Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту мамлекеттик жарандык кызматтын башкы жана кенже кызмат орундарынын кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыялайт.

Конкурсту өткөрүү мезгили: 2023-жылдын 15-августунан 25-августуна чейин.

Конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмегин төмөнкү дарекке алып келүү зарыл: Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү 120, № 207 кабинет, тел.: (0312) 66-32-97.

Конкурска катышуу шарттары

 

 

Кошунасы ыдык көрсөткөн 9 жаштагы кыздын апасы коомчулуктан көмөк сурады. Ал учурда сотто өзүнүн кызынын укугун коргоого аракет кылууда, бирок ага катуу кысым көрсөтүп жатышат.

Аргасы кеткен А. Т. аттуу аял КРнын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаеванын жеке кабыл алуусуна келди. Аял ага ар тараптан кысым көрсөтүп жатышканын айтты.

“Сот процесси создуктурулуп жатат, жети сот процессинин ичинен бешөө өтпөй калды, анткени айыпталуучуну сотко алып келишкен жок. Андан кийин эле судья эмгек өргүүсүнө чыгып кетти. Улам эле процессти токтотуп салышкандыктан, мен жумушка дагы бара албай жатам, үйдү карап багып жаткан жалгыз менмин. Анан калса адвокаттын акчасын дагы төлөшүм керек. Ал эми процесс болсо кайра-кайра эле өтпөй калып жатат. Анысы аз келгенсип мени “талоонго” алышууда-башка коңшуларым мени да, кызымды да жамандашууда. Күн сайын ар кандай чагымдарды кылышып, мага каршы арыз да жазышты. Бизди жек көрүндү кылгылары келип жатышат. Мен болгону өзүмдүн кызымды коргогум келет жана күнөөлүү киши жазасын алып, акыйкаттыкка жетсем дейм. Эмне кылсам болот? Мага камкордук, көмөк керек...”,-деп ыйлады аргасы кеткен аял.

Эскерте кетсек, азыркы учурда Сокулук райондук соту 9 жаштагы кызга карата  ыдык көрсөтүү боюнча кылмыш ишин карап жатат.

Аталган иштин материалына таянсак, М. А .(кошуна) аттуу жаранга карата 158-берене боюнча кылмыш иши козголгон.

2023-жылдын 6-февралында А. Т. анын 9 жаштагы кызына кошунасы ыдык көрсөткөнүн билгенден кийин милицияга арыз берген. Комплекстүү экспертиза кыз эркек тараптан ага ыдык көрсөтүлгөнү тууралуу факты жөнүндө чындыкты айтып жатканын тастыктаган.

Буга чейин ЖМКга кыздын апасы кошунасынын жосунсуз жоругу тууралуу кантип билгенин маалымдаган. Анын айтымында, кызы ыйлап жумушка кеткенде кошунасыныкына таштабоону суранган, анткени кошунасы аны дайыма өпкүлөй берээрин жана мындан улам жүрөгү айланып кускусу келээрин айткан.

Кыздын энеси башка маалыматтар тууралуу дагы бөлүшкөн, кийинчерээк кошунасы түн ичинде кичинекей кыз уктап жаткан бөлмөгө кирип аны чечинтип, кармалаган.

Кыз ыйлап жибергенде эркек киши аялы жана балдары ойгонуп кетет деп коркуп кетип калган. Аял мунун баарын кызынан уккандан кийин арыз жазган.  

Институттун балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери аталган кейсти кылмыш иши башталгандан тартып карап жатышат — кыздын апасына укуктук кеп-кеңеш беришкен. Мындан тышкары тергөө маалындагы баардык укук бузуулар боюнча институт укук коргоо органдарына жана прокуратура органдарына кайрылган.

Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева мамлекеттик органдарды сотто кыздын укуктарын коргоону камсыз кылууга чакырды.

Негизинен Акыйкатчы Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилигине айыпталуучуну убактылуу кармоочу жайдан сотко жеткирүүнү камсыздоого кайрылды.

Ошондой эле Акыйкатчы башка жактоочуларды сотто кыздын укуктарын корголушу үчүн анын апасына көмөктөшүүгө чакырды. Соттун кийинки отуруму 14-августка дайындалды. Процесс жабык режимде өтөт.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева менен Азия-Тынч океан форумунун мыйзамдар жана саясат маселелери боюнча директору Кирэн Фитцпатрик видео конференция форматында байланышты.

Тараптар Кыргызстандагы адам укуктарын илгерилетүүнү талкуулашты жана эл аралык кызматташтыкты координациялоо жолу менен улуттук укук коргоо институтун өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүү жөнүндө пикир алышты.

