
Кыргызстанда 2022-жылдын июль айынан 2023-жылдын апрель айына чейин соттолгондорго жана абакта жаткандарга мунапыс берүү жөнүндө арыздарды бекитилген ыраатта карап чыга турган жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу байкоочу комиссиялардын ишмердиги токтотулган. Буга байланыштуу абакта жаткандар мунапыс сурап кайрылууда кыйынчылыктарга кабылып жатышкан.
2022-жылы 24-июнда министрлер кабинети КРнын өкмөтүнүн “Байкоочу комиссиялар жөнүндө” Жобосу менен бекитилген 1995-жылдын 6-ноябрындагы №466 токтомун жокко чыгарган.
Анын жыйынтыгында аталган комиссиянын ишмердүүлүгү токтотулган болчу.
Буга чейин 2023-жылдын январь айында КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) дарегине Кыргызстандын Э. О. аттуу жараны кайрылып, анын жарандык жолдошу О. К.га мунапыс алууга колдоо көрсөтүү боюнча өтүнүч билдирген.
О. К. катуу режимдеги мекемеде жазасын өтөп жаткан, ал 2022-жылдын 19-декабрында үч жыл 9 айга соттолгон.
Акыйкатчы институту КРнын Президентинин администрациясынын мунапыс боюнча Комиссиясынын дарегине О. К. га мунапыс берүүгө колдоо көрсөтүүгө жана анын кылмыш жазасын өтөөдөн бошотууга көмөк көрсөтүүнү сурап кайрылган.
Анткени соттолгон жаран жашы жете элек 10 баласын, улгайган энесин жана балдардын карагандыктан иштөөгө мүмкүндүгү жок жубайын карап-багуусу керек эле. Мындан тышкары О. К.дан вирустук С гепатити табылган.
2023-жылдын 14-мартында Акыйкатчы институту КРнын министрлер кабинетине мунапыс боюнча комиссиянын ишмердүүлүгүн камсыздаш үчүн токтоосуз чараларды кабыл алуу өтүнүчү боюнча сунуштама алып кирген.
2023-жылы 17-апрелде министрлер кабинети №205 токтомду кабыл алып, ага ылайык “Түзөтүү мекемелеринин жана пробация органдарынын ишмердүүлүгүн көзөмөл кылуу боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына караштуу байкоочу комиссиялар жөнүндө” Жобо бекитилген.
Комиссия ишин кайрадан баштап жана 23-майда О. К. КРнын Президентинин мунапысына байланыштуу абактан бошотулган.
2023-жылы 24-майда анын жубайы КРнын Акыйкатчысына кайрылуу менен, КРнын Акыйкатчысынын аппаратынын кызматкерлери У. Аралбаев жана Н. Токтосуновага анын жарандык жолдошун абактан бошотууга көрсөткөн жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун нефрология бөлүмүндө өткөн балдардын майрамына катышты.
Аталган бөлүмдө дарыланып жаткан балдар үчүн «Моя жизнь» коомдук бирикмеси балдарды коргоо күнүнө арналган майрамдык иш-чараны уюуштурган.
«Моя жизнь» уюмунун кызматкерлери сыйкырдуу суу перилеринин образында балдар үчүн оюн формасындагы жомокту даярдашкан.
Импровизацияланган сыйкырдуу сандыкта көзүн таңып алышкан балдар оюнчуктарды таап жана алардын кандай оюнчук экенин баамдап туюп айтып беришти. Бул тапкычтыктары үчүн албетте, аларга демөөрчүлөрдөн белектер берилди. Бир дагы бала белексиз калган жок.
Бөлүмдө майрамга абдан жакшы даярданышкан - бөлүмдү таанылгыс кылып жасалгалашкан, баардык тарап шарлар менен кооздолуп, ал эми кичинекей кыздар жана алардын ата-энелери көпөлөктөрдүн түркүн-түстүү жаркыраган канаттарын тагынып алышкан. Балдар конокторду мультфильмдердин каармандарынын сүрөттөрү жана шөкөттөрү менен өздөрүн кооздоп алышып тосушту.
Джамиля Джаманбаева балдардын ушундай сүйкүмдүү майрамынын коногу болду.
Ал балдарды майрамы менен куттуктап жана белек берүүгө катышты.
“Сиздердин жалпыңыздарга амандашып жана Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө арналган иш-чарага чакырганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирип кетүүгө уруксат этиңиздер!
1-июнь биз үчүн быйылкы жылдагы эң сүйүктүү күндөрдүн бири болуп калды жана бул күн салттуу болуп калгандай ата-энелер милдетүү түрдө балдарына арнай турган эң эле жагымдуу үй-бүлөлүк майрамга айланды.
Биздин өлкөнүн укук коргоочусу катары мен биринчи кезекте 1-июнь-бул Эл аралык балдарды коргоонун күнү экенине өзгөчө көңүл буруп кетмекчимин.
