Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жана Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Москалькова видео байланыш аркылуу сүйлөштү.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын укуктарын жалпы таанылган принциптер жана эл аралык укуктардын нормаларына ылайык коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчтөндүрүү тууралуу талкуулашты.

Кыргызстандын Акыйкатчысы жана Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Россиядагы кыргызстандык мигранттардын укуктарын коргоо, ошондой эле Кыргызстандагы Россиянын жарандарынын укуктары боюнча биргелешкен иш-аракеттердин зарылдыгы боюнча пикир алышты.

Джамиля Джаманбаева Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча институттардын ортосундагы кызматташтык динамикалуу өнүгөрүнө ишенерин айтты.

“Мен биздин институттардын ортосундагы өз ара аракеттенүү өнүктүрүүгө кызыкдармын жана кызматташтыкты ар түрдүү аспектилеринде, тактап айтканда, кызматташтык жана эки мамлекеттин укуктары жана эркиндиктери бузулган жарандарына ыкчам көмөк берүү боюнча мамилелерди күчтөндүрүү зарыл экенин белгилейм. Биз Россиядагы мигранттардын жүрүү шарттарын жакшыртууга багытталган ар бир кадамды жана көңүл бөлүүнү баалайбыз”,-деп белгилеп өттү өз сөзүндө Кыргызстандын Акыйкатчысы.  

Джамиля Джаманбаева Кыргызстандын Акыйкатчы институту Москва (Россия) шаарынын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Татьяна Потяевага Москва шаарындагы 2-абакта жаткан Кыргызстандын жаранына карата көмөгү үчүн ыраазычылык билдирерин баса белгиледи.

Татьяна Москалькова Россиядагы кыргызстандык мигранттардын  жүрүү шарттарын жеңилдештиш үчүн мыйзамдуу деңгээлдеги чаралар колдонулуп жатканын белгиледи.

“Бизге Кыргызстандын жарандарын Россиядан чыгаруу жөнүндө кайрылуулар көп келет. КРнын айрым жарандарына аларды Россиянын аймагында калтыруу үчүн биз көмөк көрсөттүк, анткени алардын үй-бүлөлөрү бул жакта. Биздин мыйзамдарга ылайык, паспортту жоготуп алгандыгы жөнүндө өз маалында эскертпеген учурда адам милдетүү түрдө өлкө чегинен мажбурлап чыгарылат. Башка жолу жок. Буга байланыштуу мен  мындай бузууларга административдик айып пул же болбосо өлкөдөн чыгаруу карала тургандай өзгөртүү киргизүүнү сунуштап жатам. Документти Юстиция министрлиги карап жатат. Мындай чаралар мигранттарга айып пул төлөп, өлкөдөн чыгарылбастан, Россияны аймагында андан ары жүрүүсүнө көмөк болмокчу”,-деп айтты Татьяна Москалькова.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен Кыргызстандын Акыйкатчысы жана Россиянын адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Кыргызстандан барган эмгек мигранттарынын укуктарын коргоого байланыштуу бир нече маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти.

Негизинен адам укуктары жаатында Россиянын мыйзамдарын билүүгө ыктыярчыларды же болбосо волонтерлорду даярдоо боюнча көмөктөшүү тууралуу да сүйлөшүү жүрдү.

Ыктыярчылар —укуктары бузулган кыргызстандык мигранттарга жардам бере турган Россиянын жарандары болмокчу.

14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар көпчүлүк добуш менен КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) орун басары кылып Шухрат Айтиевди шайлады.

Айтиевдин талапкерлигин колдоп 79 депутат добуш ыйгарды.

Шайлангандан кийин Айтиев ант берди.

Омбудсмен Джамиля Джаманбаева Айтиевдин өмүр баянындагы фактылар тууралуу депутаттарга айтып берди.

2006-2007-жылы — Жалал-Абад областтык администрациясынын миграция жана жумуштуулук боюнча комитетинин адиси; 

2007-2010-жылы — Жалал-Абад областынын журналистика борборунун директору;

2010-жылы — Кара-Көл социалдык коргоо башкармалыгынын алып баруучу адиси; 

2010-2013-жылы — КРнын Жогорку Кеңешинин депутатынын жардамчысы; 

2012-2013-жылы — КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин директору;

2014-2015-жылы — КРнын Жогорку Кеңешинин «Ата- Журт» фракциясынын катчылыгынын эксперти;  

2015-жылы — КРнын Жогорку Кеңешинин «Ата- Журт» фракциясынын катчылыгынын сектор башчысы;

2015-2018-жылы — КРнын Жогорку Кеңешинин «Ата- Журт» фракциясынын катчылыгынын эксперти;    

2018-2021-жылы — КРнын Жогорку Кеңешинин «Ата- Журт» фракциясынын катчылыгынын сектор башчысы;

2021-2023-жылы — КРнын Транспорт жана коммуникация министрлигине караштуу Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин директору.