Ошондой эле эки тарап адам укуктарын коргоо боюнча кызматташтыкты күчтөндүрүүгө кызыкдар экенин билдиришти.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту Азия-Тынч океан форумуна мүчө катары өзүнүн ишмердигин активдештирүүгө болгон күч-аракетин жумшап жатканын белгилеп өттү.

“Айрыкча өз ара аракеттенишүү маселелеринде жана адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо жаатындагы эң мыкты эл аралык тажрыйба алмашууда Акыйкатчы институту өзүнүн алдына дымактуу милдеттерди коюп жатат жана Борбор Азияда адам укуктары менен эркиндиктеринин баалуулуктарын жогорулатуу жаатында локомотив болгонго баардык чараларды көрүүдө. Албетте, бул максатка жетиш үчүн кызматташуу өзгөчө мааниге ээ”,-деди Акыйкатчы.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун эксперттик талдоо кылганы үчүн аталган уюмга ыраазычылык билдирди.

“Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору депутаттар менен биргеликте иштелип чыккан жана Жогорку Кеңештин алты фракциясынын лидерлери тарабынан демилгеленген. Бүгүнкү күндө документ коомдук талкууга коюлду. Аны менен бир катарда эле документтин адам укуктарын коргоо боюнча эл аралык талаптарга шайкеш келиши, анын ичинде Париж принциптерине ылайык келүүсү боюнча эксперттик бүтүмдөрдү алыш үчүн эл аралык уюмдар менен  сүйлөшүүлөр жүрүп жатат”,-деп белгилеп өттү Акыйкатчы.

Башкы укук коргоочу Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзамды кабыл алуу институттун А макамын алуу процедурасынан өтүүгө мүмкүндүк берээрин кошумчалады.

“Документ Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институнун А макамын алыш үчүн Улуттук укук коргоо мекемелеринин глобалдык альянсынын аккредитациясынан өтүү боюнча комитетине мекемени кайрадан аккредитациядан өткөрүү боюнча билдирме берүүгө негиз болмокчу”,-деди Акыйкатчы.

Кирэн Фитцпатрик аталган уюм мыйзам долбооруна жеке өзүнүн талдоосун жүргүзгөнүн жана долбоор Париж принциптерине ылайык келерин баса белгиледи.

“Жалпысынан мыйзам долбоорунда адам укуктарын коргоо жаатында Акыйкатчы институтуна көбүрөөк ыйгарым укуктарды бере турган нормалар каралган.Биз Кыргызстандын улуттук укук коргоо институтунун А макамын алыш үчүн аккредитациядан өтүүгө мүмкүндүк бере турган Акыйкатчы жөнүндө мыйзамды кабыл алуусун ар дайым колдойбуз”,-деп айтты Кирэн Фитцпатрик.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева аутизм жөнүндө кыргыз тилинде алгачкы болуп жарык көргөн китептин авторлору - журналист Бактыгуль Чыныбаева жана «Сэнт Жонс» университетинин студенти Зейнеп Ибраим кызы менен жолугушту.

«Өзгөчө бөбөгүм» деп аталган китептин автору Зейнеп Ибрагим кызы жана «Аутизм менен жашоо» деп аталган китептин автору Бактыгуль Чыныбаева - Урмат ысымдуу өзгөчө баланын эжеси жана апасы.

Акыйкатчы жана китептин авторлору аутизми бар балдардын укуктарын камсыздоонун маанилүү экенин сөз кылышты.

Бактыгуль Чыныбаева Акыйкатчыга китепти жазууга эмне түрткү болгонун айтып берди.

“Кыргызстанда аутизми бар балдардын ата-энелери күн сайын баланын ар бир жылмаюсу, ар бир кыймылы үчүн күрөшүп келет. Ошол эле маалда алар аталган көйгөй менен жалгыз бетме-бет калышат. Мамлекет буга катышпайт. Өлкөдө аутизми бар балдар үчүн мамлекеттик борборлор жок. Мындай балдардын ата-энеси жалгыз бир менчик борборго кайрылышат жана албетте ага көбүнүн чөнтөгүндөгү каражаты туура келбейт. Биз алгачкы жолу балабыздын диагнозу тууралуу билген кезде, чет өлкөдө болчубуз. Бизге адистер келишип, мени менен иш алып барышты. Өнүккөн өлкөлөрдө диагнозду аныктоодо так алгоритмдер мурдатан эле бар. Биринчи кезекте аутизми бар балдардын ата-энелерине көмөк жана колдоо көрсөтүшөт, мындай диагноздогу бала кантип өсүп чоңоеру дал ушул ата-эненин маалымат алуусунан башталат. Биз мекенибизге кайтып келген кезде өлкөдө бул багытта жагдай оор экенин жана эч ким көмөк бербесин түшүндүм. Ата-энелер өз күчү менен кээ бир мүмкүнчүлүктөргө жетүүгө аракет кылышат. Бирок мамлекет тараптан колдоо керек. Ал эми бизде ал жок”,-деп айтты журналист.

