Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институтунун жумушчу тобу 10-21-май аралыгында Бишкек, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы гемодиализ борборлоруна мониторинг жүргүздү.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматы боюнча, Кыргызстанда бюджеттик программалык гемодиализ кызматын көрсөткөн 39 медициналык гемодиализ борбору бар. Атайын түзүлгөн жумушчу топ 25 медициналык борбордо болду.
Алар төмөнкүлөр:
Чүй облусу – 3,
Бишкек - 9,
Ош облусу – 7,
Жалал-Абад облусу — 4
Баткен облусу – 2.
Мындай мониторинг Нарын, Талас жана Ысык-Көл облустарында дагы улантылат.
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун маалыматына караганда Кыргызстанда мамлекеттик гемодиализ кызматын тез арада алууга муктаж болгон бейтаптардын тизмеси жыл сайын өсүп жатат, 2022-жылдын октябрында 5-даражадагы бөйрөктүн өнөкөт жетишсиздиги менен 2 202 бейтап катталган, бул 2021-жылга салыштырмалуу 369 бейтапка көп.
Учурда 2 686дан ашык бейтап гемодиализ алат, анын 2388и аталган фонд тарабынан каржыланат.
Институттун кызматкерлери гемодиализ борборлорунда тармактык стандарттардын, медициналык процедуралардын коопсуздугу боюнча инфекциялык көзөмөл стандарттарынын, гемодиализ боюнча клиникалык көрсөтмөлөрдүн жана протоколдордун сунуштамаларынын сакталышын, гемодиализ борборлорунун медициналык кызматкерлеринин эмгек укуктарынын, лицензиялык документтердин сакталышын көзөмөлдөп, аны жүргүзүүдөгү мыйзамдык тоскоолдуктарды изилдеп чыгышты.
Мониторинг укуктун 3 аспектисин камтыйт:
Кызмат алуучулардын (бейтаптардын) укуктары.
Гемодиализ борборлорунун медициналык кызматкерлеринин эмгек укуктары.
Мамлекеттин каржылоосу аркылуу бейтаптарга кызмат көрсөткөн ишкерлердин укуктары.
Мониторинг Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасы (ПРООН) колдоосу менен «Бизнес жана адам укуктары» долбоорунун алкагында жүргүзүлдү.
Гемодиализ борборлорунун ишмердүүлүгүн талап кылынган стандарттардын сакталышын көзөмөлдөө үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү.
Жумушчу топтун курамына Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппаратынын кызматкерлери кирди:
Жарандардын социалдык, экономикалык жана маданий укуктарын коргоо башкармалыгынын башчысы Салтанат Касымбекова,
Аталган бөлүмдүн инспектору Гүлзада Талантбекова,
кызматты стандартташтыруу боюнча көз карандысыз эксперттер,
Коомдук саламаттыкты сактоо улуттук институтунун инфекциялык контролдоо боюнча адистери, пациенттердин коомчулугунун жана Гемодиализ борборлорунун ассоциациясынын өкүлдөрү.
Жогорудагы айтылган мониторинг тобу жана Кыргыз Республикасындагы гемодиализ борборлорунун ассоциациясы кызматташуу жана күч-аракеттерди бириктирүү аркылуу гемодиализ кызматтарынын сапатын жогорулатуу үчүн өз ара аракеттенүүнү күчөтүүнү макулдашышты. Ошондой эле жумушчу топтун иш-чараларына гемодиализ борборлорунун жетекчилерин биргелешип катышуу сунушу айтылды.
Гемодиализ борборлоруна жеринде барганда бир катар көйгөйлөр чечилип, бир катар көйгөйлөр да аныкталды – колдонуудагы мыйзамдар, стандарттар, клиникалык сунуштар жана башка камсыз кылуу боюнча маалыматтын жетишсиздиги.
Анын жыйынтыгы боюнча аналитикалык отчет даярдалып, саламаттыкты сактоо системасынын тиешелүү бөлүмдөрүнө сунуштар берилет, ошондой эле сунуштардын аткарылышына парламенттик көзөмөл жүргүзүлөт.
Каракол шаарындагы областтык администрациянын имаратында КРнын Акыйкатчысынын аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков жана Омбудсмен институтунун кызматкерлери мамлекеттик органдардын өкүлдөрү менен биргеликте жарандар менен жолугушуу өткөрүштү.
