Тажикистан Республикасынын 2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кол салуусунун убагында жабыркаган Баткен облусунун тургундарынын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталуусунун мониторингинин 1-этабы
Киришүү
Советтер Союзу тарагандан кийин, 1991-жылдын 21-декабрында Алма-Ата шаарында, 11 жаңы көз карандысыз мамлекет башчылары «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигин түзүү жөнүндө» (мындан ары – КМШ – СНГ) Алма-Ата Декларациясын кабыл алышкан, ага ылайык КМШ катышкан мамлекеттер бири-биринин аймактык бүтүндүгүн жана турган чек араларынын бузулгустугун таанууну макулдашкан.
Бир нече жылдан кийин, Москвада «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин сактоо жөнүндө» 1994-жылдын 15-апрелиндеги КМШ Декларациясы кабыл алынган, анда жогоруда көрсөтүлгөн принцип КМШ мамлекеттеринин башчылары тарабынан бекемделген.
2005-жылдын 26-августунда КМШ катышкан-мамлекеттердин гуманитардык кызматташтыгы жөнүндө Макулдашуу түзүлгөн (анын ичинде Кыргызстандын жана Тажикистандын катышуусу менен), анын 11-статьясында ушул Макулдашуунун тараптары эгемендикти жана аймактык бүтүндүктү, эл аралык укуктун принциптерин жана нормаларын урматтоо менен, ошондой эле тиешелүү борбордук министрликтердин жана ведомстволордун багыттары боюнча макулдашуулардын негизинде, мында каралган багыттар боюнча кызматташуулары каралган (Кыргыз Республикасы бул Макулдашууну 2006-жылдын 7-июлунда КР №11 Мыйзамы менен ратификациялаган).
Көз карандысыздыктын биринчи жылдарында Кыргызстанга чек ара маселелерин Казакстан, Кытай жана Өзбекстан менен чечүүгө туура келген. Биринчилерден болуп чек ара маселелери Кытай жана Казакстан менен эки тараптуу тартипте чечилген. 2017-жылы Өзбекстан менен чек аранын бир кыйла чоң бөлүгүн чечүүгө мүмкүн болгон, калган сыпаттамаланып жазылбаган участоктор конструктивдүү маанайда, тынч чечилүүдө, кыргыз-тажик чек араларындагы кырдаал боюнча мындай деп айтышка болбойт.
Чек ара маселелерин чечүүдө Кыргыз Республикасы Алма-Ата декларациясын (1991-ж.) жана «Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан-мамлекеттердин эгемендигин, аймактык бүтүндүгүн жана чек араларынын кол тийбестигин сактоо жөнүндө» мурунку СССР республикаларынын Москва Декларациясын бекем сактап, кармануу ниетинде турат. Маңызы боюнча Алма-Ата декларациясынын принциптерин дагы бир ирээт бекемдеген бул декларацияга 1994-жылы Эмомали Рахмон өзү кол койгон. Бирок, расмий Душанбе башка, кыйла мурунку документтерге шылтоолоп, кол коюлган макулдашууну тоготпой келүүдө.
Көз карандысыздык алган учурдан тартып кыргыз-тажик чек арасында мезгил-мезгили менен эки мамлекеттин тургундарынын жана чек ара күчтөрүнүн ортосунда кагылышуулар орун алып келүүдө.
2021-жылдын жазында Тажикистандын куралдуу күчтөрү Кыргызстандын аймагына кол салганда, анын жүрүшүндө 36 киши курман болгон. 190дон ашуун жаран жаракат алган, алардын көпчүлүк бөлүгү оор абалда болгон. 58 миңден ашуу киши каргылышуулар болгон чөлкөмдөн тышкары эвакуацияланган.
ӨКМ маалыматы боюнча чек арадагы кыргыз айылдарында 120 үй жана 84 социалдык объекттер кыйраган, алардын ичинде мектеп, ФАП, бала бакча, ИИМ имараты, төрт чек ара бекети, медборбор, стоматологиялык борбор, эки дарыкана, өрт өчүрүүчү бөлүк, 27 АЗС, 34 соода түйүнү, беш ашкана жана 3 ресторан болгон. Чек ара бекеттери дагы кыйроого учураган. Көпчүлүк тургундар үй мүлктөрүнөн, мал-жанынан, машиналарынан айрылышкан.
2022-жылдын сентябрындагы кол салуу бир кыйла кандуу болгон, анда 63 кишинин өмүрү кыйылган, ал тынч жаткан калкка каршы алдын ала жакшы ойлонуштурулган каракчылык акциясы болгон, анын натыйжада Баткен облусунун 140 миңге жакын тургуну өз турак-жайларын убактылуу таштай качууга аргасыз болушкан. КР ӨКМ маалыматы боюнча Баткен облусунда 136 миң 770 жаран коопсуз аймактарга эвакуцияланган, Алардын ичинен 126 673 жаран жергиликтүү тургундардын үйлөрүнө, 4486 жаран атайын эвакуация пункттарына жайгаштырылган, 5611 жаран башка облустардагы туугандарына чыгып кетишкен. Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран эвакуцияланган. Кийин, октябрь айынан башына карата 120 миң киши өз үйлөрүнө кайтып келишкен. Баткен облусуна жалпысынан 1600 тонна гуманитардык жардам жеткирилген.
ӨКМ маалыматтары боюнча 6-октябрга карата, комиссия куралдуу кагылышуулардын натыйжасында 661 үй кыйраганын аныктаган, алардын 423үн калыбына келтирүү мүмкүн эмес, ал эми 238и олуттуу оңдоп-түзөтүлүүсү зарыл. Ошондой эле 11 административдик-стратегиялык, 27 социалдык жана 197 чарбалык объекттер, 335 көмөкчү орун жайлар, 1 автомобиль көпүрөсү, 61 автомтбиль кыйратылган.
Чек ара райондорунун жашоочуларын сурамжылоо, бул 2022-жылы Тажикистан тараптан жасалган 4-кутумчулдук экенин айгинелеп көрсөттү.
Кагылышуулар чөлкөмүндө болуу
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппарат кызматкерлеринин тобу 19-сентябрда каргашалуу окуялар болуп өткөн жерлерге барып, бир кыйла катуу кыйроого учураган айылдарда болуп, чөлкөм ичинде көчүрүлгөн адамдар жана айылдардын тургундары менен жолугушууларды өткөргөн, жана ошондон тартып 30-сентябрга чейин адам укуктарынын сакталуусуна мониторинг жүргүзгөн. Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) баштаган топ 2022-жылдын 25-сентябрынан тартып 30-сентябырына чейин, ал эми Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары баштаган 2022-жылдын 19–24-сентябрында кагылышуулар болгон чөлкөмдө болуп кайтышкан.
КР Акыйкатчысы (Омбудсмени) баштаган топ Баткен ш., Миң-Булак, Көк-Таш, Үч-Дөбө, Самаркандек, Паскы-Арык, Орто-Сай, Миң-Өрүк, Бай Кара-Бак, Достук, Кара-Бак, Арка, Борбордук, Максат, Интернационал, Кулунду айылдарында болгон. Баруунун жүрүшүндө жабыр таркан айылдардын жашоочуларын сурамжылоолор өткөрүлгөн.
Акыйкатчынын (Омбудсмендин) орун басары баштаган топ Тажикистандын агерссивдүү аракеттери өзгөчө жигердүү жүргөн Ак-Сай жана Капчыгай айылдарында болгон. Жергиликтүү тургундардын жана бийлик өкүлдөрүнүн айткандарына караганда, Ворух анклавы тараптан бронетехника киргизилип, кырдаалды чалгындоо үчүн дрондор, минометтер колдонулган. 2022-жылдын 16-сентябры күнү кечке Ак-Сай жана Капчыгай айылдарында тажик бронетехникасы айылдардагы үйлөрдү талкалап, адамдарды атып жүргөн. Бул айылдарда бир дагы бүтүн үй калган эмес, алар толугу менен сүздүрүлүп, атылып талкаланган же өрттөлгөн, мал-жандыктар айдалып кеткен, түшүм тартылып алынган же өрттөлгөн, «Эдельвейс» бала бакчасы толугу менен, Б. Ходжаев атындагы мектеп жарым-жартылай өрттөлгөн, медициналык пункттар, электр өткөргүч чубалгалары ж. б. жок кылынган. Ворух анклавынан чыккан аскер адамдары Ак-Сай айылынын чегинен алыс жайгашкан канаттуулар фермасына келип, тоокторду жана чийки заттардын корун тып-тыйпыл жок кылышкан, ал эми тоодо жашынып жүргөн кожоюнду дрондун жардамы менен таап алышкан жана өлтүрүп салышкан. Эвакуацияга үлгүрбөй калган Капчыгай айылынын жашоочулары тоо-таш аралай капчыгайдагы тоо жолдору менен качууга аргасыз болушкан жана 1,5 күндөн кийин гана Кара-Булак айылына жетишкен.
Мына ушул жагдайлар агрессиянын негизги соккусу ушул жактарга багытталганын, ал эми кол салуунун максаты жергиликтүү калкка каршы террор уюштуруп, жашоо-тирлик үчүн жан чыдагыс шарттарды түзүү менен аларды туулган жерлерин таштап кетүүгө аргасыз кылуу болгон деп болжолдоого толук негиз берет.
Ак-Сай айылындагы өрттөлгөн “Эдельвейс” бала бакчасы
Бүткүл айыл боюнча бронетехника издери, атылган гильзлар, ошондой эле жарылбай калган снаряддар ачык чачылып жатат.
Ок-дарылардын фото сүрөттөрү
Сурамжылоого алынгандардын жоопторун талдоо бийликтердин (аскердик жана жергиликтүү) макулдашылбаган, аракетсизидктеринен улам Баткен ш., Миң-Булак, Чек, Кара-Бак, Жаңы-Жер, Чет-Кызыл, Кызыл-Бел айылдарынан эвакуациялоо эмес, баш аламан дүрбөлөңгө түшүү жана бет келди качуу болгон дешке толук негиз берет. Бул айылдардын жашоочуларын аскерлердин коргоосу алдында Баткен ш. же Коргоо министрлигинин бригадасы турган Бужум а., калтырууга болмок.
Көк-Таш, Үч-Дөбө, Самаркандек, Паскы-Арык, Орто-Сай айылдарында болуу мында да согуш аракеттери абдан ургалдуу жүргөнүн, ошондой эле жергиликтүү калктын аскерлер менен биргеликте өз үй-жайларын коргоого толук даяр экендиктерин көрсөттү. Бул чек арачылардын өз үйлөрүн коргоп калышкан тургундар менен тыгыз кызматташуусунан улам гана мүмкүн болуп отурат.
Достук, Кара-Бак, Арка, Борбордук, Максат, Интернационал, Кулунду айылдарын дыкат карап чугуулар, чек ара аймактарынын жашоочуларынын коопсуздук маселесин түп тамырынан тарта олуттуу чечүүнүн зарылдыгын көрсөттү.
Чек ара бекеттеринин жана турак үйлөрдүн жайгашуусун окуп үйрөнүү, изилдөө, айыл тургундарынын үйлөрү сыпатталып жасалбаган чек араларды бойлой, ал эми чек ара бекеттери, жашоочуларды «тирүүлөй» калкан кылуу менен Кыргызстандын аймагынын тереңинде жайгашканын көрсөтүп турат. Мына ушул жагдай Тажикистандын куралдуу күчтөрүнүн танкаларына, аскер техникаларына жана жоокерлерине Кыргызстандын аймагына 1,5-2 чакырымга чейин тереңдеп кирип келүүгө, тоскоолдуксуз, жазасыз үйлөрдү талап-тоноого жана өрттөөгө, мал-жандыктарды айдап кетүүгө мүмкүнчүлүк түзгөн (кара. картаны).
Тургундарды жана эвакуациялангандарды сурамжылоо
КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) Аппарат кызматкерлеринин топтору тарабынан бардыгы болуп 400гө жакын киши сырамжыланган, алардын ичинен бир кыйла толук жооптору менен, 360 анкета каралып иштелип чыккан, үй-бүлө мүчөлөрүнүн саны 6-7 кишинин айланысында, 2118 киши камтылган.
Социалдык абал
Сурамжыланган үй-бүлө башчыларынын ичинен, басымдуу көпчүлүгү төмөнкүлөрдү түзөт
Жайгашуу шарттары
Кол салуу жана эвакуация
Окуялардын хронологиясы көрсөткөндөй, 2022-жылдын 14-сентябрында таңкы 8:00 ченде Тажикистан тараптан Баткен районунун Булак-Башы айыл аткылоого алынган, кийинчерээк ал эки атайын кызматтын башчыларынын макулдашууларына байланыштуу токтогон. Бул тууралуу Президенттин Баткен облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү калкты тынчтанууга чакыруу менен, «REGION» телеканалына билдирген. Бирок, кийинки күнү эртең мененки намаздан кийин, 7:00 ченде дээрлик бүтүндөй кыргыз-тажик чек арасы боюнча куралдуу агерссия башталган.
Бийликтин, алып айтканда КР ӨКМ калктын эвакуациялоо жүргүзүлгөнү жөнүндө, тартылган күчтөр жана каражаттар жөнүндө, эвакуациялангандардын саны ж. б. жөнүндө билдирүүлөрүнө карабастан, сурамжылоолордон улам жагдай тап-такыр башкача болгону айгинеленүүдө. Бийлик коркунуч тууралуу кабарлаганбы деген суроого, иштелип чыккан 360 анкетанын ичинен 30 киши гана «ооба» деп жооп берген. Басымдуу көпчүлүк – 300 киши кол саалуу жөнүндө өздөрү атуулардын күбөсү болгондо гана билишкен.
Респонденттердин басымдуу көпчүлүгү – 346сы, өздөрү же жергиликтүү тургундардын жардамы менен эвакуацияланышканын, жана 14ү гана аны бийлик уюштурганын айтышкан.
Мында 231 киши эки жолудан ашуун, 49 киши – эки жолу эквакуацияланууга аргасыз болушса, 47 киши гана бир жолу эвакуация болгон.
Кыргыз-тажик чек арасында чыңалуу сакталып турганына жана тажик аскерлеринин мурунку жылдагы кол салууларына карабастан, буга чейин эвакуация боюнча эч кандай нускамалар өткөрүлгөн эмес, бул суроого 345 респондент терс жооп берсе, 17 киши гана оң жооп берген.
Эвакуация убагында зомбулукка кабылдыңбы деген суроого 4 киши «ооба» деп жооп берген, алардын ичинен 3өө белгисиз адамдар тарабынан, 1өө үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан болгон зомбулукка кабылышкан. Зомбулуктун түрү катары: 1 – психологиялык кысымды, 3 – залал келтирүүнү көрсөтүшкөн.
Мурда жашаган жериңизге кайта кайткыңыз келеби деген суроого: 283 – ооба, 50 – жок, 29 – билбейм деп жооп беришкен.
Эгерде кайра кайтып баргыңыз келсе, анда кандай шартта деген суроого: 176 – качан коопсуз болгондо, 45 – бир жуманын ичинде, 26 – качан чек ара көйгөйү чечилгенде, 7 – бул тууралуу бийлик кабарлаганда, 82 – билбейм деген жооптор берилген.
Тыянактар
Кол салуунун талдоосу көрсөткөндөй, Чек, Чет-Кызыл, Жаңы-Жер, Кара-Бак айылдарын, Баткен ш. аткылоо тынч жашап жаткан калк арасында дүрбөлөң салуу, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн бөлүп-жаруу жана агрессиянын чыныгы максаттарынан алагды кылуу максатында жүргүзүлгөн (картадагы кара багыттар, 7-б.). Бул багытта чек ара бузулуп өткөн эмес. Кол салуунун негизги багыты Ворух анклавынын жанында жайгашкан Ак-Сай жана Капчыгай айылдары жана Самаркандек айыл өкмөтү болгон (картадагы кара багыттар, 7-б.).
Арка, Борбордук, Максат, Интернационал, Кулунду айылдарында тажик танкалары аткычтар бөлүктөрүнүн колдоосу алдында Кыргызстандын аймагына 2 чакырымга чейин тереңдеп кирип келишкен.
Мында, чабуулдун мизин кайтарган чек арачылардын айткандарына караганда, кол салууга Тажикистандын регулярдык аскерлери (чек ара аскерлери, аткычтар бөлүктөрү, беткепчен атайын аскерлер), ошондой эле кийин аныкталгандай эмеректерди, турмуш-тиричилик техникаларын, кышка даяралган тамак-ашты талоонго салып, мародерлук жана үйлөрдү талап-тоноо менен алектенген жарандык кийимчен адамдар адамдар катышкан.
Тажикистан тараптын аткылоолорунан улам, жарылган снаряддын чачырандысы тийген 15 жашар өспүрүм кыз курман болгон, ошондой эле көптөгөн кичинекей балдар атылган октон жана чачырандылардан жаракат алышкан.
Ошентип, тажик тарап социалдык инфратүзүмдөрдү жок кылуу менен, жайкын жарандарга каршы зомбулук кылбоо, аларга каршы аскер күчтөрүн пайдаланбоо принциптери каралган бүтүндөй бир катар Эл аралык конвенцияларды, стандарттарды бузган, муну аскердик кылмыш катары квалификациялоого болот.
Тажикистан Республикасы тарабынан аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын бузулгустугу, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч менен коркутпоо сыяктуу негизги эл аралык принциптер одоно бузулган.
Тажик тарап өзүнүн иш-аракеттери менен Кыргыз Республикасынын жана Тажикистан Республикасынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтык жөнүндө негиздүү болуп саналган «Мамлекеттер аралык негизги мамилелер тууралуу (12-июль 1996-жыл)», «Ак ниет кошуналык жана өнөктөштүк мамилелер жөнүндө (26-май 2004-жыл)» документтерде чагылдырылган ченмедерди жана принциптерди бузган.
Кыргызстан бөтөн аймакты басып алуу максаты жок, коргонуу үчүн гана аракеттерди көргөн. Чек арада болуп өткөн каргашалуу баскынчылык аракеттерди Кыргызстанга карата атайын пландаштырылган агерссия деп так кесе айтууга болот.
Чектеш мамлекеттин агрессиялык актысы БУУ Генералдык ассамблеясынын (XXIX) 1974-жылдын 14-декабрындагы 3314 резолюциясынын, ошондой эле 1907-жылдагы Гаага конвенциясын кошуп алганда, Эл аралык гуманитардык укук жоболорун, 1949-жылдагы согуштун курмандыктарын коргоо жөнүндө Женева конвенциясын жоболорун, аларга карата 1977-жылдагы эки Кошумча протоколдорду бузган, ушуга карабастан Тажикистан эл аралык гуманитардык укуктун негизин түзүүчү бул 4 конвенциянын бардыгын ратификациялаган.
БУУ Генералдык Ассамблеясынын 1974-жылдын 14-декабрындагы №3314 резолюциясы төмөнкү иш-аракеттерди агерссиялык акты катары аныктайт:
Тажикистандын алдын ала кутумдалбаган согуштук агрессиясы төмөнкүдөй бир катар принциптерди бузган:
Агрессивдүү аракеттерин эске алуу менен, Тажикистан Кыргызстандын чек ара райондорундагы калкка террордук кылуу аркылуу бюджеттин финансылык мүмкүнчүлүктөрүн курутуу жана чек ара аймактарында жарандардын жашоосу үчүн жан чыдагыс шарттарды түзүү менен, Ворух анклавын негизги аймагына кошуу максатын көздөгөн деп ишенимдүү айтууга болот. Агрессордун арам максаты ишке ашкан учурда кыргыздардын Лейлек анклавынын пайда болуусу үчүн айкын өбөлгөлөр түзүлөт.