Акыйкатчы китептин авторлоруна балдар укуктарын коргоого кошкон салымдары үчүн Ыраазычылык каттарды тапшырды.

“Биз үчүн аутизми бар балдардын укуктарын камсыздоо абдан маанилүү. Биз балдардын укуктарын коргоого кошкон салымыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин методика менен көптөгөн ата-энелер өздөрүнүн балдарына жардам бере алышат. Бизге аутизми бар балдардын укуктарын коргоо боюнча жагдай белгилүү. Акыйкатчы институту бул багытта зарыл болгон иштерди жүргүзүүгө даяр. Биз аутизми бар адамдардын жашоо сапатын жогорулатуу жана оптималдуу өнүгүүсүн камсыздаш үчүн системалык өзгөрүүлөрдү сунуштоого ниеттенип жатабыз. Ошондой эле аутизми бар балдардын ата-энелеринин зарыл болгон маалыматка жетүү укуктарын камсыздоо маанилүү, алар өз балдарынын индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жогорку кесипкөй адистердин колдоосун алууга тийиш”,-деп билдирди Акыйкатчы.

Ошондой эле аутизми бар балдарга коом тараптан дискриминацияга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуунун маанилүү экенин талкууланды.

Эскерте кетсек, 26-июлда Бишкекте кыргыз тилинде алгач ирээт аутизм боюнча жазылган китептин бет ачаары өткөрүлгөн.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жана Европа Биримдигинин (ЕБ) өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон жолугушту.

Жолугушууда эки тарап Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо жагдайы тууралуу талкуулашты.

Тараптар Кыргызстанда адам укуктарынын фундаменталдык баалуулуктарын, демократияны, укуктун үстөмдүгү менен жарандык коомду илгерилетүүгө байланыштуу пикир алышты.

Джамиля Джаманбаева Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктар менен адам укуктары жана эркиндиктеринин жогорку стандарттарын чыңдоого кошкон ЕБдин салымын белгилеп өттү.

“Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү Акыйкатчы институтун Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо маселелери боюнча дайыма колдоп келет, жалпысынан институттун өнүгүшүнө салым кошкон абдан көп жакшы долбоорлор ишке ашты, албетте, бул аракеттер өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктери боюнча жагдайга оң таасирин тийгизди”,-деди Акыйкатчы.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту өлкөдөгү адам укуктарын сактоо боюнча абалды жакшыртыш үчүн бардык чараларды көрүп келе жатканын баса белгиледи.

“Негизинен Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин алты фракциясынын лидерлери тарабынан демилгеленген. Документ азыр коомдук талкууга чыгарылды”,-деп айтты Джамиля Джаманбаева.

Акыйкатчы аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин ал милдеттүү түрдө Акыйкатчы институтун «А» макамына аккредитациялоо боюнча маселени демилгелеп чыгаарын кошумчалады.

Мэрилин Йосефсон өз кезегинде ЕБ тараптан Акыйкатчы институтуна зарыл болгон көмөк көрсөтүлөрүнө ишенерин айтты.

“Европа Биримдиги Кыргызстандагы Акыйкатчынын кеңсесинин ишин жогору баалайт жана анын көз карандысыздыгы менен ролун бекемдөөгө, ошондой эле Париж принциптерине ылайык келген жана Кыргызстанды "А" макамына жеткире турган реформаларды колдоого көмөк берүүнү улантат”,-деп билдирди Кыргызстандагы ЕБдин өкүчүлүгүнүн элчиси.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту өзүнүн өнүгүү стратегиясын иштеп чыкканын жана ага КРдагы ЕБдин өкүлчүлүгүнүн чоң салымы бар экенин белгилеп өттү.

“Эгерде анык бир мисалдарды келтире турган болсок, биз жакын арада Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбаларын колдонуу менен сөз эркиндигине карата укукка комплекстүү талдоо жүргүзүүнү пландап жатабыз. Негизинен сөз эркиндигине байланышкан иштер боюнча Страсбург сотунун тажырыйбаларын изилдөөнүн жыйынтыгы менен биз анык бир сунуштамаларды, ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыкмакчыбыз. Бул маселеде сиздердин көмөгүңүздөрдү күтөбүз”,-деди Акыйкатчы.

