
Бишкек шаарында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган келинге орой мамиле кылган тергөөчүнүн иш-аракетине этика комиссиясында баа берилет.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтуна 2022-жылдын 21-декабрында Бишкек шаарынын тургуну Б.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Арызда жолдошу тарабынан үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына арыз бергени, бирок тергөөчү К.М. тергөө амалдарын тиешелүү деңгээлде жүргүзбөй, орой мамиле кылганы айтылган.
Акыйкатчы институтунун кызматкерлери Ички иштер министрлигине жана Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгына териштирүү иштерин жүргүзүүгө жана тергөөчү К. М.га карата тиешелүү чара колдонуу боюнча ыкчам каттарды жиберишкен.
Келип түшкөн маалыматтарга ылайык, аталган арыз боюнча Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБи тарабынан кылмыш иши козголуп, соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, Б. А.га коргоо ордери берилгенин, материалдын көчүрмөсү Коомдук коопсуздук кызматына жиберилгендигин билдиришкен.
Мындан тышкары, 2023-жылдын 18-январында Акыйкатчы интститунун кызматкерлери У. Абылгазиева жана Анарбек кызы Бүбүсайра алынган маалыматтар боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыган барышып, жеринде териштирүү иштерин жүргүзүшкөндө аталган коргоо ордери берилбегендиги аныкталган.
19-январда Биринчи май райондук коомдук коопсуздук кызматы тарабынан Б.Анын жолдошу кармалып, Биринчи май соту тарабынан күнөөлүү деп табылды жана 40 саатка коомдук иштерге тартуу чечими чыгарылды.
Ал эми, тергөөчү К. М.нын иш-аракетине баа берүү этика комиссиясынын кароосуна жиберилип, Акыйкатчы институту тарабынан тергөөчүнүн аракети этика комиссияда каралуусуна жетишти. Учурда комиссиянын жыйынтыгы күтүлүүдө.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова адилеттүүлүккө карата курч сезими Томас Мордун “Утопия” деп аталган философиялык эмгегин окугандан кийин жаралганын айтты. Кийинчерээк саясий-укуктук тармакта иштеп жатып ал баардыгы үчүн идеалдуу дүйнө болбой турганын түшүнгөн.
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде Абдрахматова өзүнүн дайыма окуй турган чыгармалары деп британиялык жазуучу Джордж Оруэллдин "1984" жана "Скотный двор" деп аталган китептери экенин айтып берди.
“Оруэллдин чыгармалары өлкөнүн тагдырына активдүү катышуу-ар бир жарандын жоопкерчилиги экенине үйрөтөт. Ошол эле маалда жарандар кимдир-бирөө жан аябастан алардын эркиндигин коргойт деп үмүттөнбөшү керек”,-деп эсептейт Абдрахматова.
Өлкөнүн башкы укук коргоочусу Джордж Оруэлл тарабынан жазылган көзөмөл системалары биздин азыркы учур тууралуу да сүрөттөөрүн жана китепте айтылган башкаруу моделдери мамлекеттин деңгээлинде гана эмес, ар бир үй-бүлөнүн ичинде дагы колдонулса боло турганын белгиледи. Мамилелерди идеалдуу түзүлүшкө жеткирүү кыйын экенин түшүнүү менен ар бир адам өзүнүн “кичинекей мамлекетинде” демократиялык ыкмаларды колдонууга жок эле дегенде аракет кылуусу керек.
Маектин толук версиясын аудио жазуудан угуңуз:
Фото: sot.kg
“Кыргыз Республикасынын Конституциясында айтылгандай, Кыргызстан социалдык өлкө, ага ылайык, мамлекет тараптан калктын аялуу катмарын социалдык турак-жай менен камсыздоо боюнча системалуу колдоо керек”,-деп билдирди Акыйкатчы Атыр Абдрахматова турак-жайга карата жарандардын укугу талкууланган тегерек столдо.
Акыйкатчы институнда жарандардын турак-жайга карата укуктарын талкуулоо, ошондой эле аз камсыз болгон жана муктаж тараптарды мамлекеттик, муниципалдык жана башка турак-жай фондулары менен камсыздоо боюнча жагдайды талкууланган эксперттик уктуруу өттү. Талкууга мамлекеттик органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова абдан көп жарандар турак-жай, жер үлүштөрүнө жетүү боюнча талаштуу маселелерди чечүүгө көмөк сурап кайрылышарын маалымдады.
“Расмий статистикалык маалыматка таянсак, Кыргызстанда ар бир төртүнчү жаран жакырчылыкта жашайт. Тилекке каршы, дагы эле аялуу топтордун саны азайбай келет. Алардын арасында эң эле көйгөйлүүлөр болуп көп балалуулар, улуу муундагылар, аймактардагы жаштар эсептелет. Ошондой эле үйлөрүн мыйзамсыз тарттырып жиберген, менчиктештирүүдө алданып көчөдө калган адамдар да көп. Алар жылдар бою соттошуп келишет.Дагы бир башкы милдеттердин бири калктын аярлуу катмарын социалдык турак-жай менен камсыз кылуу”,-деп белгиледи Акыйкатчы.
Акыйкатчы институтуна турак-жай боюнча:
2020-жылы - 110 арыз;
2021-жылы - 95 арыз;
2022-жылы - 62 арыз түшкөн.
2022-жылы Акыйкатчынын атына үлүштүк курулушка катышуудан жабыр тарткан 19 жамааттык жана жеке кайрылуу келип түшкөн. Жарандар курулуш компаниялары менен турак-жай кооперативдерине карата арыз беришкен.
Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов социалдык турак-жай боюнча маселени мыйзамдуу деңгээлде чечүү маанилүү деп эсептейт.
