Акыйкатчы институту Билим берүү жана илим министрлигин балдардын билим алууга карата укуктарын сактоону камсыздоого чакырат.
Ош шаарынын тургуну Г. И. Акыйкатчы институтуна анын балдарынын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылган.
Окуу жылы башталгандан кийин ал балдарын жалпы билим берүү мектептеринин биринен алып, жеке менчик мектепке киргизүүгө мажбур болгон, анткени мектепке өткөн жылы анын 1-класска кирген уулун кемсинткен мугалим кайтып келген.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын сентябрь айында Ош шаарындагы жалпы билим берүү мектептеринин биринде У. И. аттуу мугалим биринчи класстын окуучусун- Г.И.нин уулун “мал” жана “акмак” деп тилдеп, баланы бетке чапкан. Ошондой эле ал класстагы балдарды “жөндөмсүздөр, акылсыз бомждор” деп урушкан. Мунун баары Г. И.нин уулунун смарт-саатына жазылып калган. Үн жазууну уккан ата-энелер мектеп жетекчилигине чара колдонуу талабы менен кайрылышкан. Үн жазуу ошондой эле социалдык тармактарга жарыяланган. Инцидент резонанс жаратып-башка окуучулардын ата-энелери да нааразы болушкан. Бул окуядан кийин мугалим У. И. 2022-жылы 30-сентябрда жеке арызы менен жумуштан бошоого мажбур болгон.
Бирок 2023-жылдын 4-апрелинде ал кайрадан ушул эле мектепке мугалим болуп ишке кирген.
Аталган фактыга Г. И. нааразы болуп, адегенде мектеп жетекчилигине кайрылып, андан кийин алардан аракет болбогондо Акыйкатчы институтуна арыз жазган.
Акыйкатчы институту 2023-жылдын май айынан бери Билим берүү министрлигине бир нече ирет расмий билдирүү жөнөтүп, баланын укуктарын сактоону камсыздоого жана чара колдонууга чакырган.
Бирок август айынын соңуна чейин жооп болгон эмес. 21-августта министрликтен У. И.ни тажрыйбасын эске алып кайрадан мектепке ишке алышканы айтылган жооп келген. Ушул эле катта баланын укуктарын коргоо жана мектеп бул багытта иш алып бара турганы эскертилген эмес. Анан калса министрлик мугалимдин кайтып келүүсүн ата-энелер да колдогонун белгилейт.
Бирок институт Башкы прокуратурага У. И. аттуу мугалимдин аракетине баа берүү чакырыгы менен расмий билдирме жөнөткөн.
Акыйкатчы институтуна келген көзөмөл органы берген расмий катта У. И. мектеп окуучуларын кемсинтүү жана басымырлоо менен Билим берүү жөнүндө мыйзамдын 29-беренесин бузганы айтылат.
Ошондой эле 2023-жылдын 1-августунда аталган мектептин директору Б. Ж.га сөгүш жарыяланганы маалымдалган.
Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн башчысы Наиля Токтосунова Г. И. балдарын коргоо максатында аларды жеке менчик мектепке берүүгө мажбур болгонун белгиледи.
Бөлүм башчы берген маалыматка таянсак, 16-сентябрда Г. И.ге жеке менчик мектептен телефон чалышып, документтерди алып кетүүнү айтышкан.
Г. И.нин айтымында, жеке менчик мектептин директору анын балдарын мектепке кабыл алуудан баш тарткан.
“Силерди Ош шаарындагы баардык мектептердин “кара тизмесине” киргизип салышты деп айтып жатышат дейт ал. Ага айтып түшүндүрүүгө аракет кылдык, бирок директор уккан да жок. Мындай учурда эмне кылышыбыз керек? Башталгыч класстардын балдарына билим берилбей калабы?,- деген аргасы кеткен аял ыйлап.
Акыйкатчы институту Министрлер кабинетин балдардын билим алууга карата укугун сактоону камсыздоого жана баланын укуктарын бузууга өтө эле одоно жол берген тараптарга чара колдонууга чакырат.
“Билим берүү министрлигин педагогдун, ошондой эле шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчилигинин аракетине баа берүүгө чакырабыз. Кенже класстын балдарына жаман айтып жана тилдеген, аларды кыйкырып урушкан педагогдун мугалим болууга моралдык укугу барбы?,-деп белгиледи Наиля Токтосунова.