Тараптар Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктеринин жогорку стандарттары менен демократиялык баалуулуктарды чыңдоо боюнча кызматташтыкты мындан ары дагы күчтөндүрүүгө макулдашты.

Фотонун автору: Алишер Алиев / Кыргызстандагы ЕБдин өкүлчүлүгү

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жарандарды жеке кабыл алды.

Акыйкатчыга 1939-жылы туулган Т. Т. анын жеке менчикке ээ болуу укугун калыбына келтирип берүүгө көмөк сурап кайрылды.

Ал анын үйү менен батирине карата укугу соттун чечими менен бузулганын айтып берди.

“Биз жубайым экөөбүз көп жыл чогуу жашап, төрт баланы тарбиялап, чоңойттук. Жубайымдын биринчи никесинен уулу бар болчу. Байбичем көз жумгандан кийин анын биринчи никесиндеги уулунун кызы мүлкүбүздөн өз үлүшүн талап кылып чыкты. Ал сотко кайрылып өз үлүшүн бөлүп берүүнү сурады. Үй менен батир менен аялымдын наамына катталган эле. Жактоочуларды издей баштадык. Таптык. Жарандык процесс башталды. Бирок эмнегедир сотко мени киргизишкен жок, жактоочум ошондой деп айтты. Мен дайыма сотко барып, бирок көчөдө отургучта сот бүткөнчө отуруп, күтүп жүрдүм. Анан эле сот чечим чыгарды.  Менин жана балдарымдын, ошондой эле жубайымдын небересине “мүлктү бирдей үлүштө тең бөлүп алышат” деген бүтүм чыгарышкан экен. Соттун чечимин дароо эле түшүнө алган жокмун. Анан калса чечим тууралуу дагы кийинчерээк билдим. Тынчтык макулдашуусу бар экенинен дагы кабарым жок болчу. Андан кийин гана менин укуктарым соттун чечими менен бузулганын түшүндүм”,-деп нааразы болду карыя.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 17-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту  Т. Т.нын жактоочусу, анын балдары жана жубайынын небереси тарабынан түзүлгөн тараптардын тынчтык макулдашуусун тастыктай турганы жөнүндө чечимди кабыл алган.

Тынчтык макулдашуусунун шартына ылайык, жогоруда аталган тараптар мурасталган кыймылсыз мүлктөн бирдей үлүшкө ээ болууга укуктуу болушкан.

Соттогу иштин материалдарына ылайык, тынчтык келишимин түзүү жөнүндө сунушту Т. Т.нын жактоочусу берген.

2021-жылдын 17-сентябрдагы соттун чечими менен тынчтык келишими түзүлгөнүнө байланыштуу делип аталган жарандык иш өндүрүштөн токтотулган.

Карыя анын укуктары сотто жетишээрлик коргобой калган деп эсептейт.

Анын айтымында, ал соттун чечими тууралуу билип жана аны түшүнөөрү менен көп убакыт бою мамлекеттик органдардын каалгасын каккылап, акыйкаттыкка жетүүгө аракет кылган.

Ысыкка, суукка, нөшөрлүү жамгырлар төккөнүнө карабай, укук коргоо органдарынын кеңселерин кимдир-бирөө аны угуп жана көйгөйүн түшүнөт деген үмүттө “күзөтүп” жүргөнүн да кошумчалады. Бирок бир да бирөөсүн да оң натыйжа чыккан эмес. Аргасы кеткенде президентке кайрылган.

Соттук иштин материалдарына ылайык, президент Юстиция министрлигине улгайган кишиге укуктук көмөк берүүнү тапшырган. Ага акысыз жактоочу беришкен, жактоочу тынчтык макулдашуу тууралуу соттун чечимин жокко чыгарыш үчүн Бишкек шаардык сотуна жеке даттанууну берүүнүн процессуалдык мөөнөтүн калыбына келтирүү арызы менен кайрылган.

Бирок 2022-жылдын 28-декабрында экинчи инстанциядагы сот арызды канааттандыруудан баш тарткан. 2023-жылдын 19-апрелинде Жогорку сот да экинчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.

Эми карыя кайрадан мамлекеттик органдардын эшигин “жыртып”, акыйкаттык издөөгө мажбур болуп жатат.     

“Мен үйдү байбичем экөөбүз кичинекей кезинен эле багып алган небере кызыма каттатып берейин деп ойлогом. Мен эми анте албай калдым, болгону өзүмдүн үлушүмдү гана бере алам”,-деп айтып берди карыя өзүнүн иши тууралуу Акыйкатчыга.

Акыйкатчы ишти өзү тыкыр изилдеп чыкканын жана анын укуктарын коргош үчүн мыйзамдуу жолдор бар экенин билдирди.

