МАЗМУНУ
1. Киришүү
2. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун абалына жалпы сереп
3. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө сөз эркиндигин мамлекеттик органдар тарабынан ашыкча чектөө жана кыянаттык менен пайдалануу көйгөйлөрү
4. Сунуштар
Сентябрь 2022-жыл
Киришүү
Адам баласынын жашоосунун бардык чөйрөсү маалыматтар менен курчалган, заманбап жашоодо маалымат алмашуусу жок биздин жеке, коомдук, кесипкөйлүк турмушубузду элестетүү мүмкүн эмес. Акыркы 20 жылдын аралыгында маалыматтык технологиялар өлкөбүздө терең жайылып, турмуштун бардык чөйрөлөрүнө кирип, мамлекеттин, коомдун, инсандын өнүгүшүнүн эң негизги талабы катары бааланып калды.
Мындай көрүнүш турмушту уюштуруунун жаңы сапаты, жаңыча ыкмасын пайда кылуу менен бирге, мамлекеттин, коомдун, жеке инсандын коопсуздугун жоготуу коркунучу күчөп, күндө жаңы чакырыктарды алып келүүдө. Ааламдашуу процессинде ар бир жаңыдан чыккан маалымат эл аралык маалымат мейкиндигине таркап, сакталып, чексиз ар кандай багытта колдонулуп келет.
Уюлдук телефонду колдонуучулардын саны боюнча дүйнө мамлекеттеринин рейтингине ылайык, 2020-ж. Кыргызстанда 8 622 565 уюлдук тармактын абоненттери катталган[1]. Ал эми, Улуттук статистика комитетинин 2020-ж. маалыматына караганда, кыргызстандыктардын 99% мобилдик байланыштар менен камтылгандыгы, анын 70% жогорку сапаттагы 4G интернетке кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ деп белгиленген. 15 жаштан жогору калктын 63% жакыны интернетти колдонсо, алардын ичинен эң активдүү колдонуучулар 15-28 жаштагы жаштарды түздү [2].
Кыргызстанда интернет колдонуучулардын саны 2020-жылы 5,4 миллионго жеткен [3]. Ал эми, 2021-жылдын январында Кыргызстанда 3 миллион 200 миң социалдык тармакты колдонуучу болгон. 2020-2021-жылдар аралыгында Кыргызстанда социалдык тармактарды колдонуучулардын саны 700 миңге (+ 28%) көбөйгөн. 2021-жылдын январында Кыргызстанда социалдык тармактарды колдонуучулардын саны жалпы калктын 48,7% түздү [4].
«Эч кимди артта калтырбоо» принцибин ишке ашыруу боюнча социалдык аярлуу топторго кирген 14-18 жаштагы балдардын арасында 2021-ж. жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыктарынын негизинде, бул группадагы сурамжылоого катышкан жаштардын 59,69% үчүн Интернет жеткиликтүү, бул үчүн, респонденттердин 96% смартфондорду колдонушат. Сурамжылоого катышкан жаштардын басымдуу көпчүлүгү жаңылыктарды интернет-басылмалардан алышат. Бирок өзүнө маанилүү маалыматты (мисалы, өзүнүн укуктары жөнүндө) 33% телевизордон көрүшөт. Сурамжылоого катышкан жаштар Интернет булактарынан 36% ден соолук, 33% иш менен камсыз кылуу, 29% билим берүү тууралуу маалыматты издейт[5].
Жогорудагы көрсөткүчтөр Кыргызстанда жаңы маалымат технологияларды токтотуу же чектөө мүмкүн эместигин, бул дүйнөлүк процессте өтө тездик менен пайда болуп жаткан чакырыктарга даяр болуу менен жарандын, коомдун, мамлекеттин маалыматтык коркунучтардан коргоону, мүмкүн боло турган укук бузууларды алдын алууну камсыз кылуу мамлекеттин негизги милдеттеринин бири.
Конституциясынын 2021-жылда кабыл алынган редакциясына ылайык, Кыргыз Республикасында маалыматтык коопсуздук мамлекет тарабынан корголот деген кепилдик биринчи жолу киргизилгени менен[6], бул тармакты так укуктук ченемге салган мыйзам кабыл алына элек.
Азыркы учурда маалыматтык коопсуздукту камсыздоонун мыйзамдык негизин төмөнкү укуктук ченемдик актылар түзөт:
- Конституция;
- Кылмыш-жаза кодекси;
- Жарандык кодекси;
- Укук бузуулар жөнүндө кодекси;
- Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси;
- Административдик-процесстик кодекси;
- "Маалыматка жетүүнүн кепилдиктери жана эркиндиги жөнүндө" мыйзамы;
- "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө" мыйзамы;
- "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамы;
- "Телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө" мыйзамы;
- "Басма иши жөнүндө" мыйзамы;
- "Документтердин милдеттүү нускасы жөнүндө"мыйзамы;
- "Электр жана почта байланышы жөнүндө" мыйзамы;
- “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамы;
- "Электрондук башкаруу жөнүндө" мыйзамы;
- Улуттук коопсуздук концепциясы; [7]
- "Мамлекеттик маалыматтык системалар базасында камтылган маалыматты коргоо талаптарын бекитүү жөнүндө" Өкмөттүн токтому;[8]
- Маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясы;[9]
-2019-2023-жылдарга Кыргыз Республикасынын киберкоопсуздук Стратегиясы; [10]
- “Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибин бекитүү тууралуу” Министрлер Кабинетинин токтому;[11]
- Кыргыз Республикасы катышуучу болгон эл аралык келишимдер түзөт.
Маалыматтык коопсуздукту жыйырмадан ашык укуктук ченемдик актылар жөнгө салганы менен бул түшүнүк юридикалык термин катары жогору юридикалык күчкө ээ болгон мыйзам менен чечмеленген эмес, болгону төмөнкү концепцияларда гана каралган:
1. Маалыматтык коопсуздугунун 2019-2023-жылдарга карата концепциясында - маалыматтык коопсуздук - адамдын, коомдун жана мамлекеттин маалыматтык коркунучтардан коргоонун абалы.
2. Улуттук коопсуздук концепциясында -маалыматтык коопсуздук - инсандын, коомдун жана мамлекеттин маалыматтык коркунучтардан корголгон абалы деп каралган.
Маалыматтык коопсуздуктун 2019-2023-жылдарга карата концепциясын Өкмөт 2019-жылы бекиткенде, бул концепциянын негизги максаты катары төмөнкүлөрдү көрсөткөн:
- адамдын, коомдун жана мамлекеттин маалыматтык чөйрөдөгү кызыкчылыгын коргоого багытталган чараларды иштеп чыгуу жана аны ишке ашыруу,
- бул чөйрөдөгү мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча укуктук, уюштуруучулук жана экономикалык методдордун жыйындысын камтыган Кыргыз Республикасынын маалыматтык коопсуздугун камсыздоонун натыйжалуу улуттук системасын түзүү болгон.
Жогоруда айтылгандардын негизинде, учурдагы өлкөбүздөгү:
- бир катар маалымат мейкиндигинде адам укуктарынын бузулушун;
- сөз эркиндиги жана ЖМК эркиндигин кыянат пайдаланууга каршы алдын алуу иштерин жүргүзүү жүйөсү менен укук органдары тарабынан сөз эркиндигин чектөө аракеттеринин көбөйүшүн;
- социалдык медиа, тармактарда жалган колдонуучулардын (фейк) көбөйүшү, бул технология аркылуу пропаганда, маалымат манипуляция ыкмаларынын жайылышын эске алуу менен;
- “Маалыматтык коопсуздук” түшүнүгү юридикалык термин катары мыйзамда каралбаганы, бул чөйрөдө мамлекеттик жооптуу органдардын ишмердүүлүгүндө ар түрдүү, өтө кенен же башка кош стандарттуу чечмелөөгө же колдонууга мүмкүнчүлүк түзүү менен, адам укуктарын ашыкча же негизсиз чектөөгө таасирин тийгизээрин;
- адамдын, коомдун жана мамлекеттин маалыматтык чөйрөдөгү кызыкчылыгын коргоого багытталган Маалыматтык коопсуздуктун 2019-2023-жылдарга карата концепциясынын ишке ашырылышында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду жүргүзүү максатында;
- Жогорку Кеңештин 2022-жылдын 16-мартындагы кабыл алынган токтомундагы, Акыйкатчыга адам укуктарынын алкагындагы маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуунун көйгөйлүү маселелери боюнча атайын баяндаманы даярдоо сунуштамасын ишке ашыруу үчүн, ушул атайын баяндама даярдалды.
1. МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУКТУ КАМСЫЗ КЫЛУУНУН АБАЛЫНА ЖАЛПЫ СЕРЕП
Маалыматтык коопсуздук маселелерин жыйырмадан ашык укуктук ченемдик актылар жөнгө салганы менен инсандын, коомдун, мамлекеттин маалыматтык коопсуздугун камсыз кылууда бирдиктүү иш алып баруу үчүн негизги укуктук ченемдик акт катары Маалыматтык коопсуздуктун 2019-2023-жылдарга карата концепциясы Өкмөттүн токтому менен 2019-жылы бекитилип, ошол эле жылы Өкмөттүн Буйругу менен,[12] концепцияны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы бекитилген.
Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо үчүн, иш-чаралар планында төмөнкү багыттар аныкталган:
- Билим берүү жана илим чөйрөсү;
- Маданият, маалымат жана туризм чөйрөсү;
- Диний чөйрө;
- Коргоо жана укуктук тартип чөйрөсү.
Мындан сырткары, маалыматтык коомсуздукту камсыз кылууга багытталаган иш-аракеттер, күтүлүүчү натыйжа, аткаруу мөөнөтү, каржылоо жана төмөнкү жооптуу мамлекеттик органдар белгиленген:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети;
- Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги;
-Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги;
-Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги;
- Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Генералдык штабы;
- Кыргыз Республикасынын Коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитети;
- Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы;
- "Кабар" Кыргыз улуттук маалымат агенттиги;
- Жалпыга маалымдоо каражаттары.
Атайын баяндаманы даярдоодо Акыйкатчы Институту - маалыматтык коопсуздук концепциясын ишке ашырууга жооптуу мамлекеттик органдардын иш аракеттерине талдоо жүргүзүп, жалпы төмөндөгү тыянактарды аныктады.
Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо жаатындагы негизги 10 багыттын ичинде азыркы учурдагы балдарга каршы укук бузуулардын алдын-алуу, жашы жете электердин арасында маалымат технологияларын жоопкерчиликтүү жана коопсуз пайдалануу көндүмдөрүн калыптандыруу максаттардын аткарылышы тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги Акыйкатчынын суроо талабына жооп бербегендигине байланыштуу толук кандуу талдоо жүргүзүүгө тоскоолдук жаратты. Ошол эле учурда, Кыргызстанда акыркы үч жылда балдарга карата сексуалдык зомбулук дээрлик эки эсеге, психологиялык зомбулук үч эсеге, физикалык зомбулук 30% көбөйгөнү тууралуу расмий маалыматтарга таянсак, Билим берүү жана илим министрлиги канаттандырарлык иш алып барган эмес.
1-мисал : Коргоо министрлиги маалыматтык коопсуздукту коргоо чөйрөсүндө ишке ашырууда көпчүлүк күтүлүүчү натыйжаларга жетишкендиктери тууралуу так, толук кандуу маалыматты, кандай натыйжалуу өзгөрүүлөр болгонун көрсөтүүсүз, “аткарылууда” “жүргүзүлүүдө” деген жооп менен чектелген[13].
2-мисал : Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалымат коопсуздукту камсыз кылуу аракеттери канчалык деңгээлде калктын экстремизм, терроризм жана диний агымдар тууралуу түшүнүктөрүн жогорулаткандыгы тууралуу маалыматтар жок[14].
Акыйкатчы Институтунун пикиринде, өлкөдө экстремизм, терроризм жана диний агымдардын канчалык маалымат коопсуздук чөйрөсүндө таасири бар экенин бул жаатта ишти баштоодон мурда белгилеп, тиешелүү аракеттер көрүлгөндөн кийин кандай өзгөргөнүнө карап иштин натыйжалуулугуна баа берилиш керек эле. Маселен, 2020-жылы өткөрүлгөн сурамжылоонун жыйынтыгында «Зордук-зомбулук экстремизм менен кантип күрөшүү керектиги тууралуу маалыматка канча жолу туш болдуңуз?»-деген суроого суралган жарандардын көпчүлүгү-эч качан деп жооп беришкен (Бишкек-44%, Араван-71%, Узген-31%). Аталган көрүнүш калктын экстримизм боюнча маалымдуулугунун дэңгээлин көрсөтөт [15]. Ал эми азыркы учурга калктын экстримизм боюнча маалымдуулуктун дэңгээли канчалыкка өзгөргөнү иликтениши зарыл.
Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылууда жооптуу органдар жана мекемелер, адам укуктары жана эркиндиктери Кыргыз Республикасынын жогорку баалуулуктарына кирээрин, бардык мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ишинин мааниси менен мазмунун аныктагандыгын [16], Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы жүргүзөөрүн[17] эстен чыгарган.
1-мисал : Тышкы иштер министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, Юстиция министрлиги жана “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги тарабынан Акыйкатчынын сурамжылоо катына тийиштүү маалымат берилген эмес.
2-мисал: Улуттук коопсуздук мамлекетик кызматы Акыйкатчыга бул жаатта кылынган иштери тууралуу маалыматты берүүдөн баш тартып, ага жүйө катары Маалыматтык коопсуздуктун 2019-2023-жылдарга карата концепциясын “иш-чаралар планындагы 2, 4, 6-пункттарында белгиленген маселелердин мазмуну адам укуктарын коргоо маселесин камтыбайт. Бул жагдай көрсөтүлгөн пункттарды аткаруу чараларынын УКМКнын маселелери боюнча ыйгарым укуктарына айкалышпай тургандыгын тастыктайт”[18]- деп, жооп берген.
УКМКнын жогорудагы позициясы, Конституцияда көрсөтүлгөн, мамлекет жана анын органдары коомдун кайсы бир бөлүгүнө эмес, бүткүл коомго кызмат кылаары[19], ошону менен бирге өз ыйгарым укуктарын элдин таламдары үчүн гана жүзөгө ашырууда мамлекеттик органдардын жана алардын кызмат адамдарынын ачыктыгына негизделүүсү[20] тууралуу кепилдиктерге каршы келээрин белгилейбиз. Андан сырткары, Улуттук коопсуздук органдарынын ишинин негизги багыттары маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу[21] жана өз иш-аракетин жүзөгө ашырууда адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин сактоого милдеттүү[22] экендиги “Улуттук коопсуздук органдары жөнүндө” мыйзамында көрсөтүлгөн.