Кечээ, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар көпчүлүк добуш менен Айчүрөк Назаралиеваны КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) орун басары кылып шайлашты.

Назаралиеванын талапкерлигин 83 депутат колдоду. 

Шайлангандан кийин Назаралиева ант берди.

Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева депутаттарга Назаралиеванын өмүр баянын айтып берди:

-1975-жылы Бишкек шаарында туулган;

- 1998-жылы Кыргыз улуттук университетин укук таануу адистиги боюнча “эң жакшы” деген баалар менен аяктаган.

- 1998-жылы эмгек ишмердүүлүгүн Бишкек коммерциялык колледжинде окутуучу болуп баштаган;

- 2001-2004-жылдарда — Кыргыз улуттук университетинде окутуучу;

- 2004-2007-жылдарда — юрист, жеке менчик компанияларда адвокат;

-2007-жылдын май айынан баштап — Сот-укуктук реформа комитетинин ишмердүүлүгүн камсыздоо боюнча сектордун улук консультанты;

- 2007-жылдын август айынан тартып — Сот-укуктук реформа комитетинин ишмердүүлүгүн камсыздоо боюнча сектордун эксперти;  

- 2008-жылдын январь айынан — Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин этика жана регламент боюнча комитетинин бөлүм башчысынын орун басары;

-2008-жылдын ноябрынан — КРнын Жогорку Кеңешинин этика жана регламент боюнча комитетинин бөлүм башчысы;

-2016-жылдын февраль айынан баштап — КРнын  Жогорку Кеңешинин кабыл алынган чечимдерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы;

- 2022-жылдын март айынан баштап — Нормативдик укуктук актыларды иштеп чыгуу, ишке киргизүү жана кабыл алынган чечимдерди көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысынын орун басары;  

Жумушчу топтордогу ишмердүүлүгү:

- Жогорку Кеңештин төрагасынын  сессиялык мезгилдеги жылдык отчетун даярдоо боюнча;   

-КРнын Жогорку Кеңешинин 2021-жылга чейин Өнүгүү стратегиясынын долбоорун иштеп чыгуу боюнча;

 - Жогорку Кеңештин аппаратынын ишмердүүлүгүнө функционалдык анализ жүргүзүү боюнча топ, 2019-жыл;

- мыйзам долбоорлорун, нормативдик укуктук актылардын долбоорлорун жана башка публикацияларды иштеп чыгуу боюнча:

“КРнын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө, 2008-жыл; 

“КРнын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө” КРнын мыйзамы, 2011-жыл;

Депутаттык этиканын кодекси, 2008-жыл; 

КР ЖКнын шайлоочулар жана алар менен өз ара аракеттенишүүнүн механизмдери жөнүндө ишинин жобосу, 2014-жыл;

Юридикалык терминдердин жана башка түшүнүктөрдүн орус-кыргыз сөздүгү; 

“Жогорку Кеңешке 80 жыл”, 2018-жыл.

 

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) орун басары Альберт Колоповду мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу чечимин кабыл алышты.

Чечим Акыйкатчы жөнүндө мыйзамдын 7-беренесинин жана Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндө мыйзамдын негизинде кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө мыйзамга ылайык, депутаттар мындай чечимди добуш берүүнүн жыйынтыгы менен кабыл алышты.

Жогорку Кеңеш көпчүлүк добуш менен Колоповду кызматтан кетирүү чечимин чыгарышты. 

Кызматтан кетирүүгө 78 депутат добуш берди, каршы добуш берген эл өкүлдөрү болгон жок. 

 

Бүгүн, 10-июнда КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери жалпы республикалык ишембиликке катышты.

Борбордук аппараттын кызматкерлери Чүй областынын Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылынын аймагындагы 4 чакырым аймакты таштандыдан тазалашты.

Тазалоо иштери жол жээгин бойлото - «12 каминов» эс алуу комплексинен «Жаннат» мейманканасына чейинки аралыкта жүргүзүлдү. 

Институттун аймактардагы өкүлчүлүктөрү дагы ишембиликке катышты.

Кыргызстанда 2022-жылдын июль айынан 2023-жылдын апрель айына чейин соттолгондорго жана абакта жаткандарга мунапыс берүү жөнүндө арыздарды бекитилген ыраатта карап чыга турган жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу байкоочу комиссиялардын ишмердиги токтотулган. Буга байланыштуу абакта жаткандар мунапыс сурап кайрылууда кыйынчылыктарга кабылып жатышкан.

2022-жылы 24-июнда министрлер кабинети КРнын өкмөтүнүн “Байкоочу комиссиялар жөнүндө” Жобосу менен бекитилген 1995-жылдын 6-ноябрындагы №466 токтомун жокко чыгарган.

Анын жыйынтыгында аталган комиссиянын ишмердүүлүгү токтотулган болчу.

