Сегодня, 5 апреля, сотрудники Института Омбудсмена Кыргызской Республики провели мониторинг процесса в Верховном суде, на котором рассмотрено уголовное дело по изнасилованию 13-летней девочки.
Заседание прошло в закрытом режиме. По устному обращению потерпевшей стороны, представителям Института Омбудсмена и СМИ разрешили присутствовать на оглашении приговора.
Всего в судебном заседании участвовало около 30 человек.
Постановлением Верховного суда от 5 апреля 2023 года приговор судебной коллегии по уголовным делам и делам о проступках Бишкекского городского суда от 12 января 2023 года в отношении К. Д. А. был изменен, в остальной части оставлен без изменений.
К. Д. А. приговорен к лишению свободы на срок на 7 лет 6 месяцев с лишением права занимать определенную должность или заниматься определённой деятельностью сроком на 3 года (ранее, решением второй инстанции он был приговорен к 6 годам лишения свободы).
Таким образом Верховный суд формально ужесточил наказание, но в итоге приговор оказался значительно мягче, чем решение первой судебной инстанции.
Акыйкатчы (Омбудсмен) Кыргызской Республики Атыр Абдрахматова выразила сожаление относительно решения высшего органа судебной власти. Отметим, что Омбудсмен с самого начала держала данное дело под своим контролем.
«Пример смягчения ответственности милиционерам - наглядный плевок в детей и женщин, ставших жертвам преступлений сексуального характера, и сигнал поддержки всем насильникам. Мы видим, что в стране до сих пор не сформировалась государственная система защиты детей и женщин от любого вида насилия. Все ветви власти и надзорные органы должны уже обратить особое внимание на практику переквалификации и смягчения вины насильников, на действия милиции и судей, которые очерняя жертву, помогают насильникам избежать ответственности, тем самым подстегивают рост насилия в обществе», - подчеркнула Атыр Абдрахматова.
Акыйкатчы институнун жана КРнын Тышкы иштер министрлигинин биргелешкен иш-аракети менен И. А. аттуу Кыргызстандын жаранын Россиядан Тажикстанга экстрадициялоодон баш тартууга жетишилди.
КРнын жараны И. А. Россия Федерациясынын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара кызматы тарабынан Россиянын чегинен өтүп бара жатканда кармалган. Андан соң аны Россиянын Алтай крайынын Рубцовск транспорттук прокуратурасына өткөрүп беришкен.
Россиянын укук коргоо органдарынын расмий маалыматтары боюнча, Кыргызстандын жаранын Тажикстандын укук коргоо органдарынын эл аралык издөө жарыялаганынан улам кармашкан.
Кыргызстандын жараны кармалгандан кийин Россиянын Рубцовск райондук сотунун чечими менен Алтай крайындагы тергөө изоляторуна 40 күнгө камакка алынган.
Аталган факты боюнча Кыргызстандын Акыйкатчысы Джамиля Джаманбаевага этникалык кыргыздардын коомчулугунун өкүлдөрү И. А.нын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылышкан.
Кыргызстандын Акыйкатчысы ишти өзүнүн өзгөчө көзөмөлүнө алган.
КРнын Акыйкатчысы Кыргызстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына КРнын жаранынын укуктарын сактоону камсыз кылуу — Кыргызстандын жаранынын Россиядан Тажикстанга экстрадициялоого жол бербөөгө көмөк көрсөтүүгө чакырыгы менен кайрылды.
Кыргызстандын мамлекеттик органдарынын берген маалыматына ылайык, И. А.-этникалык кыргыз, Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдук округуна караштуу Мургаб айылында туулган.
2013-жылы Тажикстандан Кыргызстанга келүүгө аргасыз болгон. Андан соң этникалык кыргыз катары КРнын жарандыгын алган. Ошондон бери ал Кыргызстанда жашап жүрүп быйыл өлкөнүн чегинен тышкары иштеп келүүнү максат кылып чет жакка чыккан. Бирок Россиянын чек арасынан өтүп жаткан учурда кармалган.