Ошондой эле жолугушууда коңшулаш мамлекеттерден Ысык-Көл областына көчүп келген этникалык кыргыздардын маселелерин айтылды.
Жолугушууда жарандар жер участокторун берүүдөгү, социалдык тейлөөлөрдү алуудагы мыйзамдуу укуктарынын бузулушуна арызданышты.
Тажикстандан көчүп келген этникалык кыргыз келин анын үй-бүлөсүнө мамлекет тараптан колдоо берилбей жатканын айтып нааразы болду.
“Менин биринчи никемден кызым бар. Мага балага берилчү жөлөк пулду чегербей коюшту, анткени жолдошумдун айдоого жарактуу 48 соток жери бар. Биздин үй-бүлө жолдошумдун 3 800 сом көлөмүндөгү чакан пенсиясына жашап жатабыз. Мен ден соолугумдун абалына байланыштуу иштей албайм. Күйөөм жаш курагына байланыштуу иштей албайт”,-деп айтты аял.
Аппараттын жетекчиси жөлөк пул берүү боюнча мыйзамга ылайык пенсия киреше болуп эсептелбесин түшүндүрдү.
Ошондой эле жолугушууда Акыйкатчы институтунун кызматкерлери тигил же бул себептерге байланыштуу укук коргоо органдарынан жана прокуратура органдарындагы сот системасынан акыйкаттыкка жете албай жаткан жарандарга укуктук көмөк көрсөтүштү.
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жарандардын айрым көйгөйлөрүн жеринде чечип беришти. Мамлекеттик органдардын арасынан паспорт столдун өкүлү белгисиз себептерге байланыштуу жолугушууга катышкан жок. Көпчүлүк суроолор паспорт алуу жана башка документтерди тапшырууга, ошондой эле бюрократиялык процедураларга байланыштуу болду. Дал ушундай маселелер чечилбеген бойдон калды.
Бул маселелери менен жолугушууга келишкен жарандар Акыйкатчы институтуна алардын укуктарын коргоого көмөк көрсөтүү боюнча арыз жазышты.
Ысык-Көл областындагы акыйкатчынын өкүлчүлүгүнө улгайган аялдардын тобу “Жети-Өгүз” санаториясындагы кызматкерлердин эмгек укуктарын камсыздоо өтүнүчү менен кайрылышты.
Алар берген маалыматка караганда, санаторийдин жетекчилиги кызматкерлердин укуктарын одоно бузуп жатат. Аялдар аталган ден соолукту чыңдоочу жайда алар өмүр бою эмгектенишкенин жана санаторийдин тагдырына кайдыгер эмес экендиктерин айтышты.
“Бир жылдын ичинде белгисиз себептерден улам 40 адам жумуштан бошоп кетти. Иштен кеткендердин эмгек акыларын кармап калышууда. Биз баардык мамлекеттик органдарга кайрылдык, бирок натыйжа бербей жатат. Бизге санаторий ушундай абалда экенин, жарандар үчүн көрсөтүлгөн тейлөө начарлаганын карап турган оор. Эс алуучулар үчүн тиешелүү шарттар түзүлбөй жатат”,-деп нааразы болушту аялдар.
Санаторийде көп жыл эмгектенген аялдардын бири аны өз ишин жогорку деңгээлде билгенине карабай мыйзамсыз иштен бошотушканын айтты.
“Мен санаторийде өмүр бою медайым болуп иштедим. Мени дагы жөн эле жумуштан кетирип коюшту. Санаторйидин жетекчиси кызматкерлердин гана укуктарын бузуп тим болбой, кардарлардын дагы укуктарын да бузуп жатат. Санаторий КРнын Кесиптер бирлигинин балансында турат. Жолдомо алыш үчүн эл жылдар бою эмгектенишет. Анан эле бул жерге эс алууга келишсе укмуш начар шарттарга кабылып жатышат”,-деп билдирди ал.
Андан соң Акыйкатчынын аппаратынын жетекчиси жана кызматкерлер Каракол шаарындагы ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына барышты.
Ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги тергөө жайында кармалып тургандарга тоскоолдуксуз киргизди.
Убактылуу кармоочу жайдын башчысы текшерип баргандарды коштоп жүрдү.
