КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева аутизм жөнүндө кыргыз тилинде алгачкы болуп жарык көргөн китептин авторлору - журналист Бактыгуль Чыныбаева жана «Сэнт Жонс» университетинин студенти Зейнеп Ибраим кызы менен жолугушту.
«Өзгөчө бөбөгүм» деп аталган китептин автору Зейнеп Ибрагим кызы жана «Аутизм менен жашоо» деп аталган китептин автору Бактыгуль Чыныбаева - Урмат ысымдуу өзгөчө баланын эжеси жана апасы.
Акыйкатчы жана китептин авторлору аутизми бар балдардын укуктарын камсыздоонун маанилүү экенин сөз кылышты.
Бактыгуль Чыныбаева Акыйкатчыга китепти жазууга эмне түрткү болгонун айтып берди.
“Кыргызстанда аутизми бар балдардын ата-энелери күн сайын баланын ар бир жылмаюсу, ар бир кыймылы үчүн күрөшүп келет. Ошол эле маалда алар аталган көйгөй менен жалгыз бетме-бет калышат. Мамлекет буга катышпайт. Өлкөдө аутизми бар балдар үчүн мамлекеттик борборлор жок. Мындай балдардын ата-энеси жалгыз бир менчик борборго кайрылышат жана албетте ага көбүнүн чөнтөгүндөгү каражаты туура келбейт. Биз алгачкы жолу балабыздын диагнозу тууралуу билген кезде, чет өлкөдө болчубуз. Бизге адистер келишип, мени менен иш алып барышты. Өнүккөн өлкөлөрдө диагнозду аныктоодо так алгоритмдер мурдатан эле бар. Биринчи кезекте аутизми бар балдардын ата-энелерине көмөк жана колдоо көрсөтүшөт, мындай диагноздогу бала кантип өсүп чоңоеру дал ушул ата-эненин маалымат алуусунан башталат. Биз мекенибизге кайтып келген кезде өлкөдө бул багытта жагдай оор экенин жана эч ким көмөк бербесин түшүндүм. Ата-энелер өз күчү менен кээ бир мүмкүнчүлүктөргө жетүүгө аракет кылышат. Бирок мамлекет тараптан колдоо керек. Ал эми бизде ал жок”,-деп айтты журналист.
Акыйкатчы китептин авторлоруна балдар укуктарын коргоого кошкон салымдары үчүн Ыраазычылык каттарды тапшырды.
“Биз үчүн аутизми бар балдардын укуктарын камсыздоо абдан маанилүү. Биз балдардын укуктарын коргоого кошкон салымыңыздар үчүн сиздерге ыраазычылык билдиребиз. Сиздердин методика менен көптөгөн ата-энелер өздөрүнүн балдарына жардам бере алышат. Бизге аутизми бар балдардын укуктарын коргоо боюнча жагдай белгилүү. Акыйкатчы институту бул багытта зарыл болгон иштерди жүргүзүүгө даяр. Биз аутизми бар адамдардын жашоо сапатын жогорулатуу жана оптималдуу өнүгүүсүн камсыздаш үчүн системалык өзгөрүүлөрдү сунуштоого ниеттенип жатабыз. Ошондой эле аутизми бар балдардын ата-энелеринин зарыл болгон маалыматка жетүү укуктарын камсыздоо маанилүү, алар өз балдарынын индивидуалдуу өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен жогорку кесипкөй адистердин колдоосун алууга тийиш”,-деп билдирди Акыйкатчы.
Ошондой эле аутизми бар балдарга коом тараптан дискриминацияга жол бербөө боюнча чараларды кабыл алуунун маанилүү экенин талкууланды.
Эскерте кетсек, 26-июлда Бишкекте кыргыз тилинде алгач ирээт аутизм боюнча жазылган китептин бет ачаары өткөрүлгөн.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жана Европа Биримдигинин (ЕБ) өкүлчүлүгүнүн элчиси Мэрилин Йосефсон жолугушту.
Жолугушууда эки тарап Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо жагдайы тууралуу талкуулашты.
Тараптар Кыргызстанда адам укуктарынын фундаменталдык баалуулуктарын, демократияны, укуктун үстөмдүгү менен жарандык коомду илгерилетүүгө байланыштуу пикир алышты.
Джамиля Джаманбаева Кыргызстандагы демократиялык баалуулуктар менен адам укуктары жана эркиндиктеринин жогорку стандарттарын чыңдоого кошкон ЕБдин салымын белгилеп өттү.