Расмий Душанбенин аракеттери Согдий облусунун калкынын адбан жыштыгы жана жетишсиздиги аймакта өтө курч сезиле баштаган сууга болгон муктаждыктын кескин өсүүсү менен шартталган. «Головной» суу бөлүштүрүү түйүнүн ээлеп алуу калкты суу менен камсыз кылуу боюнча маселени чечмек. Бирок, бул учурда, Баткен ш., жана Баткен району суунун жетишсиздигинин айкын коркунучу алдында калат.
Мындан тышкары, БУУ эксперттеринин божомолдору боюнча эң жакынкы убактарда Афганистанда баңги заттарын өндүрүү 50%га чейин көбөймөкчү, ушуга байланыштуу Тажикистандын аймагы аркылуу өтүүчү баңги заттарынын агымынын көбөйүшү күтүлүүдө. Бул жагдайлар Тажикистандын кылмыштуу пландары боюнча биздин жүйөлөрдү кыйыр бышыктайт.
Тажикистандын агрессивдүү аракеттеринин Борбордук Азия үчүн кыйла коркунучтуу кесепеттери бар, мында аймакты өзүнүн таасир этүү чөйрөсү катары эсептеген Россиянын, ошондой эле бул аймакты кызматташуу үчүн келечектүү деп эсептеген Кытай жана АКШ мамлекеттеринин экономикалык кызыкчылыктары кесилишет. Ошол эле учурда, бир беткей баалоого мүмкүн болбогон Тажикистандын Афганистан менен өз ара мамилелерин эстен чыгарууга болбойт, ал Душанбеден колдоо таап келаткан оппозициясы менен маселелерин чечүү үчүн жагдайдан пайдаланышы толук мүмкүн. Өз кезегинде, Афганистан тараптан болгон коркунучту пайдаланып, Тажикистан Россиянын жана Кытайдын жардамы алдында аскер техникасын көбөйтүү менен, аны кыргыз-тажик чек арасына топтоштурууда. Мындан тышкары, Украинанын аймактарын аннексиялоо боюнча аракеттер, күчтүн жардам менен аймактык талаш-тартыштарды чечүү мүмкүнчүлүгү жаатында кооптуу жосунсуз жорукту пайда кылууда.
Ошентип, толук масштабдуу согуштук аракеттер башталып кеткен жагдайда, бул чыр-чатак узак мөөнөттүү мүнөзгө ээ болушу жана аймактын чектеринен тышкары чыгып кетиши, көптөгөн курмандыктарга, качкындардын арбуусуна, ансыз деле Украинадагы согуштук аракеттерге жана COVID-19 пандемиясына байланыштуу начарлап бараткан социалдык-экономикалык көйгөйлөрдүн тереңдешине алып келиши ыктамал.
БУУ колдоосу укуктун үстөмдүгүн жана адам укуктарын алга жылдырууну жана коргоону камсыз кылуу боюнча биргелешкен күч-аракеттерди чыңдоого жана жигердендирүүгө жагымдуу таасирин тийгизмекчи. Анын сакталуусун кыйшаюусуз камсыз кылуунун мааниси абдан чоң. Бул жагдайда БУУ ролу бир кыйла күчтүү жана маанилүү, ошондуктан дүйнөдөгү кырдаал, окуяларга байкоо салып турган атайын баяндамачылар өз мандаттарын так аткаруулары жана өрчүп бараткан чыр-чатактан сактоолору, жер-жерлерде алдын ала озунуп иштеп, натыйжалуу чараларды көрүүлөрү тийиш (превентивдүү механизмдер).
БУУ Уставынын 2-беренесинде эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүүнүн зарылдыгы жазылган жана эл аралык мамилелерде күч же аны колдонуу менен коркутуудан кармануу милдеттендирген.
Тынчтыкты сактоо боюнча БУУ тез жана натыйжалуу иш-аракеттерди камсыз кылуу үчүн башкы жоопкерчилиги БУУ Коопсуздук Кеңешине жүктөлгөн (БУУ Уставы 24-берене). БУУ Коопсуздук Кеңешине тынчтыкты жана коопсуздукту сактоого коркунуч келтирген кандай болбосун талаш-тартышты же кырдаалды териштирүү ыйгарым укугу берилген (34-берене). Зарыл болгон учурда, БУУ мүчөлөрүнүн кимиси бул максаттарга тартыларын аныктоо менен (48-берене), БУУ КК күч колдоно алат (42-берене).
Кыргыз Республикасынын чек арадагы айылдарынын жайкын жашоочуларына каршы БУУ Коопсуздук Кеңешин айланып өтүү менен иштелген Тажикистандын аракеттеринин натыйжасында бул маанилүү жоболордун бардыгы бузулганы айдан ачык.
Жабыркаган айылдардын калкы менен жолугушуулардан, ички качкындарды сурамжылоолордон улам, мына мындай тыянак чыгарууга болот, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийликтер жана күч түзүмдөрү кырдаалдын мындай өнүгүшүнө даяр эмес болушкан, так ишенимдүү маалыматтарга да ээ болушкан эмес, бул бир катар учурларда жалган маалымат берип, калкты жаңылдырууга да алып келген. Мисал үчүн, чек арадагы Кара-Бак айылынын бир жашоочусу менен болгон маектен улам анык болгондой, ал аял 14-сентябрда атуулар башталганда эле үй-бүлөсү жана айылдаштары менен айылдан чыгып кетишкен, бирок жергиликтүү бийликтин бул жөн эле кутумчулдук болгону, коркунуч жок экени жөнүндө кабарландыруусунан кийин алар айылдарына кайтып келишкен, анан бир күнгө жетип-жетпей мурдагыдан дагы күчтүү аткылоонун алдында калышкан. Ички качкындарды, жабыркаган айылдардын тургундарын сурамжылоолор көрсөткөндөй, куралдуу агрессия болгондо ишке кирүүчү кабарландыруу тутуму же болгон эмес, же болбосо иштебей калган.
Эвакуациялоо тутуму дагы, ага тиешелүү кулактандыруу, кабарландыруу, коопсуз багыт, жолдорду аныктоо, транспорт уюштуруу жана узатууну камсыз кылуу элементтери менен болгон эмес. Адамдар өз бет алдыларынча, эптеп эле аткылашкан жерден алыс болуш үчүн, көпчүлүгү жөө-жалаңдап, тоо жолдору менен качышкан. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийилик жана күч түзүмдөрү коопсуз же ыңгайлуу багыт, жолдор, коркунучу жок райондор жөнүндө маалыматтарды калкка жеткире алышкан эмес, натыйжада айылдардын көптөгөн жашоочулары чабуулга кабылып, бир нече ирээт эвакуацияланууга аргасыз болушкан.
Кыргызстан кезектеги жолу Тажикистан тараптан болуучу аскерий агрессияга даяр эместигин көрсөттү, тышкы чалгындоо жана аскердик чалгындоо иштери (КМ, УКМК ЧА), мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкты алдыда болуучу эвакуация, анын тартиби жана алгоыргагы жөнүндө калкты кабарландыруу боюнча өз ара аракеттерүүлөрү талаптагыдай жана тутумдуу жолго салынган эмес, мына ушул жагдайлар калктын жалган кабарлануусуна жана чар-жайыт качуусуна алып келген. Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара аскерлеринин куралуу агрессиянын алдын алууга жана балтурбоого, өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын коргоого даяр эместиги көз көрүнө айгине болду.
Мүмкүн жабыркаган айылдардын калкынын канча бир саны, алар калыбына келтирилген учурда да, туулган жерлерине кайтып баруудан баш тарышат, анткени, мамлекет алардын үй-бүлөлөрүнүн коопсуздугун кепилдей албасын түшүнүшөт, эвакуацияланган тургундар менен жолугушууларда алар кыргыз-тажик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин бир нече ирээт көтөрүштү.
Тажикистандын улам күч алып бараткан агрессивдүү риторикасынан улам, чек ара маселесин Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын эске алып, саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр жолу менен чечүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө ойлонуу жакынкы болочокто актуалдуу болбойт.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен, диверсияларга жана кутумчулдуктарга каршы ийгиликтүү күрөшүүгө жөндөмдүү, күжүрмөн чек ара аскерлерин жана коргоо министрлигинин аскер бөлүктөрүн түзүү, заманбап курал-жарактардын тутумуна ээ болуу гана чек ара маселелерин тынч нукта чечүү үчүн расмий Душанбени сүйлөшүүлөр үстөлүнө отургузууга мүмкүнчүлүк берет деп ойлойбуз.
Сунуштамалар:
Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине:
1. Баткен облусунун чек арада жайгашкан айылдарында калкты кеңири тартуу жана тиешелүү маалыматтык жумуштарды жүргүзүү менен, жарандык коргонуу боюнча машыгууларды иш-тажырыйбага киргизүү маселесин карап чыгуу;
2. Инфратүзүмдү өнүктүрүү жана калкты кабарландыруу тутумун талаптагыдай жолго коюу;
3. Азыркы окуяларды эске алып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар, жергиликтүү бийликтер жана күч түзүмдөрү менен эвакуциялоо пландарын кайра карап чыгуу жана макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматына:
4. Чек арадагы айылдардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Ворух анклавынын айланасындагы чек ара күзөттөрүн кайра коюу зарыл;
5. Алдыда мүмкүн болуучу согуштук кутумчулуктарды эске алуу менен, кыргыз-тажик чек арасында жүрүм-турумдун натыйжалуу стратегиясын жана тактикасын иштеп чыгуу, чектеринде калктын жашап туруусуна тыюу салынуучу чек ара чөлкөмдөрүн киргизүү маселесин карап чыгуу;
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине:
6. Эл аралык институттардын болуусун камсыз кылуу үчүн Баткен облусунда эл аралык уюмдардын кеңселерин ачуу маселесин иштеп чыгуу;
7. Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Баткен облусундагы окуяларды изилдөө жүргүзүү үчүн БУУ атайын баяндамачыларын чакыруу максатында тиешелүү документтерди даярдоо;
8. Тажикистандын куралдуу агрессиясына күнөөлүүлөрдү жоопкерчиликке тартуу максатында, Эл аралык кылмыш-жаза сотуна кайрылуу үчүн тиешелүү документтерди даярдоо;
9. Тажикистан үчүн «сезимтал» маселелерди аныктоо максатында, кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташтыктын бардык өңүттөрүн кайра карап чыгуу жана чек ара маселесин тынчтык жолу менен чечүүгө мажбурлоо максатында кысым көрсөтүү;
Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигине:
10. Аларга каршы күрөшүүнүн заманбап жана кыйла арзан тутумдары болгон шартта чабуул коючу курал-жарактардын (танкалар, учактар) алсыздыгын көрсөткөн Укранинадагы согуш тажырыйбаларын жана мүмкүн болуучу согуштук аракеттердин тоолуу рельефин эске алуу менен, Кыргызстандын куралдуу кучтөрүнүн Тажикистандын куралдуу күчтөрүнө карата аскердик-техникалык жактан паритетин камсыз кылууну калыптандыруу;
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине:
11. Адам укуктарынын кебелбес принциптерин жана эл аралык укуктун ченемдерин тебелеген агрессордун демократиялык мамлекет катары беделин кетирүү, аны эл аралык донорлордун жардамдарынан, каржылоосунан, инвестициялардан ж. б. ажыратуу максатында, эл аралык гуманитардык укуктун жана адам укуктарынын ченемдеринин бузулуусуна алып келген Тажикистандын кылмыштуу аракеттери жөнүндө БУУ, эл аралык уюмдарды жана дүйнөлүк коомчулукту кабарландыруу боюнча жумуштарды күчөтүү;
Жарандык коомго жана жалпыга маалымдоо каражаттарына (ЖМК):
12. Өкмөттүк эмес уюмдарга, мүмкүн болушунча өз ресурстарын Баткен облусунун чек ара райондоруна, алып айтканда, тынчтыкты орнотуу, ак ниеттүү коңшулук мамилелерди калыбына келтирүү жана жабыркагандарга социалдык жардам көрсөтүү чөйрөлөрүнө багыттоо;
13. Укук коргоочулук ишке адистешкен өкмөттүк эмес уюмдарга эл аралык сотторго жекече даттанууларды берүүдө жабыркаган жарандарга көмөк көрсөтүү;
14. ЖМК тажик аскерлеринин согуштук кылмыштарынын фактыларын жыйноого жардам көрсөтүү;
Эл аралык коомчулукка:
15. Тажикистандын Баткен облусунун тынч жаткан калкына каршы адамкерчиликсиз, куралдуу агрессиялык актысын чечкиндүү айыптоо жана Тажикистанды мындан ары карай чек арадагы айылдардын жашоочуларына каршы куралдуу жана башка кутумчулдуктарды токтотууга мажбурлоо;
16. Агрессорго тынч жаткан калкка каршы жасаган бардык кылмыштары үчүн жоопкерчилиги үчүн белги берүү, бүтүндөй эл аралык коомчулуктун артыкчылыктуу милдети болуп саналган адамдын өмүрүн, укуктарын жана эркиндиктерин коргоо боюнча бардык укук коргоочу уюмдардын иштерин күчөтүү.
Тажикистан Республикасынын 2022-жылдын сентябрындагы куралдуу кол салуусунун убагында жабыркаган Баткен облусунун тургундарынын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталуусунун мониторингинин 2-этабы
Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн кабыл алыган ченемдик укуктук актылар
Кыргыз Республикасынын Президенти 2022-жылдын 17-сентябрында «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» УП 313 Жарлыкка кол койгон, ага ылайык кийин-соңу келтирилген зыянды баалоо, компенсацияларды төлөө, үйлөдү калыбына келтирүү менен алектенген мамлекеттик комиссия түзүлгөн.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети2022-жылдын 19-сентябрында Президенттин 2022-жылдын 17-сентябрындагы Жарлыгын ишке ашыруу үчүн № 617 буйуртмасын чыгарган.
Кыргыз Республикасынын Президенти 2022-жылдын 11-октябрында «Баткен облусунун Баткен районунун айрым калктуу конуштарын калыбына келтирүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө» дагы бир Жарлыкка кол койгон. Жарлыкта кол салуу убагында бир кыйла катуу жабыркаган Капчыгай жана Достук айылдарын толук калыбына келтирүү жөнүндө сөз болот.
Кыргыз Республикасы социалдык жактан корголбогон жарандардын категорияларын камсыз кылуу жана колдоо, бүткүл өлкөнүн аймагында өз жарандарынын эмгегин жана саламаттыгын коргоо боюнча милдеттенмелерди өзүнө алган. Мында өз укуктарын ишке ашыруунун кыйла катаал шарттарына жана алардын бузулуу тобокелчилигине байланыштуу, Баткен облусу өзгөчө статуска ээ экенин белгилеп коюу керек, төмөнтө Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун контекстинде адам укуктарын кепилдөөчү айрым ченемдик укуктук актылар келтирилген.
- «Айрым чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» КР Мыйзамы, 26.07.2011-жыл;
- «Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» КР Мыйзамын ишке ашыруу жөнүндө КР Өкмөтүнүн токтому, 20.03.2012-жыл;
- «Баткен облусунун статусу жөнүндө» КР Мыйзамы, 10.09.2021-жыл;
- «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» КР Мыйзамы, 09.01.2005-жыл;
- «Коомдук саламаттык жөнүндө» КР Мыйзамы, 24.07.2009-жыл;
- «Билим берүү жөнүндө» КР Мыйзамы, 30.04.2003-жыл;
- «Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» КР Мыйзамы, 28.07.2017-жыл;
2022-жылдын 14-17-сентябрындагы куралдуу кол салуунун кесепеттерин жоюу боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалыматтар.
Лейлек районунун мамадминистрациясынын 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 2/230 буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топтун актысына ылайык, жалпы зыяндар боюнча чыгымдардын сметасынын суммасы 1 миллиард 173 миллион 621 миң 795 сомду түзгөн.
Баткен районунун мамадминистрациясынын 2022-жылдын 17-сентябрындагы № 234-б буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топтун актысына ылайык, жалпы зыяндар боюнча чыгымдардын сметасынын суммасы 2 миллиард 437 миллион 356 тысяч 469 сомду түзгөн.
Баткен районунун акимиатынын 2022-жылдын 16-сентябрындагы № 184 буйругунун негизинде түзүлгөн жумушчу топтун актысына ылайык, жалпы зыяндын сметалык наркынын көлөмү 11 миллион 897 миң 704 сомду түзгөн.
Баткен облусуна келтирилген зыяндын сметалык наркынын жалпы суммасы 3 миллиард 622 миллион 875 миң 968 сомду түзгөн.
Баткен облусунун аймагында жүргүзүлгөн эвакуациялык иш-чаралардын маалыматтары боюнча 2022-жылдын 14-17-сентябрында саат 6:00 ченде Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участкасында катталган куралдуу кол салууга байланыштуу жергиликтүү калк туугандарына жана убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланган.
Баткен облусу боюнча бардыгы 136 770 жаран эвакуацияланган, алардын 51и эвакуациялык пунктарга жайгаштырылган, алардын ичинен 132 828 жаран туруктуу жашаган жерлерине кайрылып келишкен (5 244 ПВР ичинен, жарандардын үйлөрүнүн ичинен 114 491).
Азыркы күндө облуста өз үйлөрүнө 3 942 жаран кайтып келген, б. а. убактылуу үйлөрдө 3781 жаран жашап атышат. Баткен облусунда 1791, Ош ш., 84, Жалал-Абад обулусунда 125, Чүй облусунда 819, Бишкек ш., 691, Ош облусунда 271 жаран жашап туруууда. Кабыл алуу жайларына 161 жаран жайгаштырылган, Баткен обулусунда 105, Жалал-Абад облусунда 33, Чүй облусунда 23 жаран.
Туруктуу жашаган жерлерине 132 828 жаран кайтып келген. 119 728 Баткен облусунан, 3790 Ош шаарынан, 445 Жалал-Абад обулусунан, 160 Ысык-Көл облусунан, 1115 Чүй облусунан, 4378 Бишкек шаарынан, 3212 Ош облусунан.
Кырдаалдан улам кыйраган курулмалар боюнча:
Баткен облусуна, Баткен, Лейлек райондоруна жана Баткен шаарына өзгөчө кырдаалдардан улам келтирилген зыяндарды баалоо боюнча Жарандык Коргонуу Комиссиясынын актысына ылайык, толук кыйраган үйлөрдүн жалпы саны437ни түзөт (Баткен району 329 , Лейлек району 107, Баткен ш. 1).
21.11.2022-ж. абал боюнча 413 үйдүн курулуш иштери жүрүүдө, алардын ичинен 24 үйдүн жерпайлары куюлууда, 141 турак үйдүн жерпайларын куюу боюнча жумуштар бүткөрүлгөн, 127 үйдүн дубалы тургузулууда, 91 үйдүн дубалдары бүткөн, 26 үйдүн чатырлары темир-бетон менен жабылган жана 4 үйдүн чатырын куруу улантылууда.
Социалдык объектерде:
ӨК убагында кыйраган 27 объекттин ичинен Баткен районунун акиматынын (2 мектептин жана 5 балдар бакчасын капиталдык оңдоп-түзөөсү) жана «Ас-Сафа» фондунун (1 ФАП капиталдык оңдоп-түзөөсү) каражаттарынын эсебинен 8 объекттин капиталдык оңдоп-түзүү жумуштары бүткөрүлгөн.
Компенсация:
Мамкомиссиянын 2022-жылдын 1-октябрындагы № 1 Чечимине ылайык, райондук жана шаардык комиссиялардын корутундуларынын негизинде бардык кыйраган жана капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж үйлөрдүн ээлерине 200 000 сомдон төлөнүп берилген.
