
Акыйкатчы институту сот органдарын аудио жана видео жаздыруу системаларынын тынымсыз иштөөсүн камсыз кылууга жана бузулган учурларды ыкчам оңдоо зарылдыгына көңүл бурууга чакырды.
Институттун сот органдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери сот процесстерине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп келет.
Сот жыйындарын мониторинг кылуу учурунда процессти аудио же болбосо видео фиксация (АВФ) менен камсыздоодо маселелер бар экени аныкталды.
Акыйкатчы институтунун сот органдары менен иштөө жана соттук процесстерге мониторинг жүргүзүү иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев аудио жана видео фиксация системалары бузулгандыктан улам сот процесстери аргасыздан башка учурга жылып калып жатканын билдирди.
“Мындай жагдай процесстин катышуучуларын нааразы кылат. КРнын Кылмыш-процессуалдык-кодексинин 283-бөлүмүнө ылайык, анча оор эмес кылмыш, азыраак оор, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөттөрү так регламенттелген.
Мисалы, 2023-жылы 11-августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда боло турган процесс АВФ системасы иштебей калгандыктан өткөн жок.
Техникалык бузулуу өз маалында оңдолгон эмес. Бул сотко катышып жаткандарды нааразы кылды”,-деп айтты ал.
Калчабаев АВФ системасы өз маалында техникалык тейлөө көрсөтө албаганы кылмыш иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого тоскоол болоорун кошумчалады.
“Сот кызматкерлери менен сүйлөшкөн учурда АВФ системасын оңдоого 10 күндөн ашык же андан көп убакыт талап кылынаарын белгилешти”,-деди Акыйкатчы институтунун бөлүм башчысы.
Акыйкатчы институту сот органдарына Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыда “актала албаган кармоосу жок соттолбошу керектиги” (Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт, 14-берене, 3-бөлүм, «с» пункту) тууралуу укуктук регламент бар экенин эскертет.
КРнын Акыйкатчы институту сот органдарын АВФ системасынын үзгүлтүксүз иштеп турушуна көңүл бурууга чакырды.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева кыргызстандыктарды Кыргыз Республикасынын эгемендик күнү менен куттуктады.
Куттуктоо тексти:
“Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди өзүмдүн жана Акыйкатчы институтунун атынан Кыргызстандын эгемендик күнү менен куттуктайм!
Мекенибиздин ар бир атуулу үчүн, мамлекетибиз үчүн бүгүнкү күн абдан маанилүү.
Кыргызстандын көз карандысыздыгы биздин эң кымбат баалуулугубуз жана биз аны ар дайым сакташыбыз керек.
Мамлекетибиздин эркиндигин баалоо, адам укуктарын бийик сактоо ар бирибиздин ыйык парзыбыз.
Биздин эркин өлкөбүздө адам укуктарынын сакталышы жана корголушу эң башкы жетишкендигибиз болушу керек.
Ар дайым эгемендигибиздин туусу желбиреп, элибизде тынчтык болсун! Майрамыңыздар менен!”
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жана Түркиянын башкы Акыйкатчысы Шереф Малкоч видео байланыш аркылуу сүйлөшүү жүргүзүштү.
Тараптар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптери жана нормаларына ылайык Кыргызстан менен Түркиянын жарандарынын укуктарын коргоо жаатындагы кызматташтыкты күчөтүү тууралуу пикир алышты.
Эки тарап Түркиядагы Кыргызстандын жана Кыргызстандагы Түркиянын жарандарынын эмгек миграциясы, экономикалык жана жарандык укуктары жаатында бир катар биргелешкен иш-чараларды аткаруу чечимине келишти.
Жолугушуу маалында эки өлкөнүн Акыйкатчылары ушул жылдын сентябрь айынын башында Бишкекке келе турган Шереф Малкочтун расмий иш сапары боюнча макулдашты.
“Сиздин Кыргызстанга келгендеги иш сапарыңыз жемиштүү болот деп күтүп жатабыз жана сиз менен Түркиядагы кыргызстандык эмгек мигранттарынын, ошондой эле Кыргызстанда жүргөн Түркиянын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен иш-аракеттерди кеңири талкуулай алабыз”, - деди Акыйкатчы.
