Борбор Азиядагы Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы (БУУ АУЖКБ) Акыйкатчынын Кыргызстанда адам укуктарын коргоо боюнча аракетине жогорку баа берди. Бул тууралуу Борбор Азиядагы БУУ АУЖКБнын аймактык өкүлүнүн милдетин аткаруучу Фабио Пиана КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматовага жөнөткөн катта айтылат.
БУУ АУЖКБнын Борбор Азиядагы аймактык бөлүмү КРнын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматовага Кыргызстандагы адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү жаатындагы кызматташтыгына ыраазычылык билдирди жана 2022-жыл үчүн КРнын Акыйкатчы институтунун альтернативдүү баяндамасы БУУнун адам укуктары боюнча комитетине алгач ирет сунушталганына эң бийик баасын берди.
БУУ АУЖКБ Акыйкатчынын БУУнун адам укуктары боюнча механизмдери: БУУнун келишим органдары, Универсалдуу мезгилүү баяндама (УМБ) жана атайын процедуралар менен өз ара аракеттенишүүнү күчөтүүдөгү Акыйкатчынын аракетин колдоого алды.
Фабио Пиана жазган катта Акыйкатчынын жогоруда саналып өткөн баардык аракеттери - көз карандысыздыктын күбөсү, Кыргызстандын демократия менен ачык-айкындуулук принциптерин кармануусунун, адам укуктарын сактоонун далили экени айтылат.
“Париж принциптеринде айтылгандай, улуттук укук коргоочу мекемелер (УУКМ) БУУ менен жана башка системанын баардык уюмдары менен, адам укуктарын коргоо жана илгерилетүү жаатындагы башка өлкөлөрдүн аймактык мекемелери жана улуттук мекемелери менен кызматташууга тийиш.
УУКМ мамлекетке адам укуктарын сактоого сунуштай турган көз карандысыз жана ишенимдүү маалыматтарды, аналитикалык материалдарды жана сунуштарды берүү менен эл аралык жана аймактык органдардын ишин колдойт.
Ошондой эле УУКМнын ролу БУУнун укук коргоочу механизмдерин мамлекетке жасалган тиешелүү сунуштамаларынын аткарылышын мониторинг кылуу жана илгерилетүүдө турат.
Париж принциптерине ылайык, УУКМнын ролу эл аралык системалар менен өз ара аракеттенишүү жана мониторингде өзгөчө маанилүү, анын ичинде төмөнкүлөр камтылган:
УМБга параллелдүү жана альтернативдүү отчетторду берүү, келишимдик органдардын комиттерине атайын процедураларды жүргүзүү; комитеттердеги уктуруулардагы конструктивдүү диалогдордун жана Адам укуктары боюнча кеңештердин маалындагы билдирүүлөр;
БУУнун эксперттеринин, анын ичинде атайын процедуралар менен келишим органдарынын мандат алуучуларынын өлкөлөргө иш сапарларга катышуусу, колдоосу жана көмөгү;
Адам укуктары системасында сунуштамаларды аткарууга колдоо көрсөтүү жана мониторинг.
Акыйкатчы институту мүчө болгон Улуттук укук коргоочулар мекемелеринин глобалдык альянсынын аккредитациясы боюнча комитеттердин 2018-жылдын 21-февралындагы нормаларына ылайык, улуттук укук коргоочу мекемелер көз карандысыздыгын сактап турушу керек жана БУУнун укук коргоочу механизмдеринин жыйындарына көз карандысыз уюмдар катарында гана катышууга тийиш.
Улуттук укук коргоочулар мекемелеринин глобалдык альянсынын аккредитациясы боюнча комитеттердин 2012-жылдагы сунуштамасында Кыргызстандагы Акыйкатчы институтуна «Б» макамы (Париж принциптерине бир бөлүгү ылайык келген) ыйгарылган, аталган сунуштамада Акыйкатчы институнун БУУнун адам укуктары боюнча баардык механизмдери, анын ичинде БУУнун келишим органдарын кошкондо өз ара аракеттенишүүсүн күчтөндүрүү тууралуу айтылат.
Кыргызстанда баяндамалардын карала тургандарын көңүлгө алуу менен БУУнун Балдар укуктары боюнча комитети жана БУУнун экономикалык, социалдык жана маданий укуктар боюнча комитети, БУУнун Адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгы, ошондой эле Улуттук укук коргоочу мекемелердин глобалдык альянсынын аккредитация боюнча комитеттери Кыргызстандагы Акыйкатчы институтунун БУУнун адам укуктары боюнча механизмдери менен өз ара аракеттенишүүсүн колдоого алат жана БУУнун комитеттеринин көз карандысыз баяндамаларын берүү багытындагы күч-аракеттерди улантууга чакырат”,-деп айтылат Фабио Пиананын катында.