Алып айтканда, Баткен районундагы 329 толук өрттөлгөн жана 173 капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж үйлөрдүн ээлерине – 100,4 млн. сом, Лейлек районундагы 107 толук өрттөлгөн жана 77 капиталдык оңдоп-түзөөгө муктаж үйлөрдүн ээлерине – 36,8 млн. сом, ошондой эле Баткен ш., 1 батирдин ээсине 200 000 сом төлөнүп берилген. Бүтүндөй облус боюнча 687 жаран 137,4 млн. сом өлчөмүндө компенсация алышкан.
Мамлекеттик комиссиянын № 2 чечими боюнча райондук жана шаардык жарандык коргонуунун актыларына ылайык, кезектеги оңдоп-түзөөгө муктаж үйлөрдүн ээлерине 100 миң сомго чейин компенсация төлөнүп берилүүдө. Алып айтканда, Баткен районунда 229 үй-бүлөгө, Лейлек районунда 248 үй-бүлөгө, Баткен шаарында 25 үй-бүлөгө төлөп берүүлөр жүргүзүлүүдө.
Ошондой эле курман болгон 12 жарандын үй-бүлөлөрүнө 360 000 сом, жабыркаган 12 жарандын дарылануусуна 375 000 сом, эвакуацияга жаман тамак-ашка 328 000 сом, Лейлек районунун Кулунду базарын калыбына келтирүүгө жана өнүктүрүүгө 2,0 млн. каражат, жабыр таткан жарандардын балдарына 58 миң 780 сом таратылып берилген.
Баткен районунда 300 тоннадан ашуун жана Лейлек районунда жана Сүлүктү шаарынын кенчилерине авариялык үйлөрдү отун манен камсыз кылуу үчүн 340 тоннадан ашуун көмүр таратылган.
Жабыркаган жарандар алган насыялар боюнча:
Коммерциялык банктар тарабынан 15 миллиард 79 миллион 457 миң сом сумамасындагы 106 насыялар, банктык эмес фианасылык-насыялык уюмдар тарабынан 4 миллион 176 миң 968 сомдук 168 зайымдар жок кылынган.
Сурамжылоонун натыйжалары
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) институту 2022-жылдын сентябрындагы Тажикистан Республикасынын куралдуу агрессиясынын убагында жабыр таткан Баткен облусунун чек ара айылдарынын жашоочуларын сурамжылоо жүргүзкөн. Сурамжылоо жабыр тарткан айылдардын жашоочуларынын укуктарынын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын сакталышынына, тынч жашоого кайтуу процессине, ошондой эле мамлекеттин татыктуу жашоо шарттарын камсыз кылуу боюнча милдеттермелерди аткаруусуна мониторинг жүргүзүү максатында өткөрүлгөн.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) мониторинг жүргүзүү тобу 7–11-декабрда Баткен облусунун Лейлек районунун жабыр тарткан айылдарында, 12–16-декабрда Баткен районунун жабыр тарткан айылдарында болушкан.
Лейлек районуна мониторинг жүргүзүүдө топ Интернационал, Максат, Арка жана Достук айылдарында болгон.
Баткен районуна мониторинг жүргүзүүдө топ Самаркандек, Паскы-Арык, Миң-Өрук, Кара-Бак, Көк-Таш айылдарында болгон.
Жергиликтүү бийлик органдары жана жабыркаган айылдардын тургундар менен жолугушуулар, Интернационал айылындагы базарда өзүнчө болуу, жеке ишкерлер менен жолугушуулар өткөрүлдү. Жолугушуулардын убагында: балдарды ребилитациялоо, окуучу балдар программадан артта калып калышкандыктан, мектеп программасын окутуу боюнча кошумча курстарды уюштуруу жөнүндө, баарында эле зарыл техникалык жабдуулар жана байланыш боло бербегендиктен, он-лайн окутуунун татаалдыктары жөнүндө, балдарга, жумушсуздук жөнүндө жөлөк пулдарды жол-жоболоштуруунун кыйынчылыктары жөнүндө маселелер көтөрүлдү. Жеке ишкерлер жоголгон товарлар үчүн компенсация болбогонуна, насыя алууну жол-жоболоштуруунун кыйынындыгына – мисалы, банктар күрөөнүн бул түрүнүн кунарсыздануу тобокелчилигинен кооптонуудан улам, күрөө катары кыймылсыз мүлктү кабыл ала беришпей жатышканына даттанышты. Максат айылынын жашоочулары эвакуация үчүн бир кыйла коопсуз, альтернативалык жолду куруу маселесин көтөрүштү. Паскы-Арык жана Самаркандек айылдарынын жашоочулары сугат жана ичүүчү суунун тартыштыгы, турак-жай куруу үчүн да, мал-жандыктарды багуу үчүн дагы жайыттын жетишсиздиги жөнүндө көйгөйлөрдү ортого салышты. Ошентсе да, коопсуздукту камсыз кылуу жана жакында болуп өткөн каргашалуу окуялардын кайталануусуна жол бербөө негизги маселе бойдон калууда. Бардыгы бир кишидей, бир ооздон кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүүнү, чек арага жакын жерлерде аскерлердин болуусун күчөтүүнү жана аларды техника жана курал-жарак менен жетиштүү деңгээлде камсыз кылууну талап кылышты.
Үй-бүлөсүнүн саны орточо 5-6 кишини түзгөн 337 киши сурамжыланганда, камтуу 1900гө жакын кишини түзгөн. Төмөнкү айылдардан алынган, кыйла толук жооптуу жана иштеп чыгууга болгон анкеталардын саны 317ини түзгөн:
Лейлек району |
Баткен району |
||
Арка |
54 |
Карабак |
18 |
Достук |
26 |
Көк-таш |
21 |
Интернационал |
47 |
Миң-Өрүк |
26 |
Максат |
26 |
Паскы-Арык |
66 |
Кулунду |
8 |
Самаркандек |
25 |
|
161 |
|
156 |
Жолугушуулардын убагында жашоочулар Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысына (Омбудсменине) даректелген кайрылууларын дагы беришкен. Бардыгы 39 кайрылуу келип түшкөн, алардын ичинде – 33 жеке арыздар, 6 жамааттык кайрылуулар бар.
Чек ара аймактарынын калкын социалдык камсыз кылуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 19-беренесинде мамлекет элдин бакубатчылыгы жана аны социалдык коргоо жөнүндө камкордук көрөт, ошондой эле жарандардын социалдык жактан корголбогон категорияларын колдоону, эмгекти жана ден соолукту коргоону камсыз кылат деп жарыяланган. «Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» 26.07.2011-жылдагы КР Мыйзамынын негизинде жана «Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө КР Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу» КР Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык, Баткен облусунун Лейлек районунун Кулунду айыл аймагынын Интернационал жана Максат айылдарына, Жаңы-Жер айыл аймагынын Арка жана Достук айылдарына, ошондой эле Самаркандек айыл аймагынын Самаркандек, Паскы-Арык, Миң-Өрүк айылдарына, Кара-Бак айыл аймагынын Кара-Бак айылына, Ак-Сай айыл аймагынын Көк-Таш айылына чек ара аймактары статусу берилген. Мындан тышкары, 2021-жылдын 10-сентябрында «Баткен облусунун статусу жөнүндө» КР Мыйзамы кабыл алынган, анда Баткен облусунун статусу аныкталган жана мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аймактык бөлүмдөрүнүн уюштуруунун жана ишинин өзгөчөлүктөрү белгиленген.
Чек ара аймактары статусун жана Баткен облусуна статус берүү мамлекеттик иштерди, өзүнө төмөнкүлөрдү камтыган, артыкчылыктуу багыттарда жүзөгө ашырууну талаптайт:
- жер участокторун өздөштүрүү, инфратүзүмдөрдү жакшыртуу жана өнүктүрүү;
- Кыргыз Республикасынын өзгөчө стутуска ээ алыскы чек ара аймактарындагы калктуу конуштардын тургундарынын жашоо-тиричиликтеринин сапатын жогорулатуу үчүн шарттарды түзүү, жана Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын социалдык-экономикалык өнүгүү деңгээлдериндеги айырмачылыктарды кыскартуу;
- жашоочуларды жумуш менен камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу;
- өзгөчө статуска ээ болгон Кыргыз Республикасынын алыскы чек ара аймактарынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын миграциясынын алдын алуу үчүн шарттарды түзүү;
- туруктуу жашоо, чек арадагы калктуу конуштардын санын жана аларда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын санын көбөйтүү максатында, Кыргыз Республикасынын өзгөчө статуска ээ болгон алыскы аймактарына Кыргыз Республикасынын жарандарын тартуу үчүн шарттарды түзүү;
Мындан тышкары, мамлекет өзгөчө статуска ээ болгон Кыргыз Республикасынын алыскы чек ара аймактарындагы калктуу конуштарда туруктуу жашап турушкан жарандарга социалдык колдоо көрсөтөт, кепилдиктерди, компенсацияларды жана жеңилдиктерди берет.
Жогоруда көрсөтүлгөн айылдарда жүргүзүлгөн жашоочуларды сурамжылоо КР Конституциясына жана көрсөтүлгөн мыйзамдарга ылайык мамлекет өзүнө алган милдеттенмелер боюнча мамлекеттик органдардын талаптагыдай эмес, жетишсиз иштеп жатышканын көрсөттү.
- көрсөтүлгөн айылдардагы тургундардын жашоо-тиричилик сапаты Кыргыз Республикасынын калган аймактарына караганда бир кыйла төмөн. Мисалы, Лейлек районунун Интернационал, Достук жана Максат айылдарынын, ошондой эле Баткен районунун Паскы-Арык, Самаркандек айылдарынын жашоочуларын ичүүчү суу менен камсыз кылуунун олуттуу көйгөйлөрү бар. Жашоочулар ичүү жана башка тиричиликтик муктаждыктар үчүн сууну сатып алууга аргасыз. Алып айтканда, респонденттердин 47%ы ичүүчү сууга жеткиликтүүлүк жок экенин белгилешкен. Турмуш-тиричиликте күндөлүк керектелүүчү нерселер жана азыктар жетишпейт, базарлар начар иштешет, соода дээрилик жокко эсе, демек, азык-түлүк абдан кымбат. «Кышка сиз канчалык даярсыз» деген суроого, 13%ы гана «Толук даярбыз» деп жооп беришсе, 52%ы жарым-жартылай даярбыз, жана 30%дан ашууну – даяр эмеспис деп жооп беришкен;
- жергиликтүү калктын жумуш менен камсыз болуу деңгээли төмөн бойдон калууда, Баткен окуяларынан кийин көпчүлүгү тапкан-ташыгандарынан, мал-жандыктарынан ажырап калышкан. Сурамжылангандардын ичинен болжол менен 35%ынын туруктуу айлыктары, же жашоо-тиричилик үчүн каражат табуунун эч кандай булактары жок. Ошол эле убакта, ушул багытта иш алып барууга милдеттүү болушкан ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар эч нерсе кылышкан эмес. Жашоочулардын басымдуу көпчүлүгү жумуш менен камсыз кылуу саясатынын активдүү жана пассивдүү чаралары, жумушсуздарга бош орун издөө жана сунуштоо, кесипке окутуу жана кайра даярдоо жөнүндө эч нерсе билишпейт, респонденттердин бир нечесине гана жеке менчик үйлөрдүн курулушунда (калыбына келтирүүдө) иштөө сунушталган. Ошентсе да, Арка айылында мамлекеттик органдар тарабынан чакан бизнести колдоо жүзөгө ашырылып, натыйжада 6 жумушчу орду түзүлгөнүн белгилеп коюу керек;
- чек ара аймактарында миграциянын алдын алуу да начар иштелген, бул багытта кандай дайындуу иш-чаралар жүзөгө ашырылганы белгисиз бойдон калууда, бирок натыйжа көрсөтүлгөн Мыйзамга таптакыр карама-каршы. Айылдарда болгон убакта, алардын айрымдарында тургундардын дээрилик көпчүлүгү жок болуп чыгышты, алардын белгилүү пайызы кайтып келбеси да айдан-ачык;
- социалдык колдоого жана жеңилдиктерге келе турган болсок, жашоочуларды сурамжылоодон улам таптакыр карама-каршы көрүнүш. Жолугушуулар өткөрүлгөн бардык айылдарда балдарга жөлөкпул жол-жоболоштуруу маселеси көтөрүлдү, мамлекеттик органдар ар кандай шылтоолор менен жөлөкпулдарды кесип салышат же аларды төлөөнү толук токтотуп коюшат. Ошол эле убакта, белгилүү окуялардан кийин тапчу айлыктарынан ажырап калган көптөгөн жашоочулар үчүн балдарга жөлөкпулдар үй-бүлөнүн негизги кирешеси болуп калууда.
Ишкердик
«Кыргыз Республикасынын чек ара аймактарына өзгөчө статус берүү жана аларды өнүктүрүү жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык, мамлекет төмөнкүнү камсыз кылат:
- чек ара аймактарында жеке жана юридикалык жактар чек ара соодасын жүзөгө ашыруулары үчүн шарттарды түзүү;
«Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» КР Президентинин Жарлыгынын негизинде, төмөнкү пункттар менен жеке ишкерлер үчүн төмөнкү жеңилдиктер жана бошоңдотуулар каралган:
8) Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-пунктуна ылайык, Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участокторунда жайгашкан чек арадагы калктуу конуштарда өз иштерин жүзөгө ашыруучу жабыркаган жеке ишкердик субъекеттери (күйүүчү-майлоочу майларды сатуучу, тоо-кен өндүрүү иштерин жана резидент эместерди кошпогондо) үчүн 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө салыктарды төлөөнүн (КНС кошпогондо) нөл пайыз өлчөмүндөгү ставкасы белгиленсин;
9) Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участокторунда жайгашкан калктуу конуштарда өз иштерин жүзөгө ашыруучу жеке ишкерлер, 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотулсун;
10) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине юридикалык жактар үчүн 2024-жылдын 1-январына чейинки мөөнөткө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу жана Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участокторунда жайгашкан калктуу конуштарда өз иштерин жүзөгө ашыруучу экономикалык ишмердик субъекттеринин пайыздар, финансылык санкциялар боюнча салыктык карыздарын эсептен чыгаруу тууралуу мыйзам долбоору киргизилсин;
11) Баткен жана Ош облустарындагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара участокторунда жайгашкан калктуу конуштарда өз иштерин жүзөгө ашыруучу экономикалык ишмердик субъектерине, аларды төлөө боюнча милдеттерди аткарууну камсыз кылуусуз (банктык кепилдик, күрөө жана кепилчилик берүүсүз) жана кийинкиге калтыруу жана\же бөлүп төлөө берилгени үчүн пайыздарды алуусуз, салыктык карыздарды жана бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча караздарга карата, ошондой эле салыктар жана социалдык төгүмдөр боюнча отчетторду берүүнү 6 айылык мөөнөткө чейин кийинкиге калтыруу жана\же бөлүп төлөө мүмкүнчүлүгүн берүү жөнүндө маселе каралсын;
13) кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактардын натыйжасында жабыркаган ишкердик субъекттерине зыяндардын ордун толтуруп берүү мүмкүнчүлүктөрү каралсын.
Бирок, Баткен облусунун жабыркаган айылдарынын мониторингинин натыйжалары боюнча, кризис бардыгынан катуу чакан жана орто ишкердик субъекттерине кедергисин тийгизген.
Баткен окуяларынан кийин чек ара соодасы абдан эле катуу начарлап кеткен. Мамлекет салык чөйрөсүндө жана социалдык төгүмдөрдө бир кыйла жеңилдиктерди жана бошоңдотууларды киргизгенине, ал эми финансылык мекемелер 3 айлык кийинкиге калтырууларга макул болушканына карабастан, бизнес жүргүзүүнүн шарттары начарлап кеткен. Көптөгөн ишкерлер товарларынан, жүгүртүм каражаттарынан айрылышкан, ал эми 3 айлык кийинкиге калтыруу мөөнөтү бүтүп баратат, ишкерлер карыздарын жана насыяларын жабуу үчүн өз мүлктөрүн сатууга, же болбосо жаңы насыяларды алууга аргасыз болушууда. Ошол эле убакта, жергиликтүү ишкерлердин билдирүүлөрү боюнча, банктар каргашалуу окуялардын кайталануусунан жана күрөөнүн бул түрүнүн кунарсыздануусунан кооптонуу менен, кыймылсыз мүлктү күрөө катары кабыл алууну анча каалай беришпей, карманышууда. Жашоочулардын сөздөрүнө караганда, арзан кредиттер дегеле пайда болгон жок, же болбосо алар мындай маалыматтардан кабарсыз болушууда.
Компенсациялар тууралуу, ал эми так айтканда, окуялардын убагында жабыр таркан ишкерлер үчүн алардын жоктугу жөнүндө өзүнчө сөз кылуу керек, бул дагы бизнести жүргүзүүнүн шарттарын кескин начарлатууда жана ишкерлер үчүн тобокелдиктерди арттырууда. Мониторингден кийин, 19.12.2022-жылы жергиликтүү ишкерлер бийлик компенсация төлөөгөнү жатканын билдиришкен, бирок алуучулардын тизмесине Баткен окуясынын учурунда патенти болгондор гана кире алышат экен. Ошон үчүн патенттери болбогон 30дан ашык ишкерлер ал тизмеге кириш үчүн кол топтой башташкан.
Лейлек районунун Арка айылынын жашоочуларынын бири Гүлайым Жаңы-Жер айыл аймагынын күч-аракети менен, жергиликтүү жашоочуларга жардам катары айыл башкармалыгына нан бышыруучу цехтин келип түшкөнүн, ал ишке киргизилип, 6 кишинин күнүнө 350 сомдук маяналуу жумуш менен камсыз кылынганын кабарлаган. Ошондой эле тигүү цехин ишке киргизүү ниеттери бар экенин билдирген.
Саламаттыкты сактоо
Кыргыз Республикасынын Конституциясында мамлекеттин медициналык тейлөө тутумун өстүрөрү, ошондой эле ар бир кишини медициналык тейлөө үчүн шарттарды түзөрү жана саламаттыкты сактоонун мамлекеттик, муниципалдык, жеке менчик жана башка уюмдарын өнүктүрүү боюнча чараларды көрөрү белгиленген. «Жарандардын саламаттыгын сактоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык, жарандар саламаттыкты сактоонун ажыратылгыс укугуна ээ болушат, ал анын ичинде курчап турган чөйрөнү коргоо менен камсыз кылынат, ал эми «Коомдук саламаттыкты сактоо жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык, жарандар факторлору адамга зыяндуу таасирин тийгизбей турган жагымдуу жашоо чөйрөсүнө укуктуу.
Мындан тышкары, «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» КР Президентинин Жарлыгы менен, башкалардын катарында жабыр тарткан жарандарга консультациялык-психологиялык жардам көрсөтүү дагы каралган.
Баткен облусунун сурамжылоого алынган жашоочуларынын ичинен 30%дан көбүнүн үй-бүлөсүндө мадициналык тейлөөгө муктаж адамдар бар. Мында саламаттыктык сактоо мекемелеринин жайгашууларынын жакындыгы негизинен канаатандырарлык. Сурамжылангандардын үчтөн экиси саламаттыкты сактоо мекемелерине чейин жөө басып баруу мүмкүнчүлүгүнө ээ, үчтөн бири 10-20 мүнөттүн ичинде автомашина менен бара алышат, жана респонденттердин 3%дан ашыгыраагы гана жакынкы медициналык пунктка автомашина менен бир сааттан көбүрөөк убакытта жетип бара алышат. Медициналык тейлөөнүн сапатына респонденттердин басымдуу бөлүгү ыраазы, болжолдуу 75%ы медициналык тейлөөнүн сапаты – жакшы, 15%дан бир аз көбү – канаатандырарлык, жана 6%ы гана – канааттандырарлык эмес деп жооп беришкен.
Мониторинг жүргүзгөн топтун байкоолорунан жана жашоочулар менен баарлашуудан дайын болгондой, кээ бир жерлерде медициналык тейлөө жетиштүү деңгээлде эмес. Мисалы, Самаркандек айыл аймагынын Паскы-Арык айылынын жашоочулары менен жолугушууда айрым тургундар аларга тез жардам, өзгөчө кечкисин жана түн ичинде келбегенине, ал эми фельдшердик-акушердик пункт айыл жашоочуларынын бардыгынын керектөөлөрүн канаатандырбаганына даттанышкан. Паскы-Арык айылынын ФАП жылытуу тутуму жок, ФАП кызматкерлери өздөрү орноткон кара-меш гана бар, азрыкыдай кыш мезгилинде ийне сайып, башка дарылоо иштери жасалуучу жай муздак болгондуктан, капельница коюу мүмкүн эмес. Терезеси сынган, илешкек менен чапталган. ФАП саат 8:30дан 16:00гө чейин гана иштейт, бул медициналык тейлөө алуунун мүмкүнчүлүгүн олуттуу чектейт. М. Капаров атындагы орто мектептин мугалимдери менен жолугушууда, эжейлердин бири сарык оорусу боюнча Паскы-Арык район боюнча алдыңкылардын бири, анын себеби ичүү үчүн пайдаланылган сапатсыз суу экенин билдирди. Иш жүзүндө ичүүчү суу жок, ал үчүн Аксу өзөн суусу пайдаланылат, ал адегенде Самаркандек айыл аймагын аралап, андан ары Тажикистанга агып өтүп, ошондон кийин гана Паскы-Арыкка келет.
Мындан тышкары, баткендеги эмки жана өткөн жылдагы каргашалуу окуялардан кийин көптөгөн адамдар психологиялык жардамга муктаж, бирок психологдор жетишсиз, ошон үчүн жабыркаган айылдарда психологиялык жардам көрсөтүү боюнча иш-чаралар өткөрүлбөйт.
Билим берүү
Кыргыз Республикасынын Конституциясында ар кимдин мамлекеттик билим берүү уюмдарынан акысыз мектепке чейинки, негизги жалпы, жалпы орто жана баштапкы кесиптик билим алуу укугуна ээ экени жарыяланган. «Билим берүү жөнүндө» КР Мыйзамына ылайык, мамлекет окуучуларга окуу жайларын, жабдууларын, жатаканаларды, жөлөк пулдарды, материалдык жардамдарды, тамак-ашка жана транспортто жүрүүгө, медициналык тейлөөгө жана саламаттыкты чыңдоого жеңилдиктерди, окуу китептерин берүү менен окуу үчүн шарттарды түзөт.
Жабырканган айылдардын жашоочуларын сурамжылоодон дайын болгондой, болжол менен балдардын 12%ы билим алууга жеткиликтүүлүккө ээ эмес, себеп катары мектептин өрттөнүп кеткенин, азыр жабык экенин айтышат, балдар көңүл чөгөт абалда жана окугулары келбейт, айрымдар балдарды окууга даярдай алышпайт, мектеп алыс жайгашкан, ошондуктан балдарды мектепке жибергенден коркушат. Мектепке баргандардын ичинен ата-энелер билим берүүнүн сапатын 76%ы – жакшы, 11,5%ы – канаатандырарлык, 7%ы – жаман деп баалашат, калгандары жооп берүүдөн кыйналышат.
Мониторинг жүргүзгөн топтун байкоолорунан жана мугалимдер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, ошондой эле тургундар менен жолугушуулардан дайын болгондой, бардыгы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн алдыда турган ЖРТ тестирлөөсүнө байланыштуу, бүтүрүүчүлөр ЖОЖ өтүү үчүн ирегелик баллдарды албай калышат деп тынчсызданышат. Болжолдуу бир айдан бери жабыркаган айылдардагы мектептердин көпчүлүгү иштеген жок, көптөгөн тургундар азыркыга чейин өз үйлөрүнө кайтып келише элек, алардын балдары башка мектептерде окушууда, бир нече мектептерде окуу он-лайн шарттамда жүргүзүлүүдө, ошондой эле балдар баштарынан өткөргөн кыжалаттык тестирлөөнүн натыйжаларына терс таасирин тигизбей койбойт. Мугалимдердин пикири боюнча, мектептердин базасында ЖРТ тапшыруу үчүн даярдоо курстарын ачуу түзүлгөн кырдаалдан чыгуунун аргасы болуп калмакчы, бирок бул үчүн репетиторлор тиешелүү лицензияларга ээ болуулары жана билим берүү уюмдарынын уруксатын алуулары тийиш. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан келип түшкөн дагы бир сунуш жогорку класстардын окуучулары үчүн компьютердик курстарды, тил курстарын уюштуруу болуп саналат, анткени алар ушул сабактар боюнча өздөрүнүн Кыргызстандын башка шаарларындагы курбуларынан олуттуу артта калышкан.
Толук кандуу билим алуу үчүн, айрым мектептердин мугалимдери ар кыл оюндарды, көчмө театрларды уюштуруу сыяктуу маданий-массалык иш-чараларды, психологиялык жабыркоонун кесепеттерин жумшартуу максатында балдар үчүн кыймылдуу оюндарды өткөрүүнү сунуш кылышты.
Коопсуздук
КР Конституциясынын 8-беренесинде Кыргыз Республикасынын азыркы чек арасындагы аймагы бүтүн жана кол тийгис экени жарыяланган, ал эми 16-беренесинин 2-пунктунда Кыргыз Республикасы өз аймагынын чегинде жана анын юрисдикциясында турган бардык адамдарга, алардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылары белгиленген.
Баткен облусунун жабыркаган айылдарынын жашоочуларын сурамжылоо көрсөткөндөй, алардын ичинен көпчүлүгү өздөрүн коопсуз сезишпейт. Көпчүлүгү каргашалуу окуялардын кайталануусунан коркушат, тажиктер кайра кол салууга даярданып атышыптыр, кайсы бир жерлерде аскер техникалары жана куралдуу адамдар топтолуп жатышыптыр, кайдадыр окопторду жана аңдарды казып атышыптыр деген сыяктуу ж. б. ар түрдүү ушак-айыңдарды айтышат. Айрым айылдарда, анын ичинде коопсуздук максатында жашоочулардын бардыгы тең эле кайтып келише элек, кайтып келишкендери өз балдарын кыйла коопсуз жерлерде калтырып коюшкан. Жашоочулар менен жолугушууларда жабыркаган айылдардын тургундары үчүн аны алуунун тартибин жөнөкөйлөтүү өтүнүчү менен, бир нече ирээт аңчылык курал-жарагын алып жүрүүгө уруксат берүү маселеси көтөрүлдү.
Ошол эле убакта айылдагы укук коргоо органдары жетиштүүбү деген суроого 60%дан ашууну бышыктоо менен, 10%га жакыны жетишсиз деп, анан бир канча пайызы гана – айылда милиция жок деп жооп беришкен. Чек ара кандай деңгээлде кайтарылат деген суроого: 35%ы толук өлчөмдө, 34%ы – чек арачылар жетишсиз деп жооп беришкен.
Кошуна Тажикистан менен болгон өз ара мамилелерди респонденттер төмөнкүдөй мүнөздөшөт (суроого бир нече жооптон тандап алынды): биздин алар менен эч кандай мамилебиз жок – 90%, биз аларга ишенбейбиз – 22%, кас мамиледебиз – 40%га жакын.
«Сиз тынчтык орноруна ишенесизби» деген суроого, көпрчүлүгү шектүү карашат – 54%, ишенишпейт – 28%, ишенишет – около 18%га жакыны.
Коопсуздук маселелерин чечүү жана тынчтыкты орнотуу үчүн, сурамжыланган респонденттердин да, ошондой эле жолугушууларга катышкан жашоочулардын дагы дээрлик көпчүлүгү кыргыз-тажик чек ара маселесин чечүү зарыл деп ойлошот.
Тыянактар
Тажикистан Республикасынын Кыргыз Республикасынын тынч жашап жаткан тургундарына карата куралдуу агрессиясынын фонунда Баткен облусунун жабыр тарткан жашоочуларын ар тараптан колдоонун, согуштук чыр-чатактын курмандыгы болуп калуу тобокелдигинин жана коркунучунун шарттарында өзгөчөлөнгөн мыйзамдык механизмдерди жана адам укуктарын камсыз кылуудагы мамлекеттик органдардын иш-аракеттеринин натыйжалуу алгоыргагын иштеп чыгуунун өктөм зарылдыгын белгилеп коюу керек.
Баткен облусунун жабыркаган айылдарынын жашоочуларын социалдык коргоо чөйрөсүндөгү иштер жетишсиз жана жалпысынан формалдуу жургүзүлүүдө. Ар түрдүү болбогон себептер боюнча балдарга жөлөк пулдарды кесип салуу жана төлөөнү токтотуп коюу практикасы жашоочуларды өзгөчө түйшүктөндүрүп, тынчын алууда. Калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча эч кандай иштер жүргүзүлбөйт, бул маселеде алар кароосуз калтырылган жана мамлекеттин эч кандай колдоосун, камкордугун көрүшпөйт.
Жеке ишкердикти колдоо чөйрөсүндө, чакан жана орто бизнести өнүктүрүүнүн, жеңилдиктерди берүүнүн айрым аракеттерине карабастан, жалпысынан ишкердик ыңгай жагымсыз, маанай абдан төмөн бойдон калууда.
Саламаттыкты сактоо чөйрөсүндө бардыгы аздыр-көптүр мурунку деңгээлинде калууда, жашоочулар баткен окуяларына чейинки менен андан кийинкиден кандайдыр-бир кескин айырмаларды көрүшпөйт. Бирок дээрлик бардыгы жабыркаган жашоочуларга пихологиялык жактан жана балдарды реабилитациялоого жардам көрсөтүүнүн жетишсиздигин белгилешет.
Жабыркаган айылдардын жашоочулары билим берүү чөйрөсүндө алдыда турган бүтүрүүчүлөрдү тестирлөөгө байланыштуу тынчсызданууларын билдиришет, балдардын окууга карата каалоолору жоктугун жана көңүл коштуктарын белгилешет, бул сыягы балдардын баштарынан өткөргөн кыжалаттыктары жана психологиялык жабыркоолоруна байланыштуу болсо керек.
Коопсуздук чөйрөсүндө, күч түзүмдөрүнүн жана укук коргоо органдарынын күч-аракеттерине карабастан, жашоочулар өздөрүн коопсуз сезишпейт, көпчүлүгү өз үйлөрүнө кайтып келише элек, кайтып келгендердин көбү өз үй-бүлөлөрүн кыйла коопсуз жерлерге калтырып коюшкан.
Сунуштамалар:
КР Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигине:
- Жабыркаган айылдардын үй-бүлөлөрүнүн аз камсыздалгандыгын иликтөө боюнча иш-чараларды өткөрүү сел;
- Калкты жумушсуздун макамы жана калкты жумушка орноштурууну камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жөнүндө кабарландыруу боюнча иш-чараларды өткөрүү;
КР Саламаттыкты сактоо министрлигине:
- Жабыркаган айылдардын жашоочуларына консультациялык-психологиялык жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды өткөрүү;
- Жабыркаган айылдардагы мектептерге белгилүү убакка шататтык психологдорду бөлүп берүү;
КР Билим берүү министрлигине:
- Жабыркаган айылдардагы мектептерде балдарга консультациялык-психологиялык жардам көрсөтүү үчүн психологдордун ишин камсыз кылуу;
- Эл аралык уюмдар менен өз ара биргелешкен аракеттер менен балдарды реабилитациялоого багытталган иш-чараларды өткөрүү (оюндарды, спектаклдерди жана башка иш-чараларды);
- Жабыркаган айылдардын мектептерин бүтүрүүчүлөрдү ЖРТ даярдоо үчүн кошумча сабактарды камсыз кылуу;
КР Министрлер Кабинетине:
- Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айыл аймагына альтернативдүү жол куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
- Баткен облусунун Баткен районундагы Самаркандек айыл аймагынын Паскы-Арык, Самаркандек айылдарынын жашоочуларын сугат суусу менен камсыз кылуу маселесин чечүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
- Баткен облусунун жабырканган айылдарынын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен толук камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
- Баткен облусунун Баткен райондагы Самаркандек айыл аймагында жер маселелерин чечүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
- Кыргыз-тажик мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүү процессин тездетүү;
- Баткен облусунун тургундарына, анын ичинде, жеке ишкерлерге жоголгон кыймылдуу мүлк үчүн компенсация төлөө мүмкүнчүлүгүн карап чыгуу;
КФ «ЧОЛПОН АЙ»
«Камакка алынган адамдар кармалган жайларда дин жолундагы адамдардын укуктарынын сакталышы» сереби «Чолпон Ай» коомдук фонду тарабынан 2022-жылы жүргүзүлгөн мониторингдин натыйжалары боюнча даярдалды. Мониторингдин объектилери Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын ИИБнин алдындагы камакта кармоо жайлары болгон.
Бул сереп Кыргыз Республикасынын бийлигинин көӊүлүн Чүй облусунун жана Бишкек шаарынын ИИБнин нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайлардын материалдык-техникалык абалына, ошондой эле бул жайларда дин эркиндигин камсыз кылуу маселелерине бурууга арналган.
«Чолпон Ай» КФи Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Институтунун жана «Кылым шамы» адам укуктарын коргоо боюнча борборунун жетекчиликтерине биргелешкен барууларды өткөрүүгө көмөктөшкөнү үчүн ыраазычылык билдирет. Ошондой эле Норвегиялык Хельсинки комитетине, анын каржылык колдоосу аркылуу бул барууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк жаралган. Серепте чечмеленген корутундулар жана сунуштар бул уюмдардын көз карашын чагылдырбайт.
«Чолпон Ай» КФи – адам укуктарын жана эркиндиктерин илгерилетүү жана коргоо боюнча ишмердикти 2021-жылдан баштап жүргүзүп келе жаткан коммерциялык эмес уюм. Фонддун ишмердиги конкреттүү учурларда адам укуктарын коргоого, адам укуктары боюнча кырдаалды талдоого, ченем жаратуучулук процесске катышууга, ошондой эле жарандарды укуктук жактан агартууга багытталган.
Мазмуну
|
1. КР мыйзамдары 5
2. Жалпы маалыматтар 7
3. Камакка алынган адамдарды кармоо жайларынын абалы: 8
3.1. Камакка киргизүү 8
3.2. Камералардын абалы 9
3. Диний керектөөлөрдүн камсыздалышы 12
3.3. Тамак-ашы 12
3.4. Гигиена 13
3.1. Диний ырымдар 14
4. ИИБ боюнча белгиленген көйгөйлөр 15
4.1. Бишкек ш. Биринчи Май райондук ИИБи 15
3.1. Бишкек ш. Ленин райондук ИИБи 15
3.2. Бишкек ш. Свердлов райондук ИИБи 16
3.3. Бишкек ш. Октябрь райондук ИИБи 16
3.4. Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБи 16
3.5. Чүй облусунун Панфилов районунун ИИБи 17
3.6. Чүй облусунун Жайыл районунун ИИБи 17
3.7. Чүй облусунун Токмок шаарынын ИИБи 17
3.8. Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ИИБи 18
3.9. Чүй облусунун Кемин районунун ИИБи 18
3.10. Чүй облусунун Москва районунун ИИБи 19
3.11. Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБи 20
3.12. Бишкек ш. ИИББнин кабыл алгыч-бөлүштүргүчү 20
4. Жалпы корутунду жана сунуштар 21
Серептин текстинде колдонулуучу кыскартуулар:
ш. – шаар
УКИ – Убактылуу кармоо изолятору
КР – Кыргыз Республикасы
УБК – Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө Кодекси
ИИБ – Ички иштер бөлүмдөрү
бер. - берене
ИИББ – Ички иштер башкы башкармалыгы
|
2021-жылдын октябрында КРда Укук бузуулар жөнүндө кодекс (мындан ары УБК) кабыл алынган, ага мурда Бузуулар жөнүндө кодексте, Жоруктар жөнүндө кодексте каралган жосундардын бир бөлүгү, ошондой эле Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексте каралган ченемдер которулган.
УБК жазалардын төмөнкүдөй түрлөрүн карайт (28-бр.):
< >эскертүү;коомдук жумуштар;айып пул;чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн чыгаруу;камакка алуу.
Камакка алуу УБКдагы эӊ катаал таасир этүү чарасы болуп саналат, анткени ал адамды эркиндигинен ажыратуу менен байланышкан. Санкциясында камакка алуу сыяктуу таасир этүү чарасы болгон тогуз гана берене каралган, алардын бешөө камакка алууну башка таасир этүү чараларына альтернатива катары карайт, ал эми төрт курам абсолюттук аныкталган болуп саналат, аларга УБКнын 423-426-беренелерине ылайык укук бузуулар кирет.
УБКнын укук бузуу үчүн камакка алуу каралган беренелери:
< >70-берене. Үй-бүлөлүк зомбулук;71-берене. Убактылуу кайтаруу ордеринин шарттарын аткарбоо;126-берене. Майда бейбаштык;129-берене. Коменданттык сааттын талаптарын (шарттарын) сактабоо;193-берене. Мас абалындагы айдоочунун унаа каражатын башкаруусу, мас абалындагы же унаа каражатын башкарууга укугу жок адамга унаа каражатын башкарууну өткөрүп берүү;423-берене. Аскердик кызмат өтөө тартибин бузуу;424-берене. Ооруну симуляциялоо же денесине зыян келтирүү жолу менен аскердик кызматтын милдеттерин аткаруудан качуу; 425-берене. Кароолдук кызмат өтөө эрежелерин бузуу;426-берене. Коомдук тартипти коргоо жана коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча кызмат өтөө эрежелерин бузуу.
Ошентип, укук бузуу үчүн камакка алуу физикалык жактарга гана колдонулат. Мыйзам чыгаруучу орган камакка алууну төмөнкүлөргө карата колдонууга тыюу салган:
< >балдар;элүү беш жаш курактан жогорку аялдар жана алтымыш жаш курактан жогорку эркектер;кош бойлуу аялдар;үч жашка чейинки балдары бар аялдар;он алты жашка чейинки курактагы баланы жалгыз тарбиялап жаткан адамдар;ден-соолугуна байланыштуу мүмкүнчүлүгү чектелген биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар адамдар.
|
33-берене. Камак. 1. Камак укук бузуучуну ички иштер органдары тарабынан аныкталган жайларда коомдон обочолонтуу шарттарында кармоодо турат жана жети суткага чейинки мөөнөткө колдонулат. Камакка алынгандарды кармоо жайы санитардык ченемдерге ылайык келүүгө жана кандайдыр бир ооруларга чалдыгуу (жугузуу) мүмкүндүгүн жокко чыгарууга тийиш. Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана анда адамдарды кармоо талаптары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилет. 2. Камак жеке жактарга карата укук тартибин калыбына келтирүү жана адамды тарбиялоо, ошондой эле бул адамдын өзү менен да, башка адамдар тарабынан дагы жаңы укук бузууларды жасоону болтурбоо максатында колдонулат. 3. Камак сот тарабынан укук бузуу жасалган жери боюнча, ал эми өзгөчө же согуштук абал шарттарында – комендант тарабынан колдонулат. 4. Камакка алуу балдарга, элүү беш жаш курагынан ашкан аялдарга жана алтымыш жаш курагынан ашкан эркектерге, кош бойлуу аялдарга, үч жаш курагына чейинки баласы бар аялдарга, он алты жаш курагына чейинки баланы жалгыз тарбиялап жаткан жактарга, ошондой эле ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген биринчи жана экинчи топтогу майыптыгы бар адамдарга карата колдонулушу мүмкүн эмес. 5. Аскер кызматчыларына карата камак ушул Кодексте каралган учурларда беш суткага чейинки мөөнөткө колдонулат. Аскер кызматчылары гауптвахтада кармалат. |
Укук бузуу үчүн камакты өтөө жайы ИИБи тарабынан аныкталат, аскер кызматкери макамына ээ адамдар гауптвахтада кармалат. Бул ченемди ишке ашыруу максатында 2022-жылдын 7-февралында КР Министрлер Кабинетинин Токтому менен Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптар (мындан ары – Тартип) бекитилген[1].
Бул Тартипке ылайык, укук бузганы үчүн камакка алынган адамдарды кармоо үчүн ИИБлерде төмөнкүлөр түзүлөт:
< >КР ИИОлорунун камакка алынган адамдарды кармоо үчүн атайын кабыл алуу жайлары (мындан ары – ИИОнун атайын кабыл алуу жайы);КР ИИОлорунун аймактык бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүктөрүндөгү камакка алынган адамдарды кармоо үчүн жайлар (мындан ары – ИИОнун нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайлар).
Укук бузуу үчүн камак дайындалган укук бузуучу:
< >коомдон обочолонгон шарттарда кармалат;камакты жыныстык жана курактык белгилери боюнча бөлүп кармоону эске алуу менен өтөйт;камакты укук бузуу жасалган жер боюнча өтөйт;медициналык тейлөө саламаттык сактоо мыйзамдарына ылайык жүргүзүлөт.
[1] Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 7-февраль, 2022-жылдагы № 55 Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарды бекитүү жөнүндө Токтому, http://cbd.minjust.gov.kg/act/view/ru-ru/158951?cl=ky-kg
|
Укук бузуу үчүн камакка алынган адамды камакка киргизүү учурунда: Адамдарды эсепке алуу журналына каттоо жүргүзүлүп, алардын камактагы мезгили көрсөтүлөт; Ден-соолугунун абалы сурамжыланат; Адамда оорунун белгилери болгон учурда, саламаттык сактоо органдарына билдирилет, ал эми зарыл учурда медициналык тез жардам бригадасы менен тиешелүү дарылоо мекемесине жөнөтүлөт; ИИОнун атайын кабыл алуу жайында же ИИОнун нөөмөт бөлүгүндөгү жайда кармоонун жүрүшүндө адамда денесинин жабыркоосу же өлүм байкалса, кечиктирилбестен медициналык тез жардам чакырылат, прокуратура органдарына, КАУБдун (Кыйноолордун алдын алуу улуттук борборунун) жана КР Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) өкүлдөрүнө кабарланат.. |
Укук бузуу үчүн камакка алынган адамдар төмөнкүлөргө укуктуу:
< >азыктанууну жана материалдык-тиричиликтик камсыздоону аныкталган ченемдер боюнча алууга;уктоочу жайга ээ болууга;анын жайгашкан орду жөнүндө туугандарына, иштеген, окуган жеринин администрациясына билдирүүгө;юридикалык жардамдан пайдаланууга;ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмүнүн жетекчилиги аркылуу арыздарды жана даттанууларды берүүгө;гезиттерди жана журналдарды окууга;өзүнүн мезгилге ылайык кийимин колдонууга;узундугу 50 см ден ашпаган сүлгү колдонууга;Биринчи зарылдыктагы буюмдардын тизмегинде аныкталган биринчи зарылдыктагы буюмдарды жана азыктарды алууга;сутканын күндүзгү бөлүгүндө 3 сааттан кем эмес узактыкта күн сайын сейилдөөгө;табигый муктаждыктарын талабы боюнча, ИИОнун кызматкеринин коштоосунда канааттандырууга.
|
2022-жылдын май-июнь айлары мезгилинде Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун ИИОлорунун нөөмөт бөлүктөрүндөгү 12 укук бузуу үчүн камакка алынган адамдарды кармоо үчүн жайга жана 1 кабыл алып-бөлүштүргүчкө барылды:
< >Бишкек ш. Биринчи Май райондук ИИБи;Бишкек ш. Ленин райондук ИИБи;Бишкек ш. Свердлов райондук ИИБи;Бишкек ш. Октябрь райондук ИИБи;Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБи;Чүй облусунун Панфилов районунун ИИБи;Чүй облусунун Жайыл районунун ИИБи;Чүй облусунун Токмок шаарынын ИИБи;Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ИИБи;Чүй облусунун Кемин районунун ИИБи;Чүй облусунун Москва районунун ИИБи;Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБи;Бишкек ш. ИИББинин кабыл алып-бөлүштүргүчү.Баруулардын натыйжалары боюнча укук бузуу үчүн камакка алынган адамдарды кармоо жайларын байкоонун 11 картасы, жетекчилик үчүн 13 сурамжылагыч, баруу учурунда ошол жерде болгон камак өтөп жаткандар үчүн 17 сурамжылагыч толтурулду.
|
Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана укук бузуу үчүн камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптар камакка алынгандарды кармоо үчүн атайын кабыл алуу жайлары жана нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайлар ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен түзүлөт жана жоюлат деп аныктайт.
ИИОлорго баруу учурунда бул маселеге көӊүл бурулду. Мисалы, сурамжылоонун натыйжалары 10 мекемеде нөөмөт бөлүктөрүндө укук бузуу үчүн камакка алынган жайларды түзүү жөнүндө жетекчинин жетекчиси жок экенин көрсөттү. Чүй облусунун Кемин районунун ИИБинде гана ИИБнин башчысынын 2022-жылдагы 6-мартындагы «УКИнин нөөмөт бөлүгүндө жай түзүү жөнүндө» буйругу бар, ушундай эле чечим Бишкек ш. ИИББинин кабыл алып-бөлүштүргүчүндө бар.
Барууларга камтылган бардык ИИБлер нөөмөт бөлүктөрүндөгү укук бузуу үчүн камакка алынган адамдарды кармоо үчүн жайларга адамдар соттун камак жөнүндө чечими болгон учурда гана кабыл алынарын белгилешти. Тартипке ылайык, камакка алынган адамдар камакка алынган адамдарды эсепке алуу журналына катталууга жатат, анда алардын болгон убактысы да катталат. Баруулардын натыйжалары мониторингге камтылган 9 мекемеде журнал бар экенин жана анын толтурулушу талаптарга туура келерин көрсөттү. Ошол эле учурда Бишкек ш. Биринчи Май райондук ИИБинде журнал бар, бирок анын толтурулушу белгиленген талаптарга туура келбейт, ал эми эки ИИОдо – Бишкек ш. Ленин райондук ИИБне жана Бишкек ш. Свердлов райондук ИИБне баруу учурунда мындай журнал болгон жок.
|
Мониторчунун отчётунан: «Бишкек ш. Биринчи Май райондук ИИБи: кызмат адамдары КР Министрлер Кабинетинин № 55 Токтомуна ылайык бир да документ көрсөтүшкөн жок. Журнал одоно каталар менен толтурулган, жеке кароо жүргүзүүнүн баштапкы протоколдору, соттун чечимдери жок …». |
Тартип каттоо журналы менен бирге, камакка алынган адамдардын эсептик алфавиттик картотекасы кагазда же электрондук түрдө түзүлөт деп аныктайт. Бирок, баруу учурунда 11 ИИОдо алфавиттик картотека жок экени аныкталды. Ал Бишкек ш. кабыл алып-бөлүштүргүчүндө гана бар.
Тартипте камакка алынган адамдарды кармоо үчүн атайын кабыл алуу жайларына жана нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларга адамдар саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык бөлүмдөрүнөн алынган медициналык кароо жүргүзүү формасы же медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө маалымкат болгон учурда гана кабыл алынат деп аныкталган. Мониторингдин натыйжалары 4 мекемеде мындай медициналык документ жок экенин көрсөттү.
Ошондой эле, атайын кабыл алуу жайына же нөөмөт бөлүгүндөгү жайга киргизүүнүн алдында укук бузуу үчүн камакка алынган адамга карата жеке кароо жүргүзүлөт. Бирок, баруулардын натыйжалары жеке кароо жүргүзүүнүн баштапкы протоколдору 10 мекемеде жок экенин жана Бишкек ш. ИИББнин кабыл алып-бөлүштүргүчүндө гана бар экенин көрсөттү.
|
Мониторчунун отчётунан: «Шаар боюнча бардык ИИБдерде бирдей көрүнүш. 15-май, 2022-жылдан бери соттун чечими менен камакка алынган адамдар Бишкек ш. ИИББинин Кабыл алгыч-бөлүштүргүчүнө жеткирилет. Баштапкы жеткирилген адамдар сотто каралганга чейин нөөмөт бөлүгүндөгү жайда процедуралар таризделбестен болушат. Медициналык маалымкат, жеке кароонун баштапкы протоколу укук бузуучуну кармаган кызматкер тарабынан таризделет. Эгер кармалган адамды бир нече убакытка кармап туруу зарылдыгы болсо, анда талаптагыдай түрдө таризделбестен камакка киргизилип, аны жеткирген адам алып кеткенге чейин болот». |
Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана укук бузуу үчүн камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптар атайын кабыл алуу жайларынын жана ИИОлордун нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайлардын жабдылышына талаптарды аныктайт, анын ичинде төмөнкүлөр болууга тийиш:
< >Бөлүп кармоо үчүн (жыныс белгиси, ден-соолугунун абалы боюнча) үчтөн кем эмес жайдын болушу;Ар бир өзүнчө жайдын аянты 6 м2 кем эмес;Ар бир жайда вентиляциянын, жылытуунун, сигнализациянын жана видеокөзөмөл камераларынын болушу;Электрдин же энергиянын альтернативдик булактарынын (генераторлор, күн батареялары) жардамы менен сутканын караӊгы бөлүгү башталгандан толук таӊ атканга чейин жарыктандыруунун болушу;Жайлардагы температура +18 ℃тан төмөн эмес болууга тийиш;Ар бир жайда металл керебеттер же сөрүлөр (жыгач керебеттер) болуп, алардын негизи жерпай менен бекем бириктирилген болушу. Санитардык аянттын ченеми бир адамга 3,25 кв. м өлчөмдө.Төшөнчү-жууркандардын болушу;Ошондой эле Тартип дубалдардын, терезе оюктарынын жана эшиктердин өлчөмүнө жана жабдылышына талаптарды аныктайт.Ошентип, мониторингдин натыйжалары бардык эле жайлар талаптарга ылайык жабдылбаганын көрсөттү. Мисалы, бардык эле ИИОлордо жыныс белгиси жана ден-соолугунун абалы боюнча бөлүп кармоо үчүн үчтөн жайдын жоктугун көрсөттү. Болгон жайлардагы терезелердин өлчөмү 4 мекемеде гана стандарттарга жооп берет. Эки мекемеде металл керебет да, сөрү да жок. Беш мекемеде вентиляция жок, төртөөндө видеокөзөмөл камералары жок.
Тартипке ылайык, атайын кабыл алуу жайларында жана ИИОлордун аймактык бөлүмдөрүнүн нөөмөт бөлүктөрүндө стенд жабдылат, ага камакка алынган адамдардын укуктарына жана милдеттерине тийиштүү маалыматтык материалдар мамлекеттик жана расмий тилдерде жайгаштырылат. Стендде Кыргыз Республикасынын Конституциясынан, мыйзамдарынан, ошондой эле Тартиптен үзүндүлөр жайгаштырылышы мүмкүн. Аталган материалдар адамдар алар менен эркин тааныша алгандай кылып жайгаштырылат.
|
Мониторчунун отчётунан: «Мекеменин жетекчилиги үчүн сурамжылагычка ылайык, укук бузуу үчүн камакка алынган адамдар ички тартиптин эрежелери менен тергөөчү аркылуу тааныштырылат.». |
Мониторингдин натыйжалары жогоруда айтылган маалыматтык стенд эч жерде жок экенин, Бишкек ш. ИИББинин Кабыл алгыч-бөлүштүргүчүндө гана иштеп чыгуу процессинде экенин көрсөттү (1-таблицаны караӊыз).
1-таблица. ИИОлордун укук бузуу үчүн камакка алынган адамдарды атайын кабыл алуу жайларынын жана нөөмөт бөлүктөрүнүн жайларынын абалы.
№ |
Жайдын аталышы |
Камералардын саны |
Жайлардын аянты |
Терезелердин аянты |
Металл керебеттин же сөрүнүн барлыгы |
Вентиляциянын барлыгы |
Видеокөзөмөлдүн барлыгы |
1. |
Бишкек ш. Биринчи Май райондук ИИБи |
2 |
Туура келбейт |
Терезе жок |
Сөрү жана темир отургучтар |
Жок |
Жок |
2. |
Бишкек ш. Ленин райондук ИИБи |
3 |
Туура келет |
Туура келет |
Жок |
Бар |
Жок |
3. |
Бишкек ш. Свердлов райондук ИИБи |
3 |
Туура келет |
Туура келет |
Жок |
Бар |
Бар |
4. |
Бишкек ш. Октябрь райондук ИИБи |
3 |
Туура келет |
Аялдар камерасындагы терезенин өлчөмү туура келбейт |
Туурасы 50 см жыгач отургучтар бар |
Бар |
Бар |
5. |
Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБи |
2 |
Туура келет |
Терезе жок |
Сөрү |
Жок |
Бар |
6. |
Чүй облусунун Панфилов районунун ИИБи |
1 |
Туура келет |
Туура келет |
Сөрү |
Жок |
Бар |
7. |
Чүй облусунун Жайыл районунун ИИБи |
1 |
Туура келет |
Туура келбейт |
Сөрү |
Жок |
Бар |
8. |
Чүй облусунун Токмок шаарынын ИИБи |
3 |
Туура келет |
Туура келбейт |
Сөрү |
Жок |
Бар |
9. |
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ИИБи |
1 |
Туура келет |
Туура келбейт |
Сөрү |
Бар |
Жок |
10. |
Чүй облусунун Кемин районунун ИИБи |
1 |
Туура келет |
Туура келбейт |
Сөрү |
Жок |
Бар |
11. |
Чүй облусунун Москва районунун ИИБи |
1 |
Туура келет |
Туура келбейт |
Сөрү |
Бар |
Бар |
12. |
Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБи |
1 |
Туура келет |
Туура келет |
Сөрү |
Жок |
Жок |
13. |
Бишкек ш. ИИББинин кабыл алгыч-бөлүштүргүчү |
26 |
Туура келет |
Туура келет |
Керебеттер |
Бар |
Бар |
|
ИИОлордун атайын кабыл алуу жайларын же нөөмөт бөлүктөрүндөгү жайларды мониторлоо учурунда укук бузуу үчүн камакты өтөп жаткан бардыгы 17 адам сурамжыланды, анын ичинен 12 адам ИИБлерде жана 5 адам Бишкек ш. кабыл алгыч-бөлүштүргүчүндө. Сурамжыланган адамдардын 14ү эркек жана 3өө аял, бардыгы КРнын жарандары болуп саналышат. Улуттук таандыктыгы жөнүндө сураганда, 8 адам «кыргыз», 3 «дунган», 1 «башкыр», 1 «орус», 1 «түрк» деп көрсөтүштү жана 3 адам көрсөткөн жок. Диний ишеними жөнүндө суроого сурамжылангандардын 9у «ислам динин» карманарын жана бир адам «христиан» экенин көрсөттү.
Камакты өтөө жайларынын иштөө тартиби жана укук бузуу үчүн камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптар камакка алынган адамдар азык алууга укуктуу экенин аныктайт. Камакка алынган адамдарга КР Өкмөтүнүн Токтому[1] менен бекитилген ченем боюнча күн сайын ысык тамак берилет. Камакка алынган адамдарды ысык тамак менен камсыз кылуу үчүн ИИО коомдук тамактануу түйүндөрү (ашкана, кафе ж.б.) менен тамак даярдоо жөнүндө келишим түзө алышат.
Тартип да, КР Өкмөтүнүн жогорудагы Токтому камакка алынган адамдарды диний түшүнүктөрү боюнча азыктандыруу боюнча кандайдыр-бир талапты аныктабайт. Бирок, укук бузуу үчүн камак өтөп жаткан адамдарга диний түшүнүктөр боюнча азыктандырууга тиешелүү суроо берилген. Сурамжыланган 17 адамдын 6сы оӊ жооп берди, бир адам диний түшүнүктөр боюнча тамактануу камсыз кылынбайт деп жооп берди, дагы бири эт жебей турганын көрсөтүп, вегетариандык азык маселеси да эске алынбайт деп жооп берди.
|
|
|
|
|
|
|
Диний түшүнүктөр боюнча азыктандыруу
6, 35% 9, 53%
1, 6% 1, 6% |
Камсыз кылынат
Камсыз кылынбайт
Вегетариандык азык камсыз кылынбайт Жооп беришкен эмес |
Күнүнө берилүүчү тамактын саны боюнча, Бишкек ш. ИИББинин кабыл алгыч-бөлүштүргүчүндө жаткан 5 адам гана күнүнө 3 маал тамактанышарын, ал эми укук бузуу үчүн камакты ИИОлордун нөөмөт бөлүктөрүндө өтөп жаткан 12 адамдын 9у күнүнө 1 маал тамактанышарын белгилешти.
Мониторингге камтылган мекемелердин тогуз жетекчиси тамактандыруу, анын ичинде орозо учурунда, камактагылардын диний ишенимдерин эске аларын белгилешти, ошол эле учурда үчөө камсыз кылынбай турганын белгилешти.
Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана укук бузуу үчүн камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарга ылайык, камак өтөп жаткан адамдар аныкталган ченемдер боюнча материалдык-тиричиликтик камсыздандыруу алууга, өзүнүн мезгилге ылайык кийимин колдонууга, 50 см ден узун эмес сүлгү колдонууга, ошондой эле биринчи зарылдыктагы буюмдардын тизмегинде аныкталган биринчи зарылдыктагы буюмдарды алууга укуктуу. Табигый муктаждыктарды канааттандыруу адамдын талабы боюнча, ИИОнун кызматкеринин коштоосунда жүргүзүлөт.
Аталган Биринчи зарылдыктагы буюмдардын тизмеги туалеттик буюмдарды (атыр самын, кир самын, шампунь, тиш щетка, тиш паста, самын жана тиш щетка үчүн пластик кутулар, таракты) жанында алып жүрүүгө, сактоого, жөнөтмө, берилме менен алууга жана нак эмес эсептешүү менен сатып алууга укуктуу.
Гигиеналык шарттардын минималдык стандарттарга шайкештиги жөнүндө суроого сурамжыланган 17 адамдын дээрлик бардыгы туалеттик буюмдар мекеме тарабынан берилбестигин, ал эми алардын 6сы үйдөн алдырышканын билдиришти.
Төшөнчү буюмдар боюнча да ушундай суроо берилген. Сурамжыланган 17 адамдын 8и гана ИИО тарабынан матрац менен камсыздалганын, 4ү аларга одеяло да берилгенин, 1и гана жаздык менен да камсыздалганын белгиледи.
|
|
|
|
|
|
|
Төшөнчү буюмдар менен камсыздоо |
41% |
36% |
5% 18% |
Матрац Одеяло Жаздык Камсыздалбаган |
Төрт мекемеде гана санитардык түйүндөрдүн жана жуунгучтардын канааттандырарлык абалы белгиленгенин, ал эми Бишкек ш. ИИББинин кабыл алгыч-бөлүштүргүчүндө даараткананын жана жуунгучтун абалы «жакшы» деп бааланарын белгилөө зарыл (2-таблицаны караӊыз).
2-таблица. Санитардын түйүндөрдүн абалы
№ |
Жайдын аталышы |
Жуунгучтун/туалеттин/суунун абалы |
1. |
Бишкек ш. Биринчи Май райондук ИИБи |
Канааттандырарлык |
2. |
Бишкек ш. Ленин райондук ИИБи |
Канааттандырарлык эмес |
3. |
Бишкек ш. Свердлов райондук ИИБи |
Канааттандырарлык эмес |
4. |
Бишкек ш. Октябрь райондук ИИБи |
Канааттандырарлык |
5. |
Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБи |
Канааттандырарлык |
6. |
Чүй облусунун Панфилов районунун ИИБи |
Канааттандырарлык эмес, санитардык түйүндө суу жок |
7. |
Чүй облусунун Жайыл районунун ИИБи |
Канааттандырарлык |
8. |
Чүй облусунун Токмок шаарынын ИИБи |
Канааттандырарлык эмес |
9. |
Чүй облусунун Ысык-Ата районунун ИИБи |
Канааттандырарлык эмес, жуунгуч жок |
10. |
Чүй облусунун Кемин районунун ИИБи |
Канааттандырарлык эмес |
11. |
Чүй облусунун Москва районунун ИИБи |
Канааттандырарлык эмес, жуунгуч жок |
12. |
Чүй облусунун Сокулук районунун ИИБи |
Канааттандырарлык эмес |
13. |
Бишкек ш. ИИББинин кабыл алгыч-бөлүштүргүчү |
Жакшы |
Камак өтөө жайларынын иштөө тартиби жана укук бузуу үчүн камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптар диний сыйынуулар үчүн өзүнчө орун жабдууга байланышкан маселелерди жөнгө салбайт. Ошондуктан укук бузуу үчүн камак өтөп жаткан адамдардын бардыгы диний ырымдарды жана сыйынууларды камерада гана аткара алышат.
«Диний сыйынуулар үчүн орун барбы?»-деген суроого жаза өтөп жаткан 8 адам камерада сыйынышарын жана намаз окушарын белгилешти. Мекеме жетекчилеринин өздөрү камерада намаз окууга жана диний ырымдарды аткарууга тыюу салынбаганын белгилешти, бирок сыйынуу бөлмөсү түрүндөгү атайын бөлүнгөн жай каралган эмес.
|
Болгон эки камерада теӊ терезе, вентиляция жок. Бир камерада сөрү, экинчиде 50 см кеӊдиктеги темир отургучтар бар, алар керебеттин ордуна кызмат кылышат. Камералар кир, кармалгандарга төшөнчү буюмдар берилбейт.
Камераларда вентиляция, видеокөзөмөл жана күзөттөгүлөрдө көзөмөл монитору жок. Ошондой эле санитардык түйүндөр жана душ кабиналары оӊдоону талап кылат.
Төшөнчү буюмдарды - матрац, жабууларды жаӊыртуу зарыл.
Бул мекеменин жетекчилиги камакты камсыз кылуу үчүн кошумча колдоо талаптагыдай деӊгээлде бөлүнбөй жатканын белгиледи. Андан тышкары, мекемеге принтер жана ксерокопия түрүндөгү оргтехника, ошондой эле кеӊсе товарлары зарыл.
Камерада терезе жок. Жетекчилик каржылоо жетишерлик бөлүнөрүн белгиледи. Кандайдыр-бир башка муктаждыктар белгиленген жок.
Камактагылар иштин каралышына даттанышты. Азыктарды жана биринчи зарылдыктагы башка буюмдарды туугандары алып келишет. Эӊ көйгөйлүү маселе болуп санитардык түйүндө суунун жана имаратта ичилүүчү суунун жоктугу белгиленди. Мекеме кызматтык унаага да муктаж.
Камактагыларга азыктарды жана биринчи зарылдыктагы башка буюмдарды туугандары алып келишет.
Камактагыларга азыктарды жана биринчи зарылдыктагы башка буюмдарды туугандары алып келишет. Белгиленген көйгөйлөрдүн негизгилери болуп ИИОнун кызматкерлерин мезгил-мезгили менен медициналык кароо, бирдиктүү форма менен камсыздоо белгиленди, форманы азыр кызматкерлер өздөрү сатып алышат. Ошондой эле мекеме кеӊсе товарларына: кагаз, калем, клей, картриджге муктаж, азыр буларды өздөрү сатып алышат.
Камактагыларга азыктарды жана биринчи зарылдыктагы башка буюмдарды туугандары алып келишет. Негизги көйгөйлөр катары туалеттик буюмдарга, идиш-аякка, төшөнчү буюмдарга каржылоонун жоктугу белгиленди. Ошондой эле ИИОнун кызматкерлерине кийим формасы өз учурунда берилбейт, кеӊсе товарларына жана оргтехникага – компьютерге, принтерге, ксерокопияга курч муктаждык бар.
Азыктарга жана биринчи зарылдыктагы буюмдарга каржылоо жетишсиз, ошондуктан аларды камактагыларга туугандары алып келишет. Ошондой эле ИИОнун кызматкерлерине форма өз учурунда берилбейт. Иш кагаздары маселеси өзүнчө белгиленди, жетекчиликтин пикири боюнча, Өкмөттүн 2022-жылдагы 7-февралындагы № 55 Токтомун аткаруу боюнча окутуу өткөрүү, ошондой эле камакка киргизүү учурундагы Жеке кароо жүргүзүү протоколуна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарыл.
Камактагылар жактоочулар, даараткананын абалы, кондиционердин жоктугу боюнча көп даттанышат. Азыктарды жана биринчи зарылдыктагы башка буюмдарды камактагыларга туугандары алып келишет. Туалеттик буюмдарга, идиш-аякка жана төшөнчү буюмдарга каржылоо жок. Инфляциядан улам күнүнө 110 сомго
3 маал тамакты камсыз кылуу мүмкүн эмес. Андан
тышкары мекеме кеӊсе товарларына муктаж. Бул
мекемеде санитардык түйүндөр тезинен оӊдоону талап
кыларын белгилөө зарыл.
Азыктандырууга жана биринчи зарылдыктагы буюмдарга каржылоо жетишсиз, ошондуктан аларды камактагыларга туугандары алып келишет. Вентиляция, видеокөзөмөл жана күзөттөгүлөр үчүн көзөмөл мониторун орнотуу зарыл экени кошумча белгиленди. Ошондой эле санитардык түйүндөргө оӊдоо талап кылынат.
Бул мекеменин жетекчилигинин жалгыз сунушу – кондиционер орнотуу.
|
Мониторингдин натыйжалары дээрлик бардык ИИО мекемелери капиталдык оӊдоого муктаж экенин көрсөттү. Камераларды оӊдоо жана алардын абалын Камак өтөө жайларынын иштөө тартибине жана укук бузуу үчүн камакка алынган адамдарды кармоого болгон талаптарга шайкештикке келтирүү үчүн жетишерлик деңгээлде каржылоо бөлүү зарыл.
Азыктандыруу менен камсыздоо маселеси боюнча ар кандай практика белгиленди, мекеме жетекчилери бир күнгө бөлүнгөн 110 сомго камакка алынган адамдарды 3 маал тамак менен камсыздоого мүмкүн эместигин белгилешет. Туугандарынын колдоосу болбогон учурда камактагы адамдар бир жолку тамактануу менен калышат.
Санитардык түйүндөр, анын ичинде жуунгучтар, дааратканалар, ошондой эле суу менен камсыздоо маселелери курч көйгөй боюнча калууда. Бул маселе боюнча көптөгөн ИИО мекемелеринде капиталдык оӊдоо талап кылынат. Бул жайларды тазалоо маселеси курч турат, анткени ИИОлордо тазалоого өзүнчө штаттык бирдик жок.
Дин эркиндигин камсыз кылуу маселеси ИИО мекемелеринин ички жоболорунда жөнгө салынбайт. Диний түшүнүктөр боюнча азыктандыруу маселеси боюнча, балким, камактагы адам үчүн кичирээк анкетаны киргизүү керек, ага айрым азыктарга аллергия маселесин кошууга болот. Төшөнчү жана дааратканага керектелчү буюмдар менен камсыз кылуу да кошумча каржылоону талап кылат.
Мониторингдин натыйжалары ИИО мекемелерин талаптагыдай иштөө үчүн оргтехникалар жана кеӊсе товарлары менен чыӊдоо зарылдыгын да көрсөттү. ИИОнун жайларында видеокөзөмөл жана сигнализация, ошондой нөөмөткерлер жана күзөтчүлөр үчүн көзөмөл мониторлорун орнотуу үчүн өзүнчө каражат бөлүү зарыл.
Мониторингге камтылган 13 мекеменин ичинен стандарттарга жооп берген жалгыз мекеме болуп Бишкек ш. ИИББнин кабыл алгыч-бөлүштүргүчү саналат, бирок ал Бишкек шаарынын райондук ИИБлеринен гана камактагыларды кабыл алат. Чүй облусунун башка мекемелери камак өтөөнү өз алдындча камсыз кылышат.
[1] Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 8-февраль, 2008-жылдагы № 42 «Эркинен ажыратууга кесилгендерди, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу тутумунун тергөө изоляторлорунда кармалган адамдарды суткалык азыктандыруу ченемдерин, алмаштыруу ченемдерин, Суткалык азыктандыруу ченемдерин колдонуу жана алмаштыруу эрежелерин бекитүү жөнүндө» Токтому
Түзүмү
Киришүү
Бириккен Улуттар Уюмунун баңги заттар жана кылмыштуулук Башкармалыгынын колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы (Омбудсмен) Аппараты тарабынан пробациянын кардарларынын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо боюнча аймактык органдарына тышкы мониторинг жүргүзүү методологиясын иштеп чыгуу боюнча мониторинг өткөрүлдү.
Эл аралык уюмдар жана көз карандысыз эксперттер[1] тарабынан жүргүзүлүп жаткан көптөгөн изилдөөлөр адамды эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазанын альтернативдик түрлөрүн пайдалануу зарылыгын көрсөттү. Камакта узак убакыт өткөргөн адамдардын көпчүлүгү ал жактан бошонуп чыккандан кийин баягы эле кылмыштуу жолуна кайра түшүп кетээрин аңдап түшүнүү маанилүү. Эркиндигинен ажыратуу жерлеринде да аларды кармоонун режими өзгөчө бир белгиге ээ, алар соттолгон адамдардын дүйнө таанымына жана андан аркы тагдырына терс таасирин тийгизет. Ушуга байланыштуу мамлекет сот адилеттигине тартууда айыпкерди коомдон обочолонтуу түрүндөгү жазаны пайдалануунун максатка ылайыктуулугун жана кылмыштын түрүнө жараша жазаны дайындоонун өлчөмдөштүгүн аныктоонун так системасына ээ болушу керек.
Статистикага ылайык, бүткүл дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргызстанда да кылмыштардын көпчүлүгү (жасалган кылмыштардын жалпы санынан 60%дан ашыгы) менчикке каршы кылмыштар[2] менен байланышкан. Мындай кылмыштар жумушсуздуктан, жашоо-тиричилик шартынын начарлыгынан жана билимсиздиктен улам жасалат. 2019-жылы түзүлгөн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация Департаментинин негизги максаты пробациянын кардарларын реабилитациялоо, соттолгондорду мамлекеттик социалдык колдоо, пробациянын кардарларын оңдоо, укук бузуулардын жана кылмыштардын жасалышынын алдын алуу болуп саналат. Көрүлүп жаткан чаралар менен пробация органдарынына коюлган негизги милдеттер өнөкөт кылмыштуулуктун деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган. Негизинен, мурда соттолгондорду соттолгондугу болгондугунан улам ишке орноштуруу мүмкүнүлүгүнүн жоктугу жана коом менен, көпчүлүк учурларда үй-бүлө мүчөлөрү менен социалдык байланыштын үзүлүшү – кайрадан кылмыш жасоо үчүн негизги себептердин бири болуп калууда. Пробация тутумунун миссиясы – адамдарды кылмышка түздөн-түз түрткөн бул чынжырчаны үзүүдө турат. Ошо менен бирге, пробация органынын эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазаларды аткаруу чөйрөсүндөгү функцияларынын бири - кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коомдо укук тартибин камсыз кылуудагы керектүү түзүүчү экендигин эсепке алуу керек.
Бүгүнкү күндөгү натыйжалуу динамика Кыргызстандын соттук-укуктук тутумунда акыркы он жылдыкта жүргүзүлүүчү реформалар адамдын негизги укуктарын коргоого жана кепилдөөгө, сот адилеттигин жана кылмыш-жаза мыйзамдарын гумандаштырууга багытталгандыгында турат. Тандалган багыттын туура экендигин көрсөткөн жагдайлардын бири болуп Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин түзүлүүсү саналат. Пробация органдарынынын ишмердүүлүгү төмөнкү нормативдик-укуктук актылар менен жөнгө салынат:
Пробациянын милдеттери:
1) коомдон бөлүү менен байланышпаган кылмыш жазаларын жана жазык-укуктук таасир этүүнүн мажбурлоо чараларын кылмыш-жаза аткаруу мыйзамдарында белгиленген тартипте аткаруу;
2) жазанын түрлөрүн укук бузуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарда белгиленген тартипте аткаруу;
3) белгиленген мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазаны өтөөдөн (мындан ары - эркидигинен ажыратуу) шарттуу-мөөнөтүнөн мурда бошотулган адамдарга, ошондой эле аларга карата жазаны пайдалануунун мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу колдонулган адамдарга көзөмөл жүргүзүү;
4) жүрүм-турумун түздөө, жай турмуш образынын укугун калыптандыруу;
5) пробациянын кардарынын өздүгүн изилдөө, социологиялык-психологиялык портретин түзүү;
6) пробациянын кардарларынын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылуу;
7) пробациянын кардарын жабырлануучу менен жараштыруу;
8) пробациянын кардарынын укук бузуу жасоосунун алдын алуу;
9) социалдык жана реабилитациялык программалардын ишке ашырылуусун коордиациялоо;
10) пробациянын терс мүнөздөлгөн кардарынын пробациянын башка кардарларына терс таасирин тийгизүүсүн жокко чыгаруу;
11) пробациянын кардарларына коомдун стигмасын чыгаруу жана жеңип өтүү.
Пробациянын кардарларынын укуктарын сактоо боюнча абал жөнүндө жалпы жагдайды изилдөө максатында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчы Аппараты тарабынан пробация органдарына тышкы мониторинг жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алынган. Бул иштин негизги милдети пробациянын кардарларынын укуктарынын системдик түрдө бузулушун табуу жана аларды андан ары жоюу болуп саналат. Өз кезегинде мониторингдин жыйынтыктарынын сапаты жана объективдүүлүгү тиешелүү методологиянын болушу менен камсыздалат. Бул максаттарда Бириккен Улуттар Уюмунун баңги заттар жана кылмыштуулук боюнча Башкармалыгынын колдоосу менен 2022-жылдын 7, 8-июнунда Пробация Департаментинин жана Акыйкатчы Аппаратынын кызматкерлери үчүн чет өлкөлөрдөгү пробация органдарынын ишин окуп үйрөнүү боюнча семинар өткөрүлдү. Анын жыйынтыгында Пробация департаменти менен Акыйкатчы Аппараты ички жана тышкы монитрингдин методологиясын иштеп чыгышты.
2022-жылдын 7, 8-июлундагы жолугушуу учурунда белгиленген методологиялар жооптуу кызматкерлер тарабынан көрсөтүлүп, жеткиликтүү иштелип чыккандан кийин, пилоттук вариант катары бекитилди.
Иштелип чыккан методологияны пилоттук түрдө ишке ашыруу максатында жумушчу топ уюштурулуп, текшерүүлөрдү жүргүзүү датасы менен орду бекитилди. Алсак, пилоттук ишти жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын буйругу менен 2022-жылдын 1-августунан 12-августуна чейин Чүй, Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарына Акыйкатчы Аппаратынан төмөнкү кызматкерлер жиберилди:
Пробация органдарынын кардарларынын укуктарын коргоо тиешелүү профилдик бөлүмдүн компетенциясына киргендиктен, мониторинг жүргүзүү үчүн жогоруда көрсөтүлгөн кызматкерлер тандалып алынды.
Бул методология Пробация департаментинин органдарынын кардарларынын эркиндиктерин жана укуктарын сактоо чөйрөсүндөгү ишине тышкы мониторинг жүргүзүү максаттары жана методдору жөнүндө маалыматты камтыйт. Бул методология пробациянын аймактык органдарындагы пробациянын кардарларынын санына, керектүү маалыматтарды топтоонун көлөмүнө жана тиешелүү адамдык жана финансылык ресурстар болгондо, милдеттерди бөлүштүрүү менен тышкы мониторинг жүргүзүүчү кызматкерлердин санына жүргүзүлгөн талдоону эске алуу менен иштелип чыккан.
Бул мониторингди өткөрүү зарылдыгы Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин жакынкы убакта түзүлгөнүнө байланыштуу, пробация органынын кардарларынын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо чөйрөсүндө пробация органдарынын ишинде талдоонун жоктугунан улам келип чыкты.
Кыргыз Республикасынынын Конституциясынын 109-беренесине ылайык Кыргыз Республикасында адамдын жана жарандын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышына парламенттик контролду Акыйкатчы (Омбудсмен) жүргүзөт. «Кыргыз Республикасынын Омбудсмени (Акыйкатчысы) жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамы Акыйкатчынын ага мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, менчигинин түрүнө карабастан, ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга, ошондой эле аскер бөлүктөрүнө тоскоолдуксуз кирүүгө; кайсы убакта болбосун кармалгандар турган жайларга, алдын ала камоо, соттолгондор жазасын өтөөчү жайларга жана мажбурлап дарылоочу жана кайра тарбиялоочу мекемелерге, психиатриялык ооруканаларга барууга, андагы адамдар менен жекеме-жеке аңгемелешүүгө, аларды кармоонун шарттары жөнүндө маалымат алууга жана алардын аталган мекемелерде болушунун мыйзамдуулугун тастыктоочу документтерди текшерүүгө; арызды же даттанууну, мыйзамдуу күчүнө кирген сот актыларынын көчүрмөлөрүн кароонун жүрүшүндө териштирүүгө тийиш болгон маселелер боюнча маалыматтарды, материалдар менен документтерди мамлекеттик органдардан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан, ишканалардан, уюмдар менен мекемелерден, коомдук бирикмелер менен саясий партиялардан суратууга жана алууга; мамлекеттик бийлик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, менчигинин түрүнө карабастан, ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын алардын контролдугу астында жана аларга баш ийген ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын ишин текшерүү, экспертиза жүргүзүүгө көмөк көрсөтүүнү, текшерүү жүргүзүүгө катышуу үчүн адистерди бөлүп берүүнү жана тиешелүү корутундуларды берүүнү талап кылууга, ал боюнча акыркы чечим чыгарылган иштер боюнча бийликтин бардык бутактарынын аракеттерин контролдоого мүмкүндүк берген ыйгарым укуктарын карайт.
Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актыларында Кыргызстандын бардык жарандарына, чет өлкөлүктөргө жана жарандыгы жок жактарга тиешелүү болгон адам укугу жана жалпы кепилдиктери жазылган. Аны менен бирге айрым мыйзамдар пробациянын кардарлары үчүн гана каралган укуктардын жана кепилдиктердин алкагын карайт.
Мониторинг жүргүзүүнүн методологиясы
1.1 Мониторинг жүргүзүүнүн максаттары
Пробация органдарынын ишине тышкы мониторинг жүргүзүүнүн негизги максаты болуп төмөнкүлөр саналат:
- пробациянын кардарларынын укуктарынын жана эркиндиктеринин бузулушун табуу жана алардын алдын алуу;
- пробациянын кардарларынын укуктарын сактоо үчүн превентивдик чараларды түзүү.
1.2 Мониторингдин методдору
Пилоттук долбоордун алкагында тышкы мониоринг жүргүзүүнүн методологиясы иштелип чыккан, ал төмөнкүлөрдү камтыйт:
Тандоого ылайык анкеталоо жүргүзүү ар бир аймактык пробация органында катталган пробация кардарларынын жалпы санынын 20%ынан сурамжылоону камтыйт.
Анкеталоо жүргүзүүнүн маанилүү шарты пробация органдарынын иши жөнүндө объективдүү жана так маалымат алуу болуп саналат. Ошого байланыштуу анкета алынуучу жактарга купуялуулуктун сакталуусу жана алынган маалыматтарды ачыкка чыгарбоонун маанилүүлүгү жана кепилдиги жөнүндө түшүндүрүү менен анонимдик анкеталоо жүргүзүү тууралуу чечим кабыл алынган.
Анкетага киргизилген суроолордун тизмеги респонденттерден төмөнкүлөргө карата толук кандуу маалымат алууга мүмкүндүк берет:
Аймактык пробация органдарында (мындан ары – АПО) райондун көлөмүнө жана пробациянын кардарларынын санына жараша штаттык саны 2ден 7ге чейинки адамдын тегерегинде болорун эске алып, интервью бардык кызматкерлер менен жүргүзүлгөн.
Жарым түзүмдүк интервьюну жүргүзүүнүн негизги максаты – АПОнун кызматкерлеринин кардарлардын укуктарын билүүсү жана аларды түшүндүрүү ыкмалары жөнүндө билим деңгээлин аныктоо. Акыйкатчы Аппаратынын кызматкери тарабынан берилүүчү суроолор түрдүү айкалыштарда жана формаларда ооштурулуп өзгөртүлүп, кайталанып берилет.
АПО кызматкерлери менен маектешүүнүн жүрүшүндө алынган маалымат төмөнкү пункттарды камтышы керек:
Интервью Акыйкатчы Аппаратынын эки кызматкери тарабынан жүргүзүлөт, биринчи кызматкердин милдети – маектешүү жүргүзүү, ал эми экинчисиники – протокол жазуу.
Ошондуктан имараттарды карап көрүү АПОнун административдик имаратынын майыптуулугу бар адамдар үчүн пробация органдарынын имараттарына тоскоолдуксуз кирүүлөрүнүн болгондугуна же жоктугуна, тактап айтканда, майыптуулугу бар адамдардын, анын ичинде майыптуулугу бар адамдар кириши жана аларды пайдаланышы үчүн атайын колдонмолору бар болгон транспорттук каражаттарынын өтүшү үчүн ылайыкталган кирүү жайынын болушун фотофиксациясын туюндурат.
Социалдык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча жекече программа (мындан ары – Программа) – ага ылайык социалдык иштер боюнча кызматкер инсанды изилдөө, кардарларды эсепке алуу жана пайдалануу тартибинде (мындан ары – Тартип) көрсөтүлгөн иш-чаралардын комплексин жүргүзүү аркылуу социалык-укуктук жардам көрсөтүү үчүн кардардын муктаждыктарын жана керектөөлөрүн аныктоо боюнча функцияны жүзөгө ашырган, аймактык бөлүм аркылуу түзүлгөн программа. Программа алты айга чейинки мөөнөткө түзүлөт, анын аралыгында ал кардардын жүрүм-турумуна жана анын керектөөлөрүнүн өзгөрүшүнө жараша өзгөртүлүшү мүмкүн.
Программаны изилдөө документти түзүү сапатын талдоого алууну, кардардын керектөөлөрү жана муктаждыктары жөнүндө маалымат топтоону жана Программага ылайык бекитилген АПОнун кызматкери тарабынан жүргүзүлүүчү андан аркы иштерди туюнтат. Социалдык-укуктук кызматтарды көрсөтүү боюнча иштин сапаты кардарлардын муктаждыктарын аныктоодон түздөн-түз көз каранды. Ошондуктан Программаны изилдөөдө анда төмөнкү маалыматтардын болуусун эске алуу керек:
Прогамманы изилдөөнүн экинчи бөлүгү социалдык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча кызматкердин андан аркы ишине талдоо жүргүзүүнү жана кардардын керектөөлөрүн аныктагандан кийин жергиликиүү өз алдынча башкаруу, калкты каттоо, саламаттык сактоо, эмгек жана социалдык өнүгүү, билим берүү жана ички иштер органдары менен өз ара аракетенүү деңгээлин камтыйт. Пробация органдарынын компетенциясына кирбеген кандайдыр бир керектөөлөрү табылган учурда, кызматкер тиешелүү түзүмдөргө өтүнмөлөрдү жибериши керек. Акыйкатчы Аппаратынын кызматеринин милдети табылган керектөөлөрдү канааттандыруу үчүн пробация органынын кызматкери бардык чараларды көргөндүгүн текшерүүдө турат.
Кардарды каттоого алгандан кийин, аймактык бөлүм ага карата анын негизги документи болуп саналган өздүк ишин ачат. Пробациянын түрүнө жараша кардардын өздүк көктөмү тиешелүү документтерден куралат.
Кардарлардын укуктары жана эркиндиктери чөйрөсүндөгү мониторингдин алкагында Акыйкатчы Аппараты төмөнкү документтердин өздүк иште болуусун изилдөөгө кызыкдар болот:
Өздүк иштерди изилдөөдө пробациянын кардарларын эсептик каттоого алуунун өз учурунда аткарылгандыгына жана пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүн туура эсептеп чыгууга өзгөчө көңүл буруу эң маанилүү факторлордун бири болуп саналат.
Ошондой эле юбвеналдык юстиция боюнча ата-энесинин, мыйзамдуу өкүлүнүн (камкорчусунун, көзөмөлчүсүнүн, багып алуучуларынын), алар жок болсо – профилактикалык маектешүүлөрдү же жашы жетелек балдар менен жүргүзүлүүчү башка иш чараларды жүргүзүүдө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринин бар экендигине өздүк ишин изилдөө да керек. Мыйзамдуу өкүлдөрүнүн кол тамгаларынын болушу маектешүү жүргүзүүдө алардын ошол жакта катышып отургандыгын тастыктаган факты болуп саналат.
«Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, ар бир жаран мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жана алардын кызмат адамдарына өзү же өзүнүн өкүлү аркылуу кайрылуу укугуна ээ, алар мыйзамда белгиленген мөөнөттө негизделген жооп берүүгө милдеттүү. Кардарлар конструктивдүү түрдө жазган доо-арыздар көпчүлүк учурларда пробация чөйрөсүнө тийиштүү көйгөйлөрдү чагылдырат, ал эми аларды кароо сапаты жана жүргүзүлгөн иштер - кардарлардын кайрылууга жана негиздүү жоопторду алууга укуктарынын сакталышынын көрсөткүчү болуп саналат.
Текшерүүчү кызматкер Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментине түшкөн арыздардын жана кайрылулардын жалпы санына талдоо жүргүзөт. Ал эми Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги менен Акыйкатчы Аппараты ар жыл сайын текшерет.
Пробация кеңеши (мындан ары – Кеңеш) жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда түзүлөт, жергиликтүү деңгээлде пробацияны ишке ашыруу маселелери боюнча кеңеш берүүчү жана консультациялык орган болуп саналат. Жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларында пробациянын милдеттерин ыкчам жана натыйжалуу чечүү үчүн пробация боюнча кеңештер түзүлөт. Алардын иш тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталат.
Бул ыкма текшерилүүчү райондордун Пробация кеңешинин отурумдарынын протоколдорун төмөнкүлөргө карата изилдөөнү болжолдойт:
- талкууга алынып чыгуучу көйгөйлөрдүн мүнөзүнө;
- пробация тутумуна тийиштүү маселелерди чечүү жана протоколдук тапшырмаларды аткаруу;
- мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пробация тутуму маселеси боюнча өз ара аракеттенүү деңгээли.
Методологияны пилоттоо үчүн Чүй облусунун Сокулук районуна, Ош облусунун Кара-Суу районуна, Жалал-Абад облусунун Сузак районуна жана Пробация органынын Балыкчы шаардык башкармалыгына баруу уюштурулган.
Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине караштуу Пробация департаментинин сайтындагы[3] маалыматтарга ылайык, 2022-жылдын 30-июлуна карата төмөкүдөй көрсөткүч болгон:
Кардарлардын жалпы саны – 6975 адам.;
Ишке орноштурулган кардарлар – 129;
Окуудан өткөндөр – 81;
Калыбына келтирилген документтер – 162.
Пробациялык көзөмөлдө турган адамдардын санынын көптүгүн эске алып, кардарлардын укуктарын коргоо чөйрөсүндөгү пробация органдарындагы иштердин жалпы абалын изилдөө тандалма изилдөөгө негизделген. Тандоонун касиети генералдык жыйындыны максималдуу түрдө чагылдырышы жана алынган корутунду жалпы санга жайылтылышы үчүн тандоодо репрезентативдүүлүктүн касиети эске алынган. Өз кезегинде, тандоо төмөнкүлөрдү жүргүзүүдө пайдаланылат:
а) пробациянын кардарларын анкеталоодо;
б) өздүк иштерди изилдөөдө;
в) жекече программаларды изилдөөдө.
2022-жылдын августундагы абалга карата аткаруу пробациясы боюнча кардарлардын жалпы саны төмөнкүнү түздү:
-Сокулук району боюнча - 200 дөн ашык адам;
- Балыкчы шаары боюнча – 56 адам;
- Кара-Суу району боюнча – 230 адамдан ашык;
-Сузак району боюнча - 200гө жакын адам.
Пробациянын кардарларынын изилденген райондогу суммалык саны генералдык жыйынды болуп саналарын эске алсак, анкетирлөө жүргүзүү үчүн тандалма жыйынды 20%ды түзөт деген чечим кабыл алынган.
Жалпысынан алганда, анкетирлөөгө 686 респонденттин 138и катышты, бул болсо орточо алганда 205тен ашыгыраагын түздү.
Пробациянын кардарларын анкетирлөө анонимдик формада жана пробация органынын кызматкерлеринин катышуучусусуз жүргүзүлдү, АПОнун ишинин реалдуу картинасын алууга мүмкүндүк берди.
Анкетирлөөнүн суроолору жөнөкөйлөтүлгөн жана жеткиликтүү формада түзүлүп, эки тилде: кыргыз жана орус тилдеринде жазылган.
1-диаграмма 2-диаграмма 3-диаграмма
Жогорудагы диаграммалар пробациянын кардарлары катары көпчүлүк учурларда орто билимдүү (81,1%) 18 жаштан 40 жашка чейинки (73,7%) эркектер (92,63%) экендигин көрсөттү.
1-гистограмма
[1] «Пробация кардарларынын муктаждыктарын аныктоо боюнча изилдөөлөр", Бишкек 2020 ж.; "Пробация жөнүндө Кыргыз Республикасынын эл аралык стандарттарын жана улуттук мыйзамдарын талдоо", Бишкек 2021 ж.; "Камактагы коопсуздук жана адамдык кадыр-барк маселелериндеги тең салмактуулук: алдын алуу мониторингинин негиздери" PRI; "Аялдар жана камакка алуу", БУУ 2014 ж; "Ата-энелеринин камалышынын балдарына тийгизген таасири", PRI 2010 ж.
[2] http://www.stat.kg/ru/statistics/prestupnost/
[3] https://probation.minjust.gov.kg/ru/
1-гистограмма
Суроолордун тизмеси:
6) юридикалык жардам жана кеңеш алууга;
7) керектүү документтерди калыбына келтирүүгө жардам алууга;
8) медициналык кызмат көрсөтүүлөрдө жардам алууга болгон укугуңузду билесизби?
9) пробация органынын кызматкерлеринин аракеттерине жана аракетсиздигине даттануу берүү механизми жөнүндө билесизби?
10) ушундай доо менен мурда кайрылгансызбы?
11) социалдык-укуктук кызмат көрсөтүүлөрдү алуу үчүн пробация органына кайрылган белеңиз?
12) кызматкерлер Сизге жакшы мамиле жасашабы жана таш боордук же кемсинтүү сыяктуу мамиле жасаган учурлары болду беле?
13) белгилүү себептер боюнча кыска мөөнөттүү убакытка чыгууга уруксат алууга укугуңузду билесизби?
14) пробация кызматкерлери жүргүзүп жаткан иштерге сизди канааттандырабы?
Анкетирлөөнүн жыйынтыгы боюнча кардарлардын жарымынан көбү жумуш менен камсыз болгондугу (56,84%) билинди. Пробациянын кардарлары соттолгон адамдар болгондугуна байланыштуу, жана коомдо аларга карата тагылган “ярлыктар” аларга жакшы акы төлөнгөн жана туруктуу иштерге орношууга мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коёт. Ошондуктан жакшыраак төлөнүүчү иштерди издөө менен алар квалификацияны, иш тажрыйбасын жана билимин талап кылбаган мезгилдүү жана убактылуу иштерге орношушат.
Сурамжылоого ылайык, алардын иштеп акча табууларынын негизги түрлөрү болуп такси кызматында, талаа жана курулуш иштеринде иштөөсү.
Пробация органдарынын көмөк көрсөтүү жана калкты ишке орноштуруу органдары менен өз ара аракеттенүүсүндө аларга бош орундардын тизмеси сунушталат, бирок аларда эмгек акы төмөн болгондуктан, ал иштен баш тартышат.
Анкетирлөө учурунда респонденттердин 80%дан көбү баштапкы маектешүүдө пробация кызматкерлери алардын укуктары жана милдеттери тууралуу жетиштүү маалыматтарды берерин айтышкан, бирок алар менен маектеше келгенде пробациялдык көзөмөл учурунда алар кайсы укуктарды пайдалана аларын так билишкен эмес. Жалпысынан алганда респонденттердин жарымынан көбүнүн (46-68%) пробация органдарынан жардамдын социалдык-укуктук, юридикалык, консультациялык жана башка түрлөрүн алуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматы бар экен. Аны менен бирге, респонденттердин 20 гана пайызы жардамдын кайсы бир түрүн алууга кызматкерлерге кайрылышкан. Мында жардам сурап кайрылгандардын көпчүлүгү (77%) маселе оң жакка чечилгенин көрсөтүштү. Изилденген документтерге ылайык, кардарларга көрсөтүлгөн жардам гуманитардык жардам берүү, кесиптик-техникалык билим алуу жана жоголгон документтерди калыбына келтирүү сыяктуу жардамдардан турган.
Пробациянын кардарларынын жарымы кызматкерлердин мыйзамга каршы аракеттеринде же аракетсиздигинде аларга каршы даттана алышарын билишет. Мында кардарлардын 10 гана пайызы кызматкерлерге ушул жаатта арыздана алышкан, бирок алар жазуу түрүндө таризделген эмес. Бирок алынган малыматтарга ылайык, кардарлардын 93,68%ы АПОнун кызматкерлеринин ишине ыраазы болгондугун билдиришкен.
Респонденттердин 68%ы белгилүү себептер менен кыска мөөнөттүү чыгууга укугу бар экендигин билишкенин белгилешкен. Алардын ичинен:
26,32% - ушул өтүнүч менен кайрылышкан жана уруксат алышкан;
3,16% - кайрылышкан, бирок баш тартылган.
70,53% - кайрылган эмес.
Баш тартуулардын 3,16%ы көрсөтүлгөн себептер белгилүү себептердин тизмесине кирбегендиги менен байланыштуу (жакын адамдарынын каза болуусу же өмүрүнө коркунуч келтирүүчү оору).
Аткарылган көчмө иштин жыйынтыгы пробациянын кардарларына анкетирлөө жүргүзүү монитрингдин натыйжалуу ыкмасы экендигин көрсөттү, себеби дал ушул анонимдик анкетирлөө АПОнун кызматкерлеринин ишинин жана кардарларга жасаган мамилесинин сапатынын реалдуу сүрөтүн көрсөтөт.
Мында аткаруучу катары эки кызматкерди кошуу керек, себеби тажрыйба көрсөткөндөй, бул ыкманы ишке ашыруу берилген суроолордун маңызын чечмелөө жана анкеталарды толтуруу ыкмасын түшүндүрүү үчүн иш жүзүндө көптөгөн убакыттын сарпталышын талап кылат экен. Ошондой эле анкетирлөө учурунда алынган маалыматтар өтө көп болгондуктан, аларды иштеп чыгуу дагы көп эмгекти талап кылат. Тандоону кардарлардын жалпы санынан 30%дан 20%га төмөндөтүү керек. Пробациянын кардарлары пробация органдарын алдын ала бекитилген датага барарын эске алсак, текшерүү жүрүп жаткан учурда алардын келүүлөрүн камсыз кылуу оор процесс болуп саналат.
Тандалган индикаторлорду өзгөртпөстөн калтыруу максатка ылайык деп эсептейбиз.
Төмөндө каралган штаттык сандын таблицасы жана райондор боюнча иш жүзүндө иштеген кызматкерлердин саны келтирилген.
1-таб.
|
Чүй облусунун Сокулук району |
Ош облусунун Кара-Суу району |
Жалал-Абад облусунун Сузак району |
Балыкчы шаардык башкармалыгы |
Штаттык саны |
7 |
7 |
6 |
2 |
Иш жүзүндө иштегендер |
5 |
5 |
3 |
2 |
Интервью жүргүзүүдө аймактык пробация органдарынын бардык кызматкерлери кардарларга алардын укуктарын жеткиликтүү формада жана толук өлчөмдө түшүндүрүп жатышкандарын айтышты, бул кардарлар арасында жүргүзүлгөн анкетирлөөнүн жыйынтыгы менен тастыкталган жок. Айрым кызматкерлер, тактап айтканда, кызматкрлердин жалпы санынын бештен бир бөлүгү пробациянын кардарларына кайсы укуктар тиешелүү экендигин билбегендиги аныкталды.
Жүргүзүлгөн профилактикалык маектешүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча, аймактык бөлүмдүн кызматкери эркин формада маалымкат түзөт, анда алардын маңызы менен мазмуну чагылдырылат. Бул маектешүүлөрдү жүргүзүүнүн негизги максаты жүрүм турумдун, ой-жүгүртүүнүн туугандык жана социалдык байланыштарды калыбына келтирүүнүн динамикасын аныктоо, ошондой эле кардар кайрадан укук бузууга баруусуна болжолдуу түрткүсүн табуу жана аны жок кылуу. Негизинен, профилактикалык маектешүүлөр фомалдуу мүнөзгө ээ жана кардар өзүнүн жашаган жерин жана иштеген ордун алмаштырганына ынануу негизинде гана болот. Пробация органдарынын Сузак, Кара-Суу жана Сокулук райондук бөлүмдөрүнүн маалымкаттарында маектешүүнүн маңызы жана мазмуну тууралуу эч кандай маалымат камтылган эмес. Жашы жетелек кардарлар менен маектешүүлөр окуудан өткөн, жетиштүү көндүмдөргө ээ өзүнчө кызматкерлер тарабынан жүргүзүлөт.
Пробация департаменти АПОнун кызматкерлеринин потенциалын өркүндөтүү боюнча иштерди жүргүзүп турат, бул квалификацияны жогорулатуу боюнча өткөрүлгөн семинарлар жана тренингдер менен тастыкталат. Пробация органынын кызматкерлеринин квалификациясы кардарларды ресоциализациялоо маселесиндеги маанилүү фактор болуп саналат. Кайрадан укук бузууну жасоо үчүн түпкүлүктүү себепти табуу жана аны жоюу боюнча андан ары иш алып баруу атайын көндүмдөрдү жана сапаттарды талап кылат, себеби ар бир учур өзүнчө спецификага ээ.
Пробациянын аймактык органдарында кадрлардын жетишсиздигине байланыштуу, функционалдык милдеттерди так чектөө жоко эсе, көпчүлүк учурларда бир эле адам эсептик каттоого алуу жана мониторинг жүргүзүү, социалдык иш, коомдук иштер түрүндөгү жазаларды аткаруу, түзөтүү иштери боюнча кызматкердин да милдеттерин аткарып калат.
Жүктөлгөн иштин көлөмүнүн өтө көптүгү кардарларды реализациялоодо жүргүзүлүп жаткан иштин сапатына терс таасирин тийгизет. АПОнун кызмтаткерлери менен болгон маектешүүлөргө талдоо жүргүзүү - интервью алуу мониторинг жүргүзүүүнүн методдорунун бири экендигин көрсөттү. Кардарлардын укуктарын сактоонун маанилүү шарттарынын бири квалификация, кесипкөйлүк жана АПОнун билими адам укугун коргоонун улутуттук жана эл аралык стандарттары катары саналат. Кызматкерлер менен маектешүү жүргүзүү пробация органдарынын ишиндеги кардарларга социалдык, консультативдик жана юридикалык жардам көрсөтүүнүн бөлүгүндө кемчиликтерди жана алсыз жерлерин табууга көмөк көрсөтөт.
Кардарларга алардын укуктары жөнүндө түшүндүрүүнүн ыкмасы жана сапаты тууралуу маалымат алуу үчүн кошумча индикатор кошуу керек. Индикатор катары “Биринчи маектешүүнү жүргүзүүдө кардарлардын укуктарын жана милдеттерин оозеки түшүндүрүүнү” паайдаланууга болот.
2-жадыбал
|
Чүй облусунун Сокулук районунда |
Ош облусунун Кара-Суу районунда |
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда |
Балыкчы шардык башкармалыгында |
Майыптуулугу бар адамдар үчүн пандустун болушу |
жок |
жок |
жок |
ооба |
Маалымат дубалдардын болушу |
жок |
жок |
жок |
жок |
Таркатуучу материалдардын болушу |
жок |
жок |
жок |
жок |
Маектешүү жүргүзүү үчүн өзүнчө бөлмөнүн болушу |
ооба |
ооба |
ооба |
жок |
Майыптуулугу бар адамдардын тоскоолдуксуз кириши Балыкчы шаардык башкармлыгында эле бар экендигини көрүнүп турат, бул Балыкчы шаарынын мэриясынын административдик имаратынын биринчи кабатында жайгашканы менен түздөн- түз байланыштуу. Аны менен бирге Пробациянын Сузак аймактык бөлүмү Сузак райондук мамлекеттик администрациясынын 3-кабатында жайгашкан, ал жака майыптуулугу бар адамдар тоскоолдуксуз жетүүгө мүмкүндүгү болбойт. Бөлүмдүн калган эки району пандустары жок болгон административдик өзүнчө имараттарда жайгашкан. Бардык 4 райондо теӊ имараттын кире бериш жагында бардыгы жеткиликтүү болгон жерде кардарлар үчүн пайдалуу маалыматтар менен маалыматтык дубалдар жок, брошюралар же таркатма материалдар жок болуп саналат. Пробация органдарынын райондук бөлүмдөрүндө орточо алганда 2, 4 кызматтык кабинет бар экендигин белгилеп кетүү керек. Мында Балыкчы шаардык башкармалыгында мэриянын имартында болгону 1 эле кабинет бөлүнүп берилип, 2 кызматкер иштейт. Мындай шартта профилактикалык маектешүү жүргүзүүнүн купуялуулугун камсыз кылууга мүмкүн эмес.
Бул ыкма майыптуулугу бар адамдар, балдар жана башка категориядагы адамдар менен иштөөдө белгиленген талаптарды аткарууга талаптардын сакталышына баа берүүгө мүмкүндүк берет.
Жекече программа кардарлардын талаптарын табуу жана социалдык укуктук жардам көрсөтүү боюнча негизги документ болуп саналат. Ушуга байланыштуу программанын иштеп чыгуу сапаты аны андан ары ишке ашырууга жана пробациялык көзөмөл планын түзүүгө таасир этет.
Жеке программаларды изилдөө жана ага талдоо жүргүзүү ошол райондо түзүлгөн программалардын жалпы санынан 30%ын тандоону карайт. Алсак, Сокулук жана Чүй облустарында түзөлгөн 204 программанын 53 (25,9%) программасы изилденген, Балыкчыда 56дан 35 программа (62,5%), Ош облусунда 230 дан 65ин (28,2%) жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 200 программасынан 50сү (25%) изилденген. Төмөндөгү диаграмма жеке программадагы пайыздык катышты билдирет, мында жалпы изилденген программа 100%ды түшүндүрөрү көрсөтүлгөн.
2-гистограмма
Кара Суу райондук пробация оранынын бөлүмүндө изилденген жеке иштердин 36%ында жеке программалар жок, Сузак районунда – 28%дан ашыгында жок. Пробацияны пайдалануу жана кардарларды эсептик каттоого алуу Тартибине ылайык, пробация органынын кызматкери Программадан кардардан баш тарткан учурда акт түзүлөт. Анда программалар жок болгон өздүк иштерди изилдөөдө ага карата бир да актыны тапкан жокпуз.
2-гистограммадан көрүнүп тургандай, Программанын жоготулган укуктар жана табылган керектөөлөр жөнүндө пунктар бош бойдон калууда, бирок мындай маалымат эӊ маанилүү болуп саналат. Программаны түзүүнүн маӊызы пробация органдарынын кызаткерлеринин табылган керектөөлөрдөн улам келип чыгат. Алсак, Сузак аймактык бөлүмдө изилденген программалардын жалпы санынын 25 гана %ында кардарлардын керектөөлөрү табылган, ал эми Кара Сууда бул көрсөткүч болгону 9%ды түзөт. Бир да райондо көрсөткүч 50%дан ашкан эмес. Бул фактор пробация органдарында кардарлардын керектөөлөрүн жана муктаждыктарын аныктоодо ишинин сапатынын төмөндүгүн көрсөтөт.
Программада көрсөтүлгөн маалымат кардардын өзүнүн сөзү боюнча толтурулат, ал андан кийин такыр эле текшерилбейт. Дээрлик бардык жеке иштерде кардардын көрсөтүлгөн даректе жашагандыгы, иштегендиги жна билими бар экендиги тууралуу маалымат камтылган эмес. Керектүү маалыматтарды алуу үчүн Тартипке ылайык аймактык бөлүмдөр тиешелүү органдарга, анын ичинде кардар окуган же окуп бүткөн билим берүү уюмдарына, кардардын иши тууралуу маалымат алуу үчүн иштеген жерине өтүнмө жибериши керек. Иштеген жеринен маалымкаттын жоктугу пробациянын кардарларынын көпчүлүгү убактылуу иштер менен, же расмий эмес иштерде алектенгендигине жараша болуп калат, бул дагы алардын расмий документтерди алышына тоскоолдук болот. Эреже катары, өтүнмөлөр саламаттык сактоо уюмдарына, социалдык коргоо, укук коргоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына гана жиберилет. Мында кардардын ден-соолугунун абалы жөнүндө медициналык маалымкаттарды толутуруунун бирдиктүү формасы жок жана көпчүлүк учурларда медициналык уюмдардан ал кардар каттоодо жок деген, же «ден-соолугу чыӊ» формалдуу түрдө эле маалымкат алып коюшат.
Райондук башка бөлүмдөрдө, мисалы, Кара-Суу райондук бөлүмдө изилденген бардык жеке иштерде керектөөлөрдү мезгил-мезгили менен баалоонун бланктары жок, алар Программага өзгөртүү киригизерде эске алынышы керек болчу. Калган райондордо бул бланкаларды толтуруу формалдуу эле болуп калат. Ал эми аларды изилдөөдө баштапкы Программаны өзгөртүүнүн бир дагы фактысы табылган эмес.
Пробациянын түрүнө карай кардардын өздүк ишин түзүү үчүн керектүү документтердин тизмеги пробацияны колдонуу жана карадарларды эсептик каттоого алуу тартиби менен өзгөртүлө жана бекитиле алат.
3-гистограмма
3-гистограммада жеке иштерди түзүүдө керектүү документтердин бар же жоктугу көрүнүп турат. Кардардын анкетасынын, эсептик каттоого алуу бланкынын жана социлдык картасынын бар экендигинин көрсөткүчтөрү 100% максималдык мааниге жакындатылган.
Кардардын укук жана милдеттер менен таанышкандыгын туюндурган тил катынын жок болгон учурлары да кездешти. Сокулук районунда тил кат дээрлик 17%ында жок. Тил каттардын көпчүлүгү «Пробация жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын номери гана көрсөтүлгөн документ экендигин да көрдүк. Мында укуктардын жана милдеттердин тизмеге кол коюлган эмес.
«Пробациянын кардарлары ме6нен иштөөнү уюштуруу жөнүндө» Нускамага ылайык (мындан ары – Нускама) аймактык уюмдун кызматкери кардардын жашаган жерине барат, турак жай тиричилик шарттарын изилдейт, тиешелүү актыны түзөт. Диаграммадан көрүнүп тургандай, Сокулук жана Кара-Суу райондорунун кардарларынын өздүк иштеринде турак жай тичиричилик тууралуу актыларынын бар экендигинин көрсөткүчү 16%дан ашкан эмес, т.а. пробациянын кардарларынын орточо 80%ында жашоо шарттары жана туруктуу жашоо жерлери белгиленген эмес. Маектешүү учурунда АПОнун кызматкерлери иш көп болгондуктан жана кызматкерлер жетишпегендиктен, башка жактарга барып кардарларынын жашаган жерлерин көрүп келүүгө мүмкүнчүлүк жок экендигин билдиришти.
Ошондой эле Нускамада кызматкер кардарды тиешелүү саламаттык сактоо уюмдарына баштапкы медициналык текшерүүдөн өтүүгө жиберерери көрсөтүлгөн. Ошого байланыштуу медициналык маалымкаттарынын болушу 50 %дан ашпайт, бул болсо кардарлардлын медициналык изилдөөдөн өтүүсүнө көзөмөл жок экендигин билдирет.
Соттолгондугу, алкоголдон жана банги затынан көз карандуулугуна кардарлардын Өздүк иштерин текшерүү ашыкча экендигин көрсөттү. Бул маалымат белгиленип турат жана жекече программалары түзүүдө эске алынат.
Пробациянын кардарларын каттоо жана эсепке алуу
Тартипке ылайык, аймактык башкы бөлүмдүн кызматкеринин аракеттер алгоритми бекитилген, анда пробациянын кардрынын аны эсептик каттоого алуу үчүн арыз жазуу зарылдыгы жөнүндө ченеми жок болуп саналат. Мында, Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 82-беренесинин 4-пунктуна ылайык, пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүн эсептөө соттолгондун пробация органына келген күндөн башталат. Ошого байланыштуу кардарды каттоодо бардык документтер кызматкер тарабынан өз колу менен, датасы көрсөтүлүп жазылат, бул анын ал жакта жүрүүсүн эсептөөнүн тууралыгын жана пробация органына келгендигинин далилинин кепилдиги болуп саналат. Алсак, Сузак районунда бөлүмүндө кардарлар эсептик каттоого алуу жөнүндө арыз жазышат, бирок бул арыздар катталбайт, ал эми Кара Суу районунда пробациянын кардарлары пробациялык көзөмөлдүн тартибин бузбаса дагы, биринчи барганында түшүнүк кат жазышат. Калган райондук бөлүмдөрдө өздүк иштерде эсепке алып каттоо жөнүндө арыздар такыр эле жок.
Сузак райондук бөлүмдө айрым соттолгондордун пробациялык көзөмөлүнүн мөөнөтүн туура эмес эсептеген учурлар табылган. Бул кардарлар үчүн түрдүү чектөөлөрдү коюуга алып келет. Кылмыш-жаза аткаруу мыйзамдарынын ченемдерин бузуу менен, белгиленген райондун кызматкерлери айрым кардарлар үчүн пробациялык көзөмөлдүн мөөнөтүнүн башталышын, соттон келген материалдардын датасын белгилеп коюшат. Соттун өкүмүнө ылайык кардар АПОго соттун өкүмү мыйзамдуу түрдө күчүнө кирген 10 күндүн ичинде келсе дагы, жогорудагыдай бузууларга барышат. Алардын ошол маалда келгендигин алардын эсепке алуу каттоосуна датасын көрсөтүү менен берген арызынан көрүнүп турат
Пробациялык органдын райондук бөлүмдөрүндө жашы жетелек кардарлардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн алкагында кардарлардын ювеналдык юстиция боюнча бардык өздүк иштер текшерилди. Документтерди талдоого алууда жана кардарлар менен маектешүү жүргүзүүдө профилактикалык маектешүүлөрдү жүргүзүүгө жана ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышышына өзгөчө көӊүл бурулду. Жашы жетелек кардарлар менен иштешүүдө өзгөчө укук бузуулар табылган жок, маектешүүнү жүргүзүү жөнүндө маалымкаттарды изилдөөдө ата-энелеринин же мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышкандыктары кол тамгалар менен далилденип турат. Бул индикатор өтө маанилүү болуп саналат. Себеби мөөнөттөрдү сактоо жана өз учурунда каттоого алуу эркиндигине болгон чектөөлөрдүн мыйзамдуулугу менен байланышкан.
Пробация боюнча Кеӊештерди түзүүнүн негизги максаты жергиликтүү мамлекеттик администрацияларда, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларында пробация маселелерин ыкчам жана натыйжалуу чечүү болуп саналат. 4 райондун Кеӊештеринин ишин кароонун алкагында 2022-жылдын I кварталы үчүн отурумдардын 4 протоколу изилденди. Изилденген материалдарга ылайык, отурум учурунда:
- пробация кызматкеринин жасаган иштери тууралуу отчет угулат;
- пробация боюнча Кеӊештин планы талкууланат;
- пробациянын кардарлары менен иштөө боюнча негизги маселелер талкууланат;
- пробациянын кардарларынын конкреттүү кейстери жана мамлекеттик органдар тарабынан жардам көрсөтүү ыкмалары каралат.
Кеӊештердин отурумунун убагында коомдук иштердин жана бул тизмени берүүчү муниципалдык мекемелердин тизмеги аныкталат. Негизинен отурумдарды өткөрүүнүн тематикасы өзгөрбөйт, жана Кеӊештин мүчөлөрү талкуулай турган мааселелер төмөнкүлөргө тиешелүү:
- муктаж кардарларга гуманитардык жардам көрсөтүү мүмкүнчүлүгү; - кардарлар үчүн орто-кесиптик билим алууга көмөк көрсөтүү;
- кардарлардын керектүү документтерди жана жашаган жери боюнча катталуусун алууга көмөк көрсөтүү;
- кардарлар үчүн акысыз медициналык тейлөө менен камсыз кылуу зарылдыгы;
- пробация кардарларын ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгү.
Аны менен бирге Пробация Кеӊешин түзүү жана ага жергиликтүү деӊгээлдеги мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусу мамлекеттик жанан муниципалдык органдардын пробация кардарларынын айрым социалдык тиричилик көйгөйлөрдү чечүүдө өз ара аракеттерин чыӊдоо үчүн маанилүү механизм болуп саналат. Тажрыйба көрсөткөндөй, Кеӊештин чечими менен айрым кардарларга алардын андан аркы аткарылышы пробациянын райондук бөлүмү тарабынан көзөмөлдөнүүчү социалдык жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү түзүмдөргө конкреттүү тапшырмалар берилет. Кеӊеш пробация тутумун түзүүчү башка органдар менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүдө АПО үчүн иштеген инструмент болуп саналат.
Кардарлардын укуктарын жана эркиндиктерин сактоо чөйрөсүндө аймактык пробация органдарына мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кардарларга социалдык укуктук, психологиялык жардам көрсөтүүдө жана ресоциаалштырууда аймактык бөлүмдөрдүн функциялары өтө төмөн аткарылып жаткандыгын белгилөөгө болот. Аймактык бөлүмдөрдүн ишинин негизги бөлүгү өздүк иштерди толтуруу жана бекитилген Тартипке ылайык керектүү документтерди топтоо менен байланышкан. Кардарларга карата мыйзамдарга ылайык түнкүсүн сөзсүз үйүндө болуу, пробация органынын кызматкеринин макулдугусуз административдик аймактан чыгууга тыюу салуу сыяктуу айрым чектөөлөр белгиленген.
Чындыгында белгиленген чектөөлөрдүн аткарылышына көзөмөл такыр жок, жана мындай түрдөгү бузуулардын далили өздүк иштерди талдоодо табылган жок. Кардарлар үчүн белгиленген талаптарды сактоосуна көзөмөл техникалык атайын каражаттарды колдонгондо гана мүмкүн болот. Электрондук көзөмөлү пайдалануунун ченемдери жана тартиби менен бекитилген, бирок бул тутум каржы каражаттарынын жоктугунан улам азыркыгаа чейин ишке киргизилген эмес.
Пробация органынын ишинин төмөнкү сапаты муну менен байланыштуу:
Аны менен бирге, Пробация департаменти жакында түзүлгөн мамлекетик орган экендигин эске алуу менен бирге, коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруу үчүн убакыт керектигин түшүнүү керек. Кардарларды түзөө жанан ресоциалдаштыруу боюнча максаттарга жетүү социалдык камсыздоо, ички иштер, билим берүү, саламаттык сактоо жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү орандардын көрсөткөн көмөгүнөн көз каранды.
Сунуштоолор
2022-жылдын 31-декабрына карата Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин)
дарегине келип түшкөн жарандардын кайрылуулары жөнүндөгү цифралык отчёт
Ёкщлчщлщктёрдщн аталыштары |
Жыл башынан тщшкён арыздардын саны |
Аткарылган |
Аткарууда |
сурамкат жёнётщлгён |
сурамкатка алынган жооптор |
Кёъщл буруу актысы |
Арыздарды жерине чыгып кароо с выездом на место |
Сотко катышуу |
Арыз ээлерине жооп берилди |
Оозеки тщшщндщрмёлёр |
||||||
Жалпы |
В том числе: |
|||||||||||||||
аялдардан |
пенсионерлерден |
жамааттык |
сотко катышуу |
кёзёмёлдён алынды |
арыз ээсинин пайдасына |
жалпы |
аткаруу мёёнётторщ ёткён |
|||||||||
Жалпы Борбордук аппарат боюнча |
2096 |
1089 |
372 |
112 |
657 |
1993 |
90 |
103 |
- |
1907 |
902 |
19 |
565 |
494 |
2040 |
2396 |
Баткен областы |
176 |
101 |
10 |
1 |
29 |
170 |
14 |
6 |
- |
230 |
626 |
3 |
26 |
29 |
321 |
100 |
Жалал-абад областы |
161 |
69 |
19 |
3 |
75 |
158 |
38 |
3 |
- |
144 |
132 |
7 |
25 |
75 |
144 |
245 |
Иссык-Кёл областы |
250 |
144 |
55 |
10 |
113 |
247 |
31 |
3 |
- |
137 |
135 |
- |
130 |
108 |
247 |
306 |
Ош областы |
321 |
164 |
80 |
12 |
94 |
304 |
29 |
17 |
- |
218 |
175 |
7 |
153 |
155 |
304 |
824 |
Нарын областы |
116 |
69 |
22 |
4 |
38 |
111 |
42 |
5 |
- |
113 |
104 |
2 |
100 |
77 |
108 |
198 |
Талас областы |
78 |
57 |
14 |
3 |
23 |
72 |
23 |
6 |
- |
90 |
83 |
2 |
14 |
50 |
81 |
149 |
Чуй областы |
492 |
294 |
124 |
18 |
282 |
410 |
12 |
82 |
- |
268 |
255 |
9 |
6 |
236 |
501 |
365 |
Бардык аймактар боюнча |
1594 |
898 |
324 |
51 |
654 |
1472 |
189 |
122 |
- |
1200 |
1510 |
30 |
454 |
730 |
1706 |
2187 |
Кат жщзщндё кайрылуулардын жалпы кёрсёткщчщ |
3690 |
1987 |
696 |
163 |
1311 |
3465 |
279 |
225 |
- |
3107 |
2412 |
49 |
1019 |
1224 |
3746 |
4583 |
оозеки консультация алгандар |
4563 |
Кайрылган атуулдардын жалпы саны |
8273 |