3-мисал: Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматына ылайык, Концепциянын жана “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо жөнүндө” мыйзамынын алкагында, Интернет тармагында анык эмес (жалган) маалыматтын жайылышына байланыштуу сайттын же сайттын баракчасынын ээсинин иш-аракеттерине даттануунун, анык эмес (жалган) маалыматты алып салуунун жана сайттын же сайттын баракчасынын ишин токтотуп туруунун тартибинин жана токтомдун долбоорун иштеп чыккандыгын билдирген [23].
Тартип Министрлер Кабинетинин токтому менен бекитилип[24], 4 ай аралыгында министрлликке, сайттын ээсинин жалган маалымат тараткан аракеттерине төрт даттануу келип түшкөн. Алардын экөөсү үчүн хостинг провайдерин, сайттын ишин токтотуу чечими кабыл алынып, алардын бири жокко чыгарылган. Калган эки кайрылуу учурда каралууда экендигин Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги маалымдаган.
Маданият министрлигине түшкөн арыздардын бири 24.kg маалымат агенттиктин сайтында чыккан “шаардагы мейманкалардын биринде туристтердин номеринен өздөрү жок учурда 20 миң доллары жоголгону тууралуу” маалыматы анык эмес жана 24.kg сайтына чара көрүү тууралуу 2022-жылдын августунда "Амбассадор" мейманканасынан берилген. Маданият министрлиги, аталган сайтты “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамга ылайык, аталган маалымат агенттиктин сайтын убактылуу эки айга жабуу тууралуу чечимин чыгарган[25]. 24.kg маалымат агенттигинин сайты 25-августтан тартып айрым интернет провайдерлерде ачылбай калган. Кийинчерээк бөгөт коюу тууралуу чечим жокко чыгарылып, аталган сайт азыркы учурда иштөөдө.
4- мисал: ИИМдин берген маалыматына ылайык, “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамды аткаруу максатында жана кээ бир кылмыш иштерине байланыштуу, социалдык тармактарга жана маалымат агенттиктерине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп, алар тараптан жалган маалыматтарды таркаткандыгы үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертүү бергендери жана мындай билдирүүлөрдү тараткан адамдарды камакка алгандарын маалымдашкан [26].
ИИМ кызматкерлери анык эмес (жалган) маалыматты таркатуу иштеринин алдын алуу алкагында “Азаттык” радиосунун жетекчиси Айзада Касымалиеваны, Kloop.kg маалыматтык порталынын редактору Ислам Розиевдин, активист Айжан Мырсандын суракка чакырылгандыгы да коомчулукка белгилүү [27].
Аталган мыйзамды кабыл алуу учурунда, медиа-эксперттердин тынчысдануусун жаратып, бул мыйзам кабыл алынса адамдын жана жарандын сөз эркиндигине терс кесепеттерди жаратат деген пикирине карабастан кабыл алынган [28].
Акыйкатчы Институтунун пикиринде, “Анык эмес маалыматтан коргоо жөнүндө" мыйзамы жана аны аткаруу үчүн бекитилген тартип төмөнкү негизде күчүн жоготту деп табылууга тийиш:
- Конституциясынын жана Граждандык кодексинин талаптарына карама-каршы келгени;
- Адам укуктарынын жалпы декларациясында кепилденген жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактта корголгон адам укуктарынын бузулушуна жана эркиндектиринин чектелишине алып келген кесепеттеринин толук кандуу азыркы учурда жогорудагы белгиленген мисалдар менен далилденгени;
- сот органдарынын артыкча укуктарын Министрликке берүүсү менен бийлик бутактарынын тең салмактуулугун бузгандыгы;
- иштин жагдайларын изилдөөнүн ар тараптуулугун, толуктук жана объективдүүлүк, тараптардын тең укуктуулугунун жана атаандаштыгынын негизинде жүзөгө ашыруу принциптери каралбаганы, о.э. башка олуттуу кемчиликтерди жана боштуктарды камтыгандыгы.
2. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө сөз эркиндигин мамлекеттик органдар тарабынан ашыкча чектөө жана кыянаттык менен пайдаланууну алдын алуу көйгөйлөрү
Азыркы учурда журналисттерге, блогерлерге жана ЖМК карата мамлекеттик бийлик органдары тарабынан ашыкча чектөө жана таасир этүү чараларын колдонуу учурларынын көбөйүшү, ошол эле учурда Интернет колдонуучулар тарабынан ар кандай сапаттагы пикирлер айтылып, кээ бир учурларда такталбаган (м: чек ара маселелери тууралуу) же дискредитациялык багыттагы маалыматтардын тез жана көп чыгарылышы (өзгөчө коомдук-саясий кырдаалды чагылдырууда) Акыйкатчы Институтун тынчсыздануусун жаратат.
Маалымат коопсуздугун камсыз кылууда Кыргызстанда жашаган жалпы элге маалымат менен иштөө прициптерин, сынчыл ой жүгүртүүнү, фактчекинг ыкмаларын жайылтуу, Интернет пайдалануу талаптарын, коопсуздук маселелери тууралуу агартуу иштери мамлекеттик дэңгээлде дээрлик аз.
Бул жагдайда журналисттердин гана эмес, блогерлердин журналисттик иликтөөнү жүргүзүүдө жана маалыматтарды коомго жеткирүүдө, журналисттердин этикалык кодексинин талаптарын сактоосу зарыл[29].
Маалымат менен манипуляция, монтаж, пропаганда же “фейк фабрикалардын” кызматын кеңири колдонуу жана аккаунттарды бузуп кирүү, персоналдык маалыматтын сырдуулугун сактабоо системдүү көрүнүш болуп калыптанууда. Мисалы, 2021-жылдын этегинде – 2022-жылдын башында журналисттер менен активисттердин социалдык тармактардагы аккаунттарын бузуп кирүү көрүнүшү кеңири жайылганын “Медиа Полиси Институту” коомдук фонду 2020-жылдын октябрынан 2022-жылдын мартына чейинки мезгил аралыгында Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына өткөрүлгөн мониторингинин жыйынтыгында билдирген[30].
Акыйкатчы Институтуна Г. Исаков уюлдук байланыш номуру катталган сим-картасы иштебей калгандыгын, уюлдук оператордун өкүлдөрү жаңы сим-картага алмаштырып, бирок аны иштете албагандарын билдирүү менен, ошол убакыт аралыгында анын фейсбук аккаунтун бузуп кирүү болгондугуна байланыштуу Президентке, Башкы прокурорго, УКМКга, ИИМге кайрылганына карабастан ким тараптан мындай аракет болгонун аныктоо иштерине даттануусу менен кайрылган. Азыркы учурда бул окуя боюнча УКМК кылмыш ишин кыскартканын билдиргенинен, бул чечимдин негиздүүлүгүн кароо боюнча Акыйкатчы Институту тарабынан прокуратура органдарына сунуштама жөнөтүлгөн.
Жогорудагы тыянактарга себеп болгон төмөнкү иштерге көңүл бурууну Акыйкатчы Институту туура көрдү.
Next TV телеканалдын директору Таалай Дуйшембиевдин иши боюнча:
2022-жылдын 4-февралында Таалай Дуйшембиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (улуттар аралык кастыкты козгоо (араздашуу)) менен социалдык тармактарда туура эмес маалыматтарды жарыялоо боюнча кылмыш иши козголуп, азыркы учурда соттун кароосунда.
Ырыс Жекшеналиевдин иши боюнча:
15.08.2022-жылы, Фейсбук социалдык тармактын “Полит Узник” баракчасынын администратору Ы. Жекшеналиев, УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевдин Жетим –Тоо тууралуу кайрылуу видеосун аталган баракчага жайгаштырганды үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүмү боюнча "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктары" жөнүндө кылмыш иши козголуп, эки айга №1 тергөө изоляторуна камакка алынды.
Мирлан Ураимовдун иши боюнча:
М. Ураимов чагымчыл комментарийлерди социалдык тармактарда жайылтты деген жүйө менен 2020-жылдын 8-февралында сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү боюнча "Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктары" тууралуу кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Бишкек шаардык сотунун 2022-ж. 9-мартындагы чечими менен камактан бошотулуп, бөгөт коюу чарасы башка жакка кетпөө жөнүндө кол коюу менен тандалган. Азыркы учурда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда жогоруда көрсөтүлгөн кылмыш иш боюнча (иштин маңызы боюнча) териштирүүлөр өтүп жатат.
Айжан Мырзандын иши боюнча:
2022-жылдын март айында социалдык тармактарда Айжан Мырсан деп аталган жарандык активист өткөргөн түз эфиринде "расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты козгоо (араздашуу)" аракети болду деген жүйө менен Кылмыш-жаза кодексинин 330-бөлүмүнүн 1-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, бөгөт коюу чарасы башка жакка чыкпоо жөнүндө кол коюу менен тандалган. Бүгүнкү күндө кылмыш иши Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда каралып жатат.
Эмил Бекиевдин иши боюнча:
Э. Бекиевге карата Кылмыш-жаза кодексинин 330-бөлүмүнүн 2-пунктунун 1-беренеси боюнча "расалык, этностук, улуттук, диний региондор аралык кастыкты козгоо (араздашуу)" аракети болду деген жүйө менен кылмыш иши козголуп, Орусия Федерациясынан депортация болуп Кыргызстанга жеткирилди. Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечими менен ага карата УКМКнын убактылуу кармоочу жайына 15 күнгө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы тандалып алынган.
Адилет Али Мыктыбектин иши боюнча (Адилет Балтабай):
Адилет Балтабай социалдык тармактарда жарыялаган поссторунда "Массалык баш аламандыкка чакыруу” аракети болду деген жүйө менен Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, 2022-жылдын октябрь айына чейин камакка алынган.
Кудайберген уулу Тилекмат (Күренов Тилек) боюнча:
Жетим-Тоо кенин иштетүүгө жана жаңы Конституцияны кабыл алууга каршы чыккан Кудайберген уулу Т. 2021-жылдын 15-мартында кармалган.
2021-жылдын 17-мартында Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун токтому менен баш коргоо чарасы камакка алуу түрүндө тандалган.
2021-жылдын 26-апрелинде Бишкек шаардык соту Тилекмат Кудайбергеновдун баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарылган.
2021-жылдын 20-августундагы Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен Кудайберген уулу Т., бийликти күч менен басып алуу тууралуу ачык чакырыктары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 310-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту менен күнөөлүү деп табылып,
1 жылга эркинен ажыратылды. Ошондой эле, шайлоочуларды сатып алуу боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүгү менен күнөөлүү деп табылып, 6 айга эркинен ажыратылды. Жыйынтыгында ал
1,5 жылга эркинен ажыратылган.
Журналист Болот Темиров жана төкмө акын Болот Назаров боюнча
Б. Темировго укук коргоо органдары жасалма анкета менен паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңгизатын алып жүрүү боюнча беш берененин негизинде жалпысынан төрт кылмыш иши козголуп, бир өндүрүшкө бириктирилип, Болот Темировду жана аны менен төкмө акын Болот Назаровду Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы 2022-ж. 23-январда кармап, бирок четке чыкпоо тилкаты менен кайра бошоткон.
Журналит Б. Темиров боюнча кылмыш иштери аяктап Биринчи май райондук сотуна кароого жөнөтүлгөн. Учурда соттук териштирүүлөр уланууда. Ал эми Болот Назаровго карата козголгон кылмыш ишти Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту кароодо.
Укук коргоочу Камиль Рузиев боюнча
Укук коргоочу 2020-ж. "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде шектүү катары кармалып, эки күндөн кийин үй камагына чыгарылган. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынып салынган. Экинчи берене боюнча 2020-жылы сентябрында Каракол шаардык сотунда башталган сот иштери аягына чыгып актоо өкүмү чыгарылган.
Прокуратура аталган соттун чечимине сунуштама келтирип, учурда кылмыш иш Ысык-Көл облусунун сотунун кароосунда.
Kaktus.media сайтынын иши боюнча:
Прокуратура органдары Kaktus.media сайтында 2022-жылдын январында чек ара аймагындагы куралдуу жаңжал жөнүндө башка мамлекеттин ЖМКларынын макаласын жарыялоосунда, "согушту пропагандалоо, башкача айтканда, бир өлкөнүн экинчи өлкөгө каршы агрессиясын жаратуу же аскердик чыр-чатакты козгоо максатында көз караштарды, идеяларды же чакырыктарды ар кандай формада жайылтуу" аракети болду деген жүйө менен Кылмыш-жаза кодексинин 407-беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө жүргүзгөн, жыйынтыгында кылмыштын курамы жок болгонуна байланыштуу иш кыскартылган.
Журналист Куттумидин Базаркулов боюнча
УКМК кызматкерлери Жалал-Абад облустук телерадиоканалынын (ЖТР) мурдагы жетекчиси Куттумидин Базаркуловду 27-ноябрда Жалал-Абаддагы үйүнөн кармап кетишкен, 28-ноябрда Жалал-Абад шаардык соту аны эки айга камакка алуу чечимин чыгарган.
14-июнда Жалал-Абад шаардык соту Куттумидин Базаркуловду «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, бирок журналист кылмыш жоопкерчилигине тартуунун мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу сот залынан бошотулган. Ошол эле учурда сот журналисттен 3 миллион 215 миң сом өлчөмүндөгү каражатты өндүрүп алган.
СУНУШТАР
Министрлер Кабинетине:
1. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө мамлекеттик жооптуу органдардын ишмердүүлүгүндө декларативдүү, кош стандарттуу чечмелөөгө же колдонууга, адам укуктарын ашыкча же негизсиз чектөөгө жол бербөө максатында маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке киргизүү;
2. Жарандардын персоналдык маалыматтарын коргоону камсыз кылуу иштерин күчөтүү;
3. Маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу иштерин жүргүзүүдө Президентке караштуу Стратегиялык изилдөөлөр улуттук институту менен тыгыз кызматташууну камсыздоо;
4. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө балдар менен өспүрүмдөрдүн саламаттыгына жана өнүгүүсүнө зыян келтирүүчү маалыматтан аларды коргоо, укук бузууларды алдын алуу боюнча системдүү аракеттерди күчөттүү. Бул тармакта балдардын ата-энелери, жергиликтүү бийлик менен кызматташууну бекемдөө;
5. Инсандын, коомдун, мамлекеттин маалымат укуктары жана эркиндиктери менен бирге мыйзамдуу чектөөлөрү боюнча; маалыматты издөөдө, колдонууда, таркатууда коркунучтардан коргоонуу талаптары тууралуу жарандардын, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин арасында кеңири медиа сабаттуулугун жогорулатуу иштерин күчөтүү;
6. Кылмыш-жаза куугунтуктоосун жүзөгө ашырууда адам укуктарын жана эркиндиктерин толук кандуу камсыз кылуу максатында мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдардын өрчүшүнө шарт түзүү;
7. Кылмыш-жаза куугунтуктоосун жүзөгө ашырууда тергөө амалдарынын адам укуктарын жана эркиндиктерин толук кандуу камсыз кылуу максатында мамлекеттик эмес соттук-эксперттик уюмдардын өрчүшүнө шарт т үзүү;
8. Маалыматтык коопсуздукту камсыздоо системасын түзүүдө, мыйзам чыгаруу, аткаруу жана сот бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын так ажыратып бөлүү негизинде түзүү.