Бул күн биздин балдар коргоого муктаж болуп жатканына көңүл бурууга чакырык таштаган күн. Ошондой эле ата-энелерге, балдарга жана баардык коомчулукка балдардын жашоосу менен ден соолугуна, алардын билимине жана коопсуздугуна кам көрүүгө, жаш муундун бактылуу келечеги тууралуу эскерткен күн.
Өсүп келе жаткан муунга ар тараптуу жагымдуу шарт түзө билүү биздин мамлекеттин башкы милдеттеринин бири болуп келген жана боло бермекчи.
Мындан тышкары баланын укуктарын коргоо маселеси мамлекеттик бийлик органдарынын, коомдук уюмдардын жана Акыйкатчы институнун ишмердүүлүгүнүн маанилүү жана артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп калды.
Биз тараптан балдардын кызыкчылыктары менен укуктарын коргоо жана аны ишке ашыруудагы өзгөчө көңүл жетим балдарга жана ата-энесинин кароосунан ажырган балдарга, майыптыгы бар, саламаттыгынан көйгөй жаралган балдарга, мигранттардын балдарына, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган балдарга бурулуп жатат.
Мындан тышкары быйыл Акыйкатчы институту гемодиализ алган бейтаптардын саламаттыгын коргоого өзгөчө көңүл бурууда. Бүгүнкү күндө республиканын баардык аймактарындагы гемодиализ борборлорунда талап кылынган тармактык стандарттардын сакталышы, медициналык процедуралардын коопсуздугу боюнча инфекциялык көзөмөлдүн стандарттарынын сакталышы, клиникалык көрсөтмөлөрдүн сунуштамаларын жана гемодиализ жүргүзүү боюнча протоколдордун сакталышы боюнча предметтерге мониторинг жүргүзүп жатабыз. Анын жыйынтыктары тууралуу кортундуну биз тиешелүү мамлекеттик саламаттыкты сактоо органдарына сунуштайбыз.
Бул сонун күндө мен биринчи кезекте сиздерге бекем ден соолук, тез арада сакайып кетүүнү каалайм. Акылдуу, чынчыл жана мээримдүү болуп чоңойгула, жетишкендиктериңиздер менен бизди кубанткыла. Ар дайым асманыңар ачык болсун жана тынчтык болсун.
Сөзүмдү жыйынтыктап жатып бул жолугушуунун уюштуруучусу болгон "Моя жизнь" коомдук бирикмесине, демөөрчүлөргө, Энени жана баланы коргоо боюнча улуттук борбордун медициналык кызматкерлерине бүгүн балдарга жылмаюу тартуулашканы үчүн ыраазычылык билдирем”,-деди Акыйкатчы.
Нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева аталган бөлүмдө бөйрөк ооруларынан 21 бала дарыланып жатканын, алардын үчөө гемодиализ алып жатышканын айтты.
Майрамдан кийин Насира Бейшебаева Акыйкатчыга гемодиализ жана трансплантация бөлүмүн көрсөттү. Трансплатация бөлүмүндө дарыланып жаткан, бир аз мурда бөйрөгүн алмаштырган бейтап тууралуу айтып беришти. Анын донору бир тууганы болду. Учурда экөөнүн тең абалы канааттандырарлык.
“Бейтаптардын бөйрөк органдарында олуттуу көйгөйлөр бар. Бүгүнкү күндө диализ борборлорунун саны өсүп жатат. Бирок аны менен катарда эле бөйрөктү трансплантациялоо кызматы өскөн жок. Трансплантация боюнча эң жакшы шарттарды түзүү жана калкка бөйрөктү алмаштыруу операциясын көбүрөөк жеткиликтүү кылуу кажет. Ошондой эле Кыргызстанда мындай оперциялар жасалып жатканы жөнүндө маалымат беришибиз керек”,-деди Бейшебаева.
Акыйкатчы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Качкындар иштери боюнча агенттигинин улуттук кеңсесинин башчысы Иван Салеев жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушууда жарандыгы жок тараптардын, качкындардын жана баш паанек издегендердин укуктарын коргоо жаатында кызматташтык боюнча маанилүү кадамдар талкууланды.
Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттиги менен тыгыз кызматташтыкты улантууга даяр экенин белгилеп өттү.
“Биздин кызматташтыктын прогрессивдүү учурлары мен үчүн абдан маанилүү. Мен Акыйкатчы катары качкындардын укуктары бузулбашына кызыкдармын.”,-деди Акыйкатчы.
Иван Салеев Джаманбаеваны Акыйкатчынын кызматына дайындалышы менен куттуктады жана жарандардын укуктарын коргоо жаатында жемиштүү иштешүүнү каалап өттү.
БУУнун Качкындар иштери боюнча агенттигинин улуттук кеңсесинин башчысы ошондой эле Акыйкатчы институту менен тыгыз кызматташуу жарандыгы жок тараптардын, качкындардын, баш паанек издегендердин укуктарын коргоону камсыздоого мүмкүндүк берет деген ишенимин айтты.
