Акыйкатчынын (Омбудсмен) орун басары Шухрат Айтиев менен Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) эркиндигинин маселелери боюнча өкүлү Тереза Рибейро жолугушту.
Жолугушууда жарандардын сөз эркиндиги жана өз пикирин эркин билдирүү укуктары талкууланды.
Тараптар жарандардын сөз эркиндигин коргоо боюнча жалпы таанылган нормаларды сактоонун маанилүү экендиги жөнүндө пикир алышты.
Тереза Рибейро ЕККУ Кыргызстанда “Журналисттердин коопсуздугу” деп аталган долбоорду ишке киргизүүнү пландап жатканын маалымдады.
“Долбоор боюнча Бириккен улуттар уюмуна мүчө болгон мамлекеттерге журналисттердин коопсуздугу боюнча механизмдерди сунуштоо пландалууда. Ошондой эле журналисттердин маалыматка жетүү боюнча көйгөйлөрү бар экенин белгилеп кетүү керек. Мамлекеттик органдар журналисттерге расмий маалыматты берүүдөн баш тарткан учурлар бар”,-деп айтты өкүл.
Тараптар маалыматка жетүүдө жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн коопсуздугун жана укуктарын камсыздоонун маанилүү экендиги жөнүндө өз ара макулдашууга жетишти.
Айтиев Акыйкатчы институту мандатына ылайык, журналисттердин укуктары менен коопсуздугунун сакталышын колдой турганын баса белгиледи.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Бириккен улуттар уюмунун Өнүктүрүү программасынын (ПРООН) “Бизнес жана адам укуктары” менен “Кыргызстанда адам укуктарын коргоону күчөтүү жана акыйкаттыкка жетүүнүн теңдиги” деп аталган долбоорлору боюнча жолугушууда бизнес жүргүзүүдө адам укуктарынын сакталышы маанилүү экендигин билдирди.
Анын айтымында, базар экономикасынын шарттарында жана транс улуттук корпорациялар, бизнес-ассоциациялар менен ишканалардын саны өсүп жаткан маалда бизнес-түзүмдөрдө адам укуктарын кыйшаюсуз сактоо бүгүнкү күндө абдан мааниге ээ.
“Бизнес-түзүмдөр өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө адам укуктарын мамлекет сыяктуу эле сактоого милдеттүү деген түшүнүк жогорулоодо. Ошол эле маалда бизнес жүргүзүүдө адам укуктарын кыйшаюсуз карманаарын расмий билдирген бизнес-структураларга мамлекеттен жеңилдиктерди берүү да маанилүү”,-деди Джаманбаева.
Акыйкатчы бизнес жүргүзүүдө Бириккен улуттар уюмунун жетектөөчү принциптерин киргизүү оң жыйынтыктарды берип келгенин эскертти:
көмүскө экономиканын деңгээлинин азайышы;
сапаттуу жумуш орундарынын түзүлүшү;
ички жана тышкы миграциянын маселелеринин чечилиши;
калктын аярлуу катмарынын экономикалык укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейиши.
ПРООНдун “Мамлекеттик башкаруу жана социалдык биримдик” программалык багытынын жетекчиси Эркин Уразбаеванын айтымында, ПРООНдун долбоору башталгандан кийин бир жылдын ичинде Кыргызстан бизнес-түзүмдөрдө адам укуктарынын сакталышын камсыз кылууга дагы бир кадамга жакындады.
“2022-2023-жылы бул программага катышкан 13 мамлекеттин ичинен Кыргызстан менен Тунис гана “Бизнес жана адам укуктары” жаатындагы улуттук планды иштеп чыгышаарын расмий билдиришти. Бул айда Монголия алгачкы Улуттук планын кабыл алганын жарыялады. “Бизнес жана адам укуктары” долбоорунун эки глобалдуу максаты бар:
жапон компанияларынын жана алардын бизнес-шериктеринин адам укуктары жаатына тиешелүү көңүл буруусун күчөтүү;
“Бизнес жана адам укуктары” жаатында улуттук планды иштеп чыгуу жана ишке ашырууга Өкмөттөргө техникалык колдоо көрсөтүү.