Жогорку сотко:
1. Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу жаатында сот адилеттигин жүргүзүүдө жарандардын конституциялык укуктарын жана эркиндиктерин, соттук коргоосун ишке ашыруу.
2. Зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдардын, жаш балдардын персоналдык маалыматтарын коргоо талаптарын сактоо.
Башкы прокуратурага:
1. Маалыматтык коопсуздук чөйрөсүндө мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын так жана бирдей аткарылышын көзөмөлдөөнү, анын ичинде балдар менен өспүрүмдөрдүн Интернетке болгон көз карандылыгын жана мыйзам бузууларынын үзгүлтүсүз алдын алууну күчөтүү;
2. Адамдын маалыматтык чөйрөдөгү кызыкчылыгы боюнча толук маалыматка жетүүсүн, аны мыйзамда тыюу салынбаган иштерди жүргүзүү укугун жана эркиндигин камсыздоо;
3. Аткаруу бийлигинин органдарынын укук колдонуу ишин, анын ичинде маалымат чөйрөсүндөгү мыйзам бузуулардын алдын алууну жана ага бөгөт коюуну, ошондой эле бул чөйрөдө кылмыш жана башка мыйзам бузууларды жасаган адамдарды жоопкерчиликке тартууну күчөтүү;
Жалпыга маалымдоо каражаттарына, интернет агенттиктерине жана блогерлерге:
1. Инсандын, коомдун медиа сабаттуулугун жогорулатууга мамлекетке көмөк көрсөтүүгө чакыруу менен бирге, өз ишинде журналисттик этиканы, маалыматты издөө, таркатууда эл аралык калыстык, чындык, тактык принциптерин карманууну күчөтүүгө аракет көрүү.
Пайдаланылган кыскартуулардын тизмеси:
КР- Кыргыз Республикасы
ЖК- Жогорку Кеңеш
Акыйкатчы - Акыйкатчы (Омбудсмен)
КЖК - Кылмыш-жаза кодекси
ЖПК - Кылмыш-жаза процессуалдык кодекси
ЖМК - Жалпыга маалымдоо каражаттары
ИИМ-Ички иштер министлиги
УКМК-Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы
ЕККУ-Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюму
[1] https://nonews.co/directory/lists/countries/mobiles
[2] http://www.stat.kg/kg/news/den-interneta-99-kyrgyzstancev-ohvacheny-mobilnymi-setyami/
[3] https://www.tazabek.kg/news:1754441
[4] https://kyrgyzeli.ru/ru/experts/669206-mediarynok-kyrgyzstana-novye-media-i-sotsialnye-seti.html
[5] https://kyrgyzstan.unfpa.org/sites/default/files/pub-pdf/dostup_uyazvimoy_molodezhik_k_klyuchevym_uslugam_v_kr_ru.pdf
[6] 10-беренесинин 3-бөлүмү
[8] 21.11.2017-ж. № 762
[10] КРнын Өкмөтүнүн 2019-ж. 24-июлундагы “369 токтому
[11]08.04.2022-ж. № 204
[12] 2019-жылдын 16-октябрындагы № 389-б
[13] чыг. № 20-1-40/1427 12.08.22-ж.
[14] чыг. 02/634 07.09.22-ж.
[15] International Alert уюмунун "Дин жана демократия боюнча конструктивдүү диалогдор" аналитикалык жыйнагында, https://cabar.asia/ru/kyrgyzstan-antiekstremistskie-strategii-nuzhdayutsya-v-dorabotke
[16] Конституциянын 23-беренесинин 1-бөлүгү
[17] Конституциянын 109-беренеси
[18] чыг. 13/5385 22.08.22-ж.
[19] 5-берене
[20] 4-берене
[21] 15-берененин 3-бөлүмү
[22] 4-берене
[23] чыг. 12-3/5156 23.08.22-ж.
[24] 2022-жылдын 8-апрелиндеги № 204 токтому
[25] https://www.azattyk.org/a/32005557.html
[26] СЭД - 1790 17.08.22-ж.
[27] чыг. 1/2003 15.08.22-ж.
[28] http://media.kg/news/analiz-k-proektu-zakona-kyrgyzskoj-respubliki-o-zashhite-ot-lozhnoj-i-nedostovernoj-informaczii/
[29] https://journalist.kg/kg/codex/
[30] http://media.kg/wp-content/uploads/2022/04/zhurnalistterge-onlajn-chabuuldar-kylmysh-ishteri-myjzamdar-menen-chekt%D3%A9%D3%A9-araketteri-2020-zhyldyn-oktyabrynan-kijinki-s%D3%A9z-erkindigi.pdf
Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматованын көмөгү менен жашы жете элек кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши көзөмөлгө алынды.
2022-жылдын август айында акыйкатчыга баш калаадагы жаңы конуштардын биринин 43 жаштагы жашоочусу арыз менен кайрылып, 2020-жылдын май айында анын Панфилов жана Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишиндеги үйүндө 16 жаштагы кызын Бекжан аттуу жаран күч колдонуп зордуктаганын маалымдаган. Кыздын ата-энеси зордуктоо жөнүндө эки жылдан кийин гана билишкен. Кайрылган жаран акыйкатчыдан көмөк сураган, ошондой эле ички иштер органдарына арыз жазган.
Арыз Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгына катталган, бирок текшерүүнүн жыйынтыгы менен тергөөчү кылмыш курамынын жоктугуна байланыштуу деп кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Андан кийин райондук прокуратура тергөөчүнүн токтомун жокко чыгарып, ишти Биринчи май райондук ики иштер башкармалыгынын башка бир тергөөчүсүнө жөнөткөн. Ал КРнын Кылмыш кодексинин 154-беренеси “зордуктоо”боюнча кылмыш ишин козгогон, бирок аны кийин токтотуп койгон.
Акыйкатчынын кийлигишүүсү менен райондук прокуратура тергөөчүнүн кылмыш ишин токтотуу жөнүндөгү токтомун жокко чыгарып жана ишти иликтөөнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына жөнөттү.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова жеке өзү жана Акыйкатчы институнун балдар, аялдар жана үй-бүлө укуктарын коргоо боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери аталган ишти дайыма көңүл борборунда кармап турушту.
Азыркы учурда жашы жете кызды зордуктоо боюнча кылмыш иши Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматынын көзөмөлүнө алынды.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) мамлекеттик органдарды чек арага жакын жайгашкан райондордун тургундарынын мамлекеттик тейлөөлөрдү (жөлөк пул, пенсия, туулгандыгы тууралуу күбөлүк, КРнын жаранынын паспортун жана башкалар) алуудагы укуктарын сактоо боюнча чараларды кабыл алууга чакырат.
Ошондой эле Акыйкатчы мамлекеттик органдардан Тажикстандын аскердик агрессиясынан жабыркаган Баткен областынын чек арага жакын жайгашкан айылдарынын жашоочуларынын укуктарынын бузулушуна жол бербөөнү талап кылат.
Баткен областында Атыр Абдрахматова 14-марттан 21-мартка чейин болуп, райондук жана айыл өкмөттөрдүн административдик имараттарында жарандарды жеке кабыл алды.
Лейлек райондук администрациясы арыз-даттанууларга байланыштуу көптөгөн маселелерди жеринде чечүүгө ар тараптуу колдоо көрсөттү, тиешелүү мамлекеттик түзүмдөрдүн - Социалдык коргоо министрлигинин, Социалдык фонддун, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын тиешелүү өкүлдөрүн чакыруу менен жарандарды биргелешип кабыл алууну уюштуруп берди.
Баткен районунда жарандарды биргелешип кабыл алууга райондук администрациянын жетекчилери катышкан жок. Тактап айтканда, жетекчилик эс алуу күн экенин айтуу менен жарандарды кабыл алууга келген жок.
Башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жарандарды кабыл алууга активдүү катышты жана айтылган арыз-даттануулар боюнча маселелерди жеринде чечүүгө көмөктөштү.
Балдарга жөлөк пул
Жарандарды кабыл алууда көпчүлүк маселелер балдар үчүн жөлөк пул алуудагы алардын укуктарынын бузулушуна тиешелүү болду.
Негизинен тургундарда 2023-жылдын январь айынан бери балдар үчүн жөлөк пул алуу маселеси келип чыккан, февраль айынан тартып көпчүлүк үй-бүлөлөр балдар үчүн жөлөк пул алуу мөөнөттөрүн узарта албай келишет, аткени Социалдык коргоо министрлигинин райондук башкармалыктарына көрсөткөнгө зарыл болгон маалым катты ала албай жатышыптыр.
“Февраль айынан бери жашаган жеримден маалым кат алыш үчүн инстанцияларга чуркап жүрөм, анткени санариптештирүүнүн жаңы эрежелери боюнча кыймылсыз мүлккө карата баардык документтерди иретке келтириш керек экен - участокко кызыл китеп алып, зарыл болсо кыймылсыз мүлктү кайра каттап дегендей. Башка талаптары дагы бар. Ал эми мунун баарын алыш үчүн, аябай көп убакыт талап кылынат, анткени "Түндүк" үчүн эл көп болуп, кезекке тургандар арбын. Андан тышкары кызматкерлер дагы жетишпей жатышат”,-деп арызданды Ак-Татыр айыл өкмөтүнүн тургуну.
Акыйкатчы мамлекеттик органдарды социалдык тейлөө алуудагы укуктардын корголушу боюнча чараларды кабыл алууга чакырды.
«Мамлекеттин санариптештирүү боюнча саясаты пенсия жана жөлөк пул алууга бөгөт болбош керек. Министрлер кабинети тез арада чараларды кабыл алып жана балдардын жөлөк пул алуу укуктарын камсыздашы кажет. Мамлекеттик башкаруунун системаларын санариптештирүү катардагы жарандардын жашоосуна документ жана социалдык жөлөк пулдар менен төлөмдөрдү алуусуна тоскоолдуктарды пайда кылбашы керек”,-деп талап кылды Акыйкатчы.
Жер участокторду
Ошондой эле Акыйкатчыга Баткен районунун 80 жаштагы тургуну кайрылып, анын жер участогун мамлекет сел агымдарынын коргой турган чыңдоочу курулмаларды куруш үчүн алганын айтып даттанды.
Ошол эле маалда ага башка участок бөлүп берип жана компенсация төлөшкөн эмес. Улгайган аял баардык мамлекеттик органдардын каалгасын каккыласа дагы акыйкаттыка жете албай келет. Аткаминерлер анын абалын түшүнүүнүн ордуна, алынган жердин менчик укугунан баш тарттырыш үчүн ага кысым көрсөтүшкөн.
Улгайган аял анын арызын Башкы прокуратурага чейин жеткирүүнү суранат, анткени жергиликтүү прокуратура органдардын өкүлдөрү болгону формалдуу каттарды жазып коюп отура беришет деп чочулайт.
Акыйкатчы Башкы прокуратурадан аялдын мыйзамдуу менчик укугун бузган жергиликтүү бийлик органдарынын тиешелүү кызматкерлерине карата чара колдонууну талап кылат.
Жеке менчикке карата жарандардын укуктары
Мындан тышкары Акыйкатчыга улгайган жергиликтүү тургун кайрылып, 20 жылдан ашык убакыттан бери атасынан калган үйдүн кайтара албай жатканын- жергиликтүү органдар ал түздөн-түз мураскор болгонуна карабай анын каза тапкан атасынан калган үйдү жер участогу менен үчүнчү тараптарга берип коюшканын билдирди. Бийлик органдарынын өкүлдөрү анын атасы үйгө карата документтерди өз маалында которбогонунан пайдаланып кетишкен.
Туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү жок балдар
Ошондой эле Акыйкатчынын кабыл алуусуна Баткен районунун тургундары болушту, алар Кыргызстанда төрөлбөгөн балдарынын укуктары бузулуп жатканын айтышты.
Алардын айтымдарында, ата-энеси экөө тең Кыргызстандын жарандары болгондоруна карабай Социалдык коргоо министрлигинин райондук башкармалыгынын айрым кызматкерлери балдарга жөлөк пул берүү боюнча документтерди кабыл алуудан баш тартышууда, ошондой эле мындай балдардын мектепке чейинки укуктары да бузулуп жатат.
Акыйкатчы жеринде Социалдык коргоо министрлигинин өкүлдөрүнөн документтерди кабыл алууну жана маселени чечүүнү талап кылды.
Жабыркагандар насыяларды төгүүнү кийинкиге калтыруу укуктарын пайдалана албай жатышат
Иш сапарынын жана жеке кабыл алуусунун маалында Акыйкатчы Тажикстандын аскердик агрессиясынан жабыркаган Баткен областынын чек арадагы айылдарынын жашоочулары менен жолугушту.
Жабыркагандардын бири буга чейин алынган насыясын төлөөдө мамлекет тараптан колдоо алуу укугу бузулуп жактанын айтып берди.
Омбудсмен Атыр Абдрахматова Тажикстандын аскердик агрессиясынан жабыркаган Баткен областынын чек арадагы айылдарынын жашоочуларынын укуктарынын бузулушуна мамлекеттик органдардын көңүлүн бурат.
Негизинен сөз аскердик агрессияга чейин мамлекеттик жана жеке менчик банктардан насыя алган тургундар тууралуу болуп жатат.
Белгилүү болгондой, буга чейин Улуттук банктын башкармалыгы чек арадагы райондордо жабыркагандардын насыяларын кийинкиге жылдырып төлөө жана коммерциялык банктар, банк эмес жана атайын каржылык-насыялык уюмдардын Баткен жана Ош областтарындагы куралдуу конфликттин кесепетинен жабыркаган кардарларына колдоо көрсөтүү тууралуу токтомду кабыл алган.
Баткен областындагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнө банктын филиалдарынын кызматкерлери кийинкиге калтыруу төлөмү жок эле насыя төгүү жөнүндөгү эскертмелерди жиберген төрт карызкор жаран кайрылды.
Жабыркагандардын бири мамлекеттик «Айыл Банк» банкынан насыя алган. Бул банктын филиалынын кызматкери анын насыясын кийин төлөө мүмкүндүгү бар экенин түшүндүргөндүн ордуна, кийинкиге калтыруу мөөнөтү жок эле насыя төлөө тууралуу эскертмени жиберген.
