Логотип Института Омбудсмена (Акыйкатчы) Кыргызской Республики

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени)
Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин соктоого парламенттик контроль Акыйкатчы (Омбудсмен) тарабынан жүзөгө ашырылат
 
 

МАЗМУНУ

 

1. Киришүү

 

2. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун абалына жалпы сереп

 

3. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө сөз эркиндигин мамлекеттик органдар тарабынан ашыкча чектөө жана кыянаттык менен пайдалануу көйгөйлөрү

 

4. Сунуштар

 

Сентябрь 2022-жыл

 

Киришүү

 

Адам баласынын жашоосунун бардык чөйрөсү маалыматтар менен курчалган, заманбап жашоодо маалымат алмашуусу жок биздин жеке, коомдук, кесипкөйлүк турмушубузду элестетүү мүмкүн эмес. Акыркы 20 жылдын аралыгында маалыматтык технологиялар өлкөбүздө терең жайылып, турмуштун бардык чөйрөлөрүнө кирип, мамлекеттин, коомдун, инсандын өнүгүшүнүн эң негизги талабы катары бааланып калды.

Мындай көрүнүш турмушту уюштуруунун жаңы сапаты, жаңыча ыкмасын пайда кылуу менен бирге,  мамлекеттин, коомдун, жеке инсандын коопсуздугун жоготуу коркунучу күчөп, күндө жаңы чакырыктарды алып келүүдө. Ааламдашуу процессинде ар бир жаңыдан чыккан маалымат эл аралык маалымат мейкиндигине таркап, сакталып, чексиз ар кандай багытта колдонулуп келет.

 

Уюлдук телефонду колдонуучулардын саны боюнча дүйнө мамлекеттеринин рейтингине ылайык, 2020-ж. Кыргызстанда 8 622 565 уюлдук тармактын абоненттери катталган[1]. Ал эми, Улуттук статистика комитетинин 2020-ж. маалыматына караганда, кыргызстандыктардын 99% мобилдик байланыштар менен камтылгандыгы, анын 70% жогорку сапаттагы 4G интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ деп белгиленген. 15 жаштан жогору калктын 63% жакыны интернетти колдонсо, алардын ичинен эң активдүү колдонуучулар 15-28 жаштагы жаштарды түздү [2].

 

Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны 2020-жылы 5,4 миллионго жеткен [3]. Ал эми, 2021-жылдын январында Кыргызстанда 3 миллион 200 миң социалдык тармакты колдонуучу болгон. 2020-2021-жылдар аралыгында Кыргызстанда социалдык тармактарды колдонуучулардын саны 700 миңге (+ 28%) көбөйгөн. 2021-жылдын январында Кыргызстанда социалдык тармактарды колдонуучулардын саны жалпы калктын 48,7% түздү [4].

 

«Эч кимди артта калтырбоо» принцибин ишке ашыруу боюнча социалдык аярлуу топторго кирген 14-18 жаштагы балдардын арасында 2021-ж. жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде, бул группадагы сурамжылоого катышкан жаштардын 59,69% үчүн Интернет жеткиликтүү, бул үчүн, респонденттердин 96% смартфондорду колдонушат. Сурамжылоого катышкан жаштардын басымдуу көпчүлүгү жаңылыктарды интернет-басылмалардан алышат. Бирок өзүнө маанилүү маалыматты (мисалы, өзүнүн укуктары жөнүндө) 33% телевизордон көрүшөт. Сурамжылоого катышкан жаштар Интернет булактарынан 36% ден соолук, 33% иш менен камсыз кылуу, 29% билим берүү тууралуу маалыматты издейт[5].

 

Жогорудагы көрсөткүчтөр Кыргызстанда жаңы маалымат технологияларды токтотуу же чектөө мүмкүн эместигин, бул дүйнөлүк процессте өтө тездик менен пайда болуп жаткан чакырыктарга даяр болуу менен жарандын, коомдун, мамлекеттин маалыматтык коркунучтардан коргоону, мүмкүн боло турган укук бузууларды алдын алууну камсыз кылуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири.

 

Конституциясынын 2021-жылда кабыл алынган редакциясына ылайык, Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздук мамлекет тарабынан корголот деген кепилдик биринчи жолу киргизилгени менен[6], бул тармакты так укуктук ченемге салган мыйзам кабыл алына элек.

 

Азыркы учурда маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун мыйзамдык негизин төмөнкү укуктук ченемдик актылар түзөт:

- Конституция;

- Кылмыш-жаза кодекси;

- Жарандык кодекси;

- Укук бузуулар жөнүндө кодекси;

- Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси;

- Административдик-процесстик кодекси;

- "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" мыйзамы;

- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" мыйзамы;

- "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамы;

- "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамы;

- "Басма иши жөнүндө" мыйзамы;

- "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө"мыйзамы;

- "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамы;

- “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамы;

- "Электрондук башкаруу жөнүндө" мыйзамы;

- Улуттук коопсуздук концепциясы; [7]

- "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" Өкмөттүн токтому;[8]

- Маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясы;[9]

-2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук Стратегиясы; [10]

- “Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин бекитүү тууралуу” Министрлер Кабинетинин токтому;[11]

- Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдер түзөт.

 

Маалыматтык коопсуздукту жыйырмадан ашык укуктук ченемдик актылар жөнгө салганы менен бул түшүнүк юридикалык термин катары жогору юридикалык күчкө ээ болгон мыйзам менен чечмеленген эмес, болгону төмөнкү концепцияларда гана каралган:

1. Маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясында - маалыматтык коопсуздук - адамдын, коомдун жана мамлекеттин маалыматтык коркунучтардан коргоонун абалы.

2. Улуттук коопсуздук концепциясында -маалыматтык коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин маалыматтык коркунучтардан корголгон абалы деп каралган.

 

Маалыматтык коопсуздуктун 2019-2023-жылдарга карата концепциясын Өкмөт 2019-жылы бекиткенде, бул концепциянын негизги максаты катары төмөнкүлөрдү көрсөткөн:

- адамдын, коомдун жана мамлекеттин маалыматтык чөйрөдөгү кызыкчылыгын коргоого багытталган чараларды иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу,

- бул чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча укуктук, уюштуруучулук жана экономикалык методдордун жыйындысын камтыган Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоонун натыйжалуу улуттук системасын түзүү болгон.

 

Жогоруда айтылгандардын негизинде, учурдагы өлкөбүздөгү:

- бир катар маалымат мейкиндигинде адам укуктарынын бузулушун;

- сөз эркиндиги жана ЖМК эркиндигин кыянат пайдаланууга каршы алдын алуу иштерин жүргүзүү жүйөсү менен укук органдары тарабынан сөз эркиндигин чектөө аракеттеринин көбөйүшүн;

- социалдык медиа, тармактарда жалган колдонуучулардын (фейк) көбөйүшү, бул технология аркылуу пропаганда, маалымат манипуляция ыкмаларынын жайылышын эске алуу менен;

- “Маалыматтык коопсуздук” түшүнүгү юридикалык термин катары мыйзамда каралбаганы, бул чөйрөдө мамлекеттик жооптуу органдардын ишмердүүлүгүндө ар түрдүү, өтө кенен же башка кош стандарттуу чечмелөөгө же колдонууга мүмкүнчүлүк түзүү менен, адам укуктарын ашыкча же негизсиз чектөөгө таасирин тийгизээрин;

- адамдын, коомдун жана мамлекеттин маалыматтык чөйрөдөгү кызыкчылыгын коргоого багытталган Маалыматтык коопсуздуктун 2019-2023-жылдарга карата концепциясынын ишке ашырылышында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду жүргүзүү максатында;
- Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 16-мартындагы кабыл алынган токтомундагы, Акыйкатчыга адам укуктарынын алкагындагы маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун көйгөйлүү маселелери боюнча атайын баяндаманы даярдоо сунуштамасын ишке ашыруу үчүн, ушул атайын баяндама даярдалды.