Кыргызстанда биз аталган принциптерди колдонууну 53 ишкана жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнө үйрөттүк. Кийинки жылы Япония менен шериктеш болуп иштеген дагы 40 компаниянын өкүлдөрүнө ушундай эле окууларды өткөрөбүз. JICA уюму бизге көмөктөшөт деген ниеттебиз”,-деп айтты ал.
Андан соң Акыйкатчы институту менен КРнын Юстиция министрлигине караштуу Юридикалык көмөк кызматынын ортосунда кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюу иш-чарасы болду.
Джамиля Джаманбаева мындай келишимге кол коюнун негизги максаты-кесипкөй юридикалык жана консультациялык-укуктук көмөк көрсөтүү, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча эл аралык сунуштамалар менен стандарттарга ылайык акыйкаттык менен укуктук көмөккө жетишүүнү жакшыртуу экенин белгилеп өттү.
“Бул келишим көрсөтүлүп жаткан юридикалык тейлөөлөрдү сапатын жогорулатууга жаңыча дем берет жана биз Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктерин биргелешип камсыздай алабыз деген ниеттемин”,-деп айтты Акыйкатчы.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Адам укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынында майыптыгы бар соттолгон жарандардын укуктары, эркиндиктен ажыратуу жайларында майыптык макамын алуу жана аны документтештирүү маселесин көтөрдү.
Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту 2020-жылы эле КРда медициналык-социалдык экспертизалоо жана текшерүү жүргүзүү жөнүндө, анын ичинде эркиндиктен ажыратуу жайларында жазасын өтөп жаткан тараптардын арасындагы жарандардын майыптыгын таануу боюнча сунушту бергенин айтты.
КРнын Президентинин Администрациясынын тапшырмасы менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлүп жана ал топ токтом долбоорунун макулдашылган вариантын КРнын Министрлер кабинетине алып кире электигин, анын натыйжасында соттолгондордун медициналык-социалдык экспертизадан өтүү укуктары ишке аша элек экенин Джамиля Джаманбаева баса белгиледи.
Эркиндигинен ажыратылган жана жаза өтөө жайларындагы (2020-жылы жаза өтөө жайларынын жабык мекемелерине мониторинг жүргүзүлгөн) майыптыгы бар соттолгон жарандардын кайрылуусунун жыйынтыгы менен КРнын Министрлер кабинетине төмөнкүлөр тапшырылган:
-КРда медициналык-социалдык экспертизадан өтүү жана текшерүү, документ топтоонун тартиби жөнүндө, анын ичинде эркиндигинен ажыратылган жайларда жаза өтөп жаткан жаранды майыптыгы бар деп таануу үчүн ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча кечиктирилгис чараларды кабыл алуу.
Бирок мындай сунуштар ушул күнгө чейин аткарылган эмес.
Джамиля Джаманбаева коррупциялык тобокелдиктерди алдына алыш үчүн эркинен ажыратуу жайларында Медициналык-социалдык экспертиза боюнча республикалык борбордун экспертиза жүргүзүүсүнөн баш тартпоо керектигин, анын ордуна аны жүргүзүүнүн тартиби менен сапатына дагы тыкыр кароо керектигин баса белгиледи. Ошондой эле абак жайларында узак же болбосо өмүр бою жаза мөөнөтүн өтөй турган адамдардын саны жетишээрлик көп экенин эске алуу керек. Алардын бошотулганын күтүп отуруу майыптыгы бар жарандарга каралган кепилдиктерди колдонуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратат.
Акыйкатчы Кыргыз Республикасынын майыптыгы барлардын укуктары жөнүндө конвенцияга кошулуусу эл аралык келишимдин жоболорун улуттук мыйзамдарда аткарылышы боюнча чараларды кабыл алуу милдетине алып келерин белгиледи.