Буга чейин 2023-жылдын январь айында КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) дарегине Кыргызстандын Э. О. аттуу жараны кайрылып, анын жарандык жолдошу О. К.га мунапыс алууга колдоо көрсөтүү боюнча өтүнүч билдирген.

О. К. катуу режимдеги мекемеде жазасын өтөп жаткан, ал 2022-жылдын 19-декабрында үч жыл 9 айга соттолгон.  

Акыйкатчы институту КРнын Президентинин администрациясынын мунапыс боюнча Комиссиясынын дарегине  О. К. га мунапыс берүүгө колдоо көрсөтүүгө жана анын кылмыш жазасын өтөөдөн бошотууга көмөк көрсөтүүнү сурап кайрылган.

Анткени соттолгон жаран жашы жете элек 10 баласын, улгайган энесин жана балдардын карагандыктан иштөөгө мүмкүндүгү жок жубайын карап-багуусу керек эле. Мындан тышкары О. К.дан вирустук С гепатити табылган.

2023-жылдын 14-мартында Акыйкатчы институту КРнын министрлер кабинетине мунапыс боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүн камсыздаш үчүн токтоосуз чараларды кабыл алуу өтүнүчү боюнча сунуштама алып кирген.

2023-жылы 17-апрелде министрлер кабинети №205 токтомду кабыл алып, ага ылайык “Түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөл кылуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу байкоочу комиссиялар жөнүндө” Жобо бекитилген.

Комиссия ишин кайрадан баштап жана 23-майда О. К. КРнын Президентинин мунапысына байланыштуу абактан бошотулган.

2023-жылы 24-майда анын жубайы КРнын Акыйкатчысына кайрылуу менен, КРнын Акыйкатчысынын аппаратынын кызматкерлери У. Аралбаев жана  Н. Токтосуновага анын жарандык жолдошун абактан бошотууга көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди.

 

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун нефрология бөлүмүндө өткөн балдардын майрамына катышты.

Аталган бөлүмдө дарыланып жаткан балдар үчүн «Моя жизнь» коомдук бирикмеси балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чараны уюуштурган.

«Моя жизнь» уюмунун кызматкерлери сыйкырдуу суу перилеринин образында балдар үчүн оюн формасындагы жомокту даярдашкан.

Импровизацияланган сыйкырдуу сандыкта көзүн таңып алышкан балдар оюнчуктарды таап жана алардын кандай оюнчук экенин баамдап туюп айтып беришти. Бул тапкычтыктары үчүн албетте, аларга демөөрчүлөрдөн белектер берилди. Бир дагы бала белексиз калган жок.

Бөлүмдө майрамга абдан жакшы даярданышкан - бөлүмдү таанылгыс кылып жасалгалашкан, баардык тарап шарлар менен кооздолуп, ал эми кичинекей кыздар жана алардын ата-энелери көпөлөктөрдүн түркүн-түстүү жаркыраган канаттарын тагынып алышкан. Балдар конокторду мультфильмдердин каармандарынын сүрөттөрү жана шөкөттөрү менен өздөрүн кооздоп алышып тосушту.

Джамиля Джаманбаева балдардын ушундай сүйкүмдүү майрамынын коногу болду. 

Ал балдарды майрамы менен куттуктап жана белек берүүгө катышты.

“Сиздердин жалпыңыздарга амандашып жана Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чарага чакырганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирип кетүүгө уруксат этиңиздер!

1-июнь биз үчүн быйылкы жылдагы эң сүйүктүү күндөрдүн бири болуп калды жана бул күн салттуу болуп калгандай ата-энелер милдетүү түрдө балдарына арнай турган эң эле жагымдуу үй-бүлөлүк майрамга айланды.

Биздин өлкөнүн укук коргоочусу катары мен биринчи кезекте 1-июнь-бул Эл аралык балдарды коргоонун күнү экенине өзгөчө көңүл буруп кетмекчимин.

Бул күн биздин балдар коргоого муктаж болуп жатканына көңүл бурууга чакырык таштаган күн. Ошондой эле ата-энелерге, балдарга жана баардык коомчулукка балдардын жашоосу менен ден соолугуна, алардын билимине жана коопсуздугуна кам көрүүгө, жаш муундун бактылуу келечеги тууралуу эскерткен күн.       

Өсүп келе жаткан муунга ар тараптуу жагымдуу шарт түзө билүү биздин мамлекеттин башкы милдеттеринин бири болуп келген жана боло бермекчи.

Мындан тышкары баланын укуктарын коргоо маселеси мамлекеттик бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын жана Акыйкатчы институнун ишмердүүлүгүнүн маанилүү жана артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калды.

Биз тараптан балдардын кызыкчылыктары менен укуктарын коргоо жана аны ишке ашыруудагы өзгөчө көңүл жетим балдарга жана ата-энесинин кароосунан ажырган балдарга, майыптыгы бар, саламаттыгынан көйгөй жаралган балдарга, мигранттардын балдарына, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балдарга бурулуп жатат.