«Мурда турак-жай менен камсыздоо боюнча программалар бар эле. Мамлекетте мындай практикаларды киргизүү жана ишке ашырууга баардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мамлекет калктын аялуу тобуна колдоо көрсөтүүсү зарыл”,-деп билдирди.
“Биздин укук” коомдук фондунун директору Калича Умуралиева өлкөдө социалдык турак-жайды берүү шарттарынын так критерийлери аныкталган өзүнчө мыйзам ушул кезге чейин жок экенин белгилеп өттү.
Каржылык мүмкүнчүлүктөрү жок адамдар үчүн мамлекет социалдык мамлекеттик ижара турак-жай фондун-социалдык турак-жайды калыптандырат. Аны мыйзам менен аныкталган калктын аялуу тобунун өкүлдөрү колдонууга укуктуу. Ошондуктан “Биздин укук” коомдук фондунун эксперттери тарабынан иштелип чыккан “КРнын социалдык турак-жай жөнүндө” мыйзам долбоору өкмөткө демилгелөөгө берилди, бирок кабыл алына элек.
Эксперттик талкууда жетиштүү турак-жайга калктын жетишүүсү ар кандай жолдор менен камсыздалары белгиленди:
КРнын Юстиция министрлигине караштуу Ченем жаратуу жана мыйзамдын үстөмдүгү институтунун директорунун орун басары Р. Джайлобаева ведомство тарабынан иштелип чыккан “Үлүшкө катышуу жөнүндө” мыйзам долбоорун сунуштады.
Ал тилекке каршы, азыркы учурга чейин үлүш курулушу мыйзамга ылайык жөнгө салынбаганын, миңдеген жарандар акчасыз жана турак-жайсыз калганын, ал эми өз ишин так аткарбаган куруучу компаниялардын айынан курулуш тармагына имидждик жактан сокку берилгенин белгилеп өттү.
Өз сөзүндө Р. Джайлобаева аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен иштелип чыкканын жана биринчи кезекте өз ишин так аткарбаган куруучу компаниялардан жарандарды коргоого жана жарандардын салган каражаттарынын коопсуздугун камсыздоого багытталганын өзгөчө баса белгиледи.
Ошондой эле эксперттик талкууда “Биздин укук” коомдук фондунун өкүлү В. Болтобаева Акыйкатчы институтуна караштуу жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан “Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга жер участокторун алуу,(сатып алуу) жөнүндө мыйзам” долбоорун тааныштырды.
Мыйзам долбоору жер участокторун, турак-жайды алуу процесстерине катышкандардын мамилесин жөнгө салууга багытталган, анда алуунун өзүнүн эрежелери менен процедуралары биринчи кезекте катардагы жарандардын, ошондой эле баардык катышуучулардын кызыкчылыктары менен укуктарын коргоонун жагдайында чагылдырылган.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова катышуучуларды Акыйкатчы институту парламенттик орган катары турак-жай тармагындагы жарандардын жана адамдардын укуктарынын сакталышын байкоочу мониторингди мындан ары да ишке ашыра берерин ишендирди.
Талкуунун жыйынтыгы менен анын катышуучулары КРнын Акыйкатчы Институту менен биргеликте “Социалдык турак-жай жөнүндө”, “Мамлекеттик жана коомдук муктаждыктарга жер участокторун алуу,(сатып алуу) жөнүндө” мыйзам долбоорлорун жакшылап иштеп чыгып жана аны өлкө парламентине демилгелөөгө жана кабыл алууга жөнөтүүнү чечишти.
Талкууга Акыйкатчы Атыр Абдрахматова, Жогорку Кеңештин депутаты Султанбай Айжигитов, КРнын Экономика жана коммерция министринин орун басары К. Ж. Абдрахманов, мамлекеттик органдардын, КРнын Башкы прокуратурасынын, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын, “Биздин укук” жана “Ош-Интербилим” коомдук фондуларынын өкүлдөрү, жарандардын турак-жай укуктарын коргоо жана ишке ашыруу маселелери менен иш алып барган көз карандысыз эксперттер катышты.
2023-жылдын 20-январында саат 9:30да Омбудсмен Институтунда жеткиликтүү турак-жайга жарандардын укуктары маселеси боюнча эксперттик талкуу болот.
Эксперттик жолугушуунун максаты-турак-жай тармагындагы ар түрдүү багыттарды талкуулоо жана Кыргыз Республикасында жетишерлик турак-жайга карата жарандардын укуктарынын абалын баалоо.
Эксперттик уктуруу мамлекеттик органдардын, КРнын Жогорку Кеңешинин айрым депутаттарынын, КРнын Башкы прокуратурасынын, Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрүнүн, турак-жайга жарандардын укуктарын ишке ашыруу жана коргоо маселелери менен иш алып барган өкмөттүк эмес уюмдар, көз карандысыз эксперттердин катышуусунда өтөт.
Эксперттик уктурууда социалдык турак-жай аркылуу калктын аярлуу тобуна жетиштүү турак-жайды жеткиликтүү кылууну ишке ашыруу маселелери, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ипотекалык насыялоо аркылуу турак-жайга жеткиликтүүлүгүн ишке ашыруу, ТКК (турак-жай-курулуш кооперативдери) системасы, үлүш курулуштарына жарандардын катышуусу менен турак-жайга жеткиликтүүлүктү ишке ашыруу, кыймылсыз мүлктү коомдук жана мамлекеттик муктаждыктар үчүн алуу жана башка маселелер көтөрүлөт.
Медиа жана ЖМКнын баардык кызыктар тараптарын аталган жолугушууга чакырабыз.
Дареги: Бишкек шаары,Тыныстанов көчөсү 120, Кыргыз Республикасынын Омбудсмен (Акыйкатчы) институту, тел: 66-31-47, 66-32-73, басма сөз кызматы 0707 09 61 09