Баткен областындагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнүн кийлигишүүсү менен гана аталган жарандардын насыяны кийинкиге калтырып төгүү жөнүндөгү укуктары корголуп калды.
Акыйкатчы Улуттук банкты аталган маселеге көңүл бурууга чакырат.
Ошондой эле Баткен областындагы Акыйкатчынын өкүлчүлүгүнө чек арадагы райондордун биринин тургуну кайрылып, анын күрөөгө коючу мүлкү чек ара аймагында болгону үчүн төлөп берүүгө ишеним жок экенин айтуу менен бир дагы банк насыя бербегенин айтып даттанды.
Акыйкатчы аскердик агрессиядан жабыркагандардын укуктарынын сакталышын баса белгилейт.
Паспорт
Ак-Татыр айыл өкмөтүндө Акыйкатчынын кабыл алуусуна улгайган аял келди. Ал үй-бүлөлүк маселеси менен кайрылды-анын уулу коңшу өлкөдөн 35 жыл мурда ата-энеси менен бирге кайтып келгенине карабай Кыргызстандын жаранынын паспортун көп жылдардан бери ала албай келе жаткан экен. Кыргызстанга кайтып келишкен кезде уулу 12 жашта болгон.
Алар Кыргызстан эгемендик алганга чейин эле келип отурукташып калышкан. Баланын ата-энеси эбак эле Кыргызстандын жарандыгын алышкан.Бирок байбиченин уулуна белгисиз себептерден улам Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун бербей жатышат.
Улгайган аял мындан улам анын неберелери дагы документ алышпаганын айтты. Алар болсо жогорку окуу жайларга тапшыруулары керек. Аял ошондой эле канча жылдан бери баардык мамлекеттик органдарга тынбай кайрылып келе жатканын, бирок көмөк ала албаганын кошумчалады.
Акыйкатчы жеринде мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнөн мыйзамдын аткарылышын талап кылды. Бирок паспорт столдун өкүлү бул чечим Бишкектен кабыл алынышы керектигин билдирди.
Кайрылмандар
Акыйкатчынын кабыл алуусуна жаш келин келип, баласына туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала албай жатканын айтты. Алты жыл мурда ал ата-энеси менен биргеликте коңшу өлкөдөн Кыргызстанга келген. Алар бир нече ирет этникалык кыргыздар катары жарандык алууга документтерди тапшырышкан. Бирок үй-бүлөнүн баардык мүчөлөрүнө документ берүүдөн баш тартышкан, анткени мурдагы өлкөдөн алган алардын паспортторунда “улуту” деген графага “өзбек” деп жазылып, ал эми күбөлүктө улуту “кыргыз” деп жазылган.
Азыркы учурда аларга акыйкаттыкты калыбына келтириш үчүн коңшу өлкөнүн мамлекеттик органдары аркылуу атасынын туулгандыгы тууралуу күбөлүгүн ырастоо тууралуу билдирме жөнөтүлгөн.
Ошондой эле аял Кыргызстандын жаранына турмушка чыкканына, бирок никелешүү тууралуу күбөлүктү да, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүктү да ала албай жатканына токтолду.
Андан тышкары анын башка эже-сиңдилери да ушул маселе менен бет келишкен.
“Биз азыр коркуп жатабыз жана кичүү сиңдимди да ушул себептен турмушка бере элекпиз”,-деди аял.
Акыйкатчы мамлекеттик органдардан балага документ берүүгө колдоо көрсөтүүнү талап кылды.
Акыйкатчы Баткен областында болгон иш сапарында 150дөн ашык жаранды кабыл алды. 40тан ашуун жаран кат жүзүндө арыз менен кайрылышты.
Иш сапардын жыйынтыктарын чыгарып жатып Акыйкатчы Атыр Абдрахматова төмөнкүлөрдү белгиледи:
“Этникалык кыргыздардын укуктарын сактоо боюнча мониториг, ошондой эле Баткен областындагы куралдуу агрессиядан жабыркаган баткендиктерди жана социалдык аярлуу катмардын өкүлдөрүн кабыл алуу тургундар жергиликтүү бийликтен так, ишенимдүү маалымат алууда кыйынчылыкка кабылып жатышканын көрсөттү.
Мамлекеттик башкаруунун системасын санариптештирүү шылтоосу менен чиновниктер жеринде документ үчүн маалым каттарды айлап чогултууга же болбосо документтер санариптешкенге чейин күтүүгө же болбосо борбордук бийлик менен макулдашууну күтүүгө элди мажбурлап жатышыптыр.
Санариптештирүү карапайым жарандардын жашоосун жакшыртууга жана жөнөкөйлөштүрүүгө жасалган маанилүү кадам, ошондуктан ал документ берүүдө жана социалдык жөлөк пулдар менен төлөмдөрдү алууда тоскоолдуктарды жаратпаш керек. Мындан тышкары мамлекет башчысынын жана Министрлер кабинетинин күч-аракети менен талаптарына карабай алыскы айылдарда ондогон жылдар бою жер участокторун мыйзамдаштыра албай жаткан, ичүүчү таза сууга (мисалы, Баткен шаарынын Туура-Таш участогу) жеткиликтүү боло албай жаткан жарандар бар.
Улгайган жарандар менен аялдарга өзгөчө көңүл буруу талап кылынат. Кадамжай районунун Айырбас айыл өкмөтүндө Р.Д., аттуу жаранды жумуштан бошотуу жана куугунтуктоо сыяктуу аялдарды дискриминациялоо учурлары, үй-бүлөдөгү жана коомдук жайлардагы зомбулук, балдарды жалгыз бой тарбиялап жатышкан аялдарды жер участоктору же турак-жайлар менен камсыз кылуу маселелери мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин адам укуктарынын баалуулуктары жана мамлекеттин атынан коомчулукка кызмат кылуудагы төмөнкү багыттарын көрсөтүп турат.”
Тажикистан Республикасынын 2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кол салуусунун убагында жабыркаган Баткен облусунун тургундарынын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталуусунун мониторингинин 1-этабы
Киришүү
Советтер Союзу тарагандан кийин, 1991-жылдын 21-декабрында Алма-Ата шаарында, 11 жаңы көз карандысыз мамлекет башчылары «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин түзүү жөнүндө» (мындан ары – КМШ – СНГ) Алма-Ата Декларациясын кабыл алышкан, ага ылайык КМШ катышкан мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана турган чек араларынын бузулгустугун таанууну макулдашкан.
Бир нече жылдан кийин, Москвада «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин сактоо жөнүндө» 1994-жылдын 15-апрелиндеги КМШ Декларациясы кабыл алынган, анда жогоруда көрсөтүлгөн принцип КМШ мамлекеттеринин башчылары тарабынан бекемделген.
2005-жылдын 26-августунда КМШ катышкан-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы жөнүндө Макулдашуу түзүлгөн (анын ичинде Кыргызстандын жана Тажикистандын катышуусу менен), анын 11-статьясында ушул Макулдашуунун тараптары эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү, эл аралык укуктун принциптерин жана нормаларын урматтоо менен, ошондой эле тиешелүү борбордук министрликтердин жана ведомстволордун багыттары боюнча макулдашуулардын негизинде, мында каралган багыттар боюнча кызматташуулары каралган (Кыргыз Республикасы бул Макулдашууну 2006-жылдын 7-июлунда КР №11 Мыйзамы менен ратификациялаган).
Көз карандысыздыктын биринчи жылдарында Кыргызстанга чек ара маселелерин Казакстан, Кытай жана Өзбекстан менен чечүүгө туура келген. Биринчилерден болуп чек ара маселелери Кытай жана Казакстан менен эки тараптуу тартипте чечилген. 2017-жылы Өзбекстан менен чек аранын бир кыйла чоң бөлүгүн чечүүгө мүмкүн болгон, калган сыпаттамаланып жазылбаган участоктор конструктивдүү маанайда, тынч чечилүүдө, кыргыз-тажик чек араларындагы кырдаал боюнча мындай деп айтышка болбойт.
Чек ара маселелерин чечүүдө Кыргыз Республикасы Алма-Ата декларациясын (1991-ж.) жана «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин сактоо жөнүндө» мурунку СССР республикаларынын Москва Декларациясын бекем сактап, кармануу ниетинде турат. Маңызы боюнча Алма-Ата декларациясынын принциптерин дагы бир ирээт бекемдеген бул декларацияга 1994-жылы Эмомали Рахмон өзү кол койгон. Бирок, расмий Душанбе башка, кыйла мурунку документтерге шылтоолоп, кол коюлган макулдашууну тоготпой келүүдө.
Көз карандысыздык алган учурдан тартып кыргыз-тажик чек арасында мезгил-мезгили менен эки мамлекеттин тургундарынын жана чек ара күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар орун алып келүүдө.
2021-жылдын жазында Тажикистандын куралдуу күчтөрү Кыргызстандын аймагына кол салганда, анын жүрүшүндө 36 киши курман болгон. 190дон ашуун жаран жаракат алган, алардын көпчүлүк бөлүгү оор абалда болгон. 58 миңден ашуу киши каргылышуулар болгон чөлкөмдөн тышкары эвакуацияланган.
ӨКМ маалыматы боюнча чек арадагы кыргыз айылдарында 120 үй жана 84 социалдык объекттер кыйраган, алардын ичинде мектеп, ФАП, бала бакча, ИИМ имараты, төрт чек ара бекети, медборбор, стоматологиялык борбор, эки дарыкана, өрт өчүрүүчү бөлүк, 27 АЗС, 34 соода түйүнү, беш ашкана жана 3 ресторан болгон. Чек ара бекеттери дагы кыйроого учураган. Көпчүлүк тургундар үй мүлктөрүнөн, мал-жанынан, машиналарынан айрылышкан.
2022-жылдын сентябрындагы кол салуу бир кыйла кандуу болгон, анда 63 кишинин өмүрү кыйылган, ал тынч жаткан калкка каршы алдын ала жакшы ойлонуштурулган каракчылык акциясы болгон, анын натыйжада Баткен облусунун 140 миңге жакын тургуну өз турак-жайларын убактылуу таштай качууга аргасыз болушкан. КР ӨКМ маалыматы боюнча Баткен облусунда 136 миң 770 жаран коопсуз аймактарга эвакуцияланган, Алардын ичинен 126 673 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө, 4486 жаран атайын эвакуация пункттарына жайгаштырылган, 5611 жаран башка облустардагы туугандарына чыгып кетишкен. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуцияланган. Кийин, октябрь айынан башына карата 120 миң киши өз үйлөрүнө кайтып келишкен. Баткен облусуна жалпысынан 1600 тонна гуманитардык жардам жеткирилген.
ӨКМ маалыматтары боюнча 6-октябрга карата, комиссия куралдуу кагылышуулардын натыйжасында 661 үй кыйраганын аныктаган, алардын 423үн калыбына келтирүү мүмкүн эмес, ал эми 238и олуттуу оңдоп-түзөтүлүүсү зарыл. Ошондой эле 11 административдик-стратегиялык, 27 социалдык жана 197 чарбалык объекттер, 335 көмөкчү орун жайлар, 1 автомобиль көпүрөсү, 61 автомтбиль кыйратылган.
Чек ара райондорунун жашоочуларын сурамжылоо, бул 2022-жылы Тажикистан тараптан жасалган 4-кутумчулдук экенин айгинелеп көрсөттү.
Кагылышуулар чөлкөмүндө болуу
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппарат кызматкерлеринин тобу 19-сентябрда каргашалуу окуялар болуп өткөн жерлерге барып, бир кыйла катуу кыйроого учураган айылдарда болуп, чөлкөм ичинде көчүрүлгөн адамдар жана айылдардын тургундары менен жолугушууларды өткөргөн, жана ошондон тартып 30-сентябрга чейин адам укуктарынын сакталуусуна мониторинг жүргүзгөн. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) баштаган топ 2022-жылдын 25-сентябрынан тартып 30-сентябырына чейин, ал эми Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары баштаган 2022-жылдын 19–24-сентябрында кагылышуулар болгон чөлкөмдө болуп кайтышкан.
КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) баштаган топ Баткен ш., Миң-Булак, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Самаркандек, Паскы-Арык, Орто-Сай, Миң-Өрүк, Бай Кара-Бак, Достук, Кара-Бак, Арка, Борбордук, Максат, Интернационал, Кулунду айылдарында болгон. Баруунун жүрүшүндө жабыр таркан айылдардын жашоочуларын сурамжылоолор өткөрүлгөн.
Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары баштаган топ Тажикистандын агерссивдүү аракеттери өзгөчө жигердүү жүргөн Ак-Сай жана Капчыгай айылдарында болгон. Жергиликтүү тургундардын жана бийлик өкүлдөрүнүн айткандарына караганда, Ворух анклавы тараптан бронетехника киргизилип, кырдаалды чалгындоо үчүн дрондор, минометтер колдонулган. 2022-жылдын 16-сентябры күнү кечке Ак-Сай жана Капчыгай айылдарында тажик бронетехникасы айылдардагы үйлөрдү талкалап, адамдарды атып жүргөн. Бул айылдарда бир дагы бүтүн үй калган эмес, алар толугу менен сүздүрүлүп, атылып талкаланган же өрттөлгөн, мал-жандыктар айдалып кеткен, түшүм тартылып алынган же өрттөлгөн, «Эдельвейс» бала бакчасы толугу менен, Б. Ходжаев атындагы мектеп жарым-жартылай өрттөлгөн, медициналык пункттар, электр өткөргүч чубалгалары ж. б. жок кылынган. Ворух анклавынан чыккан аскер адамдары Ак-Сай айылынын чегинен алыс жайгашкан канаттуулар фермасына келип, тоокторду жана чийки заттардын корун тып-тыйпыл жок кылышкан, ал эми тоодо жашынып жүргөн кожоюнду дрондун жардамы менен таап алышкан жана өлтүрүп салышкан. Эвакуацияга үлгүрбөй калган Капчыгай айылынын жашоочулары тоо-таш аралай капчыгайдагы тоо жолдору менен качууга аргасыз болушкан жана 1,5 күндөн кийин гана Кара-Булак айылына жетишкен.
Мына ушул жагдайлар агрессиянын негизги соккусу ушул жактарга багытталганын, ал эми кол салуунун максаты жергиликтүү калкка каршы террор уюштуруп, жашоо-тирлик үчүн жан чыдагыс шарттарды түзүү менен аларды туулган жерлерин таштап кетүүгө аргасыз кылуу болгон деп болжолдоого толук негиз берет.