“Сиздин ишти мен жеке көзөмөлүмө алдым. Калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүнүн кайрылуулары мен үчүн биринчи орунда карала турган иштер. Биз сиздин иш боюнча жагдайды түшүндүк, ошондой эле аны чечүүнүн жолдорун дагы көрүп турабыз”,-деп айтты Акыйкатчы.

Джамиля Джаманбаева тиешелүү бөлүмгө карыянын мыйзамдуу укуктарын калыбына келтириш үчүн  зарыл болгон баардык чараларды көрүүнү тапшырды.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун демигечилерине аны чакыртып алууну сунуштады.

Акыйкатчы институту аталган мыйзам долбоорунун улуттук мыйзамдарга жана укуктарды камсыздоо жаатындагы эл аралык талаптарга шайкеш келүүсүн талдап чыккан.

Мандатка ылайык, Акыйкатчы институту адам укуктары менен эркиндиктерин, анын ичинен КРнын Конституциясында каралган бирикмелерге биригүү эркиндиги, сөз эркиндиги жана эл аралык укуктук нормаларды камсыздоону жактайт.

Акыйкатчы “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын Мыйзамынын (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” КРнын Мыйзамы) жана КРнын Кылмыш Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилерине адам укуктары менен эркиндиктеринин эл аралык стандарттарын камсыздоо жана КРнын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткаруу максатында аталган мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштады.

Ошондой эле Акыйкатчы демилгечилерге ушул долбоордун жаңы редакциясын эксперттерди тартуу менен кайрадан иштеп чыгууну сунуштайт.

 

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун жетекчилигинин жарандарды жеке кабыл алуусунун графиги

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Джамиля Джаманбаева — шаршемби, саат 14.00дөн 17.00гө чейин

КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Шухрат Айтиев — бейшемби, саат 10.00дөн 18.00гө чейин

КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) орун басары Айчүрөк Назаралиева — дүйшөмбү, саат 10.00дөн 18.00гө чейин

Акыйкатчынын аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков — дүйшөмбүдөн тарта жума күнгө дейре, саат 10.00дөн 18.00гө чейин  

Жарандарды жеке кабыл алуу 0312 66 32 80 телефонуна алдын ала катталуу боюнча жүргүзүлөт.

 

Акыйкатчынын (Омбудсмен) орун басары Шухрат Айтиев менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркиндигинин маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро жолугушту.

Жолугушууда жарандардын сөз эркиндиги жана өз пикирин эркин билдирүү укуктары талкууланды.

Тараптар жарандардын сөз эркиндигин коргоо боюнча жалпы таанылган нормаларды сактоонун маанилүү экендиги жөнүндө пикир алышты.

Тереза Рибейро ЕККУ Кыргызстанда “Журналисттердин коопсуздугу” деп аталган долбоорду ишке киргизүүнү пландап жатканын маалымдады.

“Долбоор боюнча Бириккен улуттар уюмуна мүчө болгон мамлекеттерге журналисттердин коопсуздугу боюнча механизмдерди сунуштоо пландалууда. Ошондой эле журналисттердин маалыматка жетүү боюнча көйгөйлөрү бар экенин белгилеп кетүү керек. Мамлекеттик органдар журналисттерге расмий маалыматты берүүдөн баш тарткан учурлар бар”,-деп айтты өкүл.

Тараптар маалыматка жетүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн коопсуздугун жана укуктарын камсыздоонун маанилүү экендиги жөнүндө өз ара макулдашууга жетишти.

Айтиев Акыйкатчы институту мандатына ылайык, журналисттердин укуктары менен коопсуздугунун сакталышын колдой турганын баса белгиледи.

 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН)  “Бизнес жана адам укуктары” менен “Кыргызстанда адам укуктарын коргоону күчөтүү жана акыйкаттыкка жетүүнүн теңдиги” деп аталган долбоорлору боюнча жолугушууда бизнес жүргүзүүдө адам укуктарынын  сакталышы маанилүү экендигин билдирди.

Анын айтымында, базар экономикасынын шарттарында жана транс улуттук корпорациялар, бизнес-ассоциациялар менен ишканалардын саны өсүп жаткан маалда бизнес-түзүмдөрдө адам укуктарын кыйшаюсуз сактоо бүгүнкү күндө абдан мааниге ээ.

“Бизнес-түзүмдөр өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө адам укуктарын мамлекет сыяктуу эле сактоого милдеттүү деген түшүнүк жогорулоодо. Ошол эле маалда бизнес жүргүзүүдө адам укуктарын кыйшаюсуз карманаарын расмий билдирген бизнес-структураларга мамлекеттен жеңилдиктерди берүү да маанилүү”,-деди Джаманбаева.

