
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы (Омбудсмен) Атыр Абдрахматова менен бизнес-омбудсмендин милдетин аткаруучу Нурлан Мусуралиев өлкөдөгү инвестициялык ишмердикти жана ишкерлик субъекттердин укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо боюнча кызматташтык жөнүндө меморандумга кол коюшту.
Кызматташтыктын алкагында эки укук коргоочу институт биргелешкен иш-аракеттерди колдонууга ниеттенишүүдө.Алар:
- ишкерлердин укуктарынын бузулушун эскертүү;
- бизнестин укуктарынын бузулушун аныктоо жана жоюу;
- Кыргызстандагы бизнес жүргүзүү чөйрөсүн күчтөндүрүү максатында позитивдүү жетишкендиктер менен өзгөрүштөрдүн туруктуулугун мониторинг кылууну ишке ашыруу;
- зарыл болгон учурда ишкерлердин арыздарын биргелешип кароо жана алар боюнча чечим кабыл алуу;
- мамлекеттик жана муниципалдык органдар тарабынан ишкерлердин укуктарынын сакталышына мониторинг кылуу;
- ишкерлердин ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу мыйзамдардын өзгөрүлүшүн анализдөө, аларды жылдыруу боюнча сунуштарды иштеп чыгуу;
-ишкерлердин укуктары бузулган учурлар аныкталса ага жол берген тараптарды жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү актыларды багыттоо.
Эки укук коргоочу мекемелердин кызматташтыгы ар биринин мандаты менен байланышкан. Бизнес-омбудсмен 2018-жылдын декабрындагы өкмөттүн чечими менен мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын жана мамлекеттик ишканалардын укукка туура келбеген аракеттеринен бизнестин кызыкчылыктарын коргоо жана Кыргыз Республикасындагы ишкер климатты жакшыртуу, коррупцияны азайтуу максатында түзүлгөн.
Өз кезегинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсменинин) мандаты улуттук укук коргоочу катары бир кыйла кенен жана мамлекет, мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары же болбосо мамлекеттин баардык аймагындагы жана анын чегинен тышкары юрисдикциядагы кызмат адамдары тарабынан адамдардын укуктары бузулган баардык учурду коргоого багытталган.
Тараптар кызматташтыктын алкагында өлкөнүн экономикалык чөйрөсүндө жагымдуу кызыкчылыктарды түзүүдө эң мыкты жыйынтыктарга жетебиз деген ишенишет.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова Ысык-Көл областынын айымдарынын алгачкы тилектештик курултайына катышты.
Аялдардын тилектештик курултайы тууралуу Акыйкатчы төмөнкүдөй пикиринде:
“Аялдардын тилектештиги биздин коомдо абдан маанилүү. Анткени зордук-зомбулук жана ыдык көрсөтүү болобу, ар кандай укук бузуулар, аялдарга карата чектөө, кысымдар болобу тилектештик жок-ийгиликке келиш оор. Бактылуу ийгиликтүү гана айым-бактылуу ийгиликтүү коом түптөй алат деп мен терең ишенем. Мындай форумдардын аркасы менен жакшы тилектештик түптөлөт деген ойдомун”
Ысык-Көл областында өткөн Аялдардын тилектештик курултайында айымдарга карата зордук-зомбулук, аялдардын саясий процесстерге катышуусу жана саясаттагы аларга болгон кысым, аялдардын экономикалык күчтөнүүсү жана аймактардагы саламаттыкты сактоо, экология сыяктуу маселелер көтөрүлүп жана аларды чечүү жолдору талкууланды. Областтагы прогрессивдүү лидер айымдар бир аянтчага чогулду.
Белгилей кетсек, Аялдардын тилектештик курултайы 2022-жылы Нарын, Чүй, Ош дубандарында өткөн. Ал эми быйыл 15-февралда Баткен, 18-февралда Жалал-Абад, 25-февралда Ысык-Көл областтарында өттү.
Бишкек шаарында коомдук унааларда кыздар үчүн коопсуз шарттарды түзүү боюнча долбоор ишке ашырылууда.
Анын максаты-күн сайын ондогон кыздар кабылып жаткан коомдук унаадагы ыдык көрсөтүүлөргө коомчулуктун көңүлүн буруу.
Бул боюнча аталган долбоордун автору Альбина Дуйшенбиева КРнын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматовага долбоорду ийгиликтүү ишке ашырыш үчүн укуктук кеңеш сурап кайрылган. Акыйкатчы институнун кызматкерлери Дуйшенбиева менен жолугушуп, анын жыйынтыгында айдоочулар, кыздар жана коомдук унаалардын жүргүнчүлөрү үчүн даярдалган эскертме тексттерге оңдоолор киргизилген.