Мындан тышкары быйыл Акыйкатчы институту гемодиализ алган бейтаптардын саламаттыгын коргоого өзгөчө көңүл бурууда. Бүгүнкү күндө республиканын баардык аймактарындагы гемодиализ борборлорунда талап кылынган тармактык стандарттардын сакталышы, медициналык процедуралардын коопсуздугу боюнча инфекциялык көзөмөлдүн стандарттарынын сакталышы, клиникалык көрсөтмөлөрдүн сунуштамаларын жана гемодиализ жүргүзүү боюнча протоколдордун сакталышы боюнча предметтерге мониторинг жүргүзүп жатабыз. Анын жыйынтыктары тууралуу кортундуну биз тиешелүү мамлекеттик саламаттыкты сактоо органдарына сунуштайбыз.

Бул сонун күндө мен биринчи кезекте сиздерге бекем ден соолук, тез арада сакайып кетүүнү каалайм. Акылдуу, чынчыл жана мээримдүү болуп чоңойгула, жетишкендиктериңиздер менен бизди кубанткыла. Ар дайым асманыңар ачык болсун жана тынчтык болсун.

Сөзүмдү жыйынтыктап жатып бул жолугушуунун уюштуруучусу болгон "Моя жизнь" коомдук бирикмесине, демөөрчүлөргө, Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун медициналык кызматкерлерине бүгүн балдарга жылмаюу тартуулашканы үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди Акыйкатчы.

Нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева аталган бөлүмдө бөйрөк ооруларынан 21 бала дарыланып жатканын, алардын үчөө гемодиализ алып жатышканын айтты.

Майрамдан кийин Насира Бейшебаева Акыйкатчыга гемодиализ жана трансплантация бөлүмүн көрсөттү. Трансплатация бөлүмүндө дарыланып жаткан, бир аз мурда бөйрөгүн алмаштырган бейтап тууралуу айтып беришти. Анын донору бир тууганы болду. Учурда экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.

“Бейтаптардын бөйрөк органдарында олуттуу көйгөйлөр бар. Бүгүнкү күндө диализ борборлорунун саны өсүп жатат. Бирок аны менен катарда эле бөйрөктү трансплантациялоо кызматы өскөн жок. Трансплантация боюнча эң жакшы шарттарды түзүү жана калкка бөйрөктү алмаштыруу операциясын көбүрөөк жеткиликтүү кылуу кажет. Ошондой эле Кыргызстанда мындай оперциялар жасалып жатканы жөнүндө маалымат беришибиз керек”,-деди Бейшебаева.

Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча агенттигинин улуттук кеңсесинин башчысы Иван Салеев жолугушуу өткөрүштү.

Жолугушууда жарандыгы жок тараптардын, качкындардын жана баш паанек издегендердин укуктарын коргоо жаатында кызматташтык боюнча маанилүү кадамдар талкууланды.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттиги менен тыгыз кызматташтыкты улантууга даяр экенин белгилеп өттү.

“Биздин кызматташтыктын прогрессивдүү учурлары мен үчүн абдан маанилүү. Мен Акыйкатчы катары качкындардын укуктары бузулбашына кызыкдармын.”,-деди Акыйкатчы.

Иван Салеев Джаманбаеваны Акыйкатчынын кызматына дайындалышы менен куттуктады жана жарандардын укуктарын коргоо жаатында жемиштүү иштешүүнү каалап өттү.

БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттигинин улуттук кеңсесинин башчысы ошондой эле Акыйкатчы институту менен тыгыз кызматташуу жарандыгы жок тараптардын, качкындардын, баш паанек издегендердин укуктарын коргоону  камсыздоого мүмкүндүк берет деген ишенимин айтты.

Тараптар ошондой эле  өлкөдө ондогон жылдардан бери жашап жатса да, Кыргызстандын жарандыгын алууда документтерин каттоодон өткөрө албай жатышкан мандаттуу качкындардын маселелерин талкуулашты.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жарандарды жеке кабыл алды.

Акыйкатчынын кабыл алуусуна келген жарандар алардын укуктары бузулуп жатканын айтып даттанышты.

Кабыл алууга келген 70 жаштагы Л. Т. көп жылдан бери анын кайын энесинин көрүстөнүн издеп акыйкаттыкка жете албай жатканын айтып даттанды. Ошондой эле ал Акыйкатчыдан кайын энесинин өлүмүнүн  себептерин аныктоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү.

Л. Т.нын айтымында, ал көп убакыттан бери кайын энесинин көрүстөнүн табуу максатында жана тиешелүү мамлекеттик органдар анын өлүмүнүн чыныгы себептерин аныкташы үчүн баардык инстанцияларга кайрылып келе жатат.