 

 

1. МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУНУН АБАЛЫНА ЖАЛПЫ СЕРЕП

 

Маалыматтык коопсуздук маселелерин жыйырмадан ашык укуктук ченемдик актылар жөнгө салганы менен инсандын, коомдун, мамлекеттин маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууда бирдиктүү иш алып баруу үчүн негизги укуктук ченемдик акт катары Маалыматтык коопсуздуктун 2019-2023-жылдарга карата концепциясы Өкмөттүн токтому менен 2019-жылы бекитилип, ошол эле жылы Өкмөттүн Буйругу менен,[12] концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы бекитилген.

 

Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо үчүн, иш-чаралар планында төмөнкү багыттар аныкталган:

- Билим берүү жана илим чөйрөсү;

- Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсү;

- Диний чөйрө;

- Коргоо жана укуктук тартип чөйрөсү.

 

Мындан сырткары, маалыматтык коомсуздукту камсыз кылууга багытталаган иш-аракеттер, күтүлүүчү натыйжа, аткаруу мөөнөтү, каржылоо жана төмөнкү жооптуу мамлекеттик органдар белгиленген:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;

- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;

-Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;

-Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;

- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы;

- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;

- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы;

- "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги;

- Жалпыга маалымдоо каражаттары.

 

Атайын баяндаманы даярдоодо Акыйкатчы Институту - маалыматтык коопсуздук концепциясын ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдардын иш аракеттерине талдоо жүргүзүп, жалпы төмөндөгү тыянактарды аныктады.

 

Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы негизги 10 багыттын ичинде азыркы учурдагы балдарга каршы укук бузуулардын алдын-алуу, жашы жете электердин арасында маалымат технологияларын жоопкерчиликтүү жана коопсуз пайдалануу көндүмдөрүн калыптандыруу максаттардын аткарылышы тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги Акыйкатчынын суроо талабына жооп бербегендигине байланыштуу толук кандуу талдоо жүргүзүүгө тоскоолдук жаратты. Ошол эле учурда, Кыргызстанда акыркы үч жылда балдарга карата сексуалдык зомбулук дээрлик эки эсеге, психологиялык зомбулук үч эсеге, физикалык зомбулук 30% көбөйгөнү тууралуу расмий маалыматтарга таянсак, Билим берүү жана илим министрлиги канаттандырарлык иш алып барган эмес.

  1.  Маалыматттык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча иш-чаралар планы бекитилгени менен концепцияда көрсөтүлгөн максаттарга жетиш үчүн бул документтер кабыл алынган учурда маалыматттык коопсуздуктун абалына так баа берилген эмес. Мындан улам маалыматтык коопсуздукту ишке ашыруу үчүн алардын кандай көрсөткүчтөрдү пайдалануу менен аткарылган иш-аракеттерине, жетишкендиктерине баа берилээри белгисиз.

 

1-мисал : Коргоо министрлиги маалыматтык коопсуздукту коргоо чөйрөсүндө ишке ашырууда көпчүлүк күтүлүүчү натыйжаларга жетишкендиктери тууралуу так, толук кандуу маалыматты, кандай натыйжалуу өзгөрүүлөр болгонун көрсөтүүсүз,  “аткарылууда” “жүргүзүлүүдө” деген жооп менен чектелген[13].

2-мисал : Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалымат коопсуздукту камсыз кылуу аракеттери канчалык деңгээлде калктын экстремизм, терроризм жана диний агымдар тууралуу түшүнүктөрүн жогорулаткандыгы тууралуу маалыматтар жок[14].

Акыйкатчы Институтунун пикиринде, өлкөдө экстремизм, терроризм жана диний агымдардын канчалык маалымат коопсуздук чөйрөсүндө таасири бар экенин бул жаатта ишти баштоодон мурда белгилеп, тиешелүү аракеттер көрүлгөндөн кийин кандай өзгөргөнүнө карап иштин натыйжалуулугуна баа берилиш керек эле. Маселен, 2020-жылы өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында «Зордук-зомбулук экстремизм менен кантип күрөшүү керектиги тууралуу маалыматка канча жолу туш болдуңуз?»-деген суроого суралган жарандардын көпчүлүгү-эч качан деп жооп беришкен (Бишкек-44%, Араван-71%, Узген-31%). Аталган көрүнүш калктын экстримизм боюнча маалымдуулугунун дэңгээлин көрсөтөт [15]. Ал эми азыркы учурга калктын экстримизм боюнча маалымдуулуктун дэңгээли канчалыкка өзгөргөнү иликтениши зарыл.

 

 

Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууда жооптуу органдар жана мекемелер, адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирээрин, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктагандыгын [16], Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы  жүргүзөөрүн[17] эстен чыгарган.

 

1-мисал : Тышкы иштер министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Юстиция министрлиги жана “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги тарабынан Акыйкатчынын сурамжылоо катына тийиштүү маалымат берилген эмес.

 

2-мисал: Улуттук коопсуздук мамлекетик кызматы Акыйкатчыга бул жаатта кылынган иштери тууралуу маалыматты берүүдөн баш тартып, ага жүйө катары Маалыматтык коопсуздуктун 2019-2023-жылдарга карата концепциясын “иш-чаралар планындагы 2, 4, 6-пункттарында белгиленген маселелердин мазмуну адам укуктарын коргоо маселесин камтыбайт. Бул жагдай көрсөтүлгөн пункттарды аткаруу чараларынын УКМКнын маселелери боюнча ыйгарым укуктарына айкалышпай тургандыгын тастыктайт”[18]- деп, жооп берген.

 

УКМКнын жогорудагы позициясы, Конституцияда көрсөтүлгөн, мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылаары[19], ошону менен бирге өз ыйгарым укуктарын элдин таламдары үчүн гана жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын ачыктыгына негизделүүсү[20] тууралуу кепилдиктерге каршы келээрин белгилейбиз. Андан сырткары, Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин негизги багыттары маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу[21] жана өз иш-аракетин жүзөгө ашырууда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого милдеттүү[22] экендиги “Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамында көрсөтүлгөн.

 

3-мисал: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, Концепциянын жана “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын алкагында, Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибинин жана токтомдун долбоорун иштеп чыккандыгын билдирген [23].

 

Тартип Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилип[24], 4 ай аралыгында министрлликке, сайттын ээсинин жалган маалымат тараткан аракеттерине төрт даттануу келип түшкөн. Алардын экөөсү үчүн хостинг провайдерин, сайттын ишин токтотуу чечими кабыл алынып, алардын бири жокко чыгарылган. Калган эки кайрылуу учурда каралууда экендигин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдаган.

 

Маданият министрлигине түшкөн арыздардын бири 24.kg маалымат агенттиктин сайтында чыккан “шаардагы мейманкалардын биринде туристтердин номеринен өздөрү жок учурда 20 миң доллары жоголгону тууралуу” маалыматы анык эмес жана 24.kg сайтына чара көрүү тууралуу 2022-жылдын августунда "Амбассадор" мейманканасынан берилген.   Маданият министрлиги, аталган сайтты “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, аталган маалымат агенттиктин сайтын убактылуу эки айга жабуу тууралуу чечимин чыгарган[25]. 24.kg маалымат агенттигинин сайты 25-августтан тартып айрым интернет провайдерлерде ачылбай калган. Кийинчерээк бөгөт коюу тууралуу чечим жокко чыгарылып, аталган сайт азыркы учурда иштөөдө.

 

4- мисал: ИИМдин берген маалыматына ылайык, “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамды аткаруу максатында жана кээ бир кылмыш иштерине байланыштуу, социалдык тармактарга жана маалымат агенттиктерине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп, алар тараптан жалган маалыматтарды таркаткандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертүү бергендери жана мындай билдирүүлөрдү тараткан адамдарды камакка алгандарын маалымдашкан [26].