Ыдык көрсөтүү болгон маалда патрулдук милиция кызматкерлеринин токтоосуз реакция кылуусун уюштуруп берүү боюнча автордун өтүнүчүнө КРнын Ички иштер министрлигине кайрылуу сунушталды жана ИИМдин Жашы жете электрдин иштери боюнча инспекциясынын башчысы Нуржан Адылова менен жолугушуу уюштурулду.
Долбоордун авторунун өтүнүчү менен видео ролик Акыйкатчынын сайтына да жайгаштырылды.
КРнын Акыйкатчысы Атыр Абдрахматова 4-шаардык бейтапканада бир аз мурда омурткасынан оор операция болгон Н. Г.ны суракка алган Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүнүн аракетине баа берүүнү прокуратура органдарынан талап кылды.
Н. Г. оор абалда болгонуна карабай, тергөө органдарынын кызматкерлери башка бейтаптар дагы дарыланып жаткан оорукананын палатасында түз эле тергөө аракеттерин жүргүзүүгө - ага айып тагууга аракет кылышкан. Бул үчүн мамлекеттик жактоочуну дагы чакыртышкан.
Белгилей кетсек, буга чейин Н. Г. Акыйкатчыга укук коргоо органдарынын мыйзамсыз аракеттеринен аны коргоо өтүнүчү менен кайрылган, анткени ички иштер бөлүмү (ИИБ) ага карата 204-берене боюнча кылмыш ишин кайра жаңылаган.
Акыйкатчы институту дароо эле Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө жана прокуратура органдарына расмий билдирме жөнөткөн.
Арыз берүүчүнүн туугандары маалымдагандай, кечээ, 22-февралда ИИБдин тергөө органдарынын кызматкерлери, анын укугун бузуп, аялдын адвокаты бейтаптын оор абалы тууралуу медициналык маалым катты көрсөткөнүнө карабай, тергөө амалдарын жүргүзүүгө аракет кылышкан.
Анан калса, бейтаптын палатасына күзөт коюлган. Бул Н. Г.нын Паркинсон оорусунун күчөп кетүүсүнө алып келген. Милиция кызматкерлери 4-5 адам болуп ооруканага келип, аялга психологиялык басым көрсөтүшкөн.
Жакындарынын айтымында, азыркы учурда Н. Г. айыптуу эмес, ага ылайык орган кызматкерлери тарабынан эч кандай кайтаруу аракеттери болбошу керек. Артынан кылмышкер сыяктуу көзөмөл жүргүзүлүп жатканын билгенден кийин бейтаптын кан басымы көтөрүлүп кеткен.
Азыркы учурда наркоз абалынан чыгып жаткандыктан (ансыз да баары анча жакшы көтөрбөйт) бул жагдай анын абалын начарлаткан. Ал тургай түн ичинде дагы оорукананын бөлүмүндө милициянын формасын кийген кызматкер отурган, ал маал-маалы менен тергөөчүгө телефон аркылуу доклад берип турган.
Жакындары бул үрөй учурган инцидентти видеого тартып алышкан. Тергөөчү дарыгерлер бейтапка сурак кылууга уруксат берген деп билдирүүдө.
Акыйкатчы институнунун кызматкерлери кечээ Н.Г. жаткан бейтапканага барышты.
Н.Г. кыймылсыз жатат, сүйлөй албайт, колдору калчылдап турат. Операциядан кийин аял оюн так айтып түшүндүрө албай жатат жана иштин материалдары менен тааныша албайт.
Мындай көмөксүз абалда ал тергөө амалдарына катыша албайт.
Арыз берүүчүнүн жакындарынын айтымында, адвокат ага карата тергөө аракеттерин ден соолугу калыбына келмейинче токтото туруу тууралуу өтүнүч арыз бергенин маалымдашты.
Адвокат оор абалдагы өзү ишин жактап жаткан адамдын тергөө амалдарына катышууга жоопкерчилик ала албай турганын түшүндүрдү.
КРнын Акыйкатчы (Омбудсмен) институтунун кызматкерлери оорукананын бөлүм башчысы Сабралиев М. К. менен сүйлөштү.
Ал бейтаптын омурткасына металл түзүмүн алуу боюнча операция жасалганын тастыктады.
Акыйкатчы прокуратура органдарынан арыз берүүчүгө карата тергөө амалдарын жүргүзүүнүн мыйзамдуулугуна жана зарылдыгына объективдүү баа берүүнү, ошондой эле Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсүн жоопко тартууну талап кылат. Ошондой эле Акыйкатчы аялдардын укугун коргоого чакырат.