Иштин материалдарын таянсак, 2013-жылы Тажикстанда И. А.га карата “Аскер бөлүгүн жана кызмат ордун өз алдынча таштап кетүү” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. И. А. 2010-жылдан 2013-жылга чейин Тажикстандын куралдуу күчтөрүнүн аскер бөлүгүндө келишим менен кызмат өтөгөн.
Акыйкатчы институту менен КР ТИМдин биргелешкен ыкчам аракетинин жыйынтыгында, ошондой эле Новосибирск шаарындагы КРнын башкы консулдугунун активдүү катышуусу менен Кыргызстандын жаранынын укуктарын коргоого мүмкүн болду.
Россиянын тиешелүү мамлекеттик органдары тарабынан КРнын жаранын Тажикстанга экстрадиция кылуудан баш тартуу жана бошотуу үчүн баардык далилдер берилди.
Россиянын Рубцовск транспорттук прокуратурасы И. А.ны коргоо боюнча баардык жүйөөлөрдү кабыл алды жана РФнын мыйзамдарына ылайык, И. А.ны кылмыш жоокерчилигине тартуу үчүн кармоо мөөнөтү 2019-жылдын 6-августунда аяктаганы тууралуу токтом чыгарды.
Россиянын Жаза аткаруу федералдык кызматы аны бошотуу чечимин кабыл алды.
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясына (ИКУ АА) кирүүгө ниеттенип жатат.
Мындай чечим Стамбулдагы ассоциациянын Башкы ассамблеясынын жыйынына КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева катышкандан кийин КРнын Акыйкатчы институту тарабынан кабыл алынды.
Буга чейин Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясынын Башкы ассамблеясынын жыйынында Джамиля Джаманбаева ИКУ ААнын ишмердүүлүгүнүн алкагында адам укуктары жана эркиндиктери жаатында маанилүү демилгелер ишке ашырылганын белгилеген.
Эскерте кетсек, Кыргызстан жыйынга байкоочу катары катышты.
“Кыргызстандын Акыйкатчы институту Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясынын ишмердүүлүгүнө кызыгуу менен байкоо салып турат, анткени Кыргызстандын көпчүлүк жарандары ислам динин тутунат. Жарандардын диний эркиндиктеринин укуктарын коргоо Кыргызстандын Акыйкатчы институтунун приоритеттүү багыттарынын бири болуп саналат”, - деп айтты жыйында Джамиля Джаманбаева.
Жыйынга Ассоциацияга мүчө мамлекеттердин Акыйкатчылары катышты.
Жыйындын алкагында ИКУ ААга мүчө мамлекеттердин улуттук укук коргоо уюмдарынын адам укуктары жаатындагы кызматташтыгынын маанилүү экендигин талкуулашты, ошондой эле Акыйкатчынын ишинин натыйжасын жогорулатыш үчүн диалогду улантуу зарылдыгын белгилешти.
Акыйкатчынын Түркияга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында КРнын Акыйкатчы институту аталган альянска кирүү чечимин кабыл алды, анткени ИКУ ААнын аянтчасында диний эркиндиктерге карата адамдын укуктарын коргоо боюнча маанилүү демилгелер талкууланат жана ишке ашырылат.
“Кыргызстандын Акыйкатчы институту жыйынга байкоочу катары катышты. Альянска кирүү менен Кыргызстандын Акыйкатчы институту ИКУ ААнын аянтчасында жарандардын дин тутунуу эркиндигин коргоо боюнча өзүнүн позициясын билдире алат”, - деп эсептейт Джаманбаева.
Азыркы учурда институт Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясына кириш үчүн расмий кайрылууну даярдап жатат.
Маалым кат
Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчылар Ассоциациясы (OICOA) 2014-жылы 29-апрелде Пакистандын Исламабад шаарында Ислам кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Акыйкатчы институттарынын өз ара тыгыз кызматташтыгы үчүн атайын макам менен түзүлгөн.
Ислам кызматташтык уюмунун өзү 1969-жылы 25-сентябрда Марокконун Рабат шаарында мусулман мамлекеттеринин башчыларынын жыйынында негизделген. 2011-жылга чейин Ислам конференциясынын уюму деп аталып, андан кийин Ислам кызматташтык уюму деп аталышы өзгөртүлгөн.