“Менин кайын энемдин өлүмү тууралуу биз жарым жылдан кийин гана билдик. Бизден өлүмдүн фактысын жашырып коюшкан. Эмдигиче  кайын энем коюлган жерди таба албай жатабыз. Өлүм жөнүндө маалым катта жалган маалыматтар көрсөтүлгөн, ага кол койгон тараптар жазасын алышты”,-деп айтты ал.

Укук коргоо органдары берген маалыматка таянсак, аялдын сөөгү коюлган жер такталган, ошондой эле анын тажиясына кимдер катышканы аныкталган.

Бирок Л. Т. көрсөтүлгөн жер анын кайын энеси коюлган жер экенине шек санап жатат, анткени улгайган аял Бишкектеги өзүнүн жеке  менчик батиринде жашачу, бирок анын сөөгүн Жайыл районуна коюшкан.

“Мындан тышкары тергөө мени жана менин кызымды жабырлануучу тарап деп тааныган жок жана сөөктү эксгумация кылуудан баш тартышты”,-деген пикирин айтты аял.

Акыйкатчы Башкы прокуратурага өтүнүч кат даярдаш үчүн тиешелүү бөлүмгө тапшырма берди.

“Биз сиздерге өзүбүздүн ыйгарым укуктардын алкагында көмөк берүүгө аракет кылабыз”,-деп айтты Акыйкатчы.

Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусуна келген Э. Р. аттуу жаран ага карата жалган маалымат берүү фактысы боюнча анын укугун калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылды.

Аял ага карата берилген жалган маалыматтын айынан 2014-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айтты.  2021-жылы сот аны актап чыккан. Бирок ал атайлап билип туруп жалган маалымат берген күнөөлүү тараптарды жоопкерчиликке тартууга жетише албай келет. 

“Мени сот кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу актады. Бирок бүгүнкү күндө мага жалаа жапкан, алар үчүн мен мыйзамсыз кылмыш жообуна тартылган адамдарды жазага тарта албай келем. Прокуратура органдары жана соттор менин арызымды чечип бербей жатышат”,-деп даттанды аял. 

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту анын укуктарын калыбына келтирүүгө аракет кыларын билдирди.

Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусунда  Н. К. аттуу жаран болду. Аял анын арызын милиция карабай жатканын айтып даттанды.

Анын айтымында, алдамчылар башкы ишеним катты жасалма даярдап алышып, анын үч бөлмөлүү квартирасын сатып жиберишкен. Аял укук коргоо органдарына аталган маселе боюнча кайрылган, бирок эмдигиче өзүнүн мүлкүн кайтарып ала албай келет.

“Алдамчылар башкы ишеним катты жасалма жасап алышкан жана менин квартирамды сатып жиберишкен. Алар менин онкологиялык дарттан дарыланып жатканымдан пайдаланып кетишкен. Бейтапканада узак убакыт жатып чыккандан кийин менин батиримде башка адамдар жашап жатышканына күбө болдум. Алар мени эшикке чыгарып салышты. Ошентип батири жок калдым. Өзүмдүн жеке менчигимди мыйзамдуу жол менен кайтарып алуу аракетинен майнап чыккан жок. Көп жылдардан бери баардык органдардын каалгасын каккылап жыйынтык чыгара албай келем”,-деп айтты аял. 

Акыйкатчы институттун кызматкерлерине мамлекеттик органдарга баардык зарыл болгон билдирме каттарды даярдоону тапшырды.

 “Биз сиздердин укуктарды калыбына келтирүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз”,-деп айтты Акыйкатчы.

КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Джамиля Джаманбаева жана Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) Туруктуу координатору Антье Граве, ошондой эле БУУнун Борбор Азиядагы адам укуктары боюнча аймактык өкүлүнүн убактылуу милдетин аткаруучу Фабио Пиана жолугушуу өткөрүштү.

Тараптар адам укуктары жаатындагы кызматташтыкты чыңдоону талкуулашты, БУУнун адам укуктары боюнча механизмдери менен өз ара аркеттенишүүнүн биргелешкен кадамдарын белгилешти.

Антье Граве Джамиля Джаманбаеваны кызматка дайындалышы менен куттуктады жана Акыйкатчы институту менен кызматташтыкты улантарына ишенимин билдирди.

Ал БУУнун системасы Кыргызстанда Акыйкатчы жана анын институту менен кызматташтыкты улантууга, анын ичинде “Акыйкатчы жөнүндө” долбоор боюнча техникалык сунуштамаларды берүүгө ниеттенип жатканын белгилеп өттү.

“Быйыл адам укуктары боюнча Жалпы декларациянын 75 жылдыгын майрамдоо-бизге биргелешкен демилгелер менен иш-чараларда Кыргыз Республикасында адам укуктарын ишке ашыруу реалдуулук болуш үчүн адам укуктарынын универсалдуулугун илгерилетүү жана жарандык мейкиндикти кеңейтиш үчүн уникалдуу кызматташууну бермекчи”,-деп кошумчалады Фабио Пиана.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту улуттук укук коргоо органы катары Бириккен Улуттар Уюму жана анын түзүмдүк бөлүктөрү менен мындан аркы тыгыз кызматташтыкка кызыкдар экенин белгилеп өттү.