Белгилей кетсек, Акыйкатчы институтунун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлөнүн укуктарын коргоо бөлүмүнүн кызматкери Бубусара Анарбек кызы аталган кейсти туруктуу негизде карап жатат.
18-19-сентябрда КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) жөнүндө конституциялык мыйзам долбоорун коомдук талкуулоо өткөрүлдү.
Сунушталып жаткан Акыйкатчы жөнүндө мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаттары Акыйкатчы институту менен биргеликте иштеп чыккан, Жогорку Кеңештин алты фракциясынын башчылары тарабынан демилгеленген.
30-июнда долбоорду коомдук талкууга алып чыгышкан.
Акыйкатчы институту сунушталган конституциялык мыйзам долбоору боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа биримдигинин өкүлдөрү менен консультация өткөрүштү, өз кезегинде алар долбоор боюнча жакшы пикирлерин билдиришти.
Мыйзам долбоору боюнча жарандык коомдон жана эл аралык уюмдардан бир катар сунуштар түштү, алар эске алынды.
Аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу Акыйкатчы институтуна Борбор Азияда алгачкылардан болуп «В» макамынан «А» макамына аккредитациядан өтүш үчүн билдирме тапшырууга мүмкүндүк бермекчи. Бул болсо өз кезегинде өлкөнүн имиджине жана мамлекеттин өнүгүшүнө укуктук, экономикалык багытта да, ошондой эле укуктун үстөмдүгүн камсыздоодо да оң таасирин тийгизет.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Джамиля Джаманбаева аталган долбоордо Париж принциптерине толук бойдон шайкеш келүү каралганын белгилеп өттү.
“Сунуш кылынган долбоор Париж принциптерине толук шайкеш келүүнү толугу менен карайт. «А» статусуна жетишүү максатында долбоордо принциптүү механизмдер камтылган жана келечекте Омбудсмен институту Адам укуктары боюнча кеңеште кеңири укуктарга жана катышуу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот. «А» статусу аккредитацияланганда Омбудсмен Кеңештин бардык жыйналыштарында болууга жана катышууга укуктуу, ошондой эле бардык жыйналыштарда оозеки билдирүүлөр менен жеке же видео байланыш боюнча катышууга укуктуу болот. Азыркы учурда «В» статусунда Омбудсмен GANHRI чогулуштарына гана катыша алат, бирок добуш бере албайт жана жетекчи кызматтарды ээлей албайт. Мындан тышкары, «А» статусунда өз өлкөсүндө адам укуктары жагындагы кырдаалга көз салуу жана ал жөнүндө кабарлоо жана мамлекет адам укуктары жагынан өзүнүн өзүнүн милдеттенмелерин аткарышына жардам берүү жана улуттук деңгээлде адам укуктары жагынан эл аралык стандарттарды киргизүү боюнча консультация берүү мүмкүнчүлүгү болот”,-деп айтты ал.
Долбоор Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) (мындан ары – Омбудсмен), Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басарларынын (мындан ары – орун басарлар) ишин уюштуруу тартибин, компетенциясынын чөйрөсүн, аларды шайлоо жана кызматтан бошотуу тартибин, Омбудсмендин, орун басарлардын жана Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын (мындан ары – Омбудсмендин Аппараты) ыйгарым укуктарын жана көз карандысыздыгынын кепилдиктерин, укуктук статусун, уюштуруу негиздерин, укуктук коргоо чараларын аныктайт.
Негиз катары колдонуудагы «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы алынган. Долбоорду жаңы редакцияда иштеп чыгуу зарылчылыгы ошондой эле колдонуудагы «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын (мындан ары – Мыйзам) ченемдеринде Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына болгон карама-каршылыктарга байланыштуу келип чыкты, алар колдонуудагы Мыйзамды 20 жыл аралыгында колдонуу практикасынын натыйжасында табылды.
Ар жылдагы баяндама жактырылбаганы үчүн Омбудсмендин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнүн мурда токтотуу, эл аралык уюмдар жана укук коргоочулар белгилеп жаткандай, Омбудсмендин саясий күчтөргө тикелей көз карандылыгын түзөт жана ал адамдын конституциялык укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктарын натыйжалуу аткарышына тоскоолдук кылат. Ошентип, Ар жылдагы баяндаманы жактырбоого байланыштуу Омбудсменди кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу жөнүндө жобону алып салуу эми Омбудсмен Институтунун көз карандысыздыгына тикелей таасир этпейт. Мындан тышкары, бул ченемдер Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине карама-каршы келет, анткени Омбудсмен адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин сактоо боюнча Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарынын иши жөнүндө парламентке отчет берет.