Ислам кызматташтык уюму — эң ири жана эң таасирдүү расмий мусулман өкмөттөрүнүн расмий уюму.
Азыркы учурда ал жалпы 2 млрд калкы бар 56 өлкөнүн башын бириктирип турат. Штаб-квартирасы Сауд Аравиясынын Джидда шаарында жайгашкан.
Кыргызстан 1992-жылы 1-декабрда Ислам кызматташтык уюмуна мүчө болгон. Бирок Кыргызстандын Акыйкатчы институту аталган уюмдун байкоочусу болуп эсептелет.
Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева сот жана прокуратура органдарын улуттук мыйзамдарга ылайык, жашы жете элек өспүрүмдөрдүн укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы институту мандатына ылайык, туруктуу негизде сот отурумдарына мониторинг жүргүзүп келет.
Буга чейин Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту 26-ноябрга чейин 14 жаштан 16 жашка чейинки төрт жашы жете элек өспүрүмдү камакта калтырган. Алар КРнын Кылмыш кодексинин 280-беренесинин 2-пунктуна (бейбаштыкка) ылайык, азыраак оор кылмышка шектелип жатышкан.
Ошол эле маалда Акыйкатчы институтунун Укук коргоо органдары тарабынан жана эркинен ажыратуу жайларында адам укуктарынын сакталышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн кызматкерлери белгилегендей, өспүрүмдөрдүн көрсөтмөлөрүн соттор уккан эмес. Бул жалпы кабыл алынган эл аралык укуктук ченемдердин бузулушу болуп саналат.
Мындан тышкары судья Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясынын Үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнүн өкүлдөрүнүн шектелип жаткан өспүрүмдөрдү камактан бошотуп жана ата-энелеринин жоопкерчилигине берүү зарылдыгы жөнүндө жүйөөлөрүн көңүлгө алган эмес.
Ошондой эле сот КРнын Жогорку Сотунун пленумунун соттор тарабынан жашы жете электерди өзгөчө оор учурларда гана камакка алуу жана баш коргоо чарасын кабыл алуунун негиздүүлүгү жана мыйзамдуулугун текшерүү жөнүндө кылмыш-процессуалдык мыйзамдарын соттордун колдонуу практикасы жөнүндө токтомун эске алган эмес. Жашы жете электер үчүн өзгөчө учур болуп өтө оор кылмыш жасоого шектелүү, буга чейин кабыл алынган баш коргоо чарасынын шарттарын бузуу, ошондой эле шектүү тарап сотко чейинки өндүрүш органынан жана соттон качып жүргөн жагдайлар эсептелет.
Акыйкатчы КРнын укук коргоо жана сот органдарын жашы жете элек балдардын кылмыш иштерин иликтөөдө жана сотко жөнөтүүдө Ювеналдык юстициянын мыйзамдарынын, КРнын Жогорку сотунун пленумдарын жана КРнын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелген эл аралык укуктун жалпы кабыл алынган нормаларын бекем сактоого чакырат.
Жашы жете балдарды камакка алуу маселесин кароодо укуктардын төмөнкү улуттук жана эл аралык ченемдери сот тарабынан көңүлгө алынган эмес:
КРнын Баш мыйзамында эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормалары, ошондой эле КРнын мыйзамдарына ылайык күчүнө кирген эл аралык келишимдер Кыргыз Республикасынын укуктук системасынын курамдык бөлүгү болуп эсептелээри каралган.
Бириккен Улуттар Уюмунун жашы жете электерге карата сотко жөнөтүүгө байланыштуу (Пекин эрежелери) 1985-жылы 29-ноябрда кабыл алынган БУУнун Башкы ассамблеясынын Резолюциясында БУУнун стандарттык эрежелеринде негизги жетектөөчү принциптердин бири чагылдырылган: жашы жете элек өспүрүм башка тиешелүү чаралар болгон учурларды кошпогондо абакка камалбашы керек.
Ошол эле маалда Пекин эрежелеринде соттук териштирүү жашы жете элек өспүрүмдүн кызыкчылыгына жооп бериши керек жана өспүрүмдүн көз карашын эркин билдирүүгө мүмкүндүк берүүчү түшүнүү атмосферасында болушу керектиги каралган.