Акыйкатчы институтунун аппаратынын жетекчиси камерларды карап чыгып кармалгандардын укуктарын бузган бир катар бузууларды ачыктады. Негизинен кармалгандар отурган камераларда термометр жок. Камералар суук, ал эми имараттар желдетилген эмес.
“Тиешелүү төшөнчүлөр жок. Же болбосо көп убакыттар бою алмаштырышкан эмес. Ошондой эле убактылуу камалгандар кармалып турган имараттарда видео байкоо турат, ошол эле маалда жок дегенде камерасы жок кийинүүгө шарттар түзүлгөн эмес”,-деп билдирди бул маселелер тууралуу Азарбеков.
Ал ар бир кармалып турган жарандар менен сүйлөшүп жана кармоо шарттары тууралуу сурады. Алар даттанышкан жок.
Ошондой эле убактылуу тергөө жайында кармалып тургандардын кармоо мөөнөтү тууралуу маалыматты текшеришти.
Убактылуу кармоочу жайдын башчысы камоо мөөнөттөрү бузулбаганын, анткени абак жакын жайгашканын соттун чечими менен кармалып тургандар ал жакка дароо этап болорун же эркиндикке чыгарыларын айтты.
Бүгүн, 12-майда КРнын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) орун басары Альберт Колопов жана Бириккен улуттар уюмунун Качкындардын иштери боюнча агенттигинин улуттук кеңсесинин башчысы Иван Салеев жолугушуу өткөрүп, Кыргызстандан баш паанек издеген жарандардын укуктарын камсыздоо боюнча маселелерди талкуулашты.
Жолугушуу Акыйкатчы институтунун имаратында өттү.
Тараптар Кыргызстандан качкын макамын алууну каалаган жарандардын укуктарын коргоо боюнча биргелешкен аракеттерди сүйлөштү.
БУУнун Качкындардын иштери боюнча агенттигинин улуттук кеңсесинин башчысы Иван Салеевдин айтымында, Кыргызстандын аймагында 2023-жылдын биринчи кварталынын соңундагы эсеп боюнча качкын макамын алуусу зарыл болгон 676 адам бар.
Жолугушууда мындай жарандардын эмгекке орноштуруу, билим алуу, медициналык жана социалдык тейлөөлөрдүн алуудагы маселелери айтылды. Мыйзамга ылайык, качкын макамын алууну каалаган тараптардын документтери мамлекеттик органдар тарабынан бир жыл ичинде каралат.
Тараптар качкын макамын аныктоодо, алардын укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктарын сактоодо колдонулган укуктук практикадагы маселелерди аныктоо максатында жагдайды изилдөө зарыл деген пикирге келишти.
Колопов мониторингдин жыйынтыгы менен качкындардын жагдайы жөнүндө атайын баяндаманы даярдоонун маанилүү экенин баса белгилди.
“Мониторинг келип чыгып жаткан маселелерди ачыктоого мүмкүндүк берет. Анын жыйынтыгы менен кортунду чыгарылып жана мамлекеттик органдарга аларды чечүү боюнча тиешелүү сунуштар берилет”,-деп айтты Колопов.
Салеев мындай демилгени колдоду.
Ал баш паанек издегендер жана качкындар менен иш алып барууда КРнын Акыйкатчы (омбудсмен) аппаратынын кызматкерлеринин потенциалын жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Ошондой эле жолугушууда жарандыгы жок тараптардын укуктарын коргоо боюнча чаралар айтылды.
Балыкчы шаарында Акыйкатчы институтунун аппаратынын жетекчиси Аскат Азарбеков кызматкерлер менен биргеликте коңшу өлкөлөрдөн Ысык-Көл областына көчүп келишкен этникалык кыргыздар менен жолугушту.
Жолугушуу шаардык администрациянын имаратында болду.
Белгилей кетчек, Акыйкатчы институту Кыргызстанга коңшу өлкөлөрдөн көчүп келип отурукташкан этникалык кыргыздардын жашоо шартына мониторинг жүргүзүп жатат. Буга чейин мындай мониторинг Баткен жана Чүй областтарында жүргүзүлгөн.