 

ИИМ кызматкерлери анык эмес (жалган) маалыматты таркатуу иштеринин алдын алуу алкагында “Азаттык” радиосунун жетекчиси Айзада Касымалиеваны, Kloop.kg маалыматтык порталынын редактору Ислам Розиевдин, активист Айжан Мырсандын суракка чакырылгандыгы да коомчулукка белгилүү [27]

 

Аталган мыйзамды кабыл алуу учурунда, медиа-эксперттердин тынчысдануусун жаратып, бул мыйзам кабыл алынса адамдын жана жарандын сөз эркиндигине терс кесепеттерди жаратат деген пикирине карабастан кабыл алынган [28].

 

Акыйкатчы Институтунун пикиринде, “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамы жана аны аткаруу үчүн бекитилген тартип төмөнкү негизде күчүн жоготту деп табылууга тийиш:

- Конституциясынын жана Граждандык кодексинин талаптарына карама-каршы келгени;

- Адам укуктарынын жалпы декларациясында кепилденген жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактта корголгон адам укуктарынын бузулушуна жана эркиндектиринин чектелишине алып келген кесепеттеринин толук кандуу азыркы учурда жогорудагы белгиленген мисалдар менен далилденгени;

- сот органдарынын артыкча укуктарын Министрликке берүүсү менен бийлик бутактарынын тең салмактуулугун бузгандыгы;

- иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулугун, толуктук жана объективдүүлүк, тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашыруу принциптери каралбаганы, о.э. башка олуттуу кемчиликтерди жана боштуктарды камтыгандыгы.

 

 

2. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө сөз эркиндигин мамлекеттик органдар тарабынан ашыкча чектөө жана кыянаттык менен пайдаланууну алдын алуу көйгөйлөрү

Азыркы учурда журналисттерге, блогерлерге жана ЖМК карата мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ашыкча чектөө жана таасир этүү чараларын колдонуу учурларынын көбөйүшү,  ошол эле учурда Интернет колдонуучулар тарабынан ар кандай сапаттагы пикирлер айтылып, кээ бир учурларда такталбаган (м: чек ара маселелери тууралуу) же дискредитациялык багыттагы маалыматтардын тез жана көп чыгарылышы (өзгөчө коомдук-саясий кырдаалды чагылдырууда) Акыйкатчы Институтун тынчсыздануусун жаратат.

Маалымат коопсуздугун камсыз кылууда Кыргызстанда жашаган жалпы элге маалымат менен иштөө прициптерин, сынчыл ой жүгүртүүнү, фактчекинг ыкмаларын жайылтуу, Интернет пайдалануу талаптарын, коопсуздук маселелери тууралуу агартуу иштери мамлекеттик дэңгээлде дээрлик аз. 

Бул жагдайда журналисттердин гана эмес, блогерлердин журналисттик иликтөөнү жүргүзүүдө жана маалыматтарды коомго жеткирүүдө, журналисттердин этикалык кодексинин талаптарын сактоосу зарыл[29].

Маалымат менен манипуляция, монтаж, пропаганда же “фейк фабрикалардын” кызматын кеңири колдонуу жана аккаунттарды бузуп кирүү, персоналдык маалыматтын сырдуулугун сактабоо системдүү көрүнүш болуп калыптанууда. Мисалы, 2021-жылдын этегинде – 2022-жылдын башында журналисттер менен активисттердин социалдык тармактардагы аккаунттарын бузуп кирүү көрүнүшү кеңири жайылганын “Медиа Полиси Институту” коомдук фонду 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын мартына чейинки мезгил аралыгында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына өткөрүлгөн мониторингинин жыйынтыгында билдирген[30].

Акыйкатчы Институтуна Г. Исаков уюлдук байланыш номуру катталган сим-картасы иштебей калгандыгын, уюлдук оператордун өкүлдөрү жаңы сим-картага алмаштырып, бирок аны иштете албагандарын билдирүү менен, ошол убакыт аралыгында анын фейсбук аккаунтун бузуп кирүү болгондугуна байланыштуу Президентке, Башкы прокурорго, УКМКга, ИИМге кайрылганына карабастан ким тараптан мындай аракет болгонун аныктоо иштерине даттануусу менен кайрылган. Азыркы учурда бул окуя боюнча УКМК кылмыш ишин кыскартканын билдиргенинен, бул чечимдин негиздүүлүгүн кароо боюнча  Акыйкатчы Институту тарабынан прокуратура органдарына сунуштама жөнөтүлгөн.

Жогорудагы тыянактарга себеп болгон төмөнкү иштерге көңүл бурууну Акыйкатчы Институту туура көрдү.

Next TV телеканалдын директору Таалай Дуйшембиевдин иши боюнча:

2022-жылдын 4-февралында Таалай Дуйшембиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (улуттар аралык кастыкты козгоо (араздашуу))  менен социалдык тармактарда туура эмес маалыматтарды жарыялоо боюнча кылмыш иши козголуп, азыркы учурда соттун кароосунда.

 

Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча:

15.08.2022-жылы, Фейсбук социалдык тармактын “Полит Узник” баракчасынын администратору Ы. Жекшеналиев, УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин Жетим –Тоо тууралуу кайрылуу видеосун аталган баракчага жайгаштырганды үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү боюнча "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктары" жөнүндө кылмыш иши козголуп, эки айга №1 тергөө изоляторуна камакка алынды.

 

Мирлан Ураимовдун иши боюнча:

М. Ураимов чагымчыл комментарийлерди социалдык тармактарда жайылтты деген жүйө менен 2020-жылдын 8-февралында сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктары"  тууралуу кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Бишкек шаардык сотунун 2022-ж. 9-мартындагы чечими менен камактан бошотулуп, бөгөт коюу чарасы башка жакка кетпөө жөнүндө кол коюу менен тандалган. Азыркы учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иш боюнча (иштин маңызы боюнча) териштирүүлөр өтүп жатат.

 

Айжан Мырзандын иши боюнча:

2022-жылдын март айында социалдык тармактарда Айжан Мырсан деп аталган жарандык активист өткөргөн түз эфиринде "расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты козгоо (араздашуу)" аракети болду деген жүйө менен Кылмыш-жаза кодексинин 330-бөлүмүнүн 1-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы башка жакка чыкпоо жөнүндө кол коюу менен тандалган. Бүгүнкү күндө кылмыш иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралып жатат.

 

 

Эмил Бекиевдин иши боюнча:

Э. Бекиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-бөлүмүнүн 2-пунктунун 1-беренеси боюнча "расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты козгоо (араздашуу)" аракети болду деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, Орусия Федерациясынан депортация болуп Кыргызстанга жеткирилди. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ага карата УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 15 күнгө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.

 

Адилет Али Мыктыбектин иши боюнча (Адилет Балтабай):

Адилет Балтабай социалдык тармактарда жарыялаган поссторунда "Массалык баш аламандыкка чакыруу” аракети болду деген жүйө менен Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп,  2022-жылдын октябрь айына чейин камакка алынган.

 

Кудайберген уулу Тилекмат (Күренов Тилек) боюнча:

Жетим-Тоо кенин иштетүүгө жана жаңы Конституцияны кабыл алууга каршы чыккан Кудайберген уулу Т.  2021-жылдын 15-мартында кармалган.

2021-жылдын 17-мартында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун токтому менен  баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө тандалган.

2021-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаардык соту Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарылган.

2021-жылдын 20-августундагы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен Кудайберген уулу Т., бийликти күч менен басып алуу тууралуу ачык чакырыктары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып,
1 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле, шайлоочуларды сатып алуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 6 айга эркинен ажыратылды. Жыйынтыгында ал
1,5 жылга эркинен ажыратылган.