«Ошондой эле мен жеке өзүм буга чейин талкууланган маселелер боюнча диалогдордун улантылышына кызыкдармын. Негизинен бул жерде Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун эл аралык - Париж, Белград жана Венеция принциптеринин талаптарына ылайык демилгелөө жөнүндө маселе да бар. Акыйкатчынын аппаратында документтин өзү иштелип чыкты, долбоор укуктук экспертиза процедурасынан өтүп жатат. Милдеттүү түрдө процедуралык консультация, коомдук талкуу жүргүзүлөт, техникалык рекомендациялар маселеси боюнча сиздер колдоо көрсөтсөңүздөр биз ыраазычылыкта болобуз”,-деп айтты Джамиля Джаманбаева.

Акыйкатчы аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин милдеттүү түрдө Акыйкатчы институтунун «А» макамындагы аккредитациясы боюнча маселени демилгелей турганын баса белгиледи.

«Мен бул маселеде сиздердин көмөк негизги болот деп эсептейм. Мындан тышкары Акыйкатчы институту Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча механизмдери менен өз аракеттенишүүгө өзгөчө көңүл бурат. Өлкөдөгү башкы укук коргоочу орган катары биздин ролубуз мониторингди, өлкө өзүнө алган милдеттерге жана сунуштамаларга парламенттик көзөмөлдүн аткарылышын камсыздоо жаатында маанилүү болмокчу. Дал ошондуктан мен, мисалы Универсалдуу мезгилүү баяндама (УМБ) жана Туруктуу өнүгүүнүн максаттары (ТӨМ) боюнча сунуштамалардын аткарылышы тууралуу мониторингде биргелешип маанилүү жыйынтыктарга жетишебиз деп эсептейм. Биздин институт баардык процесстерге активдүү катышат”.-деп белгилеп өттү Акыйкатчы.

Джамиля Джаманбаева институттун ишинин эң жогорку натыйжалуу болушун камсыздаш үчүн албетте анын өзүнүн өнүгүү стратегиясын кабыл алуу, институттун кызматкерлеринин потенциалын жогорулатуу зарыл экенин кошумчалады.

“Биз мамлекеттин адам укуктары боюнча борборазиялык хабы деп аталган имиджин сактоого жана бул үчүн эл аралык уюмдар менен гана эмес, жарандык коомчулук, башка өлкөлөрдөгү кесиптештерибиз менен ар тараптуу кызматташууга аракет кылабыз”,-деп айтты Акыйкатчы.

Бүгүн, 30-майда КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Россиянын Кыргызстандагы элчисинин кеңешчи-кичи элчиси Вадим Гусев менен жолугушту.

Тараптар Кыргызстан менен Россиянын жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташтыкты активдештирүүнү талкуулашты.

Вадим Гусев Джамиля Джаманбаевага анын КРнын Акыйкатчысы кызматына дайындалышына байланыштуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченконун куттуктоосун да жолдоду.

“Элчи куттуктоосун жолдоду жана кызматташтыктын өнүгүүсү жемиштүү болот деген ишенимин билдирди. Ошондой эле сизди 12-июнда Бишкекте өткөрүлө турган Россиянын күнүн майрамдоого катышууга чакырды”,-деп билдирди Гусев.

Гусев Акыйкатчы укук коргоо жаатындагы ишмердүүлүгүн Кыргызстанда гана эмес, Евразия мейкиндигинде дагы күчтөндүрөт деген ишенимде экенин айтты.

Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту активдүү диалогго ар дайым даяр экенин белгилеп өттү.

“Жарандардын укуктарын коргоону камсыздай турган конструктивдүү сүйлөшүүлөр үчүн ар дайым кубанычтабыз. Биз кызматташтыкты мындан ары чыңдаш үчүн конкреттүү макулдашууларга жетишебиз деп ишенем”,-деди КРнын Акыйкатчысы Россиянын күнүн майрамдоого байланыштуу чакырууга ыраазычылык билдирүү менен.

Бүгүн, 28-майда КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин районунун №26 бир мандаттуу шайлоо округу боюнча КРнын Жогорку Кеңешинин депутатын шайлоого мониторинг жүргүзүп жатышат.

Мониторинг жүргүзүш үчүн буга чейин Акыйкатчы институтунда кызматкерлердин штабы түзүлгөн.

Кызматкерлер шайлоо участокторундагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо салышууда.

Мониторинг Акыйкатчы институтунун аппараты тарабынан иштелип чыккан атайын анкета боюнча жүргүзүлүп жатат.

Жарандарды сурамжылоо алардын шайлоодогу укуктарынын сакталышы жөнүндөгү пикирлерин билүү максатында ишке ашырылууда.

Мониторингде кызматкерлер шайлоо учурунда майыптыгы бар жарандардын укуктарынын корголушуна өзгөчө көңүл буруп жатышат.