Ак-Сай айылындагы өрттөлгөн “Эдельвейс” бала бакчасы
Бүткүл айыл боюнча бронетехника издери, атылган гильзлар, ошондой эле жарылбай калган снаряддар ачык чачылып жатат.
Ок-дарылардын фото сүрөттөрү
Сурамжылоого алынгандардын жоопторун талдоо бийликтердин (аскердик жана жергиликтүү) макулдашылбаган, аракетсизидктеринен улам Баткен ш., Миң-Булак, Чек, Кара-Бак, Жаңы-Жер, Чет-Кызыл, Кызыл-Бел айылдарынан эвакуациялоо эмес, баш аламан дүрбөлөңгө түшүү жана бет келди качуу болгон дешке толук негиз берет. Бул айылдардын жашоочуларын аскерлердин коргоосу алдында Баткен ш. же Коргоо министрлигинин бригадасы турган Бужум а., калтырууга болмок.
Көк-Таш, Үч-Дөбө, Самаркандек, Паскы-Арык, Орто-Сай айылдарында болуу мында да согуш аракеттери абдан ургалдуу жүргөнүн, ошондой эле жергиликтүү калктын аскерлер менен биргеликте өз үй-жайларын коргоого толук даяр экендиктерин көрсөттү. Бул чек арачылардын өз үйлөрүн коргоп калышкан тургундар менен тыгыз кызматташуусунан улам гана мүмкүн болуп отурат.
Достук, Кара-Бак, Арка, Борбордук, Максат, Интернационал, Кулунду айылдарын дыкат карап чугуулар, чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздук маселесин түп тамырынан тарта олуттуу чечүүнүн зарылдыгын көрсөттү.
Чек ара бекеттеринин жана турак үйлөрдүн жайгашуусун окуп үйрөнүү, изилдөө, айыл тургундарынын үйлөрү сыпатталып жасалбаган чек араларды бойлой, ал эми чек ара бекеттери, жашоочуларды «тирүүлөй» калкан кылуу менен Кыргызстандын аймагынын тереңинде жайгашканын көрсөтүп турат. Мына ушул жагдай Тажикистандын куралдуу күчтөрүнүн танкаларына, аскер техникаларына жана жоокерлерине Кыргызстандын аймагына 1,5-2 чакырымга чейин тереңдеп кирип келүүгө, тоскоолдуксуз, жазасыз үйлөрдү талап-тоноого жана өрттөөгө, мал-жандыктарды айдап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн (кара. картаны).
Тургундарды жана эвакуациялангандарды сурамжылоо
КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппарат кызматкерлеринин топтору тарабынан бардыгы болуп 400гө жакын киши сырамжыланган, алардын ичинен бир кыйла толук жооптору менен, 360 анкета каралып иштелип чыккан, үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны 6-7 кишинин айланысында, 2118 киши камтылган.
Социалдык абал
Сурамжыланган үй-бүлө башчыларынын ичинен, басымдуу көпчүлүгү төмөнкүлөрдү түзөт
Жайгашуу шарттары
Кол салуу жана эвакуация
Окуялардын хронологиясы көрсөткөндөй, 2022-жылдын 14-сентябрында таңкы 8:00 ченде Тажикистан тараптан Баткен районунун Булак-Башы айыл аткылоого алынган, кийинчерээк ал эки атайын кызматтын башчыларынын макулдашууларына байланыштуу токтогон. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү калкты тынчтанууга чакыруу менен, «REGION» телеканалына билдирген. Бирок, кийинки күнү эртең мененки намаздан кийин, 7:00 ченде дээрлик бүтүндөй кыргыз-тажик чек арасы боюнча куралдуу агерссия башталган.
Бийликтин, алып айтканда КР ӨКМ калктын эвакуациялоо жүргүзүлгөнү жөнүндө, тартылган күчтөр жана каражаттар жөнүндө, эвакуациялангандардын саны ж. б. жөнүндө билдирүүлөрүнө карабастан, сурамжылоолордон улам жагдай тап-такыр башкача болгону айгинеленүүдө. Бийлик коркунуч тууралуу кабарлаганбы деген суроого, иштелип чыккан 360 анкетанын ичинен 30 киши гана «ооба» деп жооп берген. Басымдуу көпчүлүк – 300 киши кол саалуу жөнүндө өздөрү атуулардын күбөсү болгондо гана билишкен.
Респонденттердин басымдуу көпчүлүгү – 346сы, өздөрү же жергиликтүү тургундардын жардамы менен эвакуацияланышканын, жана 14ү гана аны бийлик уюштурганын айтышкан.
Мында 231 киши эки жолудан ашуун, 49 киши – эки жолу эквакуацияланууга аргасыз болушса, 47 киши гана бир жолу эвакуация болгон.
Кыргыз-тажик чек арасында чыңалуу сакталып турганына жана тажик аскерлеринин мурунку жылдагы кол салууларына карабастан, буга чейин эвакуация боюнча эч кандай нускамалар өткөрүлгөн эмес, бул суроого 345 респондент терс жооп берсе, 17 киши гана оң жооп берген.
Эвакуация убагында зомбулукка кабылдыңбы деген суроого 4 киши «ооба» деп жооп берген, алардын ичинен 3өө белгисиз адамдар тарабынан, 1өө үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан болгон зомбулукка кабылышкан. Зомбулуктун түрү катары: 1 – психологиялык кысымды, 3 – залал келтирүүнү көрсөтүшкөн.
Мурда жашаган жериңизге кайта кайткыңыз келеби деген суроого: 283 – ооба, 50 – жок, 29 – билбейм деп жооп беришкен.
Эгерде кайра кайтып баргыңыз келсе, анда кандай шартта деген суроого: 176 – качан коопсуз болгондо, 45 – бир жуманын ичинде, 26 – качан чек ара көйгөйү чечилгенде, 7 – бул тууралуу бийлик кабарлаганда, 82 – билбейм деген жооптор берилген.
Тыянактар
Кол салуунун талдоосу көрсөткөндөй, Чек, Чет-Кызыл, Жаңы-Жер, Кара-Бак айылдарын, Баткен ш. аткылоо тынч жашап жаткан калк арасында дүрбөлөң салуу, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн бөлүп-жаруу жана агрессиянын чыныгы максаттарынан алагды кылуу максатында жүргүзүлгөн (картадагы кара багыттар, 7-б.). Бул багытта чек ара бузулуп өткөн эмес. Кол салуунун негизги багыты Ворух анклавынын жанында жайгашкан Ак-Сай жана Капчыгай айылдары жана Самаркандек айыл өкмөтү болгон (картадагы кара багыттар, 7-б.).
Арка, Борбордук, Максат, Интернационал, Кулунду айылдарында тажик танкалары аткычтар бөлүктөрүнүн колдоосу алдында Кыргызстандын аймагына 2 чакырымга чейин тереңдеп кирип келишкен.
Мында, чабуулдун мизин кайтарган чек арачылардын айткандарына караганда, кол салууга Тажикистандын регулярдык аскерлери (чек ара аскерлери, аткычтар бөлүктөрү, беткепчен атайын аскерлер), ошондой эле кийин аныкталгандай эмеректерди, турмуш-тиричилик техникаларын, кышка даяралган тамак-ашты талоонго салып, мародерлук жана үйлөрдү талап-тоноо менен алектенген жарандык кийимчен адамдар адамдар катышкан.
Тажикистан тараптын аткылоолорунан улам, жарылган снаряддын чачырандысы тийген 15 жашар өспүрүм кыз курман болгон, ошондой эле көптөгөн кичинекей балдар атылган октон жана чачырандылардан жаракат алышкан.
Ошентип, тажик тарап социалдык инфратүзүмдөрдү жок кылуу менен, жайкын жарандарга каршы зомбулук кылбоо, аларга каршы аскер күчтөрүн пайдаланбоо принциптери каралган бүтүндөй бир катар Эл аралык конвенцияларды, стандарттарды бузган, муну аскердик кылмыш катары квалификациялоого болот.
Тажикистан Республикасы тарабынан аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын бузулгустугу, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч менен коркутпоо сыяктуу негизги эл аралык принциптер одоно бузулган.
Тажик тарап өзүнүн иш-аракеттери менен Кыргыз Республикасынын жана Тажикистан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндө негиздүү болуп саналган «Мамлекеттер аралык негизги мамилелер тууралуу (12-июль 1996-жыл)», «Ак ниет кошуналык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө (26-май 2004-жыл)» документтерде чагылдырылган ченмедерди жана принциптерди бузган.
Кыргызстан бөтөн аймакты басып алуу максаты жок, коргонуу үчүн гана аракеттерди көргөн. Чек арада болуп өткөн каргашалуу баскынчылык аракеттерди Кыргызстанга карата атайын пландаштырылган агерссия деп так кесе айтууга болот.
Чектеш мамлекеттин агрессиялык актысы БУУ Генералдык ассамблеясынын (XXIX) 1974-жылдын 14-декабрындагы 3314 резолюциясынын, ошондой эле 1907-жылдагы Гаага конвенциясын кошуп алганда, Эл аралык гуманитардык укук жоболорун, 1949-жылдагы согуштун курмандыктарын коргоо жөнүндө Женева конвенциясын жоболорун, аларга карата 1977-жылдагы эки Кошумча протоколдорду бузган, ушуга карабастан Тажикистан эл аралык гуманитардык укуктун негизин түзүүчү бул 4 конвенциянын бардыгын ратификациялаган.
БУУ Генералдык Ассамблеясынын 1974-жылдын 14-декабрындагы №3314 резолюциясы төмөнкү иш-аракеттерди агерссиялык акты катары аныктайт:
Тажикистандын алдын ала кутумдалбаган согуштук агрессиясы төмөнкүдөй бир катар принциптерди бузган:
Агрессивдүү аракеттерин эске алуу менен, Тажикистан Кыргызстандын чек ара райондорундагы калкка террордук кылуу аркылуу бюджеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн курутуу жана чек ара аймактарында жарандардын жашоосу үчүн жан чыдагыс шарттарды түзүү менен, Ворух анклавын негизги аймагына кошуу максатын көздөгөн деп ишенимдүү айтууга болот. Агрессордун арам максаты ишке ашкан учурда кыргыздардын Лейлек анклавынын пайда болуусу үчүн айкын өбөлгөлөр түзүлөт.
Расмий Душанбенин аракеттери Согдий облусунун калкынын адбан жыштыгы жана жетишсиздиги аймакта өтө курч сезиле баштаган сууга болгон муктаждыктын кескин өсүүсү менен шартталган. «Головной» суу бөлүштүрүү түйүнүн ээлеп алуу калкты суу менен камсыз кылуу боюнча маселени чечмек. Бирок, бул учурда, Баткен ш., жана Баткен району суунун жетишсиздигинин айкын коркунучу алдында калат.
Мындан тышкары, БУУ эксперттеринин божомолдору боюнча эң жакынкы убактарда Афганистанда баңги заттарын өндүрүү 50%га чейин көбөймөкчү, ушуга байланыштуу Тажикистандын аймагы аркылуу өтүүчү баңги заттарынын агымынын көбөйүшү күтүлүүдө. Бул жагдайлар Тажикистандын кылмыштуу пландары боюнча биздин жүйөлөрдү кыйыр бышыктайт.
Тажикистандын агрессивдүү аракеттеринин Борбордук Азия үчүн кыйла коркунучтуу кесепеттери бар, мында аймакты өзүнүн таасир этүү чөйрөсү катары эсептеген Россиянын, ошондой эле бул аймакты кызматташуу үчүн келечектүү деп эсептеген Кытай жана АКШ мамлекеттеринин экономикалык кызыкчылыктары кесилишет. Ошол эле учурда, бир беткей баалоого мүмкүн болбогон Тажикистандын Афганистан менен өз ара мамилелерин эстен чыгарууга болбойт, ал Душанбеден колдоо таап келаткан оппозициясы менен маселелерин чечүү үчүн жагдайдан пайдаланышы толук мүмкүн. Өз кезегинде, Афганистан тараптан болгон коркунучту пайдаланып, Тажикистан Россиянын жана Кытайдын жардамы алдында аскер техникасын көбөйтүү менен, аны кыргыз-тажик чек арасына топтоштурууда. Мындан тышкары, Украинанын аймактарын аннексиялоо боюнча аракеттер, күчтүн жардам менен аймактык талаш-тартыштарды чечүү мүмкүнчүлүгү жаатында кооптуу жосунсуз жорукту пайда кылууда.
Ошентип, толук масштабдуу согуштук аракеттер башталып кеткен жагдайда, бул чыр-чатак узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болушу жана аймактын чектеринен тышкары чыгып кетиши, көптөгөн курмандыктарга, качкындардын арбуусуна, ансыз деле Украинадагы согуштук аракеттерге жана COVID-19 пандемиясына байланыштуу начарлап бараткан социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн тереңдешине алып келиши ыктамал.
БУУ колдоосу укуктун үстөмдүгүн жана адам укуктарын алга жылдырууну жана коргоону камсыз кылуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди чыңдоого жана жигердендирүүгө жагымдуу таасирин тийгизмекчи. Анын сакталуусун кыйшаюусуз камсыз кылуунун мааниси абдан чоң. Бул жагдайда БУУ ролу бир кыйла күчтүү жана маанилүү, ошондуктан дүйнөдөгү кырдаал, окуяларга байкоо салып турган атайын баяндамачылар өз мандаттарын так аткаруулары жана өрчүп бараткан чыр-чатактан сактоолору, жер-жерлерде алдын ала озунуп иштеп, натыйжалуу чараларды көрүүлөрү тийиш (превентивдүү механизмдер).
БУУ Уставынын 2-беренесинде эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнүн зарылдыгы жазылган жана эл аралык мамилелерде күч же аны колдонуу менен коркутуудан кармануу милдеттендирген.
Тынчтыкты сактоо боюнча БУУ тез жана натыйжалуу иш-аракеттерди камсыз кылуу үчүн башкы жоопкерчилиги БУУ Коопсуздук Кеңешине жүктөлгөн (БУУ Уставы 24-берене). БУУ Коопсуздук Кеңешине тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого коркунуч келтирген кандай болбосун талаш-тартышты же кырдаалды териштирүү ыйгарым укугу берилген (34-берене). Зарыл болгон учурда, БУУ мүчөлөрүнүн кимиси бул максаттарга тартыларын аныктоо менен (48-берене), БУУ КК күч колдоно алат (42-берене).
Кыргыз Республикасынын чек арадагы айылдарынын жайкын жашоочуларына каршы БУУ Коопсуздук Кеңешин айланып өтүү менен иштелген Тажикистандын аракеттеринин натыйжасында бул маанилүү жоболордун бардыгы бузулганы айдан ачык.