 

Журналист Болот Темиров жана  төкмө акын Болот Назаров боюнча

Б. Темировго укук коргоо органдары жасалма анкета менен паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңгизатын алып жүрүү боюнча беш берененин негизинде жалпысынан төрт кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилип, Болот Темировду жана аны менен төкмө акын Болот Назаровду Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 2022-ж. 23-январда кармап, бирок четке чыкпоо тилкаты менен кайра бошоткон.

Журналит Б. Темиров боюнча кылмыш иштери аяктап Биринчи май райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн. Учурда соттук териштирүүлөр уланууда. Ал эми Болот Назаровго карата козголгон кылмыш ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту кароодо.

 

 

 

Укук коргоочу Камиль Рузиев боюнча

Укук коргоочу 2020-ж. "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде шектүү катары кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыгарылган. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынып салынган. Экинчи берене боюнча 2020-жылы сентябрында Каракол шаардык сотунда башталган сот иштери аягына чыгып актоо өкүмү чыгарылган.

Прокуратура аталган соттун чечимине сунуштама келтирип, учурда кылмыш иш Ысык-Көл облусунун сотунун кароосунда.

 

Kaktus.media сайтынын иши боюнча:

Прокуратура органдары Kaktus.media сайтында 2022-жылдын январында чек ара аймагындагы куралдуу жаңжал жөнүндө башка мамлекеттин ЖМКларынын макаласын жарыялоосунда, "согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн экинчи өлкөгө каршы агрессиясын жаратуу же аскердик чыр-чатакты козгоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу" аракети болду деген жүйө менен Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзгөн, жыйынтыгында кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу иш кыскартылган.

 

Журналист Куттумидин Базаркулов боюнча

УКМК кызматкерлери Жалал-Абад облустук телерадиоканалынын (ЖТР) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркуловду 27-ноябрда Жалал-Абаддагы үйүнөн кармап кетишкен, 28-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.

14-июнда Жалал-Абад шаардык соту Куттумидин Базаркуловду «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок журналист кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу сот залынан бошотулган. Ошол эле учурда сот журналисттен 3 миллион 215 миң сом өлчөмүндөгү каражатты өндүрүп алган.

 

 

 

 

 

СУНУШТАР

 

Министрлер Кабинетине:

1. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жооптуу органдардын ишмердүүлүгүндө декларативдүү, кош стандарттуу чечмелөөгө же колдонууга, адам укуктарын ашыкча же негизсиз чектөөгө жол бербөө максатында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке киргизүү;

2. Жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоону камсыз кылуу иштерин күчөтүү;

3. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу иштерин жүргүзүүдө Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту менен тыгыз кызматташууну камсыздоо;

4. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө балдар менен өспүрүмдөрдүн саламаттыгына жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан аларды коргоо, укук бузууларды алдын алуу боюнча системдүү аракеттерди күчөттүү. Бул тармакта балдардын ата-энелери, жергиликтүү бийлик менен кызматташууну бекемдөө;

5. Инсандын, коомдун, мамлекеттин маалымат укуктары жана эркиндиктери менен бирге мыйзамдуу чектөөлөрү боюнча; маалыматты издөөдө, колдонууда, таркатууда коркунучтардан коргоонуу талаптары тууралуу жарандардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында кеңири медиа сабаттуулугун жогорулатуу иштерин күчөтүү;

6. Кылмыш-жаза куугунтуктоосун жүзөгө ашырууда адам укуктарын жана эркиндиктерин толук кандуу камсыз кылуу максатында мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдардын өрчүшүнө шарт түзүү;

7. Кылмыш-жаза куугунтуктоосун жүзөгө ашырууда тергөө амалдарынын адам укуктарын жана эркиндиктерин толук кандуу камсыз кылуу максатында мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдардын өрчүшүнө шарт т үзүү;

8. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо системасын түзүүдө, мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын так ажыратып бөлүү негизинде түзүү.

 

Жогорку сотко:

1. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында сот адилеттигин жүргүзүүдө жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, соттук коргоосун ишке ашыруу.

2. Зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдардын, жаш балдардын персоналдык маалыматтарын коргоо талаптарын сактоо.

 

 

 

 

Башкы прокуратурага:

1. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөөнү, анын ичинде балдар менен өспүрүмдөрдүн Интернетке болгон көз карандылыгын жана мыйзам бузууларынын үзгүлтүсүз алдын алууну күчөтүү;

2. Адамдын маалыматтык чөйрөдөгү кызыкчылыгы боюнча толук маалыматка жетүүсүн, аны мыйзамда тыюу салынбаган иштерди жүргүзүү  укугун жана эркиндигин камсыздоо;

3. Аткаруу бийлигинин органдарынын укук колдонуу ишин, анын ичинде маалымат чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулардын алдын алууну жана ага бөгөт коюуну, ошондой эле бул чөйрөдө кылмыш жана башка мыйзам бузууларды жасаган адамдарды жоопкерчиликке тартууну күчөтүү;

 

Жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет агенттиктерине жана блогерлерге:

1. Инсандын, коомдун медиа сабаттуулугун жогорулатууга мамлекетке көмөк көрсөтүүгө чакыруу менен бирге, өз ишинде журналисттик этиканы, маалыматты издөө, таркатууда эл аралык калыстык, чындык, тактык принциптерин карманууну күчөтүүгө аракет көрүү.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пайдаланылган кыскартуулардын тизмеси:

 

КР- Кыргыз Республикасы

ЖК- Жогорку Кеңеш

Акыйкатчы - Акыйкатчы (Омбудсмен)

КЖК - Кылмыш-жаза кодекси

ЖПК - Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси

ЖМК - Жалпыга маалымдоо каражаттары

ИИМ-Ички иштер министлиги

УКМК-Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы

ЕККУ-Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму

 

 

[1] https://nonews.co/directory/lists/countries/mobiles

[2] http://www.stat.kg/kg/news/den-interneta-99-kyrgyzstancev-ohvacheny-mobilnymi-setyami/

[3] https://www.tazabek.kg/news:1754441

[4] https://kyrgyzeli.ru/ru/experts/669206-mediarynok-kyrgyzstana-novye-media-i-sotsialnye-seti.html

[5] https://kyrgyzstan.unfpa.org/sites/default/files/pub-pdf/dostup_uyazvimoy_molodezhik_k_klyuchevym_uslugam_v_kr_ru.pdf

[6]  10-беренесинин 3-бөлүмү

[7] 20.12.2021-ж. КРнын Президентинин Жарлыгы, ПЖ № 570

[8] 21.11.2017-ж. № 762

[9]03.05.2019-ж. КРнын Өкмөтүнүн № 209 токтому

[10] КРнын Өкмөтүнүн 2019-ж. 24-июлундагы “369 токтому

[11]08.04.2022-ж. № 204

[12] 2019-жылдын 16-октябрындагы № 389-б

[13]  чыг. № 20-1-40/1427 12.08.22-ж.

[14]  чыг. 02/634 07.09.22-ж.

[15] International Alert уюмунун "Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор" аналитикалык жыйнагында, https://cabar.asia/ru/kyrgyzstan-antiekstremistskie-strategii-nuzhdayutsya-v-dorabotke

[16] Конституциянын 23-беренесинин 1-бөлүгү

[17] Конституциянын 109-беренеси

[18] чыг. 13/5385  22.08.22-ж.

[19] 5-берене

[20] 4-берене

[21] 15-берененин 3-бөлүмү

[22] 4-берене

[23] чыг. 12-3/5156   23.08.22-ж.

[24] 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 204 токтому

[25] https://www.azattyk.org/a/32005557.html

[26]  СЭД - 1790  17.08.22-ж.

[27] чыг. 1/2003  15.08.22-ж.