Джамиля Джаманбаева Шереф Малкочтун адам укуктарын сактоону камсыз кылуу жаатында ар түрдүү өлкөлөрдүн Акыйкатчыларын бириктирүүгө кошкон салымын, ошондой эле Адам укуктары боюнча Акыйкатчылар институттарынын ассоциациясын түзүүдөгү эмгегин белгилеп өттү.
Эскерте кетсек, 2022-жылы 12-майда Түркиянын Бурса шаарында Адам укуктары боюнча улуттук институттардын жана түрк мамлекеттеринин Акыйкатчыларынын ассоциациясы түзүлгөн.
“Түркиянын башкы Акыйкатчысы катары адам укуктарын коргоо жаатында көп иштерди жасоого жетиштиңиз. Бүгүнкү күндө Түркиянын Акыйкатчы институту эң таасирдүү улуттук укук коргоо уюмдарынын бири болуп эсептелет. Сиз күчтүү аянтчаны - Адам укуктары боюнча улуттук институттардын жана түрк мамлекеттеринин Акыйкатчыларынын ассоциациясы түздүңүз. Мен Кыргызстандын Акыйкатчысы катары биздин өлкөнүн чегинен тышкары жүргөн Кыргызстандын жарандарын коргоону камсыз кылыш үчүн мындай демилгелерди колдоого даярмын”, - деп белгиледи КРнын Акыйкатчысы.
Шереф Малкоч Джамиля Джаманбаеваны башка ассоциациянын - Ислам кызматташтык уюмунун Акыйкатчыларынын кезектеги жыйынына катышууга чакырды.
Түркиянын башкы Акыйкатчысы аталган аянтча омбудсмендердин күчүн гана бириктирбестен, улуттук укук коргоо уюмдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жаңы дем берет деген ишенимин билдирди.
Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында Кыргызстан менен Түркиянын Акыйкатчылары адам укуктарын коргоо маселелери боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишти.
Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Россиянын Москва областындагы Сахарово кыштагындагы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлигине караштуу атайын мекемеге барды.
Дал ушул жерде чет өлкөлүк жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары дагы убактылуу кармалат.
Мекемеде Акыйкатчы Россиянын тиешелүү органдары тарабынан убактылуу кармоого жөнөтүлгөн Кыргызстандын жарандары менен жолугушту.
Акыйкатчы Кыргызстандын жарандарын жеке кабыл алды жана алардын кармоо шарттары менен таанышты.
Акыйкатчы барган учурда атайын мекемеде баардыгы болуп Кыргызстандын 209 жараны бар экени белгилүү болду.
Акыйкатчы институтунун, КРнын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин кызматкерлери, Кыргызстан менен Россиянын Элчилигинин өкүлдөрү аталган мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарына юридикалык кеп-кеңештерди беришти.
Ошондой эле кээ бири өзгөчө жагдайлар боюнча кайрылышып, аларды Акыйкатчы жеке көзөмөлүнө алды. Джамиля Джаманбаев аталган арыздар Россиядагы Адам укуктары боюнча ыйгарым укуктуу институту жана Россиядагы Кыргызстандын консулдук кызматы тарабынан биргелешип карала турганын белгиледи.
Кыргызстандын жарандарынын иштери боюнча материалга ылайык, аталган мекемеде негизинен Россиянын миграциялык мыйзамдарын бузган үчүн кармалышууда, кылмыш жана административдик жоопкерчиликке тартылган жарандар дагы бар.
Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту мандатына, ошондой эле эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптерине ылайык, тигил же бул жагдайлардан улам атайын мекемеде кармалып турган Кыргызстандын жарандарынын укуктарын коргоо боюнча баардык чараларды кабыл аларын белгилеп өттү.
Андан кийин Джамиля Джаманбаева Сахароводогу көп функционалдуу миграциялык борборго барып чет элдик жарандардын документтерин кабыл алуу шарттары менен таанышты.