Жабыркаган айылдардын калкы менен жолугушуулардан, ички качкындарды сурамжылоолордон улам, мына мындай тыянак чыгарууга болот, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийликтер жана күч түзүмдөрү кырдаалдын мындай өнүгүшүнө даяр эмес болушкан, так ишенимдүү маалыматтарга да ээ болушкан эмес, бул бир катар учурларда жалган маалымат берип, калкты жаңылдырууга да алып келген. Мисал үчүн, чек арадагы Кара-Бак айылынын бир жашоочусу менен болгон маектен улам анык болгондой, ал аял 14-сентябрда атуулар башталганда эле үй-бүлөсү жана айылдаштары менен айылдан чыгып кетишкен, бирок жергиликтүү бийликтин бул жөн эле кутумчулдук болгону, коркунуч жок экени жөнүндө кабарландыруусунан кийин алар айылдарына кайтып келишкен, анан бир күнгө жетип-жетпей мурдагыдан дагы күчтүү аткылоонун алдында калышкан. Ички качкындарды, жабыркаган айылдардын тургундарын сурамжылоолор көрсөткөндөй, куралдуу агрессия болгондо ишке кирүүчү кабарландыруу тутуму же болгон эмес, же болбосо иштебей калган.
Эвакуациялоо тутуму дагы, ага тиешелүү кулактандыруу, кабарландыруу, коопсуз багыт, жолдорду аныктоо, транспорт уюштуруу жана узатууну камсыз кылуу элементтери менен болгон эмес. Адамдар өз бет алдыларынча, эптеп эле аткылашкан жерден алыс болуш үчүн, көпчүлүгү жөө-жалаңдап, тоо жолдору менен качышкан. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийилик жана күч түзүмдөрү коопсуз же ыңгайлуу багыт, жолдор, коркунучу жок райондор жөнүндө маалыматтарды калкка жеткире алышкан эмес, натыйжада айылдардын көптөгөн жашоочулары чабуулга кабылып, бир нече ирээт эвакуацияланууга аргасыз болушкан.
Кыргызстан кезектеги жолу Тажикистан тараптан болуучу аскерий агрессияга даяр эместигин көрсөттү, тышкы чалгындоо жана аскердик чалгындоо иштери (КМ, УКМК ЧА), мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкты алдыда болуучу эвакуация, анын тартиби жана алгоыргагы жөнүндө калкты кабарландыруу боюнча өз ара аракеттерүүлөрү талаптагыдай жана тутумдуу жолго салынган эмес, мына ушул жагдайлар калктын жалган кабарлануусуна жана чар-жайыт качуусуна алып келген. Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара аскерлеринин куралуу агрессиянын алдын алууга жана балтурбоого, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого даяр эместиги көз көрүнө айгине болду.
Мүмкүн жабыркаган айылдардын калкынын канча бир саны, алар калыбына келтирилген учурда да, туулган жерлерине кайтып баруудан баш тарышат, анткени, мамлекет алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун кепилдей албасын түшүнүшөт, эвакуацияланган тургундар менен жолугушууларда алар кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин бир нече ирээт көтөрүштү.
Тажикистандын улам күч алып бараткан агрессивдүү риторикасынан улам, чек ара маселесин Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын эске алып, саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө ойлонуу жакынкы болочокто актуалдуу болбойт.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, диверсияларга жана кутумчулдуктарга каршы ийгиликтүү күрөшүүгө жөндөмдүү, күжүрмөн чек ара аскерлерин жана коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүн түзүү, заманбап курал-жарактардын тутумуна ээ болуу гана чек ара маселелерин тынч нукта чечүү үчүн расмий Душанбени сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузууга мүмкүнчүлүк берет деп ойлойбуз.
Сунуштамалар:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине:
1. Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарында калкты кеңири тартуу жана тиешелүү маалыматтык жумуштарды жүргүзүү менен, жарандык коргонуу боюнча машыгууларды иш-тажырыйбага киргизүү маселесин карап чыгуу;
2. Инфратүзүмдү өнүктүрүү жана калкты кабарландыруу тутумун талаптагыдай жолго коюу;
3. Азыркы окуяларды эске алып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийликтер жана күч түзүмдөрү менен эвакуциялоо пландарын кайра карап чыгуу жана макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына:
4. Чек арадагы айылдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Ворух анклавынын айланасындагы чек ара күзөттөрүн кайра коюу зарыл;
5. Алдыда мүмкүн болуучу согуштук кутумчулуктарды эске алуу менен, кыргыз-тажик чек арасында жүрүм-турумдун натыйжалуу стратегиясын жана тактикасын иштеп чыгуу, чектеринде калктын жашап туруусуна тыюу салынуучу чек ара чөлкөмдөрүн киргизүү маселесин карап чыгуу;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине:
6. Эл аралык институттардын болуусун камсыз кылуу үчүн Баткен облусунда эл аралык уюмдардын кеңселерин ачуу маселесин иштеп чыгуу;
7. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Баткен облусундагы окуяларды изилдөө жүргүзүү үчүн БУУ атайын баяндамачыларын чакыруу максатында тиешелүү документтерди даярдоо;
8. Тажикистандын куралдуу агрессиясына күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу максатында, Эл аралык кылмыш-жаза сотуна кайрылуу үчүн тиешелүү документтерди даярдоо;
9. Тажикистан үчүн «сезимтал» маселелерди аныктоо максатында, кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыктын бардык өңүттөрүн кайра карап чыгуу жана чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө мажбурлоо максатында кысым көрсөтүү;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине:
10. Аларга каршы күрөшүүнүн заманбап жана кыйла арзан тутумдары болгон шартта чабуул коючу курал-жарактардын (танкалар, учактар) алсыздыгын көрсөткөн Укранинадагы согуш тажырыйбаларын жана мүмкүн болуучу согуштук аракеттердин тоолуу рельефин эске алуу менен, Кыргызстандын куралдуу кучтөрүнүн Тажикистандын куралдуу күчтөрүнө карата аскердик-техникалык жактан паритетин камсыз кылууну калыптандыруу;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:
11. Адам укуктарынын кебелбес принциптерин жана эл аралык укуктун ченемдерин тебелеген агрессордун демократиялык мамлекет катары беделин кетирүү, аны эл аралык донорлордун жардамдарынан, каржылоосунан, инвестициялардан ж. б. ажыратуу максатында, эл аралык гуманитардык укуктун жана адам укуктарынын ченемдеринин бузулуусуна алып келген Тажикистандын кылмыштуу аракеттери жөнүндө БУУ, эл аралык уюмдарды жана дүйнөлүк коомчулукту кабарландыруу боюнча жумуштарды күчөтүү;
Жарандык коомго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК):
12. Өкмөттүк эмес уюмдарга, мүмкүн болушунча өз ресурстарын Баткен облусунун чек ара райондоруна, алып айтканда, тынчтыкты орнотуу, ак ниеттүү коңшулук мамилелерди калыбына келтирүү жана жабыркагандарга социалдык жардам көрсөтүү чөйрөлөрүнө багыттоо;
13. Укук коргоочулук ишке адистешкен өкмөттүк эмес уюмдарга эл аралык сотторго жекече даттанууларды берүүдө жабыркаган жарандарга көмөк көрсөтүү;
14. ЖМК тажик аскерлеринин согуштук кылмыштарынын фактыларын жыйноого жардам көрсөтүү;
Эл аралык коомчулукка:
15. Тажикистандын Баткен облусунун тынч жаткан калкына каршы адамкерчиликсиз, куралдуу агрессиялык актысын чечкиндүү айыптоо жана Тажикистанды мындан ары карай чек арадагы айылдардын жашоочуларына каршы куралдуу жана башка кутумчулдуктарды токтотууга мажбурлоо;
16. Агрессорго тынч жаткан калкка каршы жасаган бардык кылмыштары үчүн жоопкерчилиги үчүн белги берүү, бүтүндөй эл аралык коомчулуктун артыкчылыктуу милдети болуп саналган адамдын өмүрүн, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бардык укук коргоочу уюмдардын иштерин күчөтүү.
Тажикистан Республикасынын 2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кол салуусунун убагында жабыркаган Баткен облусунун тургундарынын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталуусунун мониторингинин 2-этабы
Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн кабыл алыган ченемдик укуктук актылар
Кыргыз Республикасынын Президенти 2022-жылдын 17-сентябрында «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» УП 313 Жарлыкка кол койгон, ага ылайык кийин-соңу келтирилген зыянды баалоо, компенсацияларды төлөө, үйлөдү калыбына келтирүү менен алектенген мамлекеттик комиссия түзүлгөн.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети2022-жылдын 19-сентябрында Президенттин 2022-жылдын 17-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу үчүн № 617 буйуртмасын чыгарган.
Кыргыз Республикасынын Президенти 2022-жылдын 11-октябрында «Баткен облусунун Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө» дагы бир Жарлыкка кол койгон. Жарлыкта кол салуу убагында бир кыйла катуу жабыркаган Капчыгай жана Достук айылдарын толук калыбына келтирүү жөнүндө сөз болот.
Кыргыз Республикасы социалдык жактан корголбогон жарандардын категорияларын камсыз кылуу жана колдоо, бүткүл өлкөнүн аймагында өз жарандарынын эмгегин жана саламаттыгын коргоо боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган. Мында өз укуктарын ишке ашыруунун кыйла катаал шарттарына жана алардын бузулуу тобокелчилигине байланыштуу, Баткен облусу өзгөчө статуска ээ экенин белгилеп коюу керек, төмөнтө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун контекстинде адам укуктарын кепилдөөчү айрым ченемдик укуктук актылар келтирилген.
- «Айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» КР Мыйзамы, 26.07.2011-жыл;
- «Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» КР Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө КР Өкмөтүнүн токтому, 20.03.2012-жыл;
- «Баткен облусунун статусу жөнүндө» КР Мыйзамы, 10.09.2021-жыл;
- «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» КР Мыйзамы, 09.01.2005-жыл;
- «Коомдук саламаттык жөнүндө» КР Мыйзамы, 24.07.2009-жыл;
- «Билим берүү жөнүндө» КР Мыйзамы, 30.04.2003-жыл;
- «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» КР Мыйзамы, 28.07.2017-жыл;
2022-жылдын 14-17-сентябрындагы куралдуу кол салуунун кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматтар.
Лейлек районунун мамадминистрациясынын 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 2/230 буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топтун актысына ылайык, жалпы зыяндар боюнча чыгымдардын сметасынын суммасы 1 миллиард 173 миллион 621 миң 795 сомду түзгөн.
Баткен районунун мамадминистрациясынын 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 234-б буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топтун актысына ылайык, жалпы зыяндар боюнча чыгымдардын сметасынын суммасы 2 миллиард 437 миллион 356 тысяч 469 сомду түзгөн.
Баткен районунун акимиатынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 184 буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топтун актысына ылайык, жалпы зыяндын сметалык наркынын көлөмү 11 миллион 897 миң 704 сомду түзгөн.
Баткен облусуна келтирилген зыяндын сметалык наркынын жалпы суммасы 3 миллиард 622 миллион 875 миң 968 сомду түзгөн.
Баткен облусунун аймагында жүргүзүлгөн эвакуациялык иш-чаралардын маалыматтары боюнча 2022-жылдын 14-17-сентябрында саат 6:00 ченде Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участкасында катталган куралдуу кол салууга байланыштуу жергиликтүү калк туугандарына жана убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланган.
Баткен облусу боюнча бардыгы 136 770 жаран эвакуацияланган, алардын 51и эвакуациялык пунктарга жайгаштырылган, алардын ичинен 132 828 жаран туруктуу жашаган жерлерине кайрылып келишкен (5 244 ПВР ичинен, жарандардын үйлөрүнүн ичинен 114 491).
Азыркы күндө облуста өз үйлөрүнө 3 942 жаран кайтып келген, б. а. убактылуу үйлөрдө 3781 жаран жашап атышат. Баткен облусунда 1791, Ош ш., 84, Жалал-Абад обулусунда 125, Чүй облусунда 819, Бишкек ш., 691, Ош облусунда 271 жаран жашап туруууда. Кабыл алуу жайларына 161 жаран жайгаштырылган, Баткен обулусунда 105, Жалал-Абад облусунда 33, Чүй облусунда 23 жаран.
Туруктуу жашаган жерлерине 132 828 жаран кайтып келген. 119 728 Баткен облусунан, 3790 Ош шаарынан, 445 Жалал-Абад обулусунан, 160 Ысык-Көл облусунан, 1115 Чүй облусунан, 4378 Бишкек шаарынан, 3212 Ош облусунан.
Кырдаалдан улам кыйраган курулмалар боюнча:
Баткен облусуна, Баткен, Лейлек райондоруна жана Баткен шаарына өзгөчө кырдаалдардан улам келтирилген зыяндарды баалоо боюнча Жарандык Коргонуу Комиссиясынын актысына ылайык, толук кыйраган үйлөрдүн жалпы саны437ни түзөт (Баткен району 329 , Лейлек району 107, Баткен ш. 1).
21.11.2022-ж. абал боюнча 413 үйдүн курулуш иштери жүрүүдө, алардын ичинен 24 үйдүн жерпайлары куюлууда, 141 турак үйдүн жерпайларын куюу боюнча жумуштар бүткөрүлгөн, 127 үйдүн дубалы тургузулууда, 91 үйдүн дубалдары бүткөн, 26 үйдүн чатырлары темир-бетон менен жабылган жана 4 үйдүн чатырын куруу улантылууда.
Социалдык объектерде:
ӨК убагында кыйраган 27 объекттин ичинен Баткен районунун акиматынын (2 мектептин жана 5 балдар бакчасын капиталдык оңдоп-түзөөсү) жана «Ас-Сафа» фондунун (1 ФАП капиталдык оңдоп-түзөөсү) каражаттарынын эсебинен 8 объекттин капиталдык оңдоп-түзүү жумуштары бүткөрүлгөн.
Компенсация:
Мамкомиссиянын 2022-жылдын 1-октябрындагы № 1 Чечимине ылайык, райондук жана шаардык комиссиялардын корутундуларынын негизинде бардык кыйраган жана капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж үйлөрдүн ээлерине 200 000 сомдон төлөнүп берилген.
Алып айтканда, Баткен районундагы 329 толук өрттөлгөн жана 173 капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж үйлөрдүн ээлерине – 100,4 млн. сом, Лейлек районундагы 107 толук өрттөлгөн жана 77 капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж үйлөрдүн ээлерине – 36,8 млн. сом, ошондой эле Баткен ш., 1 батирдин ээсине 200 000 сом төлөнүп берилген. Бүтүндөй облус боюнча 687 жаран 137,4 млн. сом өлчөмүндө компенсация алышкан.