Белгилей кетсек, КРнын Акыйкатчысынын альтернативдүү баяндамасында Кыргызстандагы аялдар менен балдарга карата зомбулук жөнүндө, соттордо жогорку деңгээлде иштердин токтотулуп жатканы жана балдарга жыныстык кол тийбестикке каршы кылмыштарда жазадан кутулбастыктын жоктугу тууралуу айтылат.
“Аялдар менен балдарга карата зомбулуктун баардык түрлөрү боюнча укук бузуулар менен кылмыштардын эң эле аз бөлүгү сот инстанцияларына чейин жетет.
Сотто токтотулган иштердин деңгээлинин жогору болушу кылмыш жасаган жактар жоопкерчиликтен качып кете аларын көрсөтүп турат, бул коомчулукта жазасын калуу сезимин пайда кылат.
Ошол эле маалда жоопкерчиликтен бошотуунун негиздеринин бири тараптардын элдешип алуусу жана жабырлануучу тараптын дооматынын жоктугу болууда.
Мигранттардын балдарына карата зомбулук тобокелчилигинин бийиктигинин негизги себептери төмөнкүлөр болуп саналат:
- зомбулуктун жазасыздыгы;
- ата-энелердин жоопкерсиздиги;
- оор турмуштук кырдаал;
- алдын алуу механизмдеринин жетишсиздиги жана баланын айланасындагы адамдардын адамдардын зомбулук учурларын жаап-жашыруулары;
- билим деңгээлинин төмөндүгү, билим алууга жеткиликтүүлүк ресурстарынын чектелгендиги;
- балдардын эмгегин пайдалануу жана психологиялык зомбулук.
Ата-энелери миграцияга кеткенден кийин, балдар көп учурларда туугандары менен, жана көпчүлүгү чоң эне, чоң аталары менен калышат, алардын балдардын улам өсүп бараткан керектөөлөрүн канааттандырууга мүмкүнчүлүктөрү жетпейт»,-деп айтылат Акыйкатчынын альтернативдүү баяндамасында.
Аялдарга жана балдарга карата зомбулукту жоюу, мындай укук бузуулардын алдын алуу максатында, Кыргыз Республикасы ачык-айкындыкты жана аялдардын жана балдардын үстүнөн болгон зомбулуктардын бардык түрлөрү үчүн бардык деңгээлдерде, жынысына, расасына, тилине, майыптыгына, этностук таандыктыгына, туткан ишенимине, жаш курагына, билимине, тегине, мүлктүк же башка абалына, ээлеген кызмат ордуна, ошондой эле башка жагдайларга карабастан, жасалган укук бузууга тете юридикалык жоопкерчиликтин болбой койбосун камсыз кылышы керек.
1. Жабыркагандарды коргоо жана реабилитациялоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана өкмөттүк эмес уюмдардын өз ара аракеттенүүлөрүнүн алгоритмин кошуп алганда, санариптик технологияларды эске алуу менен, зомбулуктун бардык түрлөрүнөн жабыр тарткан аялдарды жана балдарды коргоо жана бузулган укуктарын калыбына келтирүү тутумун киргизүү.
2. Мигранттарды Мекенине кайтаруу боюнча чараларды кошуп алганда, эмгек мигранттарын жана алардын балдарын колдоого алуу боюнча мамлекеттик программа иштеп чыгуу.
3. Аялдарга жана балдарга карата зомбулук учурлары боюнча маалыматтарды топтоо жана иштеп чыгуу, анын классификациясы боюнча бирдиктүү стандарттарды киргизүү.
Аялдарга жана балдарга карата зомбулук менен күрөшүү, жоопкерчиликти күчөтүү боюнча мамлекеттин күч-аракеттерине карабастан, жалпыга маалымдоо каражаттарында күн сайын аялдарга жана балдарга карата зомбулук (дене бойлук, сексуалдык) көрсөтүү учурлары жаатында маалыматтар жарыяланууда.
Фактыларга негизденген мамиленин жоктугунан, аялдарга жана балдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча чечимдерди кабыл алуучу жактардын көрүп жаткан иш-аракеттери жана чечимдери жокко чыгууда.
Аялдарга жана балдарга карата зомбулук маселелери боюнча маалыматтарды жыйноонун бирдиктүү принциптеринин жана бирдиктүү классификациялоонун жоктугу, ар кыл мамлекеттик органдардын бири бирине дал келбеген расмий маалыматтарды берүүсүнө алып келүүдө.
Ушуга байланыштуу, аялдарга жана балдарга карата зомбулук кылуу кылмыштарынын айкын санын аныктоо мүмкүн эмес, бул өз кезегинде:
- бардык кызыкдар тараптардын укук бузуулардын ушундай түрүнүн себептерин жана кесепеттерин талдоосун;
- зомбулуктун жайылуу деңгээлин жана масштабын баалоосун татаалдаштырат;
- кызыкдар тараптарга зомбулуктун бардык түрлөрүн жоюу боюнча так, максат көздөгөн жана натыйжалуу чараларды иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк бербейт;
- жарандык коомдун ишенбөөчүлүгүн жана сынга алуусун пайда кылат;
- укук коргоо органдарына жана сотторго карата жарандардын ишенбөөчүлүгүн пайда кылат”,-деп айтылат маалыматта.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институнун аймактык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери 2023-жылдын 9-апрелинде Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй областтарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоого мониторинг кылышты.