Мындан тышкары шайлоо участокторунун ичине мониторинг жүргүзө турган көчмө топ да уюштурулган. Саат 11.00дөгү маалымат боюнча алар эреже бузуулар катталган 11 шайлоо участокторунда болушту, эреже бузууларга байланыштуу жагдайлар жеринде чечилди.

1035-участкалык шайлоо комиссиясындагы (УШК) байкоочулардын айтымында, 15ке чукул шайлоочу эртең мененки саат 8ден 8.30га чейин монитор системасынан өтпөй добуш берүүгө кирип кетишкен. Байкоочулар аталган шайлоочулар тууралуу маалыматты көрүшкөн эмес.

УШКнын мүчөлөрүнүн маалыматына таянсак, алар дароо техникалык колдоого байланышып, системаны кайра иштетишкен, ошентсе да  бюллетендер квитанциялар боюнча берилген.

1046-участокто байкоочулардын бири добуш берип жаткандардын паспортунун жеке маалыматын сүрөткө тартып алган.

Институттун кызматкерлери аталган эреже бузууну каттоого алышты жана УШКнын мүчөлөрүн жарандардын жашыруун добуш берүү укуктарынын камсыздалышын сактоого чакырышты.

Комиссиянын төрагасы аталган байкоочуга шайлоо жөнүндө мыйзамдарды бузууга болбой турганын эскертти.

Ошондой эле институттун дагы бир бир тобу ЖМКдагы жана социалдык тармактардагы жарандардын укуктары бузулуп жатканы тууралуу кабарларга мониторинг жүргүзүүдө.

Акыйкатчы Джамиля Джаманбаева шайлоодогу жарандардын укуктарын камсыздоону көзөмөлдөп жатат жана баардык одоно бузуулар боюнча аларды жеринде тиешелүү органдардын өкүлдөрү менен чечиш үчүн институттун кызматкерлерине керектүү тапшырмаларды берүүдө.

Мониторингдин максаты-Кыргыз Республикасынын жарандарынын шайлоо укуктарын камсыздоо болуп саналат.

Мониторингдин милдети- шайлоонун жүрүшү тууралуу чыныгы картинаны чагылдыруу, шайлоочулардын маалымат алуусу жана шайлоо участокторуна жеткиликтүү болуусун камсыздоо.

Мониторингдин жыйынтыгы менен зарыл болгон учурда компетенттүү органдарга жана эл аралык уюмдарга тиешелүү сунуштамалар берилет.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, № 26 Ленин райондук бир мандаттуу шайлоо округуна мөөнөтүнөн мурда шайлоого даярдык көрүүгө жана шайлоо өткөрүүгө 1 аймактык шайлоо комиссиясы жана 51 участкалык шайлоо комиссиялары иштеди.

Акыйкатчынын кабыл алуусунда болгон жарандар алардын жеке менчик укугу, эркиндикке карата укуктары бузулганын айтып даттанышты. Ошондой эле көзөмөл органдары жана укук коргоо органдары тарабынан жасалып жаткан аракетсиздигине арызданган жарандар да кайрылышты.

Укук коргоочу Камиль Рузиев Акыйкатчынын кабыл алуусунда болгон кезде анын укуктарын калыбына келтирүүгө колдоо көрсөтүүнү суранды. Негизинен, Рузиев адилеттикке жана мыйзамсыз кылмыш иликтөөсү үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин жазалоого жетише албай жатканын айтты.

Анын маалыматына караганда, ага каршы мыйзамсыз иш козгогон тарапты кылмыш жоопкерчилигине тартышкан эмес, болгону тартип чарасы гана колдонулган.  

Рузиев сот аны актаганын, ал эми азыр аны мыйзамсыз тергеген адамды кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып жатканын кошумчалады.

Акыйкатчы бул боюнча институттун тиешелүү бөлүмүнө мамлекеттик органдарга зарыл болгон билдирмелерди даярдоону тапшырды.

“Мен сиздин кейс боюнча ар бир документти изилдеп чыктым. Кандай  жардам берүү керектигин түшүндүм. Азыр биз зарыл болгон документтерди даярдайбыз. Биз сизге жардам берүүгө аракет кылабыз”,-деп убада берди Акыйкатчы.

Ошондой эле Акыйкатчыга Ш. К. аттуу жаран кайрылды. Ал башкы укук коргоочуга ага карата кыйноо көрсөткөн укук коргоо органдарынын кызматкерлерин кылмыш жоопкерчилигине тартууга жетише албай жатканын билдирди.

Акыйкатчы анын укугун коргоону камсыздаш үчүн бөлүмгө тиешелүү тапшырмаларды берди.

Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусунда болгон Л. М. аттуу жаран анын жер үлүшүн башкалардын тартып алганы тууралуу арызын карабай жаткан милиция кызматкерлерине арызданды.