Акыйкатчы бизнес жүргүзүүдө Бириккен улуттар уюмунун жетектөөчү принциптерин киргизүү оң жыйынтыктарды берип келгенин эскертти:

көмүскө экономиканын деңгээлинин азайышы;

сапаттуу жумуш орундарынын түзүлүшү;

ички жана тышкы миграциянын маселелеринин чечилиши; 

калктын аярлуу катмарынын экономикалык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши.

ПРООНдун “Мамлекеттик башкаруу жана социалдык биримдик” программалык багытынын жетекчиси Эркин Уразбаеванын айтымында, ПРООНдун долбоору башталгандан кийин бир жылдын ичинде Кыргызстан бизнес-түзүмдөрдө адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууга дагы бир кадамга жакындады.   

“2022-2023-жылы бул программага катышкан 13 мамлекеттин ичинен Кыргызстан менен Тунис гана  “Бизнес жана адам укуктары” жаатындагы  улуттук планды иштеп чыгышаарын расмий билдиришти. Бул айда Монголия алгачкы Улуттук планын кабыл алганын жарыялады. “Бизнес жана адам укуктары” долбоорунун эки глобалдуу максаты бар:

жапон компанияларынын жана алардын бизнес-шериктеринин адам укуктары жаатына тиешелүү көңүл буруусун күчөтүү;

“Бизнес жана адам укуктары” жаатында улуттук планды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга Өкмөттөргө техникалык колдоо көрсөтүү.

Кыргызстанда биз аталган принциптерди колдонууну 53 ишкана жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнө үйрөттүк. Кийинки жылы Япония менен шериктеш болуп иштеген дагы 40 компаниянын  өкүлдөрүнө ушундай эле окууларды өткөрөбүз. JICA уюму бизге көмөктөшөт деген ниеттебиз”,-деп айтты ал.

Андан соң Акыйкатчы институту менен КРнын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык көмөк кызматынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасы болду.

Джамиля Джаманбаева мындай келишимге кол коюнун негизги максаты-кесипкөй юридикалык жана консультациялык-укуктук көмөк көрсөтүү, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча эл аралык сунуштамалар менен стандарттарга ылайык акыйкаттык менен укуктук көмөккө жетишүүнү жакшыртуу экенин белгилеп өттү.

“Бул келишим көрсөтүлүп жаткан юридикалык тейлөөлөрдү сапатын жогорулатууга жаңыча дем берет жана биз Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин биргелешип камсыздай алабыз деген ниеттемин”,-деп айтты Акыйкатчы.

 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынында майыптыгы бар соттолгон жарандардын укуктары, эркиндиктен ажыратуу жайларында майыптык макамын алуу жана аны документтештирүү маселесин көтөрдү.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту 2020-жылы эле КРда медициналык-социалдык экспертизалоо жана текшерүү жүргүзүү жөнүндө, анын ичинде эркиндиктен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан тараптардын арасындагы жарандардын майыптыгын таануу боюнча сунушту бергенин айтты.

КРнын Президентинин Администрациясынын тапшырмасы менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп жана ал топ токтом долбоорунун макулдашылган вариантын КРнын Министрлер кабинетине алып кире электигин, анын натыйжасында  соттолгондордун медициналык-социалдык экспертизадан өтүү  укуктары ишке аша элек экенин Джамиля Джаманбаева баса белгиледи.

Эркиндигинен ажыратылган жана жаза өтөө жайларындагы (2020-жылы жаза өтөө жайларынын жабык мекемелерине мониторинг жүргүзүлгөн) майыптыгы бар соттолгон жарандардын кайрылуусунун жыйынтыгы менен КРнын Министрлер кабинетине төмөнкүлөр тапшырылган:

-КРда медициналык-социалдык экспертизадан өтүү жана текшерүү, документ топтоонун тартиби жөнүндө, анын ичинде эркиндигинен ажыратылган жайларда жаза өтөп жаткан жаранды майыптыгы бар деп таануу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу.

Бирок мындай сунуштар ушул күнгө чейин аткарылган эмес. 

Джамиля Джаманбаева коррупциялык тобокелдиктерди алдына алыш үчүн эркинен ажыратуу жайларында Медициналык-социалдык экспертиза боюнча республикалык борбордун экспертиза жүргүзүүсүнөн баш тартпоо керектигин, анын ордуна аны жүргүзүүнүн тартиби менен сапатына дагы тыкыр кароо керектигин баса белгиледи. Ошондой эле абак жайларында узак же болбосо өмүр бою жаза мөөнөтүн өтөй турган адамдардын саны жетишээрлик көп экенин эске алуу керек. Алардын бошотулганын күтүп отуруу майыптыгы бар жарандарга каралган кепилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.

Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын майыптыгы барлардын укуктары жөнүндө конвенцияга кошулуусу эл аралык келишимдин жоболорун улуттук мыйзамдарда аткарылышы боюнча чараларды кабыл алуу милдетине алып келерин белгиледи.

Азыркы учурда Медициналык-социалдык экспертиза боюнча республикалык борбордун КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын түзөтүүчү мекемелеринде кармалган жарандарды экспертиза кылбаганы адам жана жарандын укуктарын одоно бузууга алып келет.

Жогоруда аталган норманы алып салуу соттолгондордун укуктарын калыбына келтирүүгө негиз болуп бермекчи.

Жыйындын соңунда КРнын Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдиль Байсалов аталган маселе боюнча профилдик мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.

КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери - укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарын сактоо бөлүмүнүн башчысы  Анвар Султанбеков, ушул эле бөлүмдүн жетектөөчү адиси Жалил Малдыбаев, Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо боюнча бөлүмдүн башчысы Наиля Токтосунова Алматы шаарында өткөн “Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин куралдарды жана тынчтандыруу ыкмаларын колдонушуна мониторинг” деп аталган эл аралык семинарга катышты.

Семинар  Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын башкармалыгынын Борбор Азиядагы аймактык бөлүмү тарабынан уюштурулган.

Семинарда аталган башкармалыктын өкүлдөрү атайын каражаттарды, куралдарды жана тынчтандыруу ыкмаларын колдонуу тажрыйбасында адам укуктарынын сакталышына улуттук укук коргоочу мекемелердин (Акыйкатчы институттарынын) жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн мониторинг жүргүзүүсүнүн зарылдыгын белгилеп өтүштү.

Эл аралык стандарттарга ылайык, кыйноого жана башка катаал, адамдын ар-намысын басмырлаган же болбосо адамгерчиликсиз кайрылууларды жана жазаларды колдонууга тыюу салуу абсолюттук мүнөздө болушу кажет жана кандай жагдайда болбосун бузулбашы керек.

Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыны жана Бириккен улуттар уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясын ратификациялоо менен баардык ага катышкан өлкөлөр кыйноолорго тыюу салуу жөнүндө эл аралык стандарттарды сактоого милдеттүү болушкан.

Куралдарды жана атайын каражаттарды колдонууга көз карандысыз мониторинг жүргүзүү кыйноолорду жана башка катаал мамиле кылуунун түрлөрүн алдын алууга натыйжалуу мүмкүндүк болуп саналат.

Семинардын катышуучулары куралдарды колдонуунун мыйзамдуулугу, зарылдыгынын принциптери, тынчтандыруунун күчү жана ыкмалары,  ошондой эле кыйноолор жана башка катаал мамиленин түрлөрүн колдонууга гана арналган атайын каражаттарды колдонууга тыюу салуу зарылдыгы жөнүндө кошумча билимдерге ээ болушту.

Куралдарды жана атайын каражаттарды колдонуунун мыйзамдуулугу жана аларды мыйзамсыз колдонгон, жаракаттарды берген же болбосо өлүмгө алып келген жагдайлардагы мамлекеттердин милдеттери талкууланды.

Ошондой эле көз карандысыз мониторингдин ыкмалары, атайын каражаттарды колдонууну жөнгө салуучу мыйзамга караштуу актыларга жеткиликтүүлүк укугу жана атайын каражаттарды колдонуу фактылары боюнча коомчулукка күч түзүмдөрүнүн отчеттуулугу да каралды.

Стамбул протоколу (Кыйноону жана башка катаал, адамдын ар-намысын басмырлаган же болбосо адамгерчиликсиз кайрылууларды жана жазаларды колдонууну натыйжалуу изилдөө жана документтештирүү боюнча документ) боюнча эксперттер анын Казакстанда жана Кыргызстанда колдонуу тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти.

КРнын Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү аталган маселенин актуалдуулугун жана кыйноолор менен катаал мамилени жоюу жана алдын алууга байланышкан адам укуктарын боюнча БУУнун механизмдеринин сунуштамаларын аткаруу боюнча чараларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков Астана шаарында Европа Кеңеши жана Евробиримдиктин өкүлчүлүгү уюштурган Борбор Азиядагы укуктун үстөмдүгү боюнча программасынын аймактык жетекчилик комитетинин экинчи жыйынына катышты.

Программанын башкы максаты - адам укуктарын, демократияны жана укуктун үстөмдүгүн европалык жана башка эл аралык стандарттарга ылайык чыңдоо жолу менен жарандардын жашоосун жакшыртуу.

