристиан Мур жана АКШ элчилигинин Саясий экономика бөлүмүнүн кеңешчиси Рэйна Фарнсворт менен жолугушту.









Кой-Таш аскердик бөлүгүндөгү аскердин өлүмү, Беловодск айылындагы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин аскер кызматкеринин ур-токмокко алынышы, Нөөмөт жана күзөтүү департаментинин аскер кызматкеринин Республикалык психо-неврологиялык борборго түшүп калышы ж.б. окуялардан кийин Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын демилгеси менен аскер кызматын өтөөдө адам укуктарын сакталышы боюнча ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлгөн.

2022-жылы 13-июлда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматованын Россия Федерациясынын Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова менен видео жолугушуусу өттү.


Бүгүн, 2022-жылдын 30-июнунда, «Кылым шамы» АУКБнун Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун кызматкери менен биргеликте Акыйкатчы А.Абдрахматованын тапшырмасы боюнча Мамакеева атындагы Улуттук хирургиялык борбордун (УХБ) ириңдүү-септикалык хирургия бөлүмүнө барышты. Бул бөлүмгө Назгүл Өзкөнбаева кечээ, 29-июнда оор абалда алып келинген.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын аппаратына Кыргыз Республикасынын Кылмыш-Жаза Кодексинин бир катар беренелеринде каралган кылмыштарды жасаган деп айыпталган соттолуучу Р.Р. Панфилов райондук сотунда анын жазык ишин кароодо сот отурумуна мониторинг жүргүзүү өтүнүчү менен кайрылган.