
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институнун кызматкерлери 17-мартта баш калаадагы Максим Горький атындагы паркта “Акыйкаттык жана эркиндик үчүн” деген ураандын алдында өткөн жарандардын тынчтык жыйынына мониторинг кылышты.
Митингге “Кемпир-Абад иши” боюнча камакта кармалган 27 адамдын 200дөй туугандары жана тарапташтары катышты.
Мындан тышкары Мамлекеттик каржы полициясынын мурдагы төрагасы, Кыргызстандын жашылдар партиясынын лидери Эркин Булекбаев, экс-акыйкатчы Турсунбек Акун, Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөсү Исмаил Исаков жана башкалар жыйынга катышты.
Демонстранттар колдоруна төмөнкүдөй: “Кубанычбек Кадыровдго боштондук”, «Саясий туткундарга эркиндик», «Бекназаровго боштондук», «Эки дос эсиңе кел!», «Бизге адилеттүү сот керек», “Биз сөз эркиндиги жана ынанымдарын колдойбуз”, “Биз ачык сотту талап кылабыз”, “Кемпир-абадчыларга боштондук”, “Саясий туткундарга боштондук. Клара Сооронкулова”, “Эркиндик –эң жогорку баалуулук” жана башка көптөгөн мазмундагы плакаттарды кармап турушту.
Катышуучулар 2002-жылы 17-мартта Аксы окуясында курман болгондордун элесине багыштап куран окушту. Андан соң алар сөз алып сүйлөшүп жана беш айдан бери тергөө абагында кармалып тургандарды бошотуу талаптарын айтышты.
Ошондой эле катышуучулар бийликке төмөнкүдөй талап койгон резолюцияны кабыл алышты:
― сот реформасын жүргүзүү жана бийликтен соттордун толук көз карандысыздыгын камсыздоо, анткени азыркы учурда сот системасынын адилеттүүлүгүнө эч ким ишенбейт;
― Көз карандысыз ЖМКларга анын ичинде «Азаттык», «Кактус» жана «Политклиникага» кысымды токтотуу;
― Өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылган журналист Болот Темировдун жарандыгын калыбына келтирүү жана аны мекенине кайтарып келүү;
― Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча мыйзамсыз кармалгандары бошотуу;
― Чакан жана орто бизнеске өлкөдө жакырчылык жана жумушсуздук күчөп жаткан маалда мамлекеттик казынаны толтурабыз делип министрлер кабинети тараптан жасалып жаткан кысымды токтотуу. Мунун ордуна министрлер кабинети реалдуу күрөштү баштап, ошондой эле жумушчу орундарды түзүү менен иш алып барышы керек.
Айтылган талаптар аткарылбай калган учурда катышуучулар мөөнөтсүз тынчтык митингдин улантууга мажбур боло тургандыктарын билдиришти.
Камакта кармалган Рита Карасартованын кызы Касиет Мамырбай кармалгандарын туугандарына жолугушууга, телефон менен сүйлөшүүгө мүмкүндүк бербей жатышканын айтты. Ал бийлик коркутуу жолу менен авторитаризмге бара жатат деген жыйынтык чыгарууга боло турганын, бүгүнкү митингдин максаты-адамдарды коркутуу жана сөз эркиндигин (мисал катары кысымга кабылган «Азаттык» жана «Политклиника» кейсттери ) чектөөгө каршы болуу экенине токтолду.
Мамлекеттик жана укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тынчтык митингди өткөрүүгө эч кандай тоскоол болушкан жок.
Акыйкатчы институту аталган иштин башынан бери-активсттерди жана укук коргоочуларды кармаган күндөн тартып мониторинг жүргүзүп келет.
Ошондой эле иши тергелип жаткандардын баш коргоо чараларын тандоо боюнча соттук жыйындарга дагы мониторинг кылууда. Акыйкатчы жана институттун кызматкерлери гана кармоо шарттары менен жеринде таанышуу үчүн СИЗО-1 абагына кармалгандарга барышууда. Акыйкатчы Атыр Абдрахматова “Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандардын укуктарын сактоого байланыштуу маселени карап чыгуу чакырыгы менен үч ирет Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылган.
Ошондой эле Акыйкатчы Атыр Абдрахматова буга чейин Президентке, Башкы прокуратурага кармоодогу жана баш коргоо чараларын тандоодогу адам укуктарынын бузулушу боюнча чара көрүү тууралуу кайрылган.
Бүгүн, 15-мартта Баткен областынын Раззаков шаарындагы Лейлек райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмени) Атыр Абдрахматова жарандарды жеке кабыл алды.