Аялдын айтымында, анын “кызыл китеби” бар жеке менчик жер участогуна белгисиз адамдар жер ээсинин уруксаты жок эле балык чарбасын уюштуруп алышкан. Анын аймакты бошотуп коюу тууралуу мыйзамдуу талаптарынан кийин коркутуулар башталган. Аял милицияга арыз жазган, андан бери 10 күн өткөнүнө карабай жер участогун бошотуу аракети болгон эмес.

Джамиля Джаманбаева кызматкерлерге аталган маселени иликтеп чыгып жана тиешелүү органдардан аялдын жеке менчик укугун камсыздоону талап кылууну тапшырды.

Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусуна Ички иштер министрлигинин ардагери К.Ч. келип, Нарын областындагы мектеп рэкетин жоюу боюнча өз көз карашын билдирди.

Акыйкатчы ардагердин пикирин кунт коюу менен угуп жана Акыйкатчы институту ар бир маселе жана арыз-даттанууларга анализ жүргүзөөрүн жана ар бир маселеге системалык өзгөрүү киргизүүнү сунуштарын белгилеп өттү.

“Биз ар бир маселе менен иштейбиз, аларды системалык деңгээлде чечебиз. Маселени жалпылап жоюу үчүн кандай мыйзамдарга өзгөртүү киргизиш керектигин иштеп чыгабыз”,-деп айтты Джаманбаева.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жумушчу тобу 10-21-май аралыгында Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы гемодиализ борборлоруна мониторинг жүргүздү.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда бюджеттик программалык гемодиализ кызматын көрсөткөн 39 медициналык гемодиализ борбору бар. Атайын түзүлгөн жумушчу топ 25 медициналык борбордо болду.

Алар төмөнкүлөр:

Чүй облусу – 3,

Бишкек - 9,

Ош облусу – 7,

Жалал-Абад облусу — 4

Баткен облусу – 2.

Мындай мониторинг Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында дагы улантылат.

Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматына караганда Кыргызстанда мамлекеттик гемодиализ кызматын тез арада алууга муктаж болгон бейтаптардын тизмеси жыл сайын өсүп жатат, 2022-жылдын октябрында 5-даражадагы бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги менен 2 202 бейтап катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 369 бейтапка көп.

Учурда 2 686дан ашык бейтап гемодиализ алат, анын 2388и аталган фонд тарабынан каржыланат.

Институттун кызматкерлери гемодиализ борборлорунда тармактык стандарттардын, медициналык процедуралардын коопсуздугу боюнча инфекциялык көзөмөл стандарттарынын, гемодиализ боюнча клиникалык көрсөтмөлөрдүн жана протоколдордун сунуштамаларынын сакталышын, гемодиализ борборлорунун медициналык кызматкерлеринин эмгек укуктарынын, лицензиялык документтердин сакталышын көзөмөлдөп, аны жүргүзүүдөгү мыйзамдык тоскоолдуктарды изилдеп чыгышты.

Мониторинг укуктун 3 аспектисин камтыйт:

Кызмат алуучулардын (бейтаптардын) укуктары.

Гемодиализ борборлорунун медициналык кызматкерлеринин эмгек укуктары.

Мамлекеттин каржылоосу аркылуу бейтаптарга кызмат көрсөткөн ишкерлердин укуктары.

Мониторинг Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасы (ПРООН) колдоосу менен «Бизнес жана адам укуктары» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.

Гемодиализ борборлорунун ишмердүүлүгүн талап кылынган стандарттардын сакталышын көзөмөлдөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү.

Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери кирди:

Жарандардын социалдык, экономикалык жана маданий укуктарын коргоо башкармалыгынын башчысы Салтанат Касымбекова,

Аталган бөлүмдүн инспектору Гүлзада Талантбекова,

кызматты стандартташтыруу боюнча көз карандысыз эксперттер,

Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун инфекциялык контролдоо боюнча адистери, пациенттердин коомчулугунун жана Гемодиализ борборлорунун ассоциациясынын өкүлдөрү.

Жогорудагы айтылган мониторинг тобу жана Кыргыз Республикасындагы гемодиализ борборлорунун ассоциациясы кызматташуу жана күч-аракеттерди бириктирүү аркылуу гемодиализ кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү макулдашышты. Ошондой эле жумушчу топтун иш-чараларына гемодиализ борборлорунун жетекчилерин биргелешип катышуу сунушу айтылды.

Гемодиализ борборлоруна жеринде барганда бир катар көйгөйлөр чечилип, бир катар көйгөйлөр да аныкталды – колдонуудагы мыйзамдар, стандарттар, клиникалык сунуштар жана башка камсыз кылуу боюнча маалыматтын жетишсиздиги.

Анын жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчет даярдалып, саламаттыкты сактоо системасынын тиешелүү бөлүмдөрүнө сунуштар берилет, ошондой эле сунуштардын аткарылышына парламенттик көзөмөл жүргүзүлөт.