“Европа Биримдигинин өкүлчүлүгү Акыйкатчы институтун Кыргызстандагы адам укуктары менен эркиндиктерин камсыздоо маселелери боюнча дайыма колдоп келет, жалпысынан институттун өнүгүшүнө салым кошкон абдан көп жакшы долбоорлор ишке ашты, албетте, бул аракеттер өлкөдөгү адам укуктары менен эркиндиктери боюнча жагдайга оң таасирин тийгизди”,-деди Акыйкатчы.
Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту өлкөдөгү адам укуктарын сактоо боюнча абалды жакшыртыш үчүн бардык чараларды көрүп келе жатканын баса белгиледи.
“Негизинен Акыйкатчы жөнүндө конституциялык мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин алты фракциясынын лидерлери тарабынан демилгеленген. Документ азыр коомдук талкууга чыгарылды”,-деп айтты Джамиля Джаманбаева.
Акыйкатчы аталган мыйзам кабыл алынгандан кийин ал милдеттүү түрдө Акыйкатчы институтун «А» макамына аккредитациялоо боюнча маселени демилгелеп чыгаарын кошумчалады.
Мэрилин Йосефсон өз кезегинде ЕБ тараптан Акыйкатчы институтуна зарыл болгон көмөк көрсөтүлөрүнө ишенерин айтты.
“Европа Биримдиги Кыргызстандагы Акыйкатчынын кеңсесинин ишин жогору баалайт жана анын көз карандысыздыгы менен ролун бекемдөөгө, ошондой эле Париж принциптерине ылайык келген жана Кыргызстанды "А" макамына жеткире турган реформаларды колдоого көмөк берүүнү улантат”,-деп билдирди Кыргызстандагы ЕБдин өкүчүлүгүнүн элчиси.
Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту өзүнүн өнүгүү стратегиясын иштеп чыкканын жана ага КРдагы ЕБдин өкүлчүлүгүнүн чоң салымы бар экенин белгилеп өттү.
“Эгерде анык бир мисалдарды келтире турган болсок, биз жакын арада Европа өлкөлөрүнүн алдыңкы тажрыйбаларын колдонуу менен сөз эркиндигине карата укукка комплекстүү талдоо жүргүзүүнү пландап жатабыз. Негизинен сөз эркиндигине байланышкан иштер боюнча Страсбург сотунун тажырыйбаларын изилдөөнүн жыйынтыгы менен биз анык бир сунуштамаларды, ченемдик актылардын долбоорлорун иштеп чыкмакчыбыз. Бул маселеде сиздердин көмөгүңүздөрдү күтөбүз”,-деди Акыйкатчы.
Тараптар Кыргызстанда адам укуктары менен эркиндиктеринин жогорку стандарттары менен демократиялык баалуулуктарды чыңдоо боюнча кызматташтыкты мындан ары дагы күчтөндүрүүгө макулдашты.
Фотонун автору: Алишер Алиев / Кыргызстандагы ЕБдин өкүлчүлүгү
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жарандарды жеке кабыл алды.
Акыйкатчыга 1939-жылы туулган Т. Т. анын жеке менчикке ээ болуу укугун калыбына келтирип берүүгө көмөк сурап кайрылды.
Ал анын үйү менен батирине карата укугу соттун чечими менен бузулганын айтып берди.
“Биз жубайым экөөбүз көп жыл чогуу жашап, төрт баланы тарбиялап, чоңойттук. Жубайымдын биринчи никесинен уулу бар болчу. Байбичем көз жумгандан кийин анын биринчи никесиндеги уулунун кызы мүлкүбүздөн өз үлүшүн талап кылып чыкты. Ал сотко кайрылып өз үлүшүн бөлүп берүүнү сурады. Үй менен батир менен аялымдын наамына катталган эле. Жактоочуларды издей баштадык. Таптык. Жарандык процесс башталды. Бирок эмнегедир сотко мени киргизишкен жок, жактоочум ошондой деп айтты. Мен дайыма сотко барып, бирок көчөдө отургучта сот бүткөнчө отуруп, күтүп жүрдүм. Анан эле сот чечим чыгарды. Менин жана балдарымдын, ошондой эле жубайымдын небересине “мүлктү бирдей үлүштө тең бөлүп алышат” деген бүтүм чыгарышкан экен. Соттун чечимин дароо эле түшүнө алган жокмун. Анан калса чечим тууралуу дагы кийинчерээк билдим. Тынчтык макулдашуусу бар экенинен дагы кабарым жок болчу. Андан кийин гана менин укуктарым соттун чечими менен бузулганын түшүндүм”,-деп нааразы болду карыя.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 17-сентябрында Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту Т. Т.нын жактоочусу, анын балдары жана жубайынын небереси тарабынан түзүлгөн тараптардын тынчтык макулдашуусун тастыктай турганы жөнүндө чечимди кабыл алган.