Мамлекеттик комиссиянын № 2 чечими боюнча райондук жана шаардык жарандык коргонуунун актыларына ылайык, кезектеги оңдоп-түзөөгө муктаж үйлөрдүн ээлерине 100 миң сомго чейин компенсация төлөнүп берилүүдө. Алып айтканда, Баткен районунда 229 үй-бүлөгө, Лейлек районунда 248 үй-бүлөгө, Баткен шаарында 25 үй-бүлөгө төлөп берүүлөр жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле курман болгон 12 жарандын үй-бүлөлөрүнө 360 000 сом, жабыркаган 12 жарандын дарылануусуна 375 000 сом, эвакуацияга жаман тамак-ашка 328 000 сом, Лейлек районунун Кулунду базарын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө 2,0 млн. каражат, жабыр таткан жарандардын балдарына 58 миң 780 сом таратылып берилген.
Баткен районунда 300 тоннадан ашуун жана Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарынын кенчилерине авариялык үйлөрдү отун манен камсыз кылуу үчүн 340 тоннадан ашуун көмүр таратылган.
Жабыркаган жарандар алган насыялар боюнча:
Коммерциялык банктар тарабынан 15 миллиард 79 миллион 457 миң сом сумамасындагы 106 насыялар, банктык эмес фианасылык-насыялык уюмдар тарабынан 4 миллион 176 миң 968 сомдук 168 зайымдар жок кылынган.
Сурамжылоонун натыйжалары
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту 2022-жылдын сентябрындагы Тажикистан Республикасынын куралдуу агрессиясынын убагында жабыр таткан Баткен облусунун чек ара айылдарынын жашоочуларын сурамжылоо жүргүзкөн. Сурамжылоо жабыр тарткан айылдардын жашоочуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышынына, тынч жашоого кайтуу процессине, ошондой эле мамлекеттин татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылуу боюнча милдеттермелерди аткаруусуна мониторинг жүргүзүү максатында өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) мониторинг жүргүзүү тобу 7–11-декабрда Баткен облусунун Лейлек районунун жабыр тарткан айылдарында, 12–16-декабрда Баткен районунун жабыр тарткан айылдарында болушкан.
Лейлек районуна мониторинг жүргүзүүдө топ Интернационал, Максат, Арка жана Достук айылдарында болгон.
Баткен районуна мониторинг жүргүзүүдө топ Самаркандек, Паскы-Арык, Миң-Өрук, Кара-Бак, Көк-Таш айылдарында болгон.
Жергиликтүү бийлик органдары жана жабыркаган айылдардын тургундар менен жолугушуулар, Интернационал айылындагы базарда өзүнчө болуу, жеке ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушуулардын убагында: балдарды ребилитациялоо, окуучу балдар программадан артта калып калышкандыктан, мектеп программасын окутуу боюнча кошумча курстарды уюштуруу жөнүндө, баарында эле зарыл техникалык жабдуулар жана байланыш боло бербегендиктен, он-лайн окутуунун татаалдыктары жөнүндө, балдарга, жумушсуздук жөнүндө жөлөк пулдарды жол-жоболоштуруунун кыйынчылыктары жөнүндө маселелер көтөрүлдү. Жеке ишкерлер жоголгон товарлар үчүн компенсация болбогонуна, насыя алууну жол-жоболоштуруунун кыйынындыгына – мисалы, банктар күрөөнүн бул түрүнүн кунарсыздануу тобокелчилигинен кооптонуудан улам, күрөө катары кыймылсыз мүлктү кабыл ала беришпей жатышканына даттанышты. Максат айылынын жашоочулары эвакуация үчүн бир кыйла коопсуз, альтернативалык жолду куруу маселесин көтөрүштү. Паскы-Арык жана Самаркандек айылдарынын жашоочулары сугат жана ичүүчү суунун тартыштыгы, турак-жай куруу үчүн да, мал-жандыктарды багуу үчүн дагы жайыттын жетишсиздиги жөнүндө көйгөйлөрдү ортого салышты. Ошентсе да, коопсуздукту камсыз кылуу жана жакында болуп өткөн каргашалуу окуялардын кайталануусуна жол бербөө негизги маселе бойдон калууда. Бардыгы бир кишидей, бир ооздон кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүнү, чек арага жакын жерлерде аскерлердин болуусун күчөтүүнү жана аларды техника жана курал-жарак менен жетиштүү деңгээлде камсыз кылууну талап кылышты.
Үй-бүлөсүнүн саны орточо 5-6 кишини түзгөн 337 киши сурамжыланганда, камтуу 1900гө жакын кишини түзгөн. Төмөнкү айылдардан алынган, кыйла толук жооптуу жана иштеп чыгууга болгон анкеталардын саны 317ини түзгөн:
Лейлек району |
Баткен району |
||
Арка |
54 |
Карабак |
18 |
Достук |
26 |
Көк-таш |
21 |
Интернационал |
47 |
Миң-Өрүк |
26 |
Максат |
26 |
Паскы-Арык |
66 |
Кулунду |
8 |
Самаркандек |
25 |
|
161 |
|
156 |
Жолугушуулардын убагында жашоочулар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) даректелген кайрылууларын дагы беришкен. Бардыгы 39 кайрылуу келип түшкөн, алардын ичинде – 33 жеке арыздар, 6 жамааттык кайрылуулар бар.
Чек ара аймактарынын калкын социалдык камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесинде мамлекет элдин бакубатчылыгы жана аны социалдык коргоо жөнүндө камкордук көрөт, ошондой эле жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын колдоону, эмгекти жана ден соолукту коргоону камсыз кылат деп жарыяланган. «Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» 26.07.2011-жылдагы КР Мыйзамынын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө КР Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» КР Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Интернационал жана Максат айылдарына, Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка жана Достук айылдарына, ошондой эле Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек, Паскы-Арык, Миң-Өрүк айылдарына, Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылына, Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылына чек ара аймактары статусу берилген. Мындан тышкары, 2021-жылдын 10-сентябрында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» КР Мыйзамы кабыл алынган, анда Баткен облусунун статусу аныкталган жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн уюштуруунун жана ишинин өзгөчөлүктөрү белгиленген.
Чек ара аймактары статусун жана Баткен облусуна статус берүү мамлекеттик иштерди, өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган, артыкчылыктуу багыттарда жүзөгө ашырууну талаптайт:
- жер участокторун өздөштүрүү, инфратүзүмдөрдү жакшыртуу жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө стутуска ээ алыскы чек ара аймактарындагы калктуу конуштардын тургундарынын жашоо-тиричиликтеринин сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, жана Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлдериндеги айырмачылыктарды кыскартуу;
- жашоочуларды жумуш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу;
- өзгөчө статуска ээ болгон Кыргыз Республикасынын алыскы чек ара аймактарынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграциясынын алдын алуу үчүн шарттарды түзүү;
- туруктуу жашоо, чек арадагы калктуу конуштардын санын жана аларда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон алыскы аймактарына Кыргыз Республикасынын жарандарын тартуу үчүн шарттарды түзүү;
Мындан тышкары, мамлекет өзгөчө статуска ээ болгон Кыргыз Республикасынын алыскы чек ара аймактарындагы калктуу конуштарда туруктуу жашап турушкан жарандарга социалдык колдоо көрсөтөт, кепилдиктерди, компенсацияларды жана жеңилдиктерди берет.
Жогоруда көрсөтүлгөн айылдарда жүргүзүлгөн жашоочуларды сурамжылоо КР Конституциясына жана көрсөтүлгөн мыйзамдарга ылайык мамлекет өзүнө алган милдеттенмелер боюнча мамлекеттик органдардын талаптагыдай эмес, жетишсиз иштеп жатышканын көрсөттү.
- көрсөтүлгөн айылдардагы тургундардын жашоо-тиричилик сапаты Кыргыз Республикасынын калган аймактарына караганда бир кыйла төмөн. Мисалы, Лейлек районунун Интернационал, Достук жана Максат айылдарынын, ошондой эле Баткен районунун Паскы-Арык, Самаркандек айылдарынын жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыз кылуунун олуттуу көйгөйлөрү бар. Жашоочулар ичүү жана башка тиричиликтик муктаждыктар үчүн сууну сатып алууга аргасыз. Алып айтканда, респонденттердин 47%ы ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк жок экенин белгилешкен. Турмуш-тиричиликте күндөлүк керектелүүчү нерселер жана азыктар жетишпейт, базарлар начар иштешет, соода дээрилик жокко эсе, демек, азык-түлүк абдан кымбат. «Кышка сиз канчалык даярсыз» деген суроого, 13%ы гана «Толук даярбыз» деп жооп беришсе, 52%ы жарым-жартылай даярбыз, жана 30%дан ашууну – даяр эмеспис деп жооп беришкен;
- жергиликтүү калктын жумуш менен камсыз болуу деңгээли төмөн бойдон калууда, Баткен окуяларынан кийин көпчүлүгү тапкан-ташыгандарынан, мал-жандыктарынан ажырап калышкан. Сурамжылангандардын ичинен болжол менен 35%ынын туруктуу айлыктары, же жашоо-тиричилик үчүн каражат табуунун эч кандай булактары жок. Ошол эле убакта, ушул багытта иш алып барууга милдеттүү болушкан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар эч нерсе кылышкан эмес. Жашоочулардын басымдуу көпчүлүгү жумуш менен камсыз кылуу саясатынын активдүү жана пассивдүү чаралары, жумушсуздарга бош орун издөө жана сунуштоо, кесипке окутуу жана кайра даярдоо жөнүндө эч нерсе билишпейт, респонденттердин бир нечесине гана жеке менчик үйлөрдүн курулушунда (калыбына келтирүүдө) иштөө сунушталган. Ошентсе да, Арка айылында мамлекеттик органдар тарабынан чакан бизнести колдоо жүзөгө ашырылып, натыйжада 6 жумушчу орду түзүлгөнүн белгилеп коюу керек;
- чек ара аймактарында миграциянын алдын алуу да начар иштелген, бул багытта кандай дайындуу иш-чаралар жүзөгө ашырылганы белгисиз бойдон калууда, бирок натыйжа көрсөтүлгөн Мыйзамга таптакыр карама-каршы. Айылдарда болгон убакта, алардын айрымдарында тургундардын дээрилик көпчүлүгү жок болуп чыгышты, алардын белгилүү пайызы кайтып келбеси да айдан-ачык;
- социалдык колдоого жана жеңилдиктерге келе турган болсок, жашоочуларды сурамжылоодон улам таптакыр карама-каршы көрүнүш. Жолугушуулар өткөрүлгөн бардык айылдарда балдарга жөлөкпул жол-жоболоштуруу маселеси көтөрүлдү, мамлекеттик органдар ар кандай шылтоолор менен жөлөкпулдарды кесип салышат же аларды төлөөнү толук токтотуп коюшат. Ошол эле убакта, белгилүү окуялардан кийин тапчу айлыктарынан ажырап калган көптөгөн жашоочулар үчүн балдарга жөлөкпулдар үй-бүлөнүн негизги кирешеси болуп калууда.
Ишкердик
«Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык, мамлекет төмөнкүнү камсыз кылат:
- чек ара аймактарында жеке жана юридикалык жактар чек ара соодасын жүзөгө ашыруулары үчүн шарттарды түзүү;
«Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» КР Президентинин Жарлыгынын негизинде, төмөнкү пункттар менен жеке ишкерлер үчүн төмөнкү жеңилдиктер жана бошоңдотуулар каралган:
8) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участокторунда жайгашкан чек арадагы калктуу конуштарда өз иштерин жүзөгө ашыруучу жабыркаган жеке ишкердик субъекеттери (күйүүчү-майлоочу майларды сатуучу, тоо-кен өндүрүү иштерин жана резидент эместерди кошпогондо) үчүн 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө салыктарды төлөөнүн (КНС кошпогондо) нөл пайыз өлчөмүндөгү ставкасы белгиленсин;
9) Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участокторунда жайгашкан калктуу конуштарда өз иштерин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер, 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулсун;
10) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине юридикалык жактар үчүн 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу жана Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участокторунда жайгашкан калктуу конуштарда өз иштерин жүзөгө ашыруучу экономикалык ишмердик субъекттеринин пайыздар, финансылык санкциялар боюнча салыктык карыздарын эсептен чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору киргизилсин;
11) Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участокторунда жайгашкан калктуу конуштарда өз иштерин жүзөгө ашыруучу экономикалык ишмердик субъектерине, аларды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуусуз (банктык кепилдик, күрөө жана кепилчилик берүүсүз) жана кийинкиге калтыруу жана\же бөлүп төлөө берилгени үчүн пайыздарды алуусуз, салыктык карыздарды жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча караздарга карата, ошондой эле салыктар жана социалдык төгүмдөр боюнча отчетторду берүүнү 6 айылык мөөнөткө чейин кийинкиге калтыруу жана\же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө маселе каралсын;
13) кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактардын натыйжасында жабыркаган ишкердик субъекттерине зыяндардын ордун толтуруп берүү мүмкүнчүлүктөрү каралсын.
Бирок, Баткен облусунун жабыркаган айылдарынын мониторингинин натыйжалары боюнча, кризис бардыгынан катуу чакан жана орто ишкердик субъекттерине кедергисин тийгизген.
Баткен окуяларынан кийин чек ара соодасы абдан эле катуу начарлап кеткен. Мамлекет салык чөйрөсүндө жана социалдык төгүмдөрдө бир кыйла жеңилдиктерди жана бошоңдотууларды киргизгенине, ал эми финансылык мекемелер 3 айлык кийинкиге калтырууларга макул болушканына карабастан, бизнес жүргүзүүнүн шарттары начарлап кеткен. Көптөгөн ишкерлер товарларынан, жүгүртүм каражаттарынан айрылышкан, ал эми 3 айлык кийинкиге калтыруу мөөнөтү бүтүп баратат, ишкерлер карыздарын жана насыяларын жабуу үчүн өз мүлктөрүн сатууга, же болбосо жаңы насыяларды алууга аргасыз болушууда. Ошол эле убакта, жергиликтүү ишкерлердин билдирүүлөрү боюнча, банктар каргашалуу окуялардын кайталануусунан жана күрөөнүн бул түрүнүн кунарсыздануусунан кооптонуу менен, кыймылсыз мүлктү күрөө катары кабыл алууну анча каалай беришпей, карманышууда. Жашоочулардын сөздөрүнө караганда, арзан кредиттер дегеле пайда болгон жок, же болбосо алар мындай маалыматтардан кабарсыз болушууда.