Омбудсмендин кызмат ордун саясатташтырууну жана ага ар кандай саясий күчтөрдүн таасирин жокко чыгаруу максатында долбоордо жобо каралат, ага ылайык Омбудсмен жана анын орун басарлары саясий партияларда болууга, саясий максаттарды көздөгөн кандайдыр-бир саясий партияларды же башка коомдук бирикмени колдоп же каршы чыгууга укуксуз.
Мындан тышкары, долбоордо Омбудсменге Судьялар кеңешинин Тартип комиссиясынын жыйналыштарына кеңеш берүү добуш укугу менен катышуу мүмкүнчүлүгүн берүү сунуш кылынат.
16-сентябрда КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери толук курамда жалпы республикалык ишембиликке катышты.
Борбордук аппараттын кызматкерлери, Чүй областындагы өкүлчүлүк Чүй областынын Аламүдүн районуна караштуу Кой-Таш айылындагы 4 чакырым аймакты таштандыдан тазалашты.
Тазалоо иштери жол жээгин бойлото - «12 каминов» эс алуу комплексинен «Жаннат» мейманканасына чейинки аралыкта жүргүзүлдү.
Институттун аймактардагы өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери да ишембиликке чыгышты.
Ысык-Көл областындагы Акыйкатчынын ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери Каракол шаарындагы «Жеңиш» паркын тазалашты.
Ош, Нарын, Жалал-Абад, Талас жана Баткен областындагы Акыйкатчынын өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери областтык администрациялардын имараттарынын айлана-тегерегин тазалашты.
Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Казакстандын Акыйкатчысы Артур Ластаевге Алматы шаарында Казакстан Республикасынын укук коргоо органдары тарабынан кармалган Кыргызстандын жараны Эрмек Маркабаевдин укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды.
Джамиля Джаманбаева эки өлкөнүн Акыйкатчы институттарынын ортосунда кол коюлган кызматташтык жөнүндө меморандумга ылайык, Кыргызстандын жаранынын укугун коргоого көмөк көрсөтүүгө кесиптешин чакырды.
Буга чейин Акыйкатчы институтуна Эрмек Маркабаевдин Жылдыз аттуу жакыны кайрылып, ал бир тууганынын укугун коргоону жана аны мекенине кайтарып келүүгө көмөк көрсөтүүнү суранган
Белгилүү болгондой, Алматы шаарындагы ири базарлардын бири болгон «Алтын Ордо» базарынын аткаруучу директору Эрмек Маркабаев 2023-жылы 2-июнда Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган.
Жактоочу берген маалыматка таянсак, Эрмек Маркабаевди Казакстандын мыйзамдарын бузуу менен кармашкан.
Социалдык тармактарда аны кармоо маалындагы видео жарыяланган. Жактоочунун айтымында, видеодо Маркабаевдин чөнтөгүнө майдаланган нерсе оролгон зат салып жатышкан учур көрсөтүлөт.
Акыйкатчы институту Тышкы иштер министрлигине (ТИМ) Алматы шаарында кармалган Кыргызстандын жаранынын укугун коргоону камсыз кылууга чакырган билдирме жөнөттү. ТИМ өз кезегинде алар тараптан укуктук жана консулдук жардам көрсөтүш үчүн чаралар кабыл алынып жатканын, ошондой эле дипломатиялык жактан тиешелүү ноталар жиберилгенин билдирди.
Мындан тышкары КРнын Башкы консулдугунун кызматкерлери кармалган жаран менен сүйлөшүшкөн.
Маркабаев Кыргызстандын Алматы шаарындагы Башкы консулдугунун өкүлдөрү менен сүйлөшкөн маалда базардын 20 пайызын коркутуу, кысым көрсөтүү менен тартып алыш үчүн ага чындап эле баңгизатын чөнтөгүнө сала коюшканын айткан.
Акыйкатчы казакстандык кесиптешине 5-сентябрда расмий кат жөнөткөн, 8-сентябрда кат Казакстандын Акыйкатчы институтунун тиешелүү кызматкерлерине тапшырылган.
13-сентября Казакстандын Акыйкатчы институтунан өз ыйгарым укуктарынын чегинде алар Казакстандын тиешелүү мамлекеттик органдарына Кыргызстандын жараны Эрмек Маркабаевдин укуктарын сактоо талабы менен кат жөнөтүшкөнүн маалымдашты.