[28] http://media.kg/news/analiz-k-proektu-zakona-kyrgyzskoj-respubliki-o-zashhite-ot-lozhnoj-i-nedostovernoj-informaczii/

[29] https://journalist.kg/kg/codex/

[30] http://media.kg/wp-content/uploads/2022/04/zhurnalistterge-onlajn-chabuuldar-kylmysh-ishteri-myjzamdar-menen-chekt%D3%A9%D3%A9-araketteri-2020-zhyldyn-oktyabrynan-kijinki-s%D3%A9z-erkindigi.pdf

Бишкек шаарында коомдук унааларда кыздар үчүн коопсуз шарттарды түзүү боюнча долбоор ишке ашырылууда.

Анын максаты-күн сайын ондогон кыздар кабылып жаткан коомдук унаадагы ыдык көрсөтүүлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу.

Бул боюнча аталган долбоордун автору Альбина Дуйшенбиева  КРнын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматовага долбоорду ийгиликтүү ишке ашырыш үчүн укуктук кеңеш сурап кайрылган. Акыйкатчы институнун кызматкерлери Дуйшенбиева менен жолугушуп, анын жыйынтыгында айдоочулар, кыздар жана коомдук унаалардын жүргүнчүлөрү үчүн даярдалган эскертме тексттерге оңдоолор киргизилген.

Ыдык көрсөтүү болгон маалда патрулдук милиция кызматкерлеринин токтоосуз реакция кылуусун уюштуруп берүү боюнча автордун өтүнүчүнө КРнын Ички иштер министрлигине кайрылуу сунушталды жана ИИМдин Жашы жете электрдин иштери боюнча инспекциясынын башчысы Нуржан Адылова менен жолугушуу уюштурулду.

Долбоордун авторунун өтүнүчү менен видео ролик Акыйкатчынын сайтына да жайгаштырылды.

КРнын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова 4-шаардык бейтапканада бир аз мурда омурткасынан оор операция болгон Н. Г.ны суракка алган Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн аракетине баа берүүнү прокуратура органдарынан талап кылды.

Н. Г. оор абалда болгонуна карабай, тергөө органдарынын кызматкерлери башка бейтаптар дагы дарыланып жаткан оорукананын палатасында түз эле тергөө аракеттерин жүргүзүүгө - ага айып тагууга аракет кылышкан. Бул үчүн мамлекеттик жактоочуну дагы чакыртышкан.

Белгилей кетсек, буга чейин Н. Г. Акыйкатчыга укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен аны коргоо өтүнүчү менен кайрылган, анткени ички иштер бөлүмү (ИИБ) ага карата 204-берене боюнча кылмыш ишин кайра жаңылаган.

Акыйкатчы институту дароо эле Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө жана прокуратура органдарына расмий билдирме жөнөткөн.

Арыз берүүчүнүн туугандары маалымдагандай, кечээ, 22-февралда ИИБдин тергөө органдарынын кызматкерлери, анын укугун бузуп, аялдын адвокаты бейтаптын оор абалы тууралуу медициналык маалым катты көрсөткөнүнө карабай, тергөө амалдарын жүргүзүүгө аракет кылышкан.

Анан калса, бейтаптын палатасына күзөт коюлган. Бул Н. Г.нын Паркинсон оорусунун күчөп кетүүсүнө алып келген. Милиция кызматкерлери 4-5 адам болуп ооруканага келип, аялга психологиялык басым көрсөтүшкөн.

Жакындарынын айтымында, азыркы учурда Н. Г. айыптуу эмес, ага ылайык орган кызматкерлери тарабынан эч кандай кайтаруу аракеттери болбошу керек. Артынан кылмышкер сыяктуу көзөмөл жүргүзүлүп жатканын билгенден кийин бейтаптын кан басымы көтөрүлүп кеткен.

Азыркы учурда наркоз абалынан чыгып жаткандыктан (ансыз да баары анча жакшы көтөрбөйт) бул жагдай анын абалын начарлаткан. Ал тургай түн ичинде дагы оорукананын бөлүмүндө милициянын формасын кийген кызматкер отурган, ал маал-маалы менен тергөөчүгө телефон аркылуу доклад берип турган.

Жакындары бул үрөй учурган инцидентти видеого тартып алышкан. Тергөөчү дарыгерлер бейтапка сурак кылууга уруксат берген деп билдирүүдө.

Акыйкатчы институнунун кызматкерлери кечээ Н.Г. жаткан бейтапканага барышты.

Н.Г. кыймылсыз жатат, сүйлөй албайт, колдору калчылдап турат. Операциядан кийин аял оюн так айтып түшүндүрө албай жатат жана иштин материалдары менен тааныша албайт.

Мындай көмөксүз абалда ал тергөө амалдарына катыша албайт.

Арыз берүүчүнүн жакындарынын айтымында, адвокат ага карата тергөө аракеттерин ден соолугу калыбына келмейинче токтото туруу тууралуу өтүнүч арыз бергенин маалымдашты. 

Адвокат оор абалдагы өзү ишин жактап жаткан адамдын тергөө амалдарына катышууга жоопкерчилик ала албай турганын түшүндүрдү.

КРнын Акыйкатчы  (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери оорукананын бөлүм башчысы Сабралиев М. К. менен сүйлөштү.

Ал бейтаптын омурткасына металл түзүмүн алуу боюнча операция жасалганын тастыктады. 

Акыйкатчы прокуратура органдарынан арыз берүүчүгө карата тергөө амалдарын жүргүзүүнүн мыйзамдуулугуна жана зарылдыгына объективдүү баа берүүнү, ошондой эле Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүн жоопко тартууну талап кылат. Ошондой эле Акыйкатчы аялдардын укугун коргоого чакырат.

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лесли Вигери менен Кыргызстандагы адам укуктарынын сакталышынын абалын талкуулашты.

Жолугушууда тараптар адамдардын социалдык абалына, жынысына, жарандыгына жана башка көрсөткүчтөргө карабастан социалдык-экономикалык укуктарын ишке ашыруу үчүн Кыргызстандагы түзүлгөн шарттар боюнча пикир алмашуу менен бирге, сөз эркиндигинин, гендердик теңчиликтин сакталышына өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушууда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын көз карандысыздыгын камсыз кылуу боюнча Кыргызстандын өзүнө расмий эл аралык деңгээлде алган милдеттенмелердин аткарылышына жана бардык мамлекеттик органдардын бул милдеттенмелерди так сактоосу козголуп, Кыргызстандын Акйыкатчысынын макамын жогорулатуу керектиги баса белгиленди.

 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова катуу жер титирөөнүн кесепетинен жабыркагандар жана курман болгондорго байланыштуу боордош Түркия элине көңүл айтты.

Бүгүн, 17-фервалда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Кыргызстандагы Түркия Республикасынын элчилигине барып жана Түркиянын түштүк-чыгыш провинцияларында 6-фервалда болгон жер титирөөнүн кесепетинен улам көп сандаган адам өмүрлөрүн алып кеткен кырсыкка байланыштуу көңүл айтты. Акыйкатчы көңүл айтуу китебине өзүнүн жазуусун калтырды.

“Бүткүл Кыргызстандын энелери терең кайгырат жана курман болгондор менен жабыркагандардын орду толгус жоготуусун чын дилдеринен бөлүшөт. Бул кыйын күндөрдө биздин ойлорубуз, кылган дубаларыбыз биздин боордош элибиз менен биргеликте. Биз Жараткандан каза тапкандарды өз мээрине алсын жана жакындарына сабыр берсин деп тилейбиз. Баардык жаракат алгандар жана жабыркагандардын тезирээк сакайып кетишин каалайбыз”.

Белгилей кетсек, буга чейин КРнын Акыйкатчы институтунун жетекчилиги жана кызматкерлери бир күндүк эмгек акысын Түркия Республикасынын аймагында болгон катуу жер титирѳѳдѳн жабыркагандарга которушкан.   

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова өзүнүн кесиптеши -Түркиянын Башкы Омбудсмени Шереф Малкочко да көңүл айткан кат жөнөткөн.  