Жыйындын жүрүшүндө 2020-жылдан 2023-жылга чейинки аралыкта Борбор Азиядагы Адам укуктары боюнча программанын ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын тааныштырышты, ошондой эле Борбор Азиянын өлкөлөрү менен Европа Кеңеши жана Евробиримдиктин укуктун үстөмдүгү маселелери боюнча кызматташтыгынын негизги артыкчылыктары менен келечегин белгилешти.

Аппараттын жетекчиси өз сөзүндө Акыйкатчы институту менен Евробиримдиктин, Европа Кеңешинин адам укуктары жаатында эл аралык стандарттарды колдонуу маселелери боюнча кызматташтыгынын маанилүү экенин баса белгиледи

Ошондой эле ал аймактык деңгээлде адам укуктары менен эркиндиктеринин жогорку стандарттарын киргизүү багытында көбүрөөк тыгыз кызматташуу ниетин билдирди. Адам укуктары жаатында стандарттарды натыйжалуу колдонуу үчүн аталган программаны улантуунун алкагында аппарат жетекчиси Бишкекте Адам укуктары боюнча борборазиялык хаб түзүүнү колдоону өтүндү.

Аталган институттун негизги миссиясы - борборазиялык аймакта адам укуктарынын жогорку баалуулуктарын изилдөө жана илгерилетүү, адам укуктары менен эркиндиктерин коргоонун эң мыкты тажрыйбаларын жалпылоо жана бул аймакка аларды киргизүү, адам укуктарына байланыштуу маселелерди талкуулоо жана сунуштарды иштеп чыгыш үчүн бирдиктүү аянтчаны түзүү, адам укуктарынын баардык маселелерине илимий ыкма, Борбор Азиянын өлкөлөрүнүн мыйзамдарын эл аралык стандартка интеграциялоо жана системалаштыруу болмокчу.

Жыйында Акыйкатчы институтунун Бишкекте Адам укуктары боюнча борборазиялык хаб түзүү боюнча сунушу колдоо тапты.

Акыйкатчы (Омбудсмен) институту КРнын Конституциялык соту менен адам укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча ишин күчтөндүрүүгө ниеттенүүдө, анткени тыгыз кызматташуу Кыргызстандагы адам укуктарына байланышкан жагдайды жакшыртууга өбөлгө болмокчу. Бул тууралуу бүгүн Конституциянын 30 жылдыгына арналган “Конституция укуктук, демократиялык мамлекетти куруунун негизи катары” деп аталган эл аралык илимий-практикалык конференцияда КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева билдирди.

Акыйкатчы Кыргызстан эгемендикке жетишкенден учурдан тартып, өлкөнүн Конституцияны кабыл алышы кыргыз мамлекетүүлүгүнүн кайра жаралышынын, ошондой эле өлкөнүн негизги мыйзамында чагылдырылган негизги адам укуктары жана эркиндиктерин аныктоонун тарыхый маанилүү баскычы болуп калганын белгилеп өттү.

“Кыргыз Республикасынын Конституциясы кабыл алынган учурдан бери ал алмашып, өзгөртүүлөр киргизилип келгенине карабай, адам укуктарына ар дайым өзгөчө көңүл бөлүнүп келгени кубандырат. Кыргызстанда адам укуктары боюнча эл аралык стандарттардын нормалары дагы өлкөнүн Баш мыйзамында ордун таап келет. Өлкөнүн негизги мыйзамы катары Конституция адамдын жана жарандын укуктарын камсыздаш үчүн абдан негиздүү мааниге ээ, КРнын Конституциясынын талаптарына башка ченемдик укуктук актылардын  дал келишин камсыздоодо да чечүүчү ролду аткарып келет”.

Акыйкатчы адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоодо Конституциялык соттун ролу абдан жогору экенин, анткени адамдардын тагдырына, коомго жана бүтүндөй мамлекетке таасир бере турганын баса белгиледи.  

“Мыйзамга ылайык, КРнын Акыйкатчысы Кыргызстандын Конституциялык сотуна мыйзамдарды жана айрым ченемдик укуктук актыларды конституциялык эмес тааныбоо жөнүндө кайрылууга укуктуу. Акыйкатчы институту адамдын Баш мыйзамдагы укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун алкагында Конституциялык сот менен өзүнүн ишмердүүлүгү боюнча тыгыз байланышта, мындан улам биздин институт аталган багытта жана жалпы эле Конституциялык сот менен өз ишин күчтөндүрүүгө ниеттенүүдө”,-деп сөзүн жыйынтыктады Акыйкатчы.