Шайлоо белгиленген баардык областтардагы бир нече шайлоо участокторунда күн бою добуш берүүнүн жүрүшү байкоого алынды.
Белгилей кетсек, ыйгарым укуктардын мөөнөтү аяктаганга байланыштуу Нарын, Баткен, Ош, Талас жана Чүй областтарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарына шайлоо өткөрүлдү.
Ошондой эле алгачкы жолу депутаттарды шайлоодо Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай жана Ак-Татыр аймактарында электрондук добуш берүү пилоттук режимде сынактан өткөрүлдү.
Кечээ, 5-апрелде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы институнун кызматкерлери Жогорку сотто 13 жаштагы кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши каралган процесске мониторинг кылышты.
Жыйын жабык режимде өткөрүлдү. Жабырлануучу тараптын оозеки кайрылуусунан кийин Акыйкатчы институнун жана ЖМК өкүлдөрүнө өкүмдү угузуу учурунда сотко катышууга уруксат беришти.
Баардыгы болуп сот жыйынына 30дай адам катышты.
Жогорку соттун 2023-жылдын 5-апрелиндеги токтому менен айыпталуучу К. Д. А.га карата кылмыш иштери боюнча соттук коллегиянын өкүмү жана Бишкек шаардык сотундагы 2023-жылдын 12-январындагы жосундар боюнча иш өзгөртүлүп, калган бөлүктөр өзгөрүүсүз калды.
Сот К. Д. А.ны 7 жыл 6 айга эркинен ажыратты, ошондой эле ал 3 жылга чейин кызмат ээлөө же кайсы бир ишмердүүлүк менен алектенүү укугунан (буга чейин, экинчи инстанциянын чечими менен ал 6 жылга эркинен ажыратылган) чектелди.
Мындай жол менен Жогору сот формалдуу түрдө жазаны каттаалдатты, бирок жыйынтыгында өкүм биринчи инстациянын чечимине караганда сезилерлик жеңилирээк болуп калды.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова сот бийлигинин эң жогорку органынын чечимине өкүнгөнүн айтты. Белгилей кетсек, Акыйкатчы бул иш башталгандан бери эле көзөмөлгө алып келген.
“Милициянын жоопкерчилигин жумшартуу - сексуалдык мүнөздөгү кылмыштардын курмандыгы болгон балдар менен аялдардын бетине ачык эле түкүрүү болду жана баардык зордукчуларга колдоо белгиси болду. Биз өлкөдө зомбулуктун кайсы гана түрүнөн болбосун балдар менен аялдарды коргоо мамлекеттик системасы калыптанбаганын көрүп жатабыз. Бийликтин баардык бутактары жана көзөмөл органдары зордукчулардын күнөөсүн кайра квалификациялоо жана жумшартуу, курмандыкты каралап, зордукчуларга жоопкерчиликтен качууга көмөктөшкөн, бул аракети менен коомчулукта зомбулуктун өсүшүнө жол ачкан тажрыйбаларга өзгөчө көңүл бурууга милдеттүү”,-деп баса белгиледи Атыр Абдрахматова.
КРнын Акыйкатчынын (Омбудсменинин) орун басары Альберт Колопов БУУнун Качкындардын иштери боюнча агенттигинин улуттук мекемесинин башчысы Иван Салеев менен жолугушту.
Кызматташтыктын актуалдуу багыттары, ошондой эле качкындар менен баш паана издегендердин укуктарын коргоо жагдайында пикир алышуу болду.
Тараптар айрым кыйынчылыктардан улам өлкөдө ондогон жылдардан бери жашап жатышканына карабай, Кыргызстанда документтерин каттоодон өткөрө албай жатышкан качкын макамы берилген качкындардын маселелерин талкуулашты.
“Маселе болгону техникалык мүнөздө. Буга чейин айтылган документтер, мисалы, жашап туруу укугу боюнча кошумча документтер керек. Буга байланыштуу качкындар КРнын жарандыгын алыш үчүн өз документтерин тапшыра албай жатышат”,-деп айтты Иван Салеев.
Ошондой эле тараптар кайрылмандардын укуктары тууралуу талкуулашты.
Альберт Колопов Акыйкатчы өзү институттун кызматкерлери менен биргеликте Баткен областында тарыхый мекенине көчүп келген этникалык кыргыздардын маселелерин изилдөө менен кайрылмандардын арасында мониторинг өткөрүп келгенин маалымдады.
Талкууда ошондой эле жарандыгы жок тараптардын укуктарын сактоонун маанилүү экени айтылды. Негизинен маектештер качкын макамын алыш үчүн документтерин тапшырышып, бирок чек араны жарандыгы жок кесип өткөнү үчүн кармалган адамдардын жагдайына тынчыздангандыктарын билдиришти.