 

 

 

 

Учурда Кыргызстандын миңден ашуун жараны чет өлкөлөрдө жасаган кылмыштары үчүн абактарда жазасын өтөп жатышат же ар кандай мыйзам бузуулар менен убактылуу кармоочу жайларда кармалышууда. Бул тууралуу Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун орун басары Альберт Колопов “Миграциялык коопсуздук: саясий-укуктук процесстер, көйгөйлөр, коркунучтар жана  Борбор Азия аймагындагы  өлкөлөрдүн контекстинде алардын Кыргыз Республикасындагы улуттук коопсуздукка таасири” деп аталган илимий-практикалык конференцияда баяндама жасаган учурда маалымдады.
“Бул маселе боюнча жыл сайын Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтуна эмгек мигранттарына байланыштуу 50-60дай арыз келип түшөт. Алардын көбү Россия Федерациясынын жабык жайларында кармалган же жазасын өтөп бүтүшкөн мигранттар, айрымдары Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандагы мигранттарга тиешелүү. 
Арыз ээлери өз кайрылууларында укуктук жардам алууну, же соттолгондор Кыргызстандык жарандарды мекенинде жазасын өтөш үчүн экстрадициялоого көмөк көрсөтүүнү суранышат.  
Өткөн жылы Акыйкатчынын (Омбудсмендин) кийлигишүүсү жана тиешелүү мамлекеттик органдардын көмөгү менен Казакстанда кармалган 4 жараныбыз бошотулуп, өз мекенине кайтарылса, Россия менен Тажикстандан дагы 4 жаран жазасын Кыргызстанда өтөө үчүн экстрадицияланган. Мигранттардын негизги көйгөйү – бул алардын каттоого туруусу, дагы бир орчундуу маселе бул - “кара тизме””,-деп белгиледи Акыйкатчынын орун басары.

Фото:sputnik.kg


 
 

 

Мамлекет коррупция менен натыйжалуу күрөшүүсү керек, бирок бул мамлекеттин адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо жаатындагы милдеттерин аткаруусунун бир бөлүгү болушу зарыл. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда “Коррупцияга каршы аракеттенүү: санариптештирүү шарттарында саясий-укуктук, эл аралык жана улуттук стандарттарды сактоо, коркунучтар, чакырыктар жана алардын Борбор Азия мамлекеттерине таасири” деп аталган илимий конференцияда Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун орун басары Альберт Колопов билдирди.

Акыйкатчы институтунун орун басары коррупция кайсы гана мамлекеттин болбосун жашоо ишмердигинин баардык тармактарында болуп жана адам укуктары менен эркиндиктерине түз таасир берип жатканын эскертти.

“Коррупцияга каршы аракеттенүү маселеси бүгүнкү күндө Борбор Азия өлкөлөрүндө гана эмес, бүткүл дүйнөдө актуалдуу болуп жатат.

2003-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун Коррупция боюнча Конвенциясынын кабыл алынышы дүйнөлүк деңгээлде кабыл алынган коррупцияга каршы милдеттүү биринчи юридикалык келишим болуп калганын эске алуу менен мамлекеттер коррупцияга каршы чаралардын квалификациялык имплементациясы боюнча милдеттерди алышкан. Бул өз кезегинде мыйзамдарга, мамлекеттик жана коомдук институттарга таасир берет.

2012-жылы КРнын “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” мыйзамы кабыл алынган, бул Кыргызстандын коррупция менен күрөшүү боюнча эл аралык милдеттерин аткарып жатканынын мисалы болуп саналат. 

Ошол эле маалда Акыйкатчы (Омбудсмен) институту коррупция менен күрөшүү мамлекеттин жарандарды коргоо, тартипти жана мыйзамдарды сактоо жаатындагы стандарттарын сактоо боюнча милдеттерин алып салбайт деп белгилейт.

Мамлекет коррупция менен натыйжалуу күрөшүүсү керек, бирок бул мамлекеттин адам укуктары менен эркиндиктерин сактоо жаатында милдеттерин аткаруусунун бир бөлүгү болушу зарыл”,-деп белгилеп өттү Альберт Колопов.  

Жыйындын максаты - коррупция феноменин изилдөө, тажрыйба алмашуу Борбор Азия өлкөлөрүндө коррупцияга каршы аракеттенүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу экенин жыйынды уюштуруучулар белгилешти.

Фото: Азаттык

 к

 

Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келинге орой мамиле кылган тергөөчүнүн иш-аракетине этика комиссиясында баа берилет.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтуна 2022-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарынын тургуну Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

Арызда жолдошу тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз бергени, бирок тергөөчү К.М. тергөө амалдарын тиешелүү деңгээлде жүргүзбөй, орой мамиле кылганы айтылган.

Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ички иштер министрлигине жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына териштирүү иштерин жүргүзүүгө жана тергөөчү К. М.га карата тиешелүү чара колдонуу боюнча ыкчам каттарды жиберишкен.

Келип түшкөн маалыматтарга ылайык, аталган арыз боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын,  Б. А.га коргоо ордери берилгенин, материалдын көчүрмөсү  Коомдук коопсуздук кызматына жиберилгендигин билдиришкен.

Мындан тышкары, 2023-жылдын 18-январында Акыйкатчы интститунун кызматкерлери У. Абылгазиева жана Анарбек кызы Бүбүсайра алынган маалыматтар боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыган барышып, жеринде териштирүү иштерин жүргүзүшкөндө аталган коргоо ордери берилбегендиги аныкталган.

19-январда Биринчи май райондук коомдук коопсуздук кызматы тарабынан Б.Анын жолдошу кармалып, Биринчи май соту тарабынан күнөөлүү деп табылды жана 40 саатка коомдук иштерге тартуу чечими чыгарылды.

Ал эми, тергөөчү К. М.нын иш-аракетине баа берүү этика комиссиясынын кароосуна жиберилип, Акыйкатчы институту тарабынан тергөөчүнүн аракети этика комиссияда каралуусуна жетишти. Учурда комиссиянын жыйынтыгы күтүлүүдө.

 


 

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова адилеттүүлүккө карата курч сезими Томас Мордун “Утопия” деп аталган философиялык эмгегин окугандан кийин жаралганын айтты. Кийинчерээк саясий-укуктук тармакта иштеп жатып ал баардыгы үчүн идеалдуу дүйнө болбой турганын түшүнгөн.    

Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Абдрахматова өзүнүн дайыма окуй турган чыгармалары деп британиялык жазуучу Джордж Оруэллдин "1984" жана "Скотный двор" деп аталган китептери экенин айтып берди.

“Оруэллдин чыгармалары өлкөнүн тагдырына активдүү катышуу-ар бир жарандын жоопкерчилиги экенине үйрөтөт. Ошол эле маалда жарандар кимдир-бирөө жан аябастан алардын эркиндигин коргойт деп үмүттөнбөшү керек”,-деп эсептейт Абдрахматова.

Өлкөнүн башкы укук коргоочусу Джордж Оруэлл тарабынан жазылган көзөмөл системалары биздин азыркы учур тууралуу да сүрөттөөрүн жана китепте айтылган башкаруу моделдери мамлекеттин деңгээлинде гана эмес, ар бир үй-бүлөнүн ичинде дагы колдонулса боло турганын белгиледи. Мамилелерди идеалдуу түзүлүшкө жеткирүү кыйын экенин түшүнүү менен ар бир адам өзүнүн “кичинекей мамлекетинде” демократиялык ыкмаларды колдонууга жок эле дегенде аракет кылуусу керек.

Маектин толук версиясын аудио жазуудан угуңуз:

https://ru.sputnik.kg/20230122/ombudsmen-chtenie-antiutopiya-oruell-1984-skotniy-dvor-tomas-mor-1072217842.html

Фото: sot.kg

“Кыргыз Республикасынын Конституциясында айтылгандай, Кыргызстан социалдык өлкө, ага ылайык, мамлекет тараптан калктын аялуу катмарын социалдык турак-жай менен камсыздоо боюнча системалуу колдоо керек”,-деп билдирди Акыйкатчы Атыр Абдрахматова турак-жайга карата жарандардын укугу талкууланган тегерек столдо.