Азыркы учурда Медициналык-социалдык экспертиза боюнча республикалык борбордун КРнын Юстиция министрлигине караштуу Жаза аткаруу кызматынын түзөтүүчү мекемелеринде кармалган жарандарды экспертиза кылбаганы адам жана жарандын укуктарын одоно бузууга алып келет.
Жогоруда аталган норманы алып салуу соттолгондордун укуктарын калыбына келтирүүгө негиз болуп бермекчи.
Жыйындын соңунда КРнын Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдиль Байсалов аталган маселе боюнча профилдик мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмаларды берди.
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери - укук коргоо органдары тарабынан адам укуктарын сактоо бөлүмүнүн башчысы Анвар Султанбеков, ушул эле бөлүмдүн жетектөөчү адиси Жалил Малдыбаев, Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укуктарын коргоо боюнча бөлүмдүн башчысы Наиля Токтосунова Алматы шаарында өткөн “Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин куралдарды жана тынчтандыруу ыкмаларын колдонушуна мониторинг” деп аталган эл аралык семинарга катышты.
Семинар Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыгынын башкармалыгынын Борбор Азиядагы аймактык бөлүмү тарабынан уюштурулган.
Семинарда аталган башкармалыктын өкүлдөрү атайын каражаттарды, куралдарды жана тынчтандыруу ыкмаларын колдонуу тажрыйбасында адам укуктарынын сакталышына улуттук укук коргоочу мекемелердин (Акыйкатчы институттарынын) жана жарандык коомдун өкүлдөрүнүн мониторинг жүргүзүүсүнүн зарылдыгын белгилеп өтүштү.
Эл аралык стандарттарга ылайык, кыйноого жана башка катаал, адамдын ар-намысын басмырлаган же болбосо адамгерчиликсиз кайрылууларды жана жазаларды колдонууга тыюу салуу абсолюттук мүнөздө болушу кажет жана кандай жагдайда болбосун бузулбашы керек.
Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыны жана Бириккен улуттар уюмунун кыйноолорго каршы конвенциясын ратификациялоо менен баардык ага катышкан өлкөлөр кыйноолорго тыюу салуу жөнүндө эл аралык стандарттарды сактоого милдеттүү болушкан.
Куралдарды жана атайын каражаттарды колдонууга көз карандысыз мониторинг жүргүзүү кыйноолорду жана башка катаал мамиле кылуунун түрлөрүн алдын алууга натыйжалуу мүмкүндүк болуп саналат.
Семинардын катышуучулары куралдарды колдонуунун мыйзамдуулугу, зарылдыгынын принциптери, тынчтандыруунун күчү жана ыкмалары, ошондой эле кыйноолор жана башка катаал мамиленин түрлөрүн колдонууга гана арналган атайын каражаттарды колдонууга тыюу салуу зарылдыгы жөнүндө кошумча билимдерге ээ болушту.
Куралдарды жана атайын каражаттарды колдонуунун мыйзамдуулугу жана аларды мыйзамсыз колдонгон, жаракаттарды берген же болбосо өлүмгө алып келген жагдайлардагы мамлекеттердин милдеттери талкууланды.
Ошондой эле көз карандысыз мониторингдин ыкмалары, атайын каражаттарды колдонууну жөнгө салуучу мыйзамга караштуу актыларга жеткиликтүүлүк укугу жана атайын каражаттарды колдонуу фактылары боюнча коомчулукка күч түзүмдөрүнүн отчеттуулугу да каралды.
Стамбул протоколу (Кыйноону жана башка катаал, адамдын ар-намысын басмырлаган же болбосо адамгерчиликсиз кайрылууларды жана жазаларды колдонууну натыйжалуу изилдөө жана документтештирүү боюнча документ) боюнча эксперттер анын Казакстанда жана Кыргызстанда колдонуу тажрыйбасы жөнүндө айтып беришти.
КРнын Акыйкатчы аппаратынын өкүлдөрү аталган маселенин актуалдуулугун жана кыйноолор менен катаал мамилени жоюу жана алдын алууга байланышкан адам укуктарын боюнча БУУнун механизмдеринин сунуштамаларын аткаруу боюнча чараларды колдонуунун маанилүүлүгүн белгилешти.