Компенсациялар тууралуу, ал эми так айтканда, окуялардын убагында жабыр таркан ишкерлер үчүн алардын жоктугу жөнүндө өзүнчө сөз кылуу керек, бул дагы бизнести жүргүзүүнүн шарттарын кескин начарлатууда жана ишкерлер үчүн тобокелдиктерди арттырууда. Мониторингден кийин, 19.12.2022-жылы жергиликтүү ишкерлер бийлик компенсация төлөөгөнү жатканын билдиришкен, бирок алуучулардын тизмесине Баткен окуясынын учурунда патенти болгондор гана кире алышат экен. Ошон үчүн патенттери болбогон 30дан ашык ишкерлер ал тизмеге кириш үчүн кол топтой башташкан.
Лейлек районунун Арка айылынын жашоочуларынын бири Гүлайым Жаңы-Жер айыл аймагынын күч-аракети менен, жергиликтүү жашоочуларга жардам катары айыл башкармалыгына нан бышыруучу цехтин келип түшкөнүн, ал ишке киргизилип, 6 кишинин күнүнө 350 сомдук маяналуу жумуш менен камсыз кылынганын кабарлаган. Ошондой эле тигүү цехин ишке киргизүү ниеттери бар экенин билдирген.
Саламаттыкты сактоо
Кыргыз Республикасынын Конституциясында мамлекеттин медициналык тейлөө тутумун өстүрөрү, ошондой эле ар бир кишини медициналык тейлөө үчүн шарттарды түзөрү жана саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана башка уюмдарын өнүктүрүү боюнча чараларды көрөрү белгиленген. «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык, жарандар саламаттыкты сактоонун ажыратылгыс укугуна ээ болушат, ал анын ичинде курчап турган чөйрөнү коргоо менен камсыз кылынат, ал эми «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык, жарандар факторлору адамга зыяндуу таасирин тийгизбей турган жагымдуу жашоо чөйрөсүнө укуктуу.
Мындан тышкары, «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» КР Президентинин Жарлыгы менен, башкалардын катарында жабыр тарткан жарандарга консультациялык-психологиялык жардам көрсөтүү дагы каралган.
Баткен облусунун сурамжылоого алынган жашоочуларынын ичинен 30%дан көбүнүн үй-бүлөсүндө мадициналык тейлөөгө муктаж адамдар бар. Мында саламаттыктык сактоо мекемелеринин жайгашууларынын жакындыгы негизинен канаатандырарлык. Сурамжылангандардын үчтөн экиси саламаттыкты сактоо мекемелерине чейин жөө басып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ, үчтөн бири 10-20 мүнөттүн ичинде автомашина менен бара алышат, жана респонденттердин 3%дан ашыгыраагы гана жакынкы медициналык пунктка автомашина менен бир сааттан көбүрөөк убакытта жетип бара алышат. Медициналык тейлөөнүн сапатына респонденттердин басымдуу бөлүгү ыраазы, болжолдуу 75%ы медициналык тейлөөнүн сапаты – жакшы, 15%дан бир аз көбү – канаатандырарлык, жана 6%ы гана – канааттандырарлык эмес деп жооп беришкен.
Мониторинг жүргүзгөн топтун байкоолорунан жана жашоочулар менен баарлашуудан дайын болгондой, кээ бир жерлерде медициналык тейлөө жетиштүү деңгээлде эмес. Мисалы, Самаркандек айыл аймагынын Паскы-Арык айылынын жашоочулары менен жолугушууда айрым тургундар аларга тез жардам, өзгөчө кечкисин жана түн ичинде келбегенине, ал эми фельдшердик-акушердик пункт айыл жашоочуларынын бардыгынын керектөөлөрүн канаатандырбаганына даттанышкан. Паскы-Арык айылынын ФАП жылытуу тутуму жок, ФАП кызматкерлери өздөрү орноткон кара-меш гана бар, азрыкыдай кыш мезгилинде ийне сайып, башка дарылоо иштери жасалуучу жай муздак болгондуктан, капельница коюу мүмкүн эмес. Терезеси сынган, илешкек менен чапталган. ФАП саат 8:30дан 16:00гө чейин гана иштейт, бул медициналык тейлөө алуунун мүмкүнчүлүгүн олуттуу чектейт. М. Капаров атындагы орто мектептин мугалимдери менен жолугушууда, эжейлердин бири сарык оорусу боюнча Паскы-Арык район боюнча алдыңкылардын бири, анын себеби ичүү үчүн пайдаланылган сапатсыз суу экенин билдирди. Иш жүзүндө ичүүчү суу жок, ал үчүн Аксу өзөн суусу пайдаланылат, ал адегенде Самаркандек айыл аймагын аралап, андан ары Тажикистанга агып өтүп, ошондон кийин гана Паскы-Арыкка келет.
Мындан тышкары, баткендеги эмки жана өткөн жылдагы каргашалуу окуялардан кийин көптөгөн адамдар психологиялык жардамга муктаж, бирок психологдор жетишсиз, ошон үчүн жабыркаган айылдарда психологиялык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар өткөрүлбөйт.
Билим берүү
Кыргыз Республикасынын Конституциясында ар кимдин мамлекеттик билим берүү уюмдарынан акысыз мектепке чейинки, негизги жалпы, жалпы орто жана баштапкы кесиптик билим алуу укугуна ээ экени жарыяланган. «Билим берүү жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык, мамлекет окуучуларга окуу жайларын, жабдууларын, жатаканаларды, жөлөк пулдарды, материалдык жардамдарды, тамак-ашка жана транспортто жүрүүгө, медициналык тейлөөгө жана саламаттыкты чыңдоого жеңилдиктерди, окуу китептерин берүү менен окуу үчүн шарттарды түзөт.
Жабырканган айылдардын жашоочуларын сурамжылоодон дайын болгондой, болжол менен балдардын 12%ы билим алууга жеткиликтүүлүккө ээ эмес, себеп катары мектептин өрттөнүп кеткенин, азыр жабык экенин айтышат, балдар көңүл чөгөт абалда жана окугулары келбейт, айрымдар балдарды окууга даярдай алышпайт, мектеп алыс жайгашкан, ошондуктан балдарды мектепке жибергенден коркушат. Мектепке баргандардын ичинен ата-энелер билим берүүнүн сапатын 76%ы – жакшы, 11,5%ы – канаатандырарлык, 7%ы – жаман деп баалашат, калгандары жооп берүүдөн кыйналышат.
Мониторинг жүргүзгөн топтун байкоолорунан жана мугалимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле тургундар менен жолугушуулардан дайын болгондой, бардыгы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн алдыда турган ЖРТ тестирлөөсүнө байланыштуу, бүтүрүүчүлөр ЖОЖ өтүү үчүн ирегелик баллдарды албай калышат деп тынчсызданышат. Болжолдуу бир айдан бери жабыркаган айылдардагы мектептердин көпчүлүгү иштеген жок, көптөгөн тургундар азыркыга чейин өз үйлөрүнө кайтып келише элек, алардын балдары башка мектептерде окушууда, бир нече мектептерде окуу он-лайн шарттамда жүргүзүлүүдө, ошондой эле балдар баштарынан өткөргөн кыжалаттык тестирлөөнүн натыйжаларына терс таасирин тигизбей койбойт. Мугалимдердин пикири боюнча, мектептердин базасында ЖРТ тапшыруу үчүн даярдоо курстарын ачуу түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун аргасы болуп калмакчы, бирок бул үчүн репетиторлор тиешелүү лицензияларга ээ болуулары жана билим берүү уюмдарынын уруксатын алуулары тийиш. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан келип түшкөн дагы бир сунуш жогорку класстардын окуучулары үчүн компьютердик курстарды, тил курстарын уюштуруу болуп саналат, анткени алар ушул сабактар боюнча өздөрүнүн Кыргызстандын башка шаарларындагы курбуларынан олуттуу артта калышкан.
Толук кандуу билим алуу үчүн, айрым мектептердин мугалимдери ар кыл оюндарды, көчмө театрларды уюштуруу сыяктуу маданий-массалык иш-чараларды, психологиялык жабыркоонун кесепеттерин жумшартуу максатында балдар үчүн кыймылдуу оюндарды өткөрүүнү сунуш кылышты.
Коопсуздук
КР Конституциясынын 8-беренесинде Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис экени жарыяланган, ал эми 16-беренесинин 2-пунктунда Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде жана анын юрисдикциясында турган бардык адамдарга, алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылары белгиленген.
Баткен облусунун жабыркаган айылдарынын жашоочуларын сурамжылоо көрсөткөндөй, алардын ичинен көпчүлүгү өздөрүн коопсуз сезишпейт. Көпчүлүгү каргашалуу окуялардын кайталануусунан коркушат, тажиктер кайра кол салууга даярданып атышыптыр, кайсы бир жерлерде аскер техникалары жана куралдуу адамдар топтолуп жатышыптыр, кайдадыр окопторду жана аңдарды казып атышыптыр деген сыяктуу ж. б. ар түрдүү ушак-айыңдарды айтышат. Айрым айылдарда, анын ичинде коопсуздук максатында жашоочулардын бардыгы тең эле кайтып келише элек, кайтып келишкендери өз балдарын кыйла коопсуз жерлерде калтырып коюшкан. Жашоочулар менен жолугушууларда жабыркаган айылдардын тургундары үчүн аны алуунун тартибин жөнөкөйлөтүү өтүнүчү менен, бир нече ирээт аңчылык курал-жарагын алып жүрүүгө уруксат берүү маселеси көтөрүлдү.
Ошол эле убакта айылдагы укук коргоо органдары жетиштүүбү деген суроого 60%дан ашууну бышыктоо менен, 10%га жакыны жетишсиз деп, анан бир канча пайызы гана – айылда милиция жок деп жооп беришкен. Чек ара кандай деңгээлде кайтарылат деген суроого: 35%ы толук өлчөмдө, 34%ы – чек арачылар жетишсиз деп жооп беришкен.
Кошуна Тажикистан менен болгон өз ара мамилелерди респонденттер төмөнкүдөй мүнөздөшөт (суроого бир нече жооптон тандап алынды): биздин алар менен эч кандай мамилебиз жок – 90%, биз аларга ишенбейбиз – 22%, кас мамиледебиз – 40%га жакын.
«Сиз тынчтык орноруна ишенесизби» деген суроого, көпрчүлүгү шектүү карашат – 54%, ишенишпейт – 28%, ишенишет – около 18%га жакыны.
Коопсуздук маселелерин чечүү жана тынчтыкты орнотуу үчүн, сурамжыланган респонденттердин да, ошондой эле жолугушууларга катышкан жашоочулардын дагы дээрлик көпчүлүгү кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү зарыл деп ойлошот.
Тыянактар
Тажикистан Республикасынын Кыргыз Республикасынын тынч жашап жаткан тургундарына карата куралдуу агрессиясынын фонунда Баткен облусунун жабыр тарткан жашоочуларын ар тараптан колдоонун, согуштук чыр-чатактын курмандыгы болуп калуу тобокелдигинин жана коркунучунун шарттарында өзгөчөлөнгөн мыйзамдык механизмдерди жана адам укуктарын камсыз кылуудагы мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин натыйжалуу алгоыргагын иштеп чыгуунун өктөм зарылдыгын белгилеп коюу керек.
Баткен облусунун жабыркаган айылдарынын жашоочуларын социалдык коргоо чөйрөсүндөгү иштер жетишсиз жана жалпысынан формалдуу жургүзүлүүдө. Ар түрдүү болбогон себептер боюнча балдарга жөлөк пулдарды кесип салуу жана төлөөнү токтотуп коюу практикасы жашоочуларды өзгөчө түйшүктөндүрүп, тынчын алууда. Калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча эч кандай иштер жүргүзүлбөйт, бул маселеде алар кароосуз калтырылган жана мамлекеттин эч кандай колдоосун, камкордугун көрүшпөйт.
Жеке ишкердикти колдоо чөйрөсүндө, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн, жеңилдиктерди берүүнүн айрым аракеттерине карабастан, жалпысынан ишкердик ыңгай жагымсыз, маанай абдан төмөн бойдон калууда.
Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө бардыгы аздыр-көптүр мурунку деңгээлинде калууда, жашоочулар баткен окуяларына чейинки менен андан кийинкиден кандайдыр-бир кескин айырмаларды көрүшпөйт. Бирок дээрлик бардыгы жабыркаган жашоочуларга пихологиялык жактан жана балдарды реабилитациялоого жардам көрсөтүүнүн жетишсиздигин белгилешет.
Жабыркаган айылдардын жашоочулары билим берүү чөйрөсүндө алдыда турган бүтүрүүчүлөрдү тестирлөөгө байланыштуу тынчсызданууларын билдиришет, балдардын окууга карата каалоолору жоктугун жана көңүл коштуктарын белгилешет, бул сыягы балдардын баштарынан өткөргөн кыжалаттыктары жана психологиялык жабыркоолоруна байланыштуу болсо керек.
Коопсуздук чөйрөсүндө, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күч-аракеттерине карабастан, жашоочулар өздөрүн коопсуз сезишпейт, көпчүлүгү өз үйлөрүнө кайтып келише элек, кайтып келгендердин көбү өз үй-бүлөлөрүн кыйла коопсуз жерлерге калтырып коюшкан.
Сунуштамалар:
КР Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигине:
- Жабыркаган айылдардын үй-бүлөлөрүнүн аз камсыздалгандыгын иликтөө боюнча иш-чараларды өткөрүү сел;
- Калкты жумушсуздун макамы жана калкты жумушка орноштурууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жөнүндө кабарландыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
КР Саламаттыкты сактоо министрлигине:
- Жабыркаган айылдардын жашоочуларына консультациялык-психологиялык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- Жабыркаган айылдардагы мектептерге белгилүү убакка шататтык психологдорду бөлүп берүү;
КР Билим берүү министрлигине:
- Жабыркаган айылдардагы мектептерде балдарга консультациялык-психологиялык жардам көрсөтүү үчүн психологдордун ишин камсыз кылуу;
- Эл аралык уюмдар менен өз ара биргелешкен аракеттер менен балдарды реабилитациялоого багытталган иш-чараларды өткөрүү (оюндарды, спектаклдерди жана башка иш-чараларды);
- Жабыркаган айылдардын мектептерин бүтүрүүчүлөрдү ЖРТ даярдоо үчүн кошумча сабактарды камсыз кылуу;
КР Министрлер Кабинетине:
- Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айыл аймагына альтернативдүү жол куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
- Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагынын Паскы-Арык, Самаркандек айылдарынын жашоочуларын сугат суусу менен камсыз кылуу маселесин чечүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
- Баткен облусунун жабырканган айылдарынын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен толук камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
- Баткен облусунун Баткен райондагы Самаркандек айыл аймагында жер маселелерин чечүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
- Кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин тездетүү;
- Баткен облусунун тургундарына, анын ичинде, жеке ишкерлерге жоголгон кыймылдуу мүлк үчүн компенсация төлөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;