Жергиликтүү бийлик органдары берген маалымат боюнча коңшу өлкөлөрдөн Балыкчы шаарына көчүп келишкен этникалык кыргыздарга зарыл болгон көмөк көрсөтүлүп жатат.
“Бир аз мурда Кытайдан көчүп келген этникалык кыргыздардын документтерин даярдап жана өткөрдүк. Бул документтерди КРнын жарандыгын алыш үчүн тапшырдык”,-деп белгилешти жолугушуу маалында.
Бул арада жолугушууга келген этникалык кыргыздар көйгөйлүү маселелери тууралуу айтып беришти.
Аялдардын бири тажик аскерлеринин куралдуу кол салуусунун маалында үй-бүлөсү менен Тажикстандан качууга мажбур болгон сиңдиси тууралуу айтты.
Анын айтымында, сиңдиси жолдошу менен элчиликке кайрыла албай жатышат, анткени алар өздөрүнүн жана Тажикстанда калган жакындарынын коопсуздугунан чочулашууда.
Куралдуу чатактын маалында Тажикстандан качууга мажбур болгон этникалык кыргыздардын үй-бүлөсү КРнын жарандыгын алууга документ тапшыра албай жатышат.
Үй-бүлө башчысы документтерди тапшырган, бирок комиссия документтердин түп нускасы болбогондуктан аларды кабыл алган эмес.
“Ок атышып жаткан маалда болгон жаныбызга паспортту гана алып үйдөн чыктык жана чек ара аркылуу качып келдик. Азыр үй-бүлөнүн кожоюну документтерди тапшырууда, бирок комиссия туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн түп нускасын талап кылып жатат. Бул документ Тажикстанда, учурда аны алууга мүмкүнчүлүк жок. Ал эми бул үй-бүлөнүн кожойкесинин дегеле документи жок - куралдуу кагылыштын маалында күйүп кетиптир”,-деп билдиришти үй-бүлөнүн жакындары.
Паспорт бөлүмүнүн өкүлү эмне үчүн комиссия документтердин көчүрмөсүн кабыл албаганын айтып жооп узатты.
“Сөз Тажикстандын паспорту - улуту көрсөтүлбөгөн id-карта тууралуу болуп жатат. Буга байланыштуу күбөлүктү талап кылганбыз, бирок алар анын көчүрмөсүн гана беришти. Эми комиссия документтин түп нускасын талап кылып жатат”.
Ошондой эле жолугушууга жер участогун берүү өтүнүчү менен башка бир үй-бүлө кайрылды.
Жубайлар -Тажикстандын Мургап районунан көчүп келишкен этникалык кыргыздар.
Күйөөсү мезгилдүү жумуштар менен алектенет, туруктуу иштеген иши жок, эки кичинекей баласы бар. Ошол эле маалда мамлекет тарабынан көмөк берилбей келет.
Акыйкатчы институтунун аппаратынын жетекчиси жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө мамлекет тарабынан каралган көмөк менен камсыздоону талап кылып жеринде кайрылды.
“Үй-бүлөгө мамлекет тарабынан колдоо керек. Укуктарды камсыздоо зарыл, бул жерде үй-бүлө башчысын эмгекке орноштуруу маанилүү. Атанын туруктуу жумушу болсо, үй-бүлөнүн баардык маселелери чечилет”,-деп белгиледи Аскат Азарбеков.
Мамлекеттик органдардын өкүлдөрү үй-бүлөнүн башчысын ишке орноштурууну убада кылышты.
Ошондой эле Акыйкатчы институтунун кызматкерлери жарандарга социалдык тейлөөлөрдү алуу укуктары жана турак-жай менен жер участокторун алуу укуктары жөнүндө укуктук кеп-кеңештерди беришти.
Андан кийин Институттун кызматкерлери аппараттын жетекчиси менен биргеликте Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайында болушуп, кармалып жаткандардын шарттары менен таанышты.
Мыйзамга ылайык, ички иштер бөлүмү Акыйкатчы институтунун кызматкерлерине тоскоолдуксуз кирүүнү камсыздашты.
Шаардык ички иштер бөлүмүнүн башчысынын орун басары убактылуу кармоочу жайдын башчысы менен биргеликте кармалып жаткандардын шарттарын тааныштырды.
Тергөө изоляторунда кармалгандар кармоо шарттарына дооматтары жок экенин айтышты.