Тараптар ошондой эле өлкөдө ондогон жылдардан бери жашап жатса да, Кыргызстандын жарандыгын алууда документтерин каттоодон өткөрө албай жатышкан мандаттуу качкындардын маселелерин талкуулашты.
КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Джамиля Джаманбаева жарандарды жеке кабыл алды.
Акыйкатчынын кабыл алуусуна келген жарандар алардын укуктары бузулуп жатканын айтып даттанышты.
Кабыл алууга келген 70 жаштагы Л. Т. көп жылдан бери анын кайын энесинин көрүстөнүн издеп акыйкаттыкка жете албай жатканын айтып даттанды. Ошондой эле ал Акыйкатчыдан кайын энесинин өлүмүнүн себептерин аныктоого көмөк көрсөтүүнү өтүндү.
Л. Т.нын айтымында, ал көп убакыттан бери кайын энесинин көрүстөнүн табуу максатында жана тиешелүү мамлекеттик органдар анын өлүмүнүн чыныгы себептерин аныкташы үчүн баардык инстанцияларга кайрылып келе жатат.
“Менин кайын энемдин өлүмү тууралуу биз жарым жылдан кийин гана билдик. Бизден өлүмдүн фактысын жашырып коюшкан. Эмдигиче кайын энем коюлган жерди таба албай жатабыз. Өлүм жөнүндө маалым катта жалган маалыматтар көрсөтүлгөн, ага кол койгон тараптар жазасын алышты”,-деп айтты ал.
Укук коргоо органдары берген маалыматка таянсак, аялдын сөөгү коюлган жер такталган, ошондой эле анын тажиясына кимдер катышканы аныкталган.
Бирок Л. Т. көрсөтүлгөн жер анын кайын энеси коюлган жер экенине шек санап жатат, анткени улгайган аял Бишкектеги өзүнүн жеке менчик батиринде жашачу, бирок анын сөөгүн Жайыл районуна коюшкан.
“Мындан тышкары тергөө мени жана менин кызымды жабырлануучу тарап деп тааныган жок жана сөөктү эксгумация кылуудан баш тартышты”,-деген пикирин айтты аял.
Акыйкатчы Башкы прокуратурага өтүнүч кат даярдаш үчүн тиешелүү бөлүмгө тапшырма берди.
“Биз сиздерге өзүбүздүн ыйгарым укуктардын алкагында көмөк берүүгө аракет кылабыз”,-деп айтты Акыйкатчы.
Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусуна келген Э. Р. аттуу жаран ага карата жалган маалымат берүү фактысы боюнча анын укугун калыбына келтирүү өтүнүчү менен кайрылды.
Аял ага карата берилген жалган маалыматтын айынан 2014-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылганын айтты. 2021-жылы сот аны актап чыккан. Бирок ал атайлап билип туруп жалган маалымат берген күнөөлүү тараптарды жоопкерчиликке тартууга жетише албай келет.
“Мени сот кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу актады. Бирок бүгүнкү күндө мага жалаа жапкан, алар үчүн мен мыйзамсыз кылмыш жообуна тартылган адамдарды жазага тарта албай келем. Прокуратура органдары жана соттор менин арызымды чечип бербей жатышат”,-деп даттанды аял.
Джамиля Джаманбаева Акыйкатчы институту анын укуктарын калыбына келтирүүгө аракет кыларын билдирди.
Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусунда Н. К. аттуу жаран болду. Аял анын арызын милиция карабай жатканын айтып даттанды.
Анын айтымында, алдамчылар башкы ишеним катты жасалма даярдап алышып, анын үч бөлмөлүү квартирасын сатып жиберишкен. Аял укук коргоо органдарына аталган маселе боюнча кайрылган, бирок эмдигиче өзүнүн мүлкүн кайтарып ала албай келет.
“Алдамчылар башкы ишеним катты жасалма жасап алышкан жана менин квартирамды сатып жиберишкен. Алар менин онкологиялык дарттан дарыланып жатканымдан пайдаланып кетишкен. Бейтапканада узак убакыт жатып чыккандан кийин менин батиримде башка адамдар жашап жатышканына күбө болдум. Алар мени эшикке чыгарып салышты. Ошентип батири жок калдым. Өзүмдүн жеке менчигимди мыйзамдуу жол менен кайтарып алуу аракетинен майнап чыккан жок. Көп жылдардан бери баардык органдардын каалгасын каккылап жыйынтык чыгара албай келем”,-деп айтты аял.
Акыйкатчы институттун кызматкерлерине мамлекеттик органдарга баардык зарыл болгон билдирме каттарды даярдоону тапшырды.
“Биз сиздердин укуктарды калыбына келтирүүгө ар тараптуу колдоо көрсөтөбүз”,-деп айтты Акыйкатчы.