Ушул жылдын 25-апрелинде Акыйкатчы Атыр Абдрахматова Кыргызстандын Медициналык профсоюзунун төрайымы Бермет Барыктабасова, ошондой эле «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын президенти Чолпон Бабалиева жана коалициянын юристи Жыпариза Жумагазиева менен жолугушту.

2022-жылдын 11-апрелинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова менен “Жарандык союз” бейөкмөт уюмунун теңтөрагасы Урмат Казакбаев кызматташуу жана биргелешкен иш-аракеттер жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Бүгүн, 2022-жылдын 5-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун Борбордук аппаратында Акыйкатчы Атыр Абдрахматова БУУнун Кеңешинин жумушчу тобунун аялдарга жана кыздарга карата дискриминация маселелери боюнча Төрайымы Элизабет Бродерик айым менен жолугушту. Бул топтун мүчөлүгүнө, Кыйноолорду алдын алуу боюнча улуттук борборунун директору Бакыт Рысбеков башында турган өкүлдөр бар.

Бүгүн, 2022-жылдын 5-апрелинде, Бишкекте “КР үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоонун улуттук деңгээлдеги укуктук каражаттарын изилдөөнүн жыйынтыктары” талкууланды.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) ыйгарым укуктуу органдарын, балдардын билимге бирдей жеткиликтүүлүгүн жана коопсуздугун камсыздоо маселелерин тез арада карап чыгууга жана оңунан чечүүгө чакырат.

01-апреля КР Акыйкатчысы Атыр Абрахматова “Кыргызстандын аялдарынын демократиялык тармагы” коомдук фондунун окулдору менен жолугушту.

2022-жылдын 1-апрелинде Акыйкатчы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова Жогорку Кенештин Төрагасы Талант Мамытов менен жолугуп, “2021-жылы Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышынын абалы жөнүндө” жылдык баяндамасын Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын кароосуна киргизгендигин билдирди.

Бүгүн, 2022-жылдын 28-мартында, КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова №2 аялдарды түзөтүү мекемесине барып, жазасын өтөп жаткан аялдардын айрымдары менен жолукту. Биринчи кезекте кичинекей балдары бар аялдар менен сүйлөштү.

КР Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнө Ж.А. арыз менен кайрылган. Арызында, 2017-жылы Р.М. атуу жаран менен баш кошуп жашашканын, 2018 жана 2020-жылдары эки уулдуу болушканын, андан кийин пикир келишпөөчүлүктөн улам ажырашып кетип, балдар өзү менен калганын жазган.

КР Акыйкатчы (Омбудсмен) аппараты административдик улук жана кенже кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

2022-жылдын 24-мартында, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын орун басары А. Колопов №47 түзөтүү мекемесинде мониторинг жүргүзүп, кээ бир жазасын өтөп жаткандар менен маектешип, андан соң мекеменин жетекчисинин орун басары Н.Сүйүнбаевдин пикирин укту.

Бүгүн, 2022-жылдын 24-мартында КР Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Кыргыз Республикасында иш сапарда жүргөн Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) делегациясынын өкүлдөрү менен жолугушту. Жолугушууга Франциянын Улуттук жыйынынын депутаты, Саясий маселелер жана демократия боюнча комитеттин эксперт-баяндамачысы, ЕКПАнын мүчөсү Жак Мэр, Европа Кеңешинин Парламенттик Ассамблеясынын (ЕКПА) саясий маселелер жана демократия боюнча комитетинин катчысы Павел Шевченко жана ЕКПА делегациясынын мүчөсү Ариан Лецерф катышты.


Бүгүн, 2022-жылдын 23-мартында КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова жана КРдагы 36 коомдук уюмдарын жана эксперттерин, жарандык активисттерин жана жарандык коом өкүлдөрүн бириктирген Теңчилик үчүн коалициясынын өкүлдөрү менен жолугушту.
Жолугушуу учурунда Коалиция мүчөлөрү Акыйкатчыга өз ишмердигинин башкы багыты өлкөдө дискриминацияга (басмырлоого) каршы мыйзамдарды илгерилетүүгө багытталган өз ишмердиги тууралуу айтып беришти.
Атыр Абдрахматовага ошондой эле Коалиция жана Борбордук Азиядагы Тынчтык жаратуу жана медиатехнологиялар мектеби тарабынан өткөрүлгөн «COVID-19 учурунда Кыргызстандагы дискриминация, зомбулук жана жек көрүүчүлүк» иликтөөсүнүн жыйынтыктары тууралуу маалымат беришип, Кыргызстанда жек көрүү жана басмырлоо инциденттери катталуучу ачык маалыматтардын веб-ресурсун көрсөтүп беришти.
Акыйкатчы КР Омбудсмен институтунун иштеринин планы тууралуу айтып, бүгүнкү күндөгү адам укуктарын коргоонун актуалдуу маселелерин ортого салды жана ар кайсы багыттар боюнча Коалиция менен кызматташуу маселелерин талкуулады.
Жолугушуунун жыйынтыгында буга чейин КР Акыйкатчы институту менен Коалициянын ортосунда түзүлгөн Өнөктөштүк тууралуу меморандумдун мөөнөтүн 2022-жылдын аягына чейин узартуу маселеси чечилди.