Акыйкатчы институнда жарандардын турак-жайга карата укуктарын талкуулоо, ошондой эле аз камсыз болгон жана муктаж тараптарды мамлекеттик, муниципалдык жана башка турак-жай фондулары менен камсыздоо боюнча жагдайды талкууланган эксперттик уктуруу өттү. Талкууга мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова абдан көп жарандар турак-жай, жер үлүштөрүнө жетүү боюнча талаштуу маселелерди чечүүгө көмөк сурап кайрылышарын маалымдады.

“Расмий статистикалык маалыматка таянсак, Кыргызстанда ар бир төртүнчү жаран жакырчылыкта жашайт. Тилекке каршы, дагы эле аялуу топтордун саны азайбай келет. Алардын арасында эң эле көйгөйлүүлөр болуп көп балалуулар, улуу муундагылар, аймактардагы жаштар эсептелет. Ошондой эле үйлөрүн мыйзамсыз тарттырып жиберген, менчиктештирүүдө алданып көчөдө калган адамдар да көп. Алар жылдар бою соттошуп келишет.Дагы бир башкы милдеттердин бири калктын аярлуу катмарын социалдык турак-жай менен камсыз кылуу”,-деп белгиледи Акыйкатчы.

Акыйкатчы институтуна турак-жай боюнча:

            2020-жылы - 110 арыз;

2021-жылы - 95 арыз;

2022-жылы - 62 арыз түшкөн.

2022-жылы Акыйкатчынын атына үлүштүк курулушка катышуудан жабыр тарткан 19 жамааттык жана жеке кайрылуу келип түшкөн. Жарандар курулуш компаниялары менен турак-жай кооперативдерине карата арыз беришкен.

Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов социалдык турак-жай боюнча маселени мыйзамдуу деңгээлде чечүү маанилүү деп эсептейт.

«Мурда турак-жай менен камсыздоо боюнча программалар бар эле. Мамлекетте мындай практикаларды киргизүү жана ишке ашырууга баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мамлекет калктын аялуу тобуна колдоо көрсөтүүсү зарыл”,-деп билдирди.

“Биздин укук” коомдук фондунун директору Калича Умуралиева өлкөдө социалдык турак-жайды берүү шарттарынын так критерийлери аныкталган өзүнчө мыйзам ушул кезге чейин жок экенин белгилеп өттү.

Каржылык мүмкүнчүлүктөрү жок адамдар үчүн мамлекет социалдык мамлекеттик ижара турак-жай фондун-социалдык турак-жайды калыптандырат. Аны мыйзам менен аныкталган калктын аялуу тобунун өкүлдөрү колдонууга укуктуу. Ошондуктан “Биздин укук” коомдук фондунун эксперттери тарабынан иштелип чыккан “КРнын социалдык турак-жай жөнүндө” мыйзам долбоору өкмөткө демилгелөөгө берилди, бирок кабыл алына элек.

Эксперттик талкууда жетиштүү турак-жайга калктын жетишүүсү ар кандай жолдор менен камсыздалары белгиленди:

  • Жеке каражаттардын эсебинен экинчи рынокто турак-жай сатып алуу,
  • Ипотекалык насыялоо аркылуу жеке менчик турак-жайды сатып алуу, 
  • Үлүштүк курулушка катышуу,
  • Курулуш турак-жай кооперативдерине катышуу,
  • Калктын айрым топтору үчүн төмөнкү баа боюнча турак-жай сатуу,
  • Жеке менчик турак-жайды ижарага алуу, 
  • мамлекеттик/муниципалдык турак-жайды ижаралоо;
  • мамлекет тарабынан мамлекеттик кызматкерлерге (көп учурда-укук коргоо органдарынын кызматкерлерине) турак-жай берүү 

КРнын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун директорунун орун басары Р. Джайлобаева ведомство тарабынан иштелип чыккан “Үлүшкө катышуу жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштады.

Ал тилекке каршы, азыркы учурга чейин үлүш курулушу мыйзамга ылайык жөнгө салынбаганын, миңдеген жарандар акчасыз жана турак-жайсыз калганын, ал эми өз ишин так аткарбаган куруучу компаниялардын айынан курулуш тармагына имидждик жактан сокку берилгенин белгилеп өттү.

Өз сөзүндө Р. Джайлобаева аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыкканын жана биринчи кезекте өз ишин так аткарбаган куруучу компаниялардан жарандарды коргоого жана жарандардын салган каражаттарынын коопсуздугун камсыздоого багытталганын өзгөчө баса белгиледи.

Ошондой эле эксперттик талкууда “Биздин укук” коомдук фондунун өкүлү В. Болтобаева Акыйкатчы институтуна караштуу жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга жер участокторун алуу,(сатып алуу) жөнүндө мыйзам” долбоорун тааныштырды.

Мыйзам долбоору жер участокторун, турак-жайды алуу процесстерине катышкандардын мамилесин жөнгө салууга багытталган, анда алуунун өзүнүн эрежелери менен процедуралары биринчи кезекте катардагы жарандардын, ошондой эле баардык катышуучулардын кызыкчылыктары менен укуктарын коргоонун жагдайында чагылдырылган.

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова катышуучуларды Акыйкатчы институту парламенттик орган катары турак-жай тармагындагы жарандардын жана адамдардын укуктарынын сакталышын байкоочу мониторингди мындан ары да ишке ашыра берерин ишендирди.

Талкуунун жыйынтыгы менен анын катышуучулары КРнын Акыйкатчы Институту менен биргеликте “Социалдык турак-жай жөнүндө”, “Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга жер участокторун алуу,(сатып алуу) жөнүндө” мыйзам долбоорлорун жакшылап иштеп чыгып жана аны өлкө парламентине демилгелөөгө жана кабыл алууга жөнөтүүнү чечишти.

Талкууга Акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов, КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары К. Ж. Абдрахманов, мамлекеттик органдардын, КРнын Башкы прокуратурасынын, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын, “Биздин укук” жана “Ош-Интербилим” коомдук фондуларынын өкүлдөрү, жарандардын турак-жай укуктарын коргоо жана ишке ашыруу маселелери менен иш алып барган көз карандысыз эксперттер катышты.

 

 

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова 2022-жылы башка мамлекеттердеги кесиптештери менен кызматташтыкты күчөтүү өлкө чегинен тышкары жүргөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктарын коргоодогу натыйжалуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берди деп эсептейт.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы 2022-жылдын жыйынтыгы менен Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын жана Молдованын Омбудсмендери менен өз ара аракеттенишүү жөнүндө меморандумга кол койду. Россия, Казакстан, Өзбекстандын, Молдованын Омбудсмендери менен кызматташуу аталган өлкөлөрдө туруктуу жана убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандарына өз маалында колдоо көрсөтүүгө жана укуктарын коргоого мүмкүндүк берди. Кызматташтыктын алкагында омбудсмендер өз өлкөлөрүндөгү жарандардын белгилүү укуктары менен  эркиндиктеринин бузулушу тууралуу бири-бирине эскертүү беришет, өз ыйгарым укуктарынын алкагында адам укуктарынын бузулушун калыбына келтирүүгө мүмкүндүк түзүшөт.

2023-жылы омбудсмендер төмөнкүлөрдү ишке ашырууну пландап жатышат:

-  укуктары бузулган жана чектелген жарандарды биргелешип кабыл алуу; 

- адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча мониторингдер; 

- өз өлкөсүнүн чегинен тышкары иштегенге, окуганга, дарыланууга жана башка максаттар үчүн кеткен жарандар үчүн биргелешкен маалыматтык өнөктүктөрдү жүргүзүү;

- адамдардын жана жарандардын эркиндиктери менен укуктары жаатындагы көбүрөөк актуалдуу болгон кыйынчылыктарды биргелешип талкуулоо.

