Ысык-Көл облусунун Бостери айылынын тургуну Д.Т. социалдык укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен Акыйкатчы институтуна кайрылган. Ал арызында жазгандай, 2007-жылы Россия Федерациясынын Ростов-на-Дону шаарындагы заводдордун биринде иштеп жүрүп, жаракат алган. Комиссия жана ВТЭК Д.Т.ны 30% майып деп таап, натыйжада ага социалдык жөлөкпул дайындалган. 2021-жылдын июлуна чейин ал бул жөлөкпулду «Dos Credo» банкы аркылуу үзгүлтүксүз алып турган. Бирок белгисиз себептерден улам акыркы айларда бул жөлөк пул боюнча төлөмдөр анын эсебине түшпөй калган.
КР Акыйкатчысынын кеңсесине Йемендин жараны Бахейт Халед Абдулла Мохамед КР жарандыгын алууга көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган. Анын билдирүүсүнөн көрүнүп тургандай, ал көп убакыттан бери Кыргыз Республикасынын жарандыгын ала албай, мамлекеттик тиешелүү органдарга кайрылып, бирок натыйжа чыккан эмес.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Нарын облустук өкүлчүлүгүнө наамына Нарын шаарынын тургуну Г.Т арыз менен кайрылып, эмгекке болгон укугун коргоону суранган. Ал арызында жазгандай, «-2015-жылдан тартып НРОАА жана МСЭК борборунда (Нарын райондук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик эпидемологиялык көзөмөлдөө борбору) катчы-машинист, ал эми 2017-жылдан бери уюштуруу бөлүмүндө иш кагаздарды жүргүзүүчү адис болуп иштеп келген, 2018-жылы бала багуу үчүн эмгек өргүүгө чыккан, 2021-жылдын 16-августунда эмгек өргүү аяктаганына байланыштуу кызмат ордума чыкса, жетекчиси Э..Бакалова кызмат абалынан пайдаланып «0.5 ставкага иште же кызмат ордуӊан өз каалоӊ менен арызыӊды жазып кет» деп аброюна шек келтирген, ар-кандай сөздөрдү айтып укугун тебелеп, куугунтукка ала баштаган.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун тургуну ТА. арыз менен кайрылып, уулу Н-ди багууга жаран Р.Байдоолотовдон айына 4391 сом өлчөмүндө акча каражатын (алимент) өндүрүү боюнча 2019-жылдын 28-майындагы соттун чечими 13 айдан бери аткарылбай жаткандыгын маалымдаган.
Мен, Ош шаарынын М-ва Д, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлү Ш. Касымовго, эксперти Т. Турганбаевге жана Акыйкатчынын Борбордук аппараттын кызматкери Гүлзина Бообековага чоң ыраазычылык билдирем.
Садовое айылында суу түтүгү алты ай мурун жарылып, ал жактагы тургундардын бир нече ирет даттануусуна карабастан, оңдолбой жаткан түтүктүн калыбына келүүсүнө Акыйкатчынын Чүй облусундагы өкүлчүлүгү көмөк көрсөттү.
2020-жылдын декабрь айынын башында Чүй облусунун Октябрь айылынын тургуну Н.К. аттуу пенсионер өз үйүнө мыйзамсыз отурукташкан бейтааныш адамдарды батиринен чыгара албай жатканын айтып, тиешелүү тараптарга анын ичинде КР Акыйкатчы аппаратына да кайрылган.
КР Акыйкатчысы Токон Мамытов буга чейин КР Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып, Бишкек ШИИБ убактылуу кармоочу жайында УКЖда кармалып турган адамдарга медициналык жардам көрсөтүүгө көмөктөшүү өтүнүчү менен кайрылган эле. Бул катка КР Саламаттык сактоо министринин орунбасары М.Каратаев кол койгон жооп алынды, анда төмөнкүлөр маалымдалган (жооп расмий тилде болгондуктан өзгөртүүсүз берилди-ред.):
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына Жалал-Абад шаарына караштуу Тайгараев айыл өкмөтүнүн тургуну Ш.Б. 2020-жылдын августунда арыз менен кайрылган.
Анда 2013-жылдын декабрь айында Ш.Б., Ш. Д. жана И.Т. биргеликте “Далир” насыя тобун түзүшүп, “ФинансКредит КАБ” Жалал-Абад филиалынан 140 000 (бир жүз кырк миӊ) сом насыя алышкандыгын билдирген. Насыя тобунун мүчөсү И.Т. каза болуп, насыя өз убагында төлөнбөй иш сотко өтүп, 52 000,00 (элүү эки миӊ) сом насыя карызды чогуу жоопкерчилик түрдө жоопкерлерден өндүрүү жөнүндө соттун чечими чыккан. 2017-жылы насыя карыздын эсебинен деп сот аткаруучу, банктын юристи жана эки өкүл келип, Ш.Б. үйүнөн үй эмеректерин (уктоочу гарнитур, телевизор, электрдуховка ж.б) алып кетишип, карызынан толук кутулгандыгын белгилешкен.
2011-жылдын 2-июлундагы №68 “КР Президентин жана КР Жогорку Кенешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Мыйзамдын 3-бер. 3 п. ылайык сот тарабынан аракетке жөндөмсүз деп таанылган жарандар шайлоого жана референдумга катыша албайт.
Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 12-бер. 1-пунктуна ылайык, "Мамлекеттик бийликтин бардык органдары Омбудсмендин (Акыйкатчынын) тергөө жүргүзүүсүнө жана инспекцияларына тезинен жана артыкчылыктуу тартипте жардам көрсөтүүгө милдеттүү". Мамлекеттик органдардын айрым кызматкерлери тарабынан Мыйзамдын ушул ченеми көз жаздымда калган учурлар бар.
Адам укуктарынын жалпы декларациясынын кабыл алынганын 71 жылдыгына жана 10-декабрь-Адам укуктарынын коргоо күнүнө карата, Акыйкатчы Токон Мамытов адам укуктары боюнча бир айлык жарыяланган. Анын алкагында Бишкек шаарында жана аймактарда мектептерде, ЖОЖда, аскер бөлүктөрдө, жабык мекемелерде, ооруканаларда жолугушуулар өткөрүлүп, адам укуктары боюнча кеңири маалыматтар берилип жатат. Андан тышкары бул жаатта конференциялар, тегерек столдор да өткөрүлдү.
КР Акыйкатчысы Токон Мамытов 2019-жылдын 5-декабрында Акыйкатчынын облустук өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери менен жолугушту. Жолугушуу учурунда Акыйкатчы облустук ар бир өкүлчүлүктүн ишке кедергисин тийгизип жаткан көйгөйлөрүн укту.
КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) наамына Бишкек ш. Биринчи май райондук ИИБ ТК тергөөчүлөрү тарабынан кылмыш ишин иликтөөдө кетирген калпыстыктары жана майнапсыз иш-аракеттери боюнча М.М. аттуу жаран кайрылган. Аталган арыз боюнча Акыйкатчы аппараты арыздануучунун келтирген жүйөөлөрү эске алыныш керектиги, эмне үчүн ал ушул убакка чейин жабырлануучу катары таанылбай жатканы жана Бишкек ш. Биринчи май райондук ИИБ тийиштүү кызматкерлеринин аракетсиздиги боюнча кайрылуусун Биринчи май райондук прокуратурага жөнөткөн.