Акыйкатчыга жолугушууга Тажикстандын аскердик агрессиясынан жабыркаган жергиликтүү тургундар, ошондой эле Тажикстандан качууга мажбур болгон этникалык кыргыздар келишти.
Аскердик агрессиядан жабыркаган Лейлек районунун тургундары Акыйкатчыга алардын укуктарын коргоо өтүнүчү менен кайрылышты.
Негизинен жабыркагандар алар үчүн мамлекеттен бериле турган көмөк тууралуу толук маалыматтары жок экенин билдиришти.
Алардын айтымында, мамлекет тарабынан келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү ишке аша элек, анткени Баткен жана Ош областтарында куралдуу конфликттин кесепетинен жабыркаган жана бузулган административдик-аймактык бирдиктерди калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссия дагы деле болсо өз ишин жыйынтыктай элек.
Жабыркагандар мамлекет тарабынан келтирилген чыгымдарды калыбына келтириш үчүн аларга канча каражат качан төлөнөрүн жана буга чейин алардын чыгымдары үчүн төлөнгөн сумма бул каражаттан кемитилеби же жокпу билбей жатышат.
«Бизге качан жана канча төлөп беришерин билбей жатабыз, маалыматыбыз жок. Жергиликтүү бийлик органдары “келтирилген чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча комиссиянын кортундусу министрлер кабинетине берилди” деп жатышат. Бирок ким канча алары белгисиз. Алты ай өттү, болгону 200 миң сом көлөмүндө көмөк алдык. Бирок үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө бул сумма кийим алуу менен жашаганына араң жетет”,-деп билдиришти чек ара айылдарынын жабыркаган тургундары.
Арка айылынын жашоочусу аскердик чатактан улам балдар төрт айдан бери мектепке барбай жатышканын айтты, анткени алар качууга мажбур болушкан.
“Мектепти аяктап жатышкан окуучулардын абалы ойлондурат, быйыл мектепке бара албай калышты, алар болсо жогорку окуу жайга тапшырыш үчүн ЖРТ тапшырышы керек”,-дешти жеке кабыл алууга келгендер.
Акыйкатчы Билим берүү жана илим министрлигине Баткен областынын чек ара райондорунун бүтүрүүчүлөрү үчүн өзгөчө шарттарды түзүп берүү өтүнүчү менен кайрылганын белгилеп өттү.
Атыр Абдрахматова бир ирет берилчү көмөк-бул башка чара экенин, бул келтирилген зыянды төлөө боюнча суммага кирбей турганын түшүндүрдү.
Ал ошондой эле райондук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрүнөн келтирилген зыян боюнча төлөмдөрдү алыш үчүн зарыл болгон документтерди жеринде берүүнү талап кылды.
“Жергиликтүү бийлик органдары ар бириңиздерге чыгымдарды калыбына келтирүү боюнча комиссиянын актыларын берүүгө милдеттүү. Сиздердин кайрылуулар боюнча биз өзүбүздүн мандатыбызга ылайык суроо билдирмелерди даярдайбыз”,-деп айтты омбудсмен.
Лейлек районунун акиминин орун басары Маскатай Каримбердиева жергиликтүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрүн токтоосуз чакырып, алар жабыркагандардын суроолоруна жооп беришти.
Максат айылынын тургуну буудай айдай албай жатканын, анткени коңшу республиканын тургундары түн ичинде ал орноткон септикти бузуп кетишкенин айтып даттанды.
Лейлек районунун ички иштер бөлүмүнүн тергөө бөлүмүнүн башчысы бул маселе КРнын Мамлекеттик чек ара кызматынын деңгээлинде чечилерин билдирди.
Ошондой эле акыйкатчы кайрылмандар-Тажикстандан кайтууга аргасыз болушкан этникалык кыргыздар менен жолугушту.
Кайрылмандардын башкы көйгөйү - улгайып калган жакындарына пенсия алууга мүмкүн эместиги болду, анткени тажик тарап тиешелүү маалыматтарды бербей жатат. Ошондой эле алар турак-жайга байланыштуу чечиле элек маселелерине да токтолушту.
“Мен Кыргызстан үчүн жанымды берүүгө даярмын.Тажикстандан качып келгенден кийин Кыргызстанда жумушка орноштум. Бирок менен улгайган ата-энем пенсия ала албай жатышат”,-дейт кайрылмандардын бири.
Социалдык фонддун райондук башкармалыгынын өкүлү аларга кайрылган 57 кайрылмандардын ичинен 40 адам учурда Кыргызстандын бюджетинен пенсия алып жатышканын маалымдады.