Тынчтык макулдашуусунун шартына ылайык, жогоруда аталган тараптар мурасталган кыймылсыз мүлктөн бирдей үлүшкө ээ болууга укуктуу болушкан.
Соттогу иштин материалдарына ылайык, тынчтык келишимин түзүү жөнүндө сунушту Т. Т.нын жактоочусу берген.
2021-жылдын 17-сентябрдагы соттун чечими менен тынчтык келишими түзүлгөнүнө байланыштуу делип аталган жарандык иш өндүрүштөн токтотулган.
Карыя анын укуктары сотто жетишээрлик коргобой калган деп эсептейт.
Анын айтымында, ал соттун чечими тууралуу билип жана аны түшүнөөрү менен көп убакыт бою мамлекеттик органдардын каалгасын каккылап, акыйкаттыкка жетүүгө аракет кылган.
Ысыкка, суукка, нөшөрлүү жамгырлар төккөнүнө карабай, укук коргоо органдарынын кеңселерин кимдир-бирөө аны угуп жана көйгөйүн түшүнөт деген үмүттө “күзөтүп” жүргөнүн да кошумчалады. Бирок бир да бирөөсүн да оң натыйжа чыккан эмес. Аргасы кеткенде президентке кайрылган.
Соттук иштин материалдарына ылайык, президент Юстиция министрлигине улгайган кишиге укуктук көмөк берүүнү тапшырган. Ага акысыз жактоочу беришкен, жактоочу тынчтык макулдашуу тууралуу соттун чечимин жокко чыгарыш үчүн Бишкек шаардык сотуна жеке даттанууну берүүнүн процессуалдык мөөнөтүн калыбына келтирүү арызы менен кайрылган.
Бирок 2022-жылдын 28-декабрында экинчи инстанциядагы сот арызды канааттандыруудан баш тарткан. 2023-жылдын 19-апрелинде Жогорку сот да экинчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.
Эми карыя кайрадан мамлекеттик органдардын эшигин “жыртып”, акыйкаттык издөөгө мажбур болуп жатат.
“Мен үйдү байбичем экөөбүз кичинекей кезинен эле багып алган небере кызыма каттатып берейин деп ойлогом. Мен эми анте албай калдым, болгону өзүмдүн үлушүмдү гана бере алам”,-деп айтып берди карыя өзүнүн иши тууралуу Акыйкатчыга.
Акыйкатчы ишти өзү тыкыр изилдеп чыкканын жана анын укуктарын коргош үчүн мыйзамдуу жолдор бар экенин билдирди.
“Сиздин ишти мен жеке көзөмөлүмө алдым. Калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүнүн кайрылуулары мен үчүн биринчи орунда карала турган иштер. Биз сиздин иш боюнча жагдайды түшүндүк, ошондой эле аны чечүүнүн жолдорун дагы көрүп турабыз”,-деп айтты Акыйкатчы.
Джамиля Джаманбаева тиешелүү бөлүмгө карыянын мыйзамдуу укуктарын калыбына келтириш үчүн зарыл болгон баардык чараларды көрүүнү тапшырды.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева бейөкмөт уюмдар жөнүндө мыйзам долбоорунун демигечилерине аны чакыртып алууну сунуштады.
Акыйкатчы институту аталган мыйзам долбоорунун улуттук мыйзамдарга жана укуктарды камсыздоо жаатындагы эл аралык талаптарга шайкеш келүүсүн талдап чыккан.
Мандатка ылайык, Акыйкатчы институту адам укуктары менен эркиндиктерин, анын ичинен КРнын Конституциясында каралган бирикмелерге биригүү эркиндиги, сөз эркиндиги жана эл аралык укуктук нормаларды камсыздоону жактайт.
Акыйкатчы “КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” КРнын Мыйзамынын (“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” КРнын Мыйзамы) жана КРнын Кылмыш Кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорунун демилгечилерине адам укуктары менен эркиндиктеринин эл аралык стандарттарын камсыздоо жана КРнын Конституциясынын талаптарын кыйшаюсуз аткаруу максатында аталган мыйзам долбоорун чакыртып алууну сунуштады.
Ошондой эле Акыйкатчы демилгечилерге ушул долбоордун жаңы редакциясын эксперттерди тартуу менен кайрадан иштеп чыгууну сунуштайт.