Молдованын Элдик адвокаты (Омбудсмени) менен кызматташуунун алкагында тараптар мигранттарды эң жакшы колдоо тажырыйбасын алмашуу, ошондой эле өз өлкөсүнүн чегинен тышкары добуш берген жарандардын шайлоо укуктарын камсыздоо боюнча макулдашты.

Меморандумдарга Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова менен Өзбекстандын Олий Мажлисинин Адам укуктары боюнча атайын дайындалган өкүлү (Омбудсман) Феруза Эшматова, Молдованын Элдик адвокаты (Омбудсмени) Чеслав Панько, Россиянын Адам укуктары боюнча атайын дайындалган өкүлү Татьяна Москалькова, Россиянын Свердлов областынын Адам укуктары боюнча атайын дайындалган өкүлү Татьяна Мерзлякова, Казакстандын Адам укуктары боюнча атайын дайындалган өкүлү Эльвира Азимовалар кол коюшту.

Абдрахматова белгилегендей, Өзбекстандын, Россиянын, Казакстандын, Молдованын Омбудсмендери менен меморандумдарга эл аралык укуктардын жалпы таанылган принциптери жана нормаларына ылайык кол коюлду, бул башка мамлекеттердеги кесиптештер менен кызматташтыкты жакшыртты жана өлкө чегинен тышкары жүргөн кыргызстандыктардын укуктарын коргоодогу натыйжалуулукту жогорулатууга мүмкүндүк берди.

 

 

2023-жылдын 20-январында саат 9:30да Омбудсмен Институтунда жеткиликтүү турак-жайга жарандардын укуктары маселеси боюнча эксперттик талкуу болот.

Эксперттик жолугушуунун максаты-турак-жай тармагындагы ар түрдүү багыттарды талкуулоо жана Кыргыз Республикасында жетишерлик турак-жайга карата жарандардын укуктарынын абалын баалоо.

Эксперттик уктуруу мамлекеттик органдардын, КРнын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттарынын, КРнын Башкы прокуратурасынын, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрүнүн, турак-жайга жарандардын укуктарын ишке ашыруу жана коргоо маселелери менен иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдар, көз карандысыз эксперттердин катышуусунда өтөт.

Эксперттик уктурууда социалдык турак-жай аркылуу калктын аярлуу тобуна жетиштүү турак-жайды жеткиликтүү кылууну ишке ашыруу маселелери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ипотекалык насыялоо аркылуу турак-жайга жеткиликтүүлүгүн ишке ашыруу, ТКК (турак-жай-курулуш кооперативдери) системасы, үлүш курулуштарына жарандардын катышуусу менен турак-жайга жеткиликтүүлүктү ишке ашыруу, кыймылсыз мүлктү коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алуу жана башка маселелер көтөрүлөт.

Медиа жана ЖМКнын баардык кызыктар тараптарын аталган жолугушууга чакырабыз.

Дареги: Бишкек шаары,Тыныстанов көчөсү 120,  Кыргыз Республикасынын Омбудсмен (Акыйкатчы) институту, тел: 66-31-47, 66-32-73, басма сөз кызматы 0707 09 61 09

Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жол кырсыгынан каза тапкан 24 жаштагы Айза Улан кызынын жакындары менен жолугушту.

Кырсыктан көз жумган кыздын жакындары Бишкек шаардык Свердлов райондук сотунун тергөө сотунун жол кырсыгынын негизги күнөөкөрүн үй камагына чыгаруу боюнча чечимине макул эместиктерин билдиришти.

Акыйкатчыга кайрылгандардын пикиринде, сот төмөнкүлөрдү көңүлгө алган эмес:

  1. 1974-жылы туулган, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча башкы башкармалыктын мурдагы кызматкери, айдоочу У.Н. катуу ылдамдыкта келе жатып жөө жүргүнчүлөр өтүүчү өтмөктөн токтобой койгон жана мындан улам кызды каршылаш тараптан келе жаткан унаа коюп кетип каза тапкан. Жол кырсыгы болгонуна карабай айдоочу У.Н. кызга жардам бербей, окуя болгон жерден кетип калган.
  2. Сот баш коргоо чарасы жөнүндө чечимди кабыл алып жатып 1974-жылы туулган У.Н. аттуу айдоочунун туруктуу жашаган жери жок экенин эске алган эмес. Мындан тышкары судья чечим кабыл алууда 2016-жылы эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча мекемеден анын саламаттыгы тууралуу берилген мөөнөтүз маалым катка гана караган.1974-жылы туулган У.Н. ысымдуу айдоочуну камакка алууга болбой тургандыгы тууралуу кандайдыр бир так медициналдык бүтүм Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун тергөөчүсүндө да, сотунда дагы жок.

Мындан тышкары каза тапкан кыздын жакындары кылмыш-процессуалдык кодексинин жакшыртылбаганынан улам адилетсиз тандалып алынган баш коргоо чарасынын үстүнөн даттана алышпаган Айзанын туугандарынын кызыкчылыгын коргоону өтүнүшүп, ошол эле учурда прокуратуранын атайын кызматкерлери жол кырсыгына негизги күнөөкөр болгон адамдын камакка алынышын талап кылууга шашпай жатышканын белгилешти.

Акыйкатчы Институтунун кызматкерлери аталган ишти өндүрүшкө кабыл алышты, прокуратура органдарынан ыкчам талап кылышты жана прокуратура баш коргоо чарасы боюнча чечимди апелляцияга берди.

Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Институту жабыркаган тараптын укуктары менен эркиндиктерин коргоо боюнча ишти улантат.  

 

Кечээ, 17-январда Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова жарандарды жеке кабыл алды.

Акыйкатчыга кайрылгандар кылмыш жана жарандык иштер боюнча бузулган укуктарын калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү жана ички иштер, прокуратура органдарынын айрым кызматкерлеринин иш-аракеттерине арыз-даттанууларын билдиришти.

Ф. С. аттуу жаран өгөй атасы аны сабаганы тууралуу ишке укук коргоо органдары көңүл бурбай жатканын, ошондой эле анын чоң энесинин сөөгүн эксгумация кылууга байланыштуу жагдайга укук коргоо органдарынын эч кандай аракети жок экенин айтып даттанды.

У. Н.  аттуу жаран Бишкек шаарынын Октябрь районунун ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери аны жана анын жашы жете элек кызын борбор калаадагы микроавтобустун (№212 каттам) айдоочусу сабаган учурга аракетсиздик көрсөтүп жатышканына көңүл бурууну акыйкатчыдан суранды. Окуя бир ай мурда болгонуна карабай, укук коргоо органдары балага психологиялык экспертиза дайындоодон баш тартып жатышат.

П. В.аттуу жаран анын кол тамгасын жасалма коюп алып акча каражаттары менен мүлкүн мыйзамсыз ээлеп алышканы боюнча факты тууралуу тергөөнү милиция кызматкерлери беш жылдан бери узартып келе жатышканына арызданды.

Дагы бир Э. У. аттуу жаран үчүнчү тараптар менен адвокаттын алдамчы аракеттеринен улам Ош областындагы өздөрүнүн үйлөрүнөн ажырап калган майыптыгы бар адамдардын тобунун кызыкчылыгын жактап кайрылды.

Мындан тышкары Акыйкатчынын кабыл алуусунда прокуратура органдарынын кызматкерлерине карата арызын айткан ишкер да болду. Арыздануучунун айтымында, алар убакытты атайлап создуктуктуруп, Каржы рыногун көзөмөлдөө кызматынын мурдагы башчысы анын эки компаниясын рейдердик жол менен басып алганы жөнүндө кылмыш ишин кылмыш мөөнөтү өтүп кетти деп жаап салышкан.