“Тажик тарап 40 адам боюнча маалымат берди, алар аталган өлкөдөн пенсия алып жүрүшкөнүн тастыкташты.17 адам боюнча маалыматты биз ала албай жатабыз, ошондуктан аларга пенсия которо албайбыз. Мындай иштердин бири үчүн алты ирет суроо билдирмеси жөнөтүлгөн”,-деп түшүндүрдү ал.
Акыйкатчы Атыр Абдрахматова бул маселе боюнча Тажикстандын Омбудсменине кайрыларын маалым кылды.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова Нарын областынын Нарын шаарында кыздарды гендердик зомбулуктан, мектеп окуучуларын укук бузуулардан, кылмыштардан (мектеп рэкетинен) коргоо боюнча мониторингдин бет ачары боюнча тегерек столго катышты.
Өзүнүн саламдашуу сөзүндө Атыр Абдрахматова Акыйкатчы катары анын максаты - укук бузуулардын алдын алуу жана токтотуш үчүн ар түрдүү органдар менен уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенишүүнү күчтөндүрүү экенин белгиледи. Ал ошондой эле прокуратура органдарынан мониторингдин материалдарында көрсөтүлгөн фактыларга көңүл бурууну талап кылды.
Мониторингди КРнын Акыйкатчы институту (Омбудсмен) “Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы” коомдук фонду, Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын программалык кеңсесинин техникалык колдоосу менен биргеликте жүргүзгөн.
Нарын шаарындагы мектептердин 7-11-класстарынын 700 окуучусунун арасында интервью жана фокус-топтук талкуулар өткөрүлгөн. Алардын максаты Кыргыз Республикасынын Нарын шаарындагы балдарга жана жаштарга карата мектеп рэкетинин, зордук-зомбулуктун жана башка терс көрүнүштөрдүн учурдагы абалын аныктоо болгон.
Респонденттердин 41,46 пайызы зомбулуктан коргонуу үчүн жардамга муктажбыз деп жооп беришкен. Ошол эле учурда ар кандай курактагы балдардын жооптору бир топ айырмаланат. 7-класстын окуучулары жардамга муктаж экенин түздөн-түз билдирүүгө даяр болушкан.
8-класска чейин эле балдар зомбулукка зомбулук менен жооп кайтарууга, укук бузууларды, кылмыш фактыларын билдирбөөгө, ички сырды сактоого өбөлгө түзгөн же пропагандалаган кылмыштуу субмаданияттын (балдар анын баалуулуктарын жана эрежелерин кабыл алат, айрыкча өспүрүмдөр таасирленишет) таасирине кабылышат. Ошондуктан, «Мен өзүм үчүн туруштук бере алам, бирок ал жардам деле ашык болбойт эле» деген жооп пайда болот. Зордук-зомбулуктан коргонууда жардамга муктаж эмес деген так жоопту 8-класстын окуучуларынан бир дагы респондент берген эмес.
“Изилдөөлөр Нарында мектеп рэкети массалык мүнөздөгү көрүнүш экенин көрсөттү. Ошол эле учурда респонденттердин 17,6 пайызы ага күн сайын кабылат. Негизинен мектеп рэкетин жогорку класстын окуучулары (48,32 пайыз) жана улуулар (22,41 пайыз) жасашат. Ошол эле маалда улууларга (ата-энелер, балдар менен иш алып барган адистер) мектеп окуучулары көп ишенишпейт, рэкетке кабылган балдардын көпчүлүк бөлүгү досторуна (58,15 пайыз) кайрылышат”,-деп айтты “Балдардын укуктарын коргоочулар лигасы” уюумун башчысы Назгуль Турдубекова.
Отчеттун алкагында жыйынтыктар жана сунуштар берилди.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын жетекчилигин Кемпирабад иши боюнча тергелип, учурда абакта кармалып жаткан Асия Сасыкбаеванын кармоо шарттарын жакшыртууга чакырды.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) аппаратынын кызматкери Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын № 21 мекемесинде камакта жаткан Асия Сасыкбаевага жолуккан.
Маектешүү маалында ал мекеменин кызматкерлерине даттанган жок, бирок кармоо шарттары тууралуу токтолуп, камерада сыз, нымдуу болуп жатканын белгиледи. Ден соолугунун абалы канааттандырарлык, психологиялык абалы жакшы экенин, баардык дары-дармектерди өз маалында алып келип жатышканын,башка шарттар боюнча арызы жок экенин айтты.
Асия Сасыкбаева КРнын Акыйкатчысына камкордугу жана көңүл бурганы үчүн ыраазычылык